КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 18-июлу № 146
Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук түзүмүндө маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу
1-берене.
Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук түзүмүндө маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Секретариатына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |