МыйзамКүчүндө

КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 146 «Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук түзүмүндө маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу» Мыйзамы

Редакция18.07.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 18-июлу № 146

 

Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук түзүмүндө маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу 

1-берене.

 

Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук түзүмүндө маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Секретариатына билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К.Бакиев