Бишкек шаары2009-жылдын 30-марты № 99 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2009-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мам-лекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,1999-ж.,№ 4, 193-ст.)төмөнкү-дөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 27 жана 28-пункттар менен толук-талсын: "27. Кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык текшерүү-имараттардын, ку-рулмалардын, квартиралардын же башка кыймылсыз мүлктүн, ошондой эле жеручастокторунун иш жүзүндөгү чек араларынын техникалык мүнөздөмөсүнаныктоо. 28. Техникалык паспорт - кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүүнүнжыйынтыгы боюнча түзүлгөн белгиленген формадагы документ.". 2. 18-статьяда: 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Билдирүүчүнүн инсандыгы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ырасталат: - жеке жак үчүн - инсандыгын ырастоочу документ; - юридикалык жак үчүн-инсандын жана анын өкүлүнүн ыйгарым укугунырастоочу документ, ошондой эле юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлү-гү жана юридикалык жактын уюштуруу документи."; 2-пункттагы "каттоо органынын кызмат көрсөтүү төлөмү жөнүндө кви-танция" деген сөздөрдөн кийин "жана укук ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндөмаалыматты киргизүү үчүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздө-мөсүн камтуучу документ"; 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11. Укуктарды баштапкы мамлекеттик каттоодон өткөрүү 7 жумушчукүндүн ичинде жүргүзүлөт. Жергиликтүү каттоо органында укуктары мурда катталган кыймылсызмүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү 3 жумушчу күндүн ичиндежүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте "укук ээсининарызы боюнча укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү бир жумушчу күн-дүн ичинде жүргүзүүгө жол берилет.". 3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-статья менен толукталсын: "25-1-статья. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү жүргүзүү 1. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү жүргүзүү баштапкыжана учурдагы текшерүүнү өзүнө камтыйт. Баштапкы текшерүү жаны түзүлгөн кыймылсыз мүлккө жүргүзүлөт. Баш-тапкы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспорт түзүлөт жана кый-мылсыз мүлктүн укуктуу ээсине берилет. Учурдагы текшерүү реконструкциялоо, кайра пландоо жана профилдеш-тирүүнүн натыйжасында имараттардын, курулмалардын, квартиралардын жебашка кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөсү өзгөргөн учурда укук ээ-синин арызы боюнча милдеттүү түрдө, ошондой эле укук ээсинин демилгесибоюнча ыктыярдуу тартипте жүргүзүлөт. Учурдагы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспортто тие-шелүү өзгөртүү чагылдырылат. 2. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүүнү кыймылсыз мүлкбирдигинин жайгашкан жери боюнча жергиликтүү каттоо органдары КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзөт.". 2-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде күчүнө ки-рет. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев