Загрузка документа…
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2008-жылдын 20-ноябры № 241 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 2008-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-ст.)төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1. 9-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ишкердик кылуунун төмөнкүдөй түрлөрү үчүн лицензия талап кылынат: 1) пайдалуу кендерди издөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө; 2) коркунучтуу өндүрүш объекттерин долбоорлоого, курууга (түзүүгө)жана эксплуатациялоого; 3) дарыяларда жана көлмөлөрдө тосмолорду курууга; 4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизме боюнча ањчылыккылууга жана канаттууларды кармоого; 5) дарыларды, вакциналарды жана сывороткаларды, медикаменттердижана медициналык техниканы мыйзамдарда каралгандан башка учурларда,парфюмердик-косметикалык жана химиялык заттарды (самын-кир жуугуч, пар-фюмердик-косметикалык товарларды өнөржай ишканаларынын сапат сертифика-цияларынын негизинде саткан соода ишканаларынан тышкары) даярдоого жанареализациялоого; 6) пиво, шарап, шампан, ликер-арак, коньяк ичимдиктерин жана спир-тти даярдоого; 7) медициналык жана ветеринардык жекече иш жүргүзүүгө; 8) оюн-зоок жайларын түзүүгө жана кармоого, кумар оюндарын уюшту-рууга; 9) Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу авиациялыкиштердин бардык түрлөрүнө, граждандык авиациянын аба кемелерин кабылалууга жана учурууга, аба кемелерин жана алардын жабдууларын техникалыкжактан тейлөөгө; 10) шаар курулушу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардынжана курулуштардын долбоорлоо-изилдөө жумуштарына; 11) менчик турак уй куруудан тышкары курулуш-монтаждоо жумуштары-на; 12) жекече детективдик жана күзөт ишмердигине; 13) банк операцияларын жүргүзүү, накталай чет өлкө валютасы мененалмашуу операцияларын жүргүзүү, электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашыруугабайланыштуу кызматтарды көрсөтүү ишинде, ломбард иши, кредиттик союз-дардын иши, юридикалык жактар тарабынан мөөнөттүүлүк, кайра кайтаруужана акы төлөнүүчү шарттарда калктын акча каражаттарын тартууга; 14) баалуу кагаздар боюнча кесиптик ишке; 15) камсыздандыруу ишине; 16) мамлекеттик эмес пенсия фондунун иштерине; 17) программа түзүүнү, берүүнү жана аны таркатууну өзүнө камтыгантелерадиоберүү боюнча ишмердикке; 18) телерадиоберүү ишин кошпогондо (технологиялык жана ички өндү-рүштүк багытындагы байланышты уюштуруудан тышкары) почта жана электрбайланышы, долбоорлоо, өндүрүү, куруу, бул үчүн зарыл тармактарды, ли-нияларды, курулмаларды, тутумдарды жана түзүлүштөрдү кошо алганда ради-ожыштыктары спектрин же кабель каражаттарын пайдалануу менен маалымат-тарды берүү жагындагы иштерге; 19) алкоголь ичимдиктерин сатууга; 20) электр жана жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүү-гө, берүүгө, бөлүштүрүүгө, сатууга, мунайзатты жана жаратылыш газынкайра иштетүүгө; 21) электр станцияларын, подстанцияларын жана электр берүү линия-ларын курууга; 22) аудитордук ишке; 23) билим берүүнүн дењгээлине жана менчигинин түрүнө карабастанбилим берүү ишине (мектепке чейинки жана жалпы баштапкы, негизги жанаорто билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик билим берүүмекемелеринен тышкары); 24) жарылуучу жана пиротехникалык заттарды жана буюмдарды ташыпкелүүгө, иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сатууга; 25) курал-жарак жана ок-дарыны жасап чыгарууга, оњдоого жана соодакылууга; 26) аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгууга, чыгарууга жанасатууга жана кызмат көрсөтүүгө; 27) милдеттүү түрдөгү сертификаттоо жумуштарын жүргүзүүгө; 28) күчтүү таасир берүүчү, уулуу жана радиоактивдүү заттарды өндү-рүүгө жана сатып өткөрүүгө; 29) уулуу материалдардын жана заттардын, анын ичинде радиоактивдүүзаттардын калдыктарын утилдештирүүгө, жайгаштырууга, жок кылууга жанакөмүүгө; 30) уулуу заттардын өндүрүш калдыктарын ташууга (анын ичинде чекаралар аркылуу); 31) банкроттук ишти жүзөгө ашырган администраторлордун ишине; 32) юридикалык ишке (жекече нотариустук ишке жана адвокаттык иш-ке); 33) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу-га, аба, суу жана темир жол транспорту менен (атайын, кызматтык жанатехнологиялык транспортту кошпогондо) ташууларга, автовокзалдардын, ав-тостанциялардын жана автокассалардын ишине; 34) накталай акча каражаттарын жана баалуулуктарды ташууга жанаинкассациялоого; 35) бажы айланасындагы кызматтар (бажы ташуучусу, убактылуу сактоокампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси,бажы брокери) чөйрөсүндө; 36) риэлтор иши.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев