КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн баштап 6 ай өткөндө КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары2008-жылдын 17-октябры № 225 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу 2008-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7,229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет кылуу максатында баалуукагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары жасоочу акча каражаттары жебашка мүлк менен операцияларды жүргүзүүнүн тартибин контролдойт.". 2. 5-статьянын он алтынчы абзацы "сот органдарына," дегенсөздөрдөн кийин "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынганкирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет кылуу боюнча ый-гарым укуктуу органга," деген сөздөр менен толукталсын. 3. 61-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толук-талсын: "- "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамында каралган учурларда, тартипте жана өлчөмдө тер-роризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легали-зациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укуктуу органгаберилет.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев