Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 20-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 8-августу № 165
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 66, 2008-жылдын 18-июлундагы № 150, 2009-жылдын 25-февралындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) - Кыргыз Республикасында парламентаризмди өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга, Кыргыз Республикасында демократияны жана конституциялык түзүлүштү чыңдоого олуттуу салым кошкондугун, коомдук-саясий иштерге жигердүү катышкандыгын таануу ирээтинде Кыргыз Республикасынын жарандарын жана уюмдарын сыйлоонун формасы болуп саналат.
Ардак грамота менен Кыргыз Республикасында парламентчиликти өнүктүрүүгө жана парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого олуттуу салым кошкондугу үчүн чет өлкөлүк жарандар жана эл аралык уюмдар да сыйлана алышат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Ардак грамотаны уюштурат жана анын сыпаттамасын бекитет.
(КР 2009-жылдын 25-февралындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья.
Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштама Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине төмөндөгүлөр тарабынан киргизилет:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орунбасарлары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык фракциялары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси;
Жогорку Кеңештин Иш башкаруучусу.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчиси жана Иш башкаруучусу тийиштүүлүгүнө жараша Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлерине гана сунуштама киргизүүгө укуктуу.
(КР 2009-жылдын 25-февралындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
4-статья.
Ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн демилгечи, Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн жана эмгек ишмердүүлүгү жана сиңирген эмгектери жөнүндө маалыматтар камтылган Ардак грамота менен сыйлоо сунуштамасын Жогорку Кеңешине киргизет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети, Жогорку Кеңештин депутаттык фракциясы Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштаманы киргизүү үчүн тиешелүү чечим кабыл алышат.
Мамлекеттик органдардын жетекчилерин Ардак грамота менен сыйлоо сунуштамасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашылгандан кийин киргизилет.
Чет өлкө жарандарын жана эл аралык уюмдарды сыйлоого көрсөтүү эл аралык маселелер боюнча профилдик комитет менен макулдашуу боюнча жалпы негиздерде киргизилет.
Эскертүү:
Сунуштама документтердин төмөндөгүдөй тизмегин милдеттүү түрдө тиркөө менен демилгечилер тарабынан киргизилет:
- жарандардын жана уюмдардын расмий өтүнүчү жана протоколдору;
- сыйлануучу адамга берилген мүнөздөмө, эмгек жолу жөнүндө маалымкат, мурдагы сыйлыктары жөнүндө маалымат, ишмердиги (эмгек жолунан башка) жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө расмий өтүнүчтөр алардын тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөлөрү тарабынан демилге катары көтөрүлсө болот.
(КР 2007-жылдын 4-майындагы № 66, 2008-жылдын 18-июлундагы № 150, 2009-жылдын 25-февралындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья.
Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилген сунуштаманы Жогорку Кеңештин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан түзүлгөн комиссияга жөнөтөт.
Көрсөтүлгөн материалдарды карап чыгып, комиссия сыйлоо жөнүндө маселени өзүнүн оң же терс корутундусу менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын кароосуна киргизет.
Сыйлоо материалдары комиссия тарабынан белгиленген тартипте түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөт ичинде каралат. Сыйлоо материалдарын кароо боюнча комиссиянын жыйналыштары протоколдоштурулат.
(КР 2009-жылдын 25-февралындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндөгү комиссия сунуштаган документтерди карайт жана тиешелүү чечим кабыл алат.
Жогорку Кеңештин Төрагасынын Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө чечими жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
(КР 2007-жылдын 4-майындагы № 66, 2009-жылдын 25-февралындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья.
Ардак грамота Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан же анын тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары тарабынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемеси чыккандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен салтанаттуу кырдаалда иштеген жери боюнча эмгек жамааттарынын жалпы чогулуштарында же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратында сыйлануучу адамдын өзүнө жана уюмдардын жетекчилерине тапшырылат.
(КР 2009-жылдын 25-февралындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья.
Сыйланган адамдын эмгек китепчесине Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө жазылат, сыйлоо жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемесинин көчүрмөсү өздүк делосуна киргизилет.
Сыйлангандардын эсебин жана каттоону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү бөлүмү жүргүзөт.
Ардак грамотанын бланктары катуу отчеттуулуктагы документтер менен барабар сакталат.
(КР 2009-жылдын 25-февралындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен экинчи жолу сыйлоо жүргүзүлбөйт.
Дисциплинардык жазасы бар кызматкерлерди сыйлоого көрсөтүү Мыйзамда белгиленген тартипте аны алып салганга чейин жүргүзүлбөйт.
Сыйлоого негизсиз сунуштама берүүгө жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2007-жылдын 4-майындагы № 66, 2009-жылдын 25-февралындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-статья.
Ардак грамота менен сыйлоодон жүйөсү көрсөтүлүп баш тартылган учурда сыйлоого кайра көрсөтүү баш тартуунун жүйөлөрү четтетилгенден кийин баш тартуу жөнүндө чечим алынган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес киргизилиши мүмкүн.
(КР 2009-жылдын 25-февралындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |