Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 20-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 18-июлу № 150
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" газетасы, 22-август, 2006-жыл, № 62) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статья алып салынсын.
2. 4-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынан тышкары, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын наамына киргизет" деген сөздөр "Жогорку Кеңешине киргизет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүктөгү "киргизүүдө" деген сөз "киргизүү үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-бөлүк алып салынсын;
5-бөлүктөгү "сунушталган расмий өтүнүчтү" деген сөздөр "сунуштаманы" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики |
К.Бакиев |