Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 1-ноябрындагы № 191 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2008-жылдын 11-августу № 201
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө
(КР 2010-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2008-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы оюн-зоок жайларынын
ишинин укуктук негиздерин, оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салууну, не-
гизги түшүнүктөрдү, оюн-зоок жайларын түзүүнүн жана күтүүнүн, кумар
оюндарын уюштуруунун жана аларды лицензиялоонун, кумар оюндарын уюшту-
руу жана өткөрүү үчүн контролдук жүргүзүүнүн тартибин жана оюн-зоок
ишинин субъекттеринин жоопкерчилигин аныктайт.
Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелер-
ди легалдаштырууга (адалдаштырууга) байланышкан оюн-зоок ишинин субъек-
ттеринин жосундарын алдын алуу, бетин ачуу жана бөгөт коюу жагындагы
оюн-зоок ишинин субъекттеринин иши "Терроризмди каржылоого каршы күрө-
шүү жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адал-
даштыруу) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашыры-
лат.
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдалануучу негизги
аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй аныктамалар колдонулат:
оюн-зоок иштери - товарларды, жумуштарды же кызматтарды сатып
өткөрүүгө жатпаган, оюн-зоок жайынын оюн-зоок жабдууларын эксплуатация-
лоодон киреше алууга, ошондой эле кумар оюндарына жана утуш түрүндөгү
мелдешке катышуудан киреше алууга байланышкан ишкердик иш;
оюн-зоок жайы - оюн-зоок жайларын түзүүгө жана күтүүгө, кумар оюн-
дарын уюштурууга берилген лицензиянын негизинде кумар оюндары
өткөрүлүүчү жана (же) мелдештин ставкалары кабыл алына турган жай:
казино, тотализатор, ойнолуучу автоматтар залы, ойнолуучу автоматтар
орнотулган жер, букмекердик кењсе;
катышуучу - оюн-зоок жайы өткөрүүчү кумар оюндарына жана мелдешке
түздөн-түз катышкан жеке адам;
кумар оюну - тобокелге негизделген жана оюн-зоок жайы белгилеген
эрежелер боюнча эки же бир нече катышуучулардын ортосунда түзүлгөн утуш
жөнүндөгү макулдашуу, анын жыйынтыгы тараптар өздөрүнүн иш аракеттери
менен таасир кылууга мүмкүнчүлүктөрү бар келип чыга турган жагдайларга
жараша болот;
мелдеш - тобокелге негизделген жана утуш жөнүндө эки же бир нече
катышуучунун ортосунда түзүлгөн макулдашуу, анын жыйынтыгы болоору же
болбосу белгисиз жагдайга жараша болот;
казино - оюн-зоок жайы, анда оюн ойнолуучу үстөлдөрдү пайдалануу
менен жарыяланган акчалай утушу менен кумар оюндары өткөрүлөт;
оюн-зоок жабдуу шайманы - рулетка, карта үстөлдөрү, чакмак таш ою-
ну үстөлдөрү, оюн автоматтары, анын ичинде тотолизатордун жана букме-
кердик кењсенин жабдуулары;
оюн ойнолуучу үстөл - оюн-зоок жайында атайын жабдылган, утуштун
кандай гана түрү болбосун кумар оюндарын өткөрүү үчүн арналган жер, ан-
да оюн-зоок жайы өзүнүн өкүлдөрү аркылуу тарап катары же уюштуруучу жа-
на (же) байкоочу катары катышат (рулетка, карта ойнолуучу үстөлдөр,
чакмак-таш оюну үчүн үстөл);
ойнолуучу автомат - аталган оюндарга оюн-зоок жайынын өкүлдөрү ка-
тышпаган акчалай утушу бар, кумар оюндарын өткөрүү үчүн орнотулган жана
пайдаланылуучу атайын жабдуу (механикалык, электр, электрондук же башка
техникалык жабдуу), анын ичине электрондук рулетка да кирет.
Мында электрондук рулетканын жана оюн автаматтарынын ар бир олту-
руучу оруну (ойнолуучу) бир ойнолуучу автомат катары кабыл алынат;
ойнолуучу автоматтар залы - оюн автоматтарын пайдалануу менен ку-
мар оюндары өткөрүлүүчү оюн-зоок жайы;
оюн-зоок зонасы - оюн-зоок жабдууларын орнотуу үчүн арналган
оюн-зоок жайынын бир бөлүгү;
тотализатор - анда бардык катышуучулардын ортосунда натыйжасы мур-
датан аныкталбаган окуянын жыйынтыгына карата өз ара мелдеш түзүлгөн,
катышуучулардан белгилүү бир жерде ставкаларды кабыл алуучу, аларга
утушту төлөп берүүчү жана тийиштүү техникалык каражаттарды жана жолжо-
болорду пайдалануу менен мүнөздөлгөн оюн-зоок жайы (анын ичинде "Бин-
го-лото" жана "Русское лото");
букмекердик кењсе - оюн-зоок жайы, анда натыйжасы алдын ала анык-
талбаган окуянын жыйынтыгына карата бардык катышуучулар менен оюн-зоок
жайынын ортосунда мелдеш түзүлөт;
касса - оюн-зоок жайындагы сайыштардын жалпы суммасы эсептелген
жана төлөнүп берилүүчү ставкалардын суммасы аныкталуучу атайын жабдыл-
ган жай;
утуш - кумар оюнунда же мелдеште төлөнүп берилген жана алынган ка-
ражаттар суммаларынын ортосундагы утушту катышуучулар тарабынан айырма
катары өз алдынча аныктоочу акчалай түрүндөгү экономикалык пайда.
2-глава
Оюн-зоок ишинин субъекттери
2-берене. Оюн-зоок ишинин субъекттери
1. Өзүнүн ишин ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын колдонуу-
дагы мыйзамдарында белгиленген компетенциялардын жана укуктардын чекте-
ринде өзалдынча уюштурушкан жана жүзөгө ашырышкан, белгиленген тартипте
каттоодон өткөн жана оюн-зоок ишин жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жак-
тар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, оюн-зоок ишинин субъекттери болуп
саналышат.
2. Оюн-зоок ишинин субъекттери жарнак өнөктүгүн өткөрүүдө адамдар-
дын кењири чөйрөсүнө тааныштыруу үчүн арналган фирмалык аталыштарында
жана башка документтеринде оюн-зоок жайынын конкреттүү түрүн милдеттүү
түрдө көрсөтүүлөрү тийиш.
3. Мамлекет оюн-зоок ишинин субъекттеринин милдеттенмелери боюнча
жоопкерчилик тартпайт. Оюн-зоок ишинин субъекттери мамлекеттин милдет-
тенмелери боюнча жоопкерчилик тартышпайт.
3-берене. Бирликтер жана ассоциациялар
1. Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар ишин координа-
циялоо, жалпы таламдарды коргоо жана билдирүү, биргелешкен долбоорлорду
жүзөгө ашыруу жана башка жалпы милдеттерди чечүү максатында ыктыярдуу
негизде бирликтерди же ассоциацияларды түзүүгө укуктуу.
2. Бирликтер же ассоциациялар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы
мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлөт.
3. Мындай уюмдардын иши алар тарабынан колдонуудагы мыйзамдардын
жана алардын уюмдаштыруу документтеринин талаптарына ылайык жүзөгө ашы-
рылат. Мындай уюмдарга лицензия алуу талап кылынбайт.
4. Бирликтер же ассоциациялар оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга укук-
суз.
4-берене. Оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга укугу бар жактар
Кыргыз Республикасынын аймагында оюн-зоок ишин Кыргыз Республика-
сынын резиденттери ушул Мыйзамда белгиленген уюштуруу-укуктук формалар-
да жүзөгө ашырууга укуктуу.
5-берене. Уюштуруу-укуктук формасы
1. Оюн-зоок иши менен алектенүүгө жоопкерчилиги чектелген коом же
жабык типтеги акционердик коом (мындан ары - Коом) формасындагы юриди-
калык жактар гана укуктуу. Коом өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын кол-
донуудагы мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабы-
нан белгиленген тартипте берилген лицензиянын негизинде жүзөгө ашырууга
милдеттүү.
2. Оюн-зоок ишин жүзөгө ашырышкан юридикалык жактар белгиленген
тартипте коомдук тамак-ашты (ресторандар, кафе, барлар ж.б.), туристтик
жана мейманкана бизнесин уюштурууга байланышкан чарбалык ишти жүзөгө
ашырууга укуктуу.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган талаптарга жооп бербеген
юридикалык жактар оюн-зоок иши менен алектенүүгө укуксуз.
6-берене. Милдеттүү резервдик фонд
1.Оюн-зоок жайы милдеттүү резервдик фондду түзүүгө тийиш, ал
оюн-зоок ишине мүнөздүү мүмкүн болуучу жоготууларды жабууну камсыз кы-
лууга кызмат кылат жана оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууда келип чыгышы
мүмкүн болгон тобокелчиликтерден коргоону камсыз кылууга багытталат.
2. Милдеттүү резервдик фонддун эњ аз өлчөмү төмөнкүдөй суммаларга
тете болуусу тийиш:
- Кыргыз Республикасынын борборундагы казино үчүн - кырк мињ эсеп-
тик көрсөткүчкө, облустук-администрациялык бирдиктерде жайгашкан казино
үчүн - жыйырма мињ эсептик көрсөткүчкө барабар;
- Кыргыз Республикасынын борборундагы оюн-зоок автоматтарынын зал-
дары үчүн - он мињ эсептик көрсөткүчкө, облустук-администрациялык ай-
мактык бирдиктерде жайгашкан оюн автоматтар залдары үчүн - беш мињ
эсептик көрсөткүчкө барабар;
- Кыргыз Республикасынын борборундагы букмердик кењселер жана то-
тализаторлор үчүн - мињ эсептик көрсөткүчкө, облустук администрация-
лык-аймактык бирдиктерде жайгашкан букмердик кењселер жана тотализатор-
лор үчүн - беш мињ эсептик көрсөткүчкө барабар,
3. Милдеттүү резервдик фонд акчалай формада гана жана оюн-зоок
жайынын уюштуруучулардын каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт. Милдет-
түү резервдик фондду түзүүдө насыя жана негизги каражаттарды, ошондой
эле материалдык эмес активдерди пайдаланууга жол берилбейт.
4. Эњ аз өлчөмдөгү милдеттүү резервдик фонд оюн-зоок жайларын
ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия алуу үчүн арыз
бергенге чейин түзүлүшү керек. Милдеттүү резервдик фонддун каражаттары
оюн-зоок жайынын кассасында сакталат жана бул каражаттар бышыктоочу до-
кументтерин тапшыруу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдет-
түү түрдө билдирилүүгө тийиш.
5. Оюн-зоок жайлары кошумча иретинде өзүндө оперативдүү оюн-зоок
фондун түзүүгө акысы бар.
3-глава
Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу
7-берене. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу
1. Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши мамлекет тарабынан жөнгө
салынат.
2. Мамлекеттик жөнгө салуу оюн-зоок иши жаатында мамлекеттик сая-
сатты жүргүзүүнү, тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук ак-
тыларды иштеп чыгууну, лицензиялоону, оюн-зоок жайларына контроль жана
көзөмөл кылууну, оюндарга катышуучулардын, оюн-зоок ишинин жана мамле-
кеттин субъекттеринин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону өзүнө
камтыйт.
3. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу ыйгарым укуктуу мамлекет-
тик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй иш милдеттерди жү-
зөгө ашырат:
- оюн-зоок иши жаатындагы мыйзамдар менен токтомдордун долбоорло-
рун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна кирги-
зет;
- документтердин экспертизасын жана белгиленген тартипте оюн-зоок
жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия берүү-
нү ишке ашырат;
- оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын
колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына талаптагыдай конт-
ролду уюштурат;
- Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин өнүктүрүү маселелери боюнча
тышкы байланыштарды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын таламын та-
лашат;
- ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте берилген лицензи-
ялардын колдонушун токтотот, жањыртат, чакырып алат жана жокко чыгарат;
- оюн-зоок бизнесинин бирликтери жана ассоциациялары менен бирдик-
те бардык оюн-зоок субъекттери үчүн оюндун бирдей эрежелерин белгилейт.
8-берене. Оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын
уюштурууга лицензия берүүнүн тартиби
1. Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши ишкердиктин лицензиялануучу
түрү болуп эсептелет.
2. Оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштуруу-
га лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - лицензиар)
тарабынан берилет.
3. Лицензия алыш үчүн арыз ээси (лицензиат) төмөнкүдөй документ-
терди тиркөө менен лицензия берүүнү сурап, лицензиарга арыз киргизет:
а) юридикалык жактар үчүн (оюн-зоок автоматтар залы, тотализатор-
лор жана букмердик кењселер):
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмө-
сүн;
- юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин нотариалдык күбө-
лөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
- оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу болжонуп жаткан башпаанага (имарат-
ка) менчик же ижара укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
- оюн-зоок жайлары үчүн башпаананын (имараттын) өрт коопсуздугунун
ченемдерине, санитардык ченемдер менен эрежелерге шайкеш келиши,
оюн-зоок жайынын кайтаруу каражаттары жана коопсуздук сигналдаштыруунун
зарыл каражаттары менен жабдылышы жөнүндө мамлекеттик контроль кызмат-
тарынын актыларын;
- оюн-зоок жайы тарабынан бекитилген оюндарды өткөрүүнүн эрежеле-
рин жана оюн-зоок жайынын иштөө эрежелерин;
- оюн-зоок жайын коргоо жөнүндө келишимди;
- минималдуу түрдөгү милдеттүү резервдик фонддун түзүлүшүн бышык-
таган документти;
- салык төлөөчүгө жана камсыздандыруу акысын төлөөчүлөргө иденти-
фикациялык кодду ыйгарууну бышыктаган документтердин көчүрмөсүн;
- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн акы төлөө жөнүндө дүмүр-
чөктүн же төлөм тапшырмасынын көчүрмөсүн;
б) юридикалык жактар (казино) үчүн:
- юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин нотариалдык күбө-
лөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмө-
сүн;
- оюн-зоок жайын күтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу болжонуп жаткан
башпаанага (имаратка) менчик же ижара укугун бышыктаган документтердин
көчүрмөлөрүн;
- башпаананын (имараттын) оюн-зоок жайынын өрт коопсуздугунун че-
немдерине, санитардык ченемдер менен эрежелерге шайкеш келиши жана
оюн-зоок жайын зарыл кайтаруу каражаттары жана кооптуулук сигналдашты-
руунун зарыл каражаттары менен жабдылышы жөнүндө мамлекеттик контроль
кызматтарынын актыларын;
- оюн-зоок жайы тарабынан бекитилген оюндарды өткөрүүнүн эрежелери
жана оюн-зоок жайын иштетүүнүн эрежелерин;
- казино үчүн белгиленген ченемдерге шайкеш келүү тастыктамасын;
- мейманкана же ресторан үчүн коюлган ченемге шайкеш келүү тастык-
тамасын;
- минималдуу түрдөгү милдеттүү резервдик фондду түзүүнү бышыктаган
документти;
- оюн-зоок жайын кайтаруу жөнүндө келишимди;
- салык төлөөчүгө жана камсыздандыруу акысын төлөөчүгө идентифика-
циялык кодду ыйгарууну бышыктаган документтердин көчүрмөсүн;
- арызды кароо же лицензия берүү үчүн акы төлөө жөнүндө дүмүрчөк-
түн же төлөм тапшырмасынын көчүрмөсүн.
4. Лицензия алуу үчүн тапшырылган маалыматтын жана документтердин
аныктыгы үчүн лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
жоопкерчилик тартат.
5. Лицензия берүү акы төлөө негизинде ишке ашырылат. Лицензия үчүн
төлөнүүчү акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкта-
лат.
6. Лицензия лицензиаттын арызында көрсөтүлгөн оюн-зоок жайынын
белгилүү бир жайгашкан жерине берилет.
7. Оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштуруу-
га берилген лицензия ээликтен ажыратылбайт. Аны колдонуу лицензиат ме-
нен бирдикте ишти, анын ичинде кызматташуу жөнүндө келишим боюнча ишти
жүзөгө ашырган башка адамдарга, ошондой эле уюмдаштыруучуларынын бири
лицензиат болгон юридикалык жактарга жайылтылбайт.
8. Оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштуруу-
га тиешелүү лицензия мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып, он
жылдык мөөнөткө берилет.
9. Оюн-зоок жайын күтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугу лицензия
алынган учурдан тартып пайда болот жана ал кайра алып коюлган, жокко
чыгарылган же лицензиянын колдонулуу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып
токтотулат.
10. Оюн-зоок жайы иши убактылуу токтотулган учурда беш күндүк
мөөнөттө тиешелүү себептерин көрсөтүү менен токтотулганы жөнүндө ыйга-
рым укуктуу мамлекеттик органды жана катталган жери боюнча салык орган-
дарын кабардар кылышы керек.
11. Юридикалык жактар, ар бир жай үчүн белгиленген тартипте лицен-
зия алынган болсо, бир нече оюн-зоок жайынын уюштуруучусу боло алат.
12. Тиешелүү лицензия албай туруп оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу Кыр-
гыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчи-
ликке кириптер кылат.
9-берене. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу
1. Юридикалык жак кайра уюштурулган, юридикалык жактын аталышы,
юридикалык дареги, оюн-зоок жайынын аталышы, оюн-зоок жайы жайгашкан
жер өзгөртүлгөн, оюн-зоок жабдууларынын саны өзгөрүлгөн учурда лицензия
алган лицензиат беш жумушчу күндүн ичинде өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты
жана кайра жол-жоболоштуруу үчүн лицензиарга зарыл документтерди
берүүгө милдеттүү.
2. Лицензиянын түпнускасы жоголгон, ошондой эле лицензиянын бланкы
жараксыз болуп калган учурда, лицензиат үч күндүк мөөнөттө бул тууралу
лицензиарга кабарлоого жана беш күндүн ичинде лицензиянын дубликатын
алуу үчүн арыз берүүгө милдеттүү. Арызда жоголгон/жараксыз болгон блан-
ктын бардык реквизиттери жана бланктын жоголуш/жараксыз болуп калыш се-
бептери көрсөтүлүшү керек. Дубликат колдо бар документтердин негизинде
берилет. Берилген лицензиянын дубликатында "Дубликат" деген белги болу-
шу керек.
3. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда лицензияны
кайра жол-жоболоштуруу лицензиат тарабынан тиешелүү арыз берилген жана
мурдагы лицензия кайтарып берилген күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө
ишке ашырылат.
4. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу жана дубликат берүү үчүн акы
эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алынат.
10-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруунун тартиби
1. Лицензиат тарабынан ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын жана
башка мыйзамдык актыларында белгиленген талаптардын сакталышын контрол-
доо лицензиаттын ишине текшерүү жүргүзүү, ага байланыштуу түшкөн арыз-
дар менен даттанууларды кароо жолу менен лицензиар тарабынан ишке ашы-
рылат.
2. Текшерүүлөрдү ишке ашыруунун үздүксүздүгү жана мөөнөттөрү Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиар тарабынан белгиленет.
3. Аныкталган укук бузуулардын мүнөзүнө жараша лицензиар укук бу-
зууларды четтетүү же лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө бу-
йуртма чыгарууга укугу бар.
4. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу лицензиат тарабынан жол
берилген укук бузуулар чететтилгенге чейин оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу-
га тыюу салынат дегенди билдирет жана ал лицензиат тарабынан лицензияда
камтылган талаптар аткарылбаган учурда жүргүзүлөт.
5. Лицензиар лицензиянын колдонулушун үч айга чейинки мөөнөткө
токтото турууга укуктуу. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө
кабыл алынган чечимди лицензиар лицензиянын колдонулушу убактылуу ток-
тотулган мөөнөттү көрсөтүү менен жазуу жүзүндө лицензиатты кабардар кы-
лат.
6. Лицензиянын колдонулушу убактылуу токтотулган учурда аны кайра
колдонуу лицензиянын колдонулушун токтото турууга алып келген себептер
четтетилгендиги жөнүндө документтүү бышыктама лицензиарга тапшырылган-
дан кийин ишке ашырылат. Мында лицензиянын колдонулушу канча мөөнөткө
токтотулса, анын себептери ошол мөөнөттүн ичинде четтетилүүгө тийиш.
11-берене. Лицензияны чакыртып алуунун жана анын колдонулушун
токтотуунун тартиби
1. Лицензия лицензиар тарабынан төмөндөгүдөй учурларда чакыртып
алынышы мүмкүн:
- лицензиянын колдонулушу лицензиар тарабынан токтолушуна себеп
болгон бузуулар, анын ичинде тийиштүү салыктарды төлөбөгөндүгүнө же өз
учурунда төлөбөгөндүгүнө байланышкан бузуулар, белгиленген мөөнөттө
четтетилбесе;
- ушул Мыйзамда жана "Терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жана
кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдаштыруу)
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптар лицен-
зиат тарабынан аткарылбаса;
- лицензиаттын кайсы ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар болсо,
сот тарабынан иштин ошол түрү менен алектенүүгө тыюу салынса.
2. Лицензиянын колдонулушун токтотууга төмөнкүлөр негиз болот:
- лицензиаттын ишинин токтотулушу;
- лицензиянын колдонулуу мөөнөтүнүн бүтүшү;
- лицензиянын чакыртып алынышы.
3. Лицензияны чакыртып алуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу
оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга тыюу салуу дегенди билдирет.
4. Лицензиянын колдонулушу токтотулсун деп кабыл алынган чечим жө-
нүндө лицензиар үч күндүк мөөнөттө лицензиатка жазуу жүзүндө кабар бе-
рет.
12-берене. Лицензия берүүдөн баш тартуу
1. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда
кабыл алынат:
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында иштин бул түрүн
жүзөгө ашыруу субъекттердин ушул категориясы үчүн тыюу салынган болсо;
- эгерде арызды кароо жана лицензия берүү үчүн акы төгүлбөсө;
- эгерде лицензия берүү үчүн документтердин зарыл тизмеги көрсө-
түлбөсө;
- эгерде лицензиат иштин ушул түрүн жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бербесе;
- эгерде лицензиатка карата анын иштин ушул түрү менен алектенүү-
сүнө тыюу салган соттун чечими бар болсо.
2. Лицензия берүүгө төмөнкүдөй жүйөөлөр боюнча тыюу салынат:
- оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээсине укук берүү максатка
ылайык келбесе;
- иштин ушул чөйрөсүндө жекебасарлык абал камсыз кылынса;
- арыз ээсинин жеке сапаттарына жана ишкер абройунан шек санатса,
анын ичинде мурдагы соттолгондугуна, ишкердикти жүзөгө ашырууга мурда
тыюу салынган учурлар болсо, мурдагы лицензиялары чакыртылып алынса,
эгерде ушул тыюу салуулар жана лицензияларды кайра алган учурлар мый-
замдарда белгиленген тартипке ылайык өзүнүн ишин токтоткон (тындырыл-
ган) деп эсептелсе.
3. Лицензия берүүдөн баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
4-глава
Оюн-зоок жайларына коюлуучу атайын талаптар
13-берене. Оюн-зоок жайына коюлуучу чектөөлөр
1. Оюн-зоок жайы бала бакчалардын, мектептердин, жогорку окуу жай-
ларынын жана башка окуу жайлардын имараттарында, медицина жана сыйынуу
мекемелеринин, ошондой эле маданият мекемелеринин имараттарында жайгаш-
тырылышы мүмкүн эмес.
2. Казино жеке менчик ресторанда же жеке менчик мейманкана комп-
лексинде жайгаштырылышы керек. Мында ресторанда - жүздөн кем эмес орун,
ал эми мейманканада талаптагыдай жабдылган жыйырмадан кем эмес номер
болууга тийиш.
3. Казино толук же жарым жартылай мамлекеттик же муниципалдык мен-
чик болуп эсептелген кыймылсыз мүлк объекттеринде, ошондой эле капита-
лында мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үлүшү
бар ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кыймылсыз мүлк объекттеринде
жайгаштырылышы мүмкүн эмес.
4. Оюн автоматтар залы өзүнчө жайда (имаратта) жайгаштырылышы ке-
рек, андагы оюн-зоок зонасы эки жүздөн кем эмес чарчы метр аянтка шай-
кеш келиши керек.
5. Оюн-зоок жайында иштин жүзөгө ашырылуучу түрүнө жараша фирмалык
аталышы көрсөтүлүү менен эстетикалык жактан жасалгаланган көрнөгү болу-
шу керек.
6. Оюн-зоок жайынын өзүндө жана анын айланасындагы аймакта коомдук
тартиптин сакталышын камсыз кылыш үчүн өзүнүн жана (же) башка атайын
коопсуздук кызматы болушу керек.
7. Казинодо жана оюн автоматтар залында мамлекеттик органдын тие-
шелүү лицензиясы бар акча алмаштыруу бюросу болушу зарыл.
8. Казино жана оюн автоматтар залы төмөнкүдөй атайын жабдуулар ме-
нен жабдылышы керек:
- өрт сигнализациясы;
- кайтаруу сигнализациясы;
- кооптуулук (кнопкасы) сигнализациясы;
- металл детектор (кире беришинде);
- видеобайкоо системасы.
9. Тотализаторлор үчүн өз ара мелдештерди өткөрүүнүн жыйынтыктары
боюнча утуш түрүндө катышуучуларга төлөп берилүүчү сумма кабыл алынган
ставкалардын жалпы суммасынын элүү пайызынан кем болбошу керек.
10. Оюн автоматына технологиялык түрдө салынган утуштун пайызы же-
тимиш беш пайыздан төмөн болбошу керек.
11. Катышуучунун талабы боюнча оюн-зоок жайынын өкүлү ага оюн-зоок
жайынын кассасынан утушту - акчалай сумманы алууну бышыктаган документ
берүүгө милдеттүү.
12. Оюн-зоок жайларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- кредитке ойноого (оюн автоматтарында "кредитке" ойноону кошпо-
гондо);
- карызга же күрөөгө коюп ойноого;
- лотереяларды жана жарнактык акцияларды ойнотууну көпчүлүк алдын-
да жүргүзүүгө.
13. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) оюн-зоок ишинин чөйрөсүндө ушул Мыйзамдын 1-беренесинде карал-
баган иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга;
2) акчадан башка мүлк түрүндө төлөп берүүчү кумар оюндарын уюшту-
рууга.
14. Кумар оюндарынын жана (же) мелдештердин катышуучуларына утуш-
тарды төлөп берүүнү оюн-зоок ишинин субъекттери кумар оюндарын жана
(же) мелдештерди өткөрүүнүн эрежелеринде каралган өлчөмдө жана мөөнөт-
төрдө, бирок сөз болуп жаткан кумар оюндун жана (же) мелдештин жыйын-
тыктары чыгарылган учурдан тартып беш календарлык күндөн кечиктирбестен
жүргүзөт.
14-берене. Оюн-зоок жабдууларына коюлуучу чектөөлөр
1. Кыргыз Республикасынын борборундагы казинодогу оюн-зоок үстөл-
дөрүнүн саны ондон кем болбошу керек. Областтык администрациялык-аймак-
тык бирдиктерде жайгашкан казино үчүн оюн-зоок үстөлдөрүнүн саны бештен
кем болбошу керек.
2. Казинодо орнотулган оюн-зоок жабдуулары лицензиаттын менчигинде
болууга тийиш.
3. Оюн автоматтар залында милдеттүү түрдө отуздан кем эмес оюн ав-
томаты орнотулушу керек.
4. Оюн автоматтар залында орнотулган оюн автоматтары лицензиаттын
менчигинде же ижарасында турса болот.
5. Оюн-зоок жайында оюн-зоок жабдууларынын жалпы саны өзгөрүлгөн
учурда оюн-зоок бизнесинин субъекттери беш жумушчу күндүн ичинде бул
тууралу жазуу жүзүндө тиешелүү салык органын жана лицензиарды кабардар
кылууга, ошондой эле акыркысына лицензияны кайра жол-жоболоштуруу үчүн
зарыл документтерди берүүгө милдеттүү.
6. Оюн-зоок жабдууларынын санынын өзгөрүлгөндүгү тууралу кабардын
өз убагында берилбегени лицензияны чакыртып алууга негиз болот.
15-берене. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери жана кардарлары үчүн
белгиленген чектөөлөр
1. Оюн-зоок жайларынын штатына 18 жаштан жаш эмес (толук жөндөм-
дүүлүгү бар) кызматкерлер алынышы зарыл.
2. Төмөнкүдөй жашка жеткендер гана оюн-зоок жайларынын кардарлары
болушу мүмкүн:
- оюн-зоок залдары үчүн - (толук жөндөмдүүлүгү бар) 18 жаштагылар;
- казино үчүн - 21 жаштагылар.
3. Оюн-зоок жайларынын кардарларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- катуу мас абалында оюн-зоок жайларына кирүүгө;
- оюн-зоок жайларынын уруксаты жок киного, сүрөткө, видеого тар-
тууга;
- оюн-зоок жайларынын кызматтык зонасына кирүүгө.
4. Оюн-зоок жайларынын эрежелеринде жалпы жүрүм-турум ченемде-
рине жана моралга тиешелүү башка тыюу салуулар, ошондой эле оюн-зоок
жайларынын кардарлары жана кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон,
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген
башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
5. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайлары белгилеген
эрежелерди, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузган кайсы бир кар-
дардан оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүнү талап кылууга укуктуу.
Оюн-зоок жайларынын эрежелери кардарлар үчүн көрүнүктүү, жеткилик-
түү жерде жайгаштырылышы керек.
(КР 2010-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Ушул Мыйзамдын колдонууга кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн
кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченем-
дик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө киргенине байланыштуу коюлуучу
талаптар
1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып үч айдын ичинде:
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген лицензиянын негизинде
ишти жүзөгө ашыруучу оюн-зоок ишинин (казино, тотализаторлор, букмекер-
дик кењселер) субъекттери өз ишин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык
келтирүүгө тийиш;
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин оюн-зоок жайларын, автоматтар
залын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензия-
лар аларда көрсөтүлгөн колдонулуу мөөнөтүнө карабастан чакырып алынууга
жана жокко чыгарылууга жатат.
Мындан ары оюн-зоок жайларын, оюн автоматтар залын ачууга жана кү-
түүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензияларды берүү ушул Мыйзамдын че-
немдеринин талаптарына ылайык белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат;
- оюн автоматтар жайлары жабылууга, оюн-зоок жайларын ачууга жана
күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензиялар аларда көрсөтүлгөн кол-
донулуу мөөнөтүнө карабастан чакыртып алынууга жана жокко чыгарылууга
жатат.
2. Мурда берилген лицензиялар боюнча 13-берененин 2-бөлүгү ушул
Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин
оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга, кази-
ного, тотализаторлорга, букмекердик кењселерге берилген, ушул Мыйзамдын
талаптарына ылайык келбеген лицензиялар алардын көрсөтүлгөн мөөнөтүнө
карабастан чакыртып алынууга жана жокко чыгарылууга жатат.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иштери жөнүндө" 2004-жылдын
26-июлундагы № 95 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
"Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иштери жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" 2006-жылдын 28-декаб-
рындагы № 219 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев