Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы № 263 «Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Бишкек шаары2008-жылдын 17-декабры № 263 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө 2008-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган Ушул Мыйзамдын максаты болуп балдарды эмчек эмизип багууну коргоожана пропагандалоо, балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана ка-ражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жолу менен балдардын, атап айткан-да ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын ден-соолугун сактоо са-налат. 1-глава Жалпы жоболор 1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү Ушул Мыйзам эмчек эмизип багууну коргоо жана пропагандалоо, ошон-дой эле балдарды жасалма тамактандыруу азыктарын жана каражаттарын та-ратуу жана жайылтуу жагында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана жарандардын ор-тосундагы мамилелерди жөнгө салат. 2-берене. Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана пропагандалоо жагындагыКыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, Баланын укуктарыжөнүндө Конвенциядан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук ак-тыларынан турат. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана макул-дашууларында ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, ошолкелишимдердин жана макулдашуулардын эрежелери колдонулат. 3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар Балдардын тамак-аш аралашмасы - ымыркайларды жана кенже курактагыбалдарды тамактандырууга арналган, жаныбар же өсүмдүк тегиндеги өнөржай өндүрүшүндө жасалган сапаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген талаптарга жооп берген сүт же сүт сыяктуу тамак-аш азыгы. Кенже курактагы балдар - он эки айдан эки жашка чейинки курактагыбалдар. Ымыркай - он эки айга чейинки курактагы бөбөк. Маркетинг - белгилүү бир тамак-аш азыгын жана каражатын жайылтуу,таратуу, сатуу буга коомчулук менен байланышты камсыз кылуу, ошондойэле маалыматтык камсыздоо да кирет. Материалдар жана жабдуулар - медико-санитардык жардам берүүгө ар-налган медициналык же бөлөк жабдуулар жана каражаттар, саламаттык сак-тоо уюмдары жана социалдык камсыздоо мекемелери колдонуучу башка мате-риалдар. Саламаттык сактоо уюмдары - боюнда бар аялдарга, ымыркайлардын жа-на кенже курактагы балдардын энелерине медико-санитардык жардам берүүжагында тикелей же кыйыр түрдө иш алып баруучу мамлекеттик, муниципал-дык же жеке медициналык мекемелер жана уюмдар. Ушул Мыйзамдын алкагындабул түшүнүк дарыканаларды жана башка фармацевтикалык мекемелерди өзүнөкамтыбайт. Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктар жана каражаттар (мын-дан ары - белгиленген азыктар): 1) ымыркайлар жана кенже курактагы балдар үчүн балдардын аралашмаазыктары; 2) ымыркайларды алты айына чейин тамактандырууга жарамдуу болгон,сатылуучу же кандайдыр бир башка ыкмалар менен берилүүчү ар кандай баш-ка азыктар; 3) кошумча тамактар; 4) эмизүүчү бөтөлкөлөр, упчулар (эмилүүчү идиштер), курук упчулар; 5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан балдарды жасалматамактандыруу азыктары катары таанылган, ушул Мыйзамдын колдонулуусунатуура келген башка азыктар. Белгиленген азыктардын партиялары - жасап-чыгаруучу же таратуучутарабынан социалдык максаттар үчүн акысыз же арзан баада узак мезгилбою берилип келген белгиленген азыктардын белгилүү бир өлчөмү; Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучу - ушул Мыйзамда көрсөтүлгөнбелгиленген азыктарды жасап чыгаруу ишин алып баруучу, азыктарды тике-лей же таратуучулар аркылуу, ошондой эле алар көзөмөлдөгөн же алар ме-нен кызматташкан жактар аркылуу берүүнү жүзөгө ашыруучу жеке же юриди-калык жак; Кошумча тамак - эмчек сүтүнө же балдардын тамак-аш аралашмасынакошумча катары пайдаланылуучу, өнөр жайлык же башка ыкма менен жасалганар кандай азык. Белгиленген азыктарды жайылтуу түшүнүгүндө төмөнкүлөр камтылат: 1) белгиленген азыктарды жарнамалоо; 2) атайын көргөзмөлөрдү өткөрүү, белгиленген азыктын баасынтүшүрүүнүн ар кыл ыкмаларын көрсөтүү (өтүүчү баасына сатуу; өз наркынанарзан сатуу; кошумча берип сатуу), белгиленген азыкты сыйлык же белеккатары берүү; 3) белгиленген азыктын бир же андан көп үлгүлөрүн каалагандардынбаарына берүү; 4) белгиленген азыктарды пайдаланууну идеализациялоо боюнча маалы-маттык жана окуу материалдарын белекке берүү жана таратуу; 5) белгиленген азыкты сатып алууга же колдонууга, дем берүү үчүнтикелей же кыйыр багытталган иш-аракеттин башка түрлөрү. Белгиленген азыктарды таратуучу - белгиленген азыктарды дүњ же че-кене өткөрүү ишин алып баруучу жеке же юридикалык жак; Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери - саламаттык сактооуюмдарында иштеген жеке адамдар, ошондой эле тейлөөчү персонал жана ык-тыярдуу башталышта иштеген башка адамдар. Белгиленген азыктарды жарнамалоо - буга басылма жана электрондукмассалык маалымат каражаттарын, телекоммуникациялык жана бөлөк байланышкаражаттарын колдонууну кошуу менен белгиленген азыкты сатууга жеөткөрүүгө көмөктөшүү максатында ал тууралу маалыматтарды берүү, ошондойэле энтамгаларды, жарнама такталарын, кулактандырууларды, сүрөттүк сы-паттамаларды же башка үлгүлөрдү берүү. Социалдык камсыздоо мекемелери - мамлекеттик, муниципалдык же жекеменчиктеги балдар интернаттары, балдар үйлөрү (яслилер), бөбөктөрүйлөрү жана ушуга окшогон башка мекемелер. Этикетка - белгиленген азыктардын кутусуна же идишине жабыштырылу-учу же басылуучу, басма же калып ыкмасы же кол менен жасалган ар кандайжабыштырылма белги, энбелги, марка, графикалык же башка сыпаттама мате-риал. 2-глава Балдарды эмчек эмизип багууну мамлекеттик коргоо 4-берене. Балдарды эмчек эмизип багууну коргоонун кепилдиктери 1. Мамлекет боюнда бар аялдардын, эмчек эмизген энелердин жанаалардын балдарынын укугун, эркиндигин жана кызыкчылыгын коргоону мамле-кеттик органдардын түзүмдөрү аркылуу кепилдикке алат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген боюнда бар аял-дардын жана эмчек эмизген энелердин эмгектик, үй-бүлөлүк, социалдык жа-на башка укуктарын коргоо боюнча чаралардан тышкары аталган категория-дагы адамдар төмөндөгүдөй жењилдиктерге укуктуу: - менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого баш ийгендигине кара-бастан медициналык мекемелерде, соода жана коомдук тамактануу ишканала-рында кезексиз тейленүүгө: - транспорттун бардык түрлөрүнө кезексиз билет сатып алууга; - темир жол вокзалдарына, аэропортторго, автовокзалдарга, автос-танциялар менен автопавильондорго караштуу бала менен эненин бөлмөсүнөнакысыз пайдаланууга; - эмчектеги балдарды жана кенже курактагы балдарды аба, суу, темиржол, шаардык жүргүнчүлөр транспортунда жана жалпы пайдалануучу автомо-биль транспортунда акысыз алып жүрүүгө. 2. Эмчек эмизген энелерге ыњгайлуу шарттарды түзүү максатында мам-лекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында,ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жанауюмдарда эне жана бала үчүн атайын бөлмө жай каралат. 3. Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо мамлекеттик органдар жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген азык-тардын маркетингин чектөө, ошондой эле алардын сапатынын, аларды колдо-нуу тууралу маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнүн шарттарын белгилөө жолуменен камсыз кылынат. 4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары өз компетенцияларынын чектеринде, Кыргыз Республикасынын мый-замдарында белгиленген негизде жана тартипте балдарды эмчек эмизип ба-гууну камсыз кылууга милдеттүү. 5-берене. Белгиленген азыктарга карата талаптар 1. Белгиленген азыктар техникалык регламенттерде, ал эми алар кир-гизилгенге чейин - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларындааныкталган коопсуздук чараларынын талаптарына ылайык келиши керек. 2. Техникалык регламенттердин, ал эми алар киргизилгенге чейинКыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын сакталышынакөзөмөлдүк кылуу иши санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылу-учу аткаруу бийлик органдарынын мамлекеттик атайын ыйгарым укуктуу ор-ган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптежүзөгө ашырылат. 6-берене. Белгиленген азыктардын маркетингин чектөө 1. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулар жана таратуучулар бал-дарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингинушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акты-ларында белгиленген чектөөлөр менен жүзөгө ашырат. 2. Белгиленген азыктарды жайылтууга анын ичинде дүњ жана чекенесоода жайларында жана саламаттык сактоо уюмдарында жайылтууга тыюу са-лынат. 3. Белгиленген азыктар балдарга медициналык жана социалдыккөрсөткүчтөр боюнча сунуш кылынган учурларда алардын ата-энелерине жеүй-бүлө мүчөлөрүнө же башка адамдарга белгиленген азыктарды пайдалануужолдорун көрсөтүүгө медициналык же социалдык кызматкерлер гана укуктуу. 4. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулардын жана таратуучулар-дын боюнда бар жана бала эмизген аялдарга арналган иш чараларды, кон-курстарды, аларга ар кандай ыкмалар менен кењеш берүү чараларын каржы-лоосуна, ошондой эле белгиленген азыктарды жасап чыгаруучуларга жанатаратуучуларга белгиленген азыктарды пайдаланууга тиешеси бар саламат-тык сактоо уюмдарына акысыз кызмат көрсөтүүсүнө тыюу салынат. 7-берене. Белгиленген азыктарды таратууну жана алып келүүнү чектөө 1. Белгиленген азыктар жасалма тамактандыруу менен тамактануугамажбур болгон балдарга гана саламаттык сактоо уюмдарында жана социалдыккамсыздоо мекемелеринде берилет жана колдонулат. Белгиленген азыктардыошол уюмдардын сатып алышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-ленген тартипте ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 2. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулар же таратуучулар алардысаламаттык сактоо мекемелерине белекке берүүгө же арзан баада сатуугаукуксуз ал чекене баага салыштырганда сексен пайыздан төмөн болушу ке-рек. Социалдык камсыздоо мекемелерине, анын ичинде интернаттарга балдарүйлөрүнө ошондой эле бөбөктөр үйлөрүнө белгиленген азыктар белек катарыже арзан баада берилиши мүмкүн, алардын баасы чекене баага салыштырган-да сексен пайыздан төмөн болбоого тийиш. 3. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулар жана таратуучулар бо-юнда бар аялдарга ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын энелери-не же алардын башка үй бүлө мүчөлөрүнө белгиленген азыктардын үлгүлөрүнжана бул азыктарды колдонууга түрткү болуучу өз азыктарынын үлгүлөрүнже башка нерселерди берүүгө укуксуз. 4. Белгиленген азыктарды жана каражаттарды жасап чыгаруучулар жанатаратуучулар жасап чыгаруучунун аталышы же анын шарттуу белгисикөрсөтүлүшү мүмкүн болгон материалдарды жана жабдууларды саламаттыксактоо уюмдарына белек же кайрымдуулук катары берүүгө акылуу бирокаларда белгиленген азыктардын соодалык маркасын көрсөтүүгө тыюу салы-нат. 5. Саламаттык сактоо уюмдарына караштуу дарыканаларда белгиленгеназыктарды сатууга же башкача жол менен берүүгө тыюу салынат. 8-берене. Белгиленген азыктардын этикеткаларына карата талаптар 1. Белгиленген ар кандай азык, эгерде анын кутусундагы же идишин-деги же болбосо этикеткасындагы маалыматтар ушул Мыйзамда жана КыргызРеспубликасынын башка укуктук ченемдик актыларында белгиленген талап-тарга ылайык келген учурда гана таратылышы мүмкүн. Алынып келинген бал-дар тамагынын ар бир партиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын та-лаптарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, анын ичинде Кыр-гыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги тарабынанжүргүзүлүүчү милдеттүү сертификацияланууга тийиш. 2. Белгиленген азыктардын этикеткаларында аларды даяр кылуунун ык-малары менен тааныштыруудан бөлөк кандайдыр бир максаттарга арналганфото-сүрөттөр, чийме-сүрөттөр же башка графикалык сүрөттөмөлөр болбошукерек. Этикеткаларда белгиленген азыктарды керектөөнү ашкере мактагансүрөттөр жана тексттер колдонулбашы керек. 3. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулар жана таратуучуларазыктын ар бир кутусунда мамлекеттик же расмий тилде басылган, буюмданоњой-олтоњ ажыратылбаган маалыматты берүүгө милдеттүү. Этикетка бирдей өлчөмдөгү тамгалар менен типографиялык жол мененбасылышы керек, түшүнүктүү графикалык сыпаттоо аркылуу ачык окулуугатийиш. Этикеткада баланы эмчек эмизип багуунун гана артыкчылыктарынакарата көрсөтмө, белгиленген азык, аны колдонуу боюнча нускамага ыла-йык, саламаттык сактоо кызматкеринин сунушу боюнча гана пайдалануугакарата көрсөтмө камтылышы керек; балдардын тамактарын туура эмес даяр-даганда, аларды сунуш кылынган куракка чейин бергенде же болбосо алардысактоонун шарттары бузулганда баланын ооруга учурашынын тобокелчилигижогорулай турган балдардын тамак аралашмаларынын инфекцияланышы жөнүндөэскертмелер камтылууга тийиш. 4. Белгиленген азыктардагы этикеткада азыктын курамы жана андагытамак-аш заттарынын мазмуну жөнүндө, белгиленген азыктын кутусун ачкан-га чейин жана ачкандан кийин сактап туруунун (климаттык шарттарды эсеп-ке алуу менен) шарттары тууралу, партиянын номери, даярдалган датасы,жарактуулук мөөнөтү, белгиленген азыкты жасап чыгаруучунун жана тарату-учунун аталыштары, ошондой эле алардын так даректери жөнүндө маалымат-тар камтылышы керек. 5. Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, аныничинде күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде иштелип чыкканактыларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптебелгиленген азыктардын айрым түрлөрүнүн этикеткаларынын тышкыкөрүнүшүнө, мазмунуна карата кошумча талаптар белгилениши мүмкүн. 6. Эгерде белгиленген азыктардын этикеткалары ушул беренеде жанаКыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленгенталаптарга ылайык келбесе, аларды импорттоого же таратууга тыюу салы-нат. 3-глава Балдарды эмчек эмизип багууну пропагандалоо 9-берене. Балдарды эмчек эмизип багууну пропагандалоо 1. Балдарды эмчек эмизип багууну пропагандалоо баланы эмчек эмизипбагуунун балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн ден-соолугу үчүн пайдасыжөнүндө маалыматтарды таратуу жолу менен мамлекеттик органдар жана жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыз кылынат. Мамлекет алты айга чейинки курактагы балдарды эмчек эмизип ганабагуу жана балдарды эмчек эмизип багууну эки жашка чыкканга чейин жанаандан ары улантуу үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат. 2. Саламаттык сактоо уюмдары балдарды, өзгөчө алты айга чейинкикурактагы балдарды эмчек эмизип гана багууну коргоо жана пропагандалообоюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катышууга милдеттүү. 3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары ушул Мыйзам жөнүндө жарандарды массалык маалымат каражаттарыаркылуу жана башка ыкмалар менен кабардар кылат. Балдарды эмчек эмизип багуунун пайдасы жөнүндө жарандарды кабар-ландыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 10-берене. Маалымат жана агартуу 1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары кызыкдар жактарды баланы эмчек эмизип багуунун пайдасы жөнүндөобъективдүү маалыматтар менен камсыз кылууну уюштурат. Кыргыз Республи-касынын саламаттык сактоо министрлиги боюнда бар аялдар жана бала эмиз-ген энелер үчүн тийиштүү маалыматтык жана окутуу курстарын камсыз кы-лат. 2. Ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын тамак-ашы боюнчажазуу, аудио же видео түрүндө берилген жана боюнда бар аялдардын, ымыр-кайлардын жана кенже курактагы балдардын энелеринин арасында таратуугаарналган маалыматтык жана билимдик материалдары мамлекеттик жана расмийтилдерде жазылууга жана төмөнкү маселелер боюнча так маалыматтарды кам-тууга тийиш: 1) боюнда бар аялдардын, бала эмизген энелердин тамактануусу,аларды балага тамак берүүнү уюштурууга даярдоо жана аны колдоп туруубоюнча чаралар; 2) баланы алты айга чейин эмчек эмизип гана багуунун жана баланыэмчек эмизип багууну андан ары эки жана андан көп жылга чейин улантуу-нун маанилүүлүгү жана пайдасы; 3) алты айлык курактан тартып баланы кошумча тамактандыра баштоо-нун маанилүүлүгү; 4) жергиликтүү азыктарды пайдалануу менен үй шарттарында кошумчатамакты даярдоонун мүмкүнчүлүгү; 5) балага эртелеп жарым жартылай бөтөлкө менен тамак бере баштоо-нун эмчек эмизип багууга болгон терс таасири; 6) баланы эмчек эмизип багууну кайра баштоодо келип чыгуучу кыйын-чылыктар; 7) зарыл болгон учурларда белгиленген азыктарды жана каражаттардытуура пайдалануу. Белгиленген азыктарды пайдалануу тууралу маалыматтык материалдардааларды пайдалануунун социалдык жана каржылык шарттары жөнүндө маалымат-тар да камтылышы керек. Аларда балдардын тамагын даярдоонун технология-сы туура эмес болгондо, аны сунуш кылынган куракка жеткенге чейин бер-генде же болбосо аны сактоонун шарттары сакталбаганда балдардын ооругаучуроо тобокелчилиги күчөй тургандыгы, туура эмес тамактандыруунун жанатамак берүүнүн адекваттуу эмес ыкмаларынын, айрыкча, белгиленген азык-тарды туура эмес пайдалануунун кесепеттери тууралу, балдардын тамакаралашмаларынын инфекцияланышы жөнүндө эскертүүлөр камтылууга тийиш. 3. Белгиленген азыктар тууралу маалыматтык материалдар белгиленгеназыктарды пайдаланууну идеалдаштыруучу сүрөттөрдү же тексттерди камты-башы керек. 4. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулар жана алардын өкүлдөрүсоода уюмдарынын кызматкерлерин ушул Мыйзам жана анын талаптарына ыла-йык аларга жүктөлүүчү милдеттер менен тааныштырууга тийиш. 11-берене. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери 1. Саламаттык сактоо кызматкерлери балдарды, өзгөчө алты айга че-йинки балдарды эмчек эмизип гана багууну пропагандаланышы жана коргошу,ошондой эле боюнда бар аялдарды жана бала эмизген энелерди, алардынбашка үй-бүлө мүчөлөрүн жана башка адамдарды баланы эки жашка чейин жа-на андан ары эмчек эмизип багуунун пайдасы жөнүндө кабардар кылып туру-шу керек. 2. Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулар жана таратуучулар,азыктын сапатына кесипкөйлүк баа берүү же илимий изилдөөлөр үчүн зарылболгон учурларды кошпогондо, белгиленген азыктардын үлгүлөрүн саламат-тык сактоо кызматкерлерине берүүгө укуксуз. 3. Саламаттык сактоо кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүбелгиленген азыктарды таратууга, ошондой эле бул үчүн акчалай же кан-дайдыр бир башка түрдө сый акы алууга, анын ичинде илимий иликтөөлөргөстипендияларды, гранттарды кошпогондо, семинарларды, кесиптик даярдыктыжогорулатуу курстарын же конференцияларын каржылоого укуксуз. 4-глава Корутунду жоболор 12-берене. Балдарды эмчек эмизип багууну коргоону, пропагандалоону жана белгиленген азыктардын маркетингин жөнгө салууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү балдарды эмчек эмизип багууну корго-ону, пропагандалоону жана белгиленген азыктардын маркетингин жөнгө са-луу максаттарын камсыз кылуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга ыйга-рым укук берет, алар ушул мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашырууну камсыз-дайт, анын ичинде балдарды эмчек эмизип багууну коргоону, пропагандало-ону жана белгиленген азыктардын маркетингин жөнгө салган ченемдик укук-тук актылардын сакталышын жана аларга түшүндүрмө берүүнү уюштуруунукамсыз кылат. ошондой эле белгиленген азыктарды жасап чыгаруучулардынжана таратуучулардын иш-аракетине көзөмөлдү жүзөгө ашырат. 13-берене. Жарандык коом институттарына колдоо көрсөтүү 1. Жарандар жана коммерциялык эмес уюмдар балдарды эмчек эмизипбагууну коргоо жана пропагандалоо маселелери боюнча чечимдерди иштепчыгууга жана кабыл алууга катышууга укуктуу. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар Кыргыз Республи-касынын балдарды эмчек эмизип багууну коргоону жана пропагандалоонужөнгө салуучу мыйзамдарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү ишине ка-тышууга, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген иш-аракеттерге бел-гиленген азыктарды жасап чыгаруучулардын жана таратуучулардын көњүлүнбурууга укуктуу. 14-берене. Эл аралык кызматташтык Мамлекет балдардын укуктарын сактоо жана коргоо чөйрөсүндө мамле-кеттик органдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын Эл аралык кызмат-таштыгын өнүктүрүүгө көмөктөшөт, Кыргыз Республикасы катышуучусу бол-гон, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим-дердин жана макулдашуулардын аткарылышын камсыз кылат. 15-берене. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамды бузган же анын аткарылышына тоскоолдук кылган адам-дар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликтартышат. 16-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 1. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинкүчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөнтартып үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ага ылайыккелтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев