МыйзамКүчүндө

КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 99 «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция30.03.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары2009-жылдын 30-марты № 99                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ           "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө             укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз             Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана                    өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу      2009-жылдын 6-мартында              Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-берене.      "Кыймылсыз мүлккө  жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мам-лекеттик каттоо  жөнүндө" Кыргыз   Республикасынын  Мыйзамына   (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,1999-ж.,№ 4, 193-ст.)төмөнкү-дөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:     1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 27 жана 28-пункттар менен толук-талсын:     "27. Кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык текшерүү-имараттардын, ку-рулмалардын, квартиралардын же башка кыймылсыз мүлктүн, ошондой эле жеручастокторунун иш  жүзүндөгү  чек  араларынын  техникалык  мүнөздөмөсүнаныктоо.     28. Техникалык  паспорт  - кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүүнүнжыйынтыгы боюнча түзүлгөн белгиленген формадагы документ.".     2. 18-статьяда:     1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "Билдирүүчүнүн инсандыгы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ырасталат:     - жеке жак үчүн - инсандыгын ырастоочу документ;     - юридикалык  жак  үчүн-инсандын жана анын өкүлүнүн ыйгарым укугунырастоочу документ, ошондой эле юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлү-гү жана юридикалык жактын уюштуруу документи.";     2-пункттагы "каттоо  органынын кызмат көрсөтүү төлөмү жөнүндө кви-танция" деген  сөздөрдөн  кийин "жана укук ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндөмаалыматты киргизүү  үчүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздө-мөсүн камтуучу документ";     11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "11. Укуктарды  баштапкы  мамлекеттик  каттоодон өткөрүү 7 жумушчукүндүн ичинде жүргүзүлөт.     Жергиликтүү каттоо  органында  укуктары  мурда катталган кыймылсызмүлккө укуктарды  мамлекеттик каттоодон өткөрүү 3 жумушчу күндүн ичиндежүргүзүлөт.     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  аныктаган  тартипте  "укук ээсининарызы боюнча укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү бир жумушчу күн-дүн ичинде жүргүзүүгө жол берилет.".     3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-статья менен толукталсын:     "25-1-статья. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү                   жүргүзүү      1. Кыймылсыз  мүлк бирдигине техникалык текшерүү жүргүзүү баштапкыжана учурдагы текшерүүнү өзүнө камтыйт.     Баштапкы текшерүү  жаны түзүлгөн кыймылсыз мүлккө жүргүзүлөт. Баш-тапкы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспорт түзүлөт жана кый-мылсыз мүлктүн укуктуу ээсине берилет.     Учурдагы текшерүү  реконструкциялоо, кайра пландоо жана профилдеш-тирүүнүн натыйжасында  имараттардын,  курулмалардын,  квартиралардын жебашка кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөсү өзгөргөн учурда укук ээ-синин арызы  боюнча милдеттүү түрдө, ошондой эле укук ээсинин демилгесибоюнча ыктыярдуу тартипте жүргүзүлөт.     Учурдагы текшерүүнүн  жыйынтыгы  боюнча  техникалык паспортто тие-шелүү өзгөртүү чагылдырылат.     2. Кыймылсыз  мүлк  бирдигине техникалык текшерүүнү кыймылсыз мүлкбирдигинин жайгашкан жери боюнча жергиликтүү  каттоо  органдары  КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзөт.".      2-берене.      Ушул Мыйзам  кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде күчүнө ки-рет.       3-берене.      Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өзүнүн  ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин.        Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев