Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 18-июлу № 156
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору" 1994-жыл, № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук коопсуздук министирлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
"УКМ" деген аббревиатура "МУКК" деген аббревиатурага алмаштырылсын.
2. 8-статьяда:
"УКМБ" жана "УКМБ" деген аббревиатуралар тиешелүү түрдө "МУККБ" жана "МУККБ" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенген мамлекеттик органдарынын ишмердигин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин алдында Антитеррористтик борбор, анын ичинде терроризмге каршы күжүрмөн бөлүктөр түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррористтик борборунун ишаракетинин тартиби, ыйгарым укуктары жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.".
3. 9-статьядагы "(мындан ары текст боюнча Улуттук коопсуздук министрлиги)" деген сөздөр алып салынсын.
4. 12-статьянын 1- жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу төрага жетектейт.
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы МУККга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |