Редакцияот 17.02.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2009-жылдын 17-февралы № 51                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ               "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону             каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө"            Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү                           киргизүү тууралуу      2009-жылдын 15-январында            Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-берене.      "Кыргыз Республикасында  саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүүтөлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  (Кыргыз  Рес-публикасынын   Жогорку  Кењешинин  Жарчысы,  2003-ж.,  №  11,  500-ст.)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:     1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:     "мамлекеттик бюджеттин"  деген сөздөр "базалык мамлекеттик медици-налык камсыздандыруунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;     "Саламаттык сактоо" бөлүмү боюнча" деген сөздөр алып салынсын.     2. 5-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "Базалык мамлекеттик  медициналык камсыздандыруу каражаттары Меди-циналык камсыздандыруу фондуна жана анын аймактык бөлүктөрүнө башкаруу-га өткөрүп берилет.".     3. 6-статьянын  5-бөлүгүндө  "Милдеттүү медициналык камсыздандырууфондунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Медициналык камсызданды-руу фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.     4. 7-статьянын  жетинчи  абзацындагы "жана милдеттүү" деген сөздөр"милдеттүүлүгү боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.       2-берене.      Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев