Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 1-ноябрындагы № 191 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 18-январы № 4
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 665-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери жана кардарлары үчүн
белгиленген чектөөлөр
1. Оюн-зоок жайларынын штатына 18 жаштан жаш эмес (толук жөндөмдүүлүгү бар) кызматкерлер алынышы зарыл.
2. Төмөнкүдөй жашка жеткендер гана оюн-зоок жайларынын кардарлары болушу мүмкүн:
- оюн-зоок залдары үчүн - (толук жөндөмдүүлүгү бар) 18 жаштагылар;
- казино үчүн - 21 жаштагылар.
3. Оюн-зоок жайларынын кардарларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- катуу мас абалында оюн-зоок жайларына кирүүгө;
- оюн-зоок жайларынын уруксаты жок киного, сүрөткө, видеого тартууга;
- оюн-зоок жайларынын кызматтык зонасына кирүүгө.
4. Оюн-зоок жайларынын эрежелеринде жалпы жүрүм-турум ченемдерине жана моралга тиешелүү башка тыюу салуулар, ошондой эле оюн-зоок жайларынын кардарлары жана кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
5. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайлары белгилеген эрежелерди, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузган кайсы бир кардардан оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүнү талап кылууга укуктуу.
Оюн-зоок жайларынын эрежелери кардарлар үчүн көрүнүктүү, жеткиликтүү жерде жайгаштырылышы керек.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |