Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2003-жылдын 30-июлу № 159
Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө
(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 51, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 , 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I Глава Жалпы жоболор
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоодо Бирдиктүү төлөөчү тутумунун иштөөсүнүн укуктук, уюштуруу жана каржылоо негиздерин аныктайт.
1-статья. Бирдиктүү төлөөчү тутум түшүнүгү
Бирдиктүү төлөөчү тутум - саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган калкка көрсөтүлгөн медициналык-санитардык жана фармацевттик кызмат көрсөтүү үчүн эсептешүү боюнча каржылоону андан ары жүргүзүү максатында милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан саламаттык сактоонун финансылык ресурстарын бириктирип топтоо.
Бирдиктүү төлөөчү тутумунун иштеши базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун "Саламаттык сактоо" жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу бөлүмү боюнча каражаттарын башкарууга ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоонун бирдиктүү каржылоочу органы катары аныктоону карайт.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алууга жарандардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары;
2) дарылануу учурунун орточо наркы - ар бир камсыздандырылган оорулуунун дарыланышына багытталган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын жана калктын тең төлөө каражаттарынын көлөмүн чагылдырган орточо эсептешүү көрсөткүчү;
3) киши башына карата ченем - түзөткүч коэффициенттерине түзөтүү киргизүү менен бир тейленүүчүгө же бекитилген милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган тургунга алгачкы жана адистештирилген медициналык-санитардык жардамды каржылоонун орточо эсептик көрсөткүчү;
4) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун бириктирилген бюджети - мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, тышкы карыздардын жана донорлордун гранттык жардамдарынын каражаттарынын, ошондой эле атайын казыналык эсептерде топтоштурулуучу каражаттардын, саламаттык сактоо тутумунда калктан кошумча төлөө катары алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын жыйындысы;
5) берүүчү - түзүлгөн келишимдердин негизинде бирдиктүү төлөөчү тутумунда медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жеке же юридикалык жак;
6) милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун максаты жана негизги принциптери
Бирдиктүү төлөөчү тутумун киргизүүнүн максаты Мамлекеттик кепилдиктер программасынын аткарылышын жана саламаттык сактоодо каржылоо усулдарын өркүндөтүүнү ресурстук жактан камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо бюджетин бириктирүү болуп саналат.
Бирдиктүү төлөөчү тутумунун негизги иштөө принциптери:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардамды алууда жарандар үчүн бирдей жетимдүүлүгү;
- берүүчүлөрдүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарына бирдей жетүүсү;
- Бирдиктүү төлөөчүнүн жана берүүчүнүн функцияларын аткаруучу органдардын ортосундагы келишимдик мамилелери;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууда берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди (бааларды) түзүүнүн бирдиктүү усулдарын пайдалануусу;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана тең төлөө каражаттарын колдонууда берүүчүнүн финансылык өз алдынчалыгы.
Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы эсептешүү боюнча берүүчү тарабынан алынган милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, калктын тең төлөө каражаттарына жана атайын каражаттарга салык салынбайт жана мамлекеттик бюджетке алынбайт.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Бирдиктүү төлөөчүнүн функцияларын аткарууга ыйгарым укуктуу орган
Кыргыз Республикасында Бирдиктүү төлөөчү болуп милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоого ыйгарым укуктуу аткаруу органы саналат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун иштешинин финансылык негиздери
Бирдиктүү төлөөчү тутуму аймактык принцип боюнча иштейт.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна башкарууга өткөрүп берилет.
Бирдиктүү төлөөчү берүүчү менен түзүлгөн келишимдердин негизинде бир каналдуу каржылоо жолу менен алардын кызмат көрсөтүүлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан төлөөнү жүзөгө ашырат.
Бирдиктүү төлөөчү тутумунда жарандарга көрсөтүлүүчү медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу оңдоо коэффициенттерине түзөтүү менен төлөөнүн базалык ченемдеринен турат.
Медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызматтарды төлөөнүн базалык ченемдери болжолдонуучу финансылык көрсөткүчтөрдү жана медициналык-санитардык жардамдын көлөмдөрүн эске алуу менен медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү боюнча аныкталат.
Бирдиктүү төлөөчү калктын тең төлөө каражаттары боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын отчетторунун негизинде жыйынды маалыматтарды түзөт жана аларды бириктирилген бюджетти түзүүдө пайдаланат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Мамлекеттик органдардын жана Бирдиктүү төлөөчүнүн ортосундагы өз ара мамилелер
Пландаштырылуучу келип түшүүчү кирешелердин көлөмүндө Бирдиктүү төлөөчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө башка программаларды ишке ашыруу максатында орто мөөнөттүү келечекке бюджетти түзөт.
(Бөлүк КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Бирдиктүү төлөөчүнүн бюджетине милдеттүү медициналык камсыздандырууга чогулган каражаттарды өз убагында жана толугу менен которот.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II Глава Бирдиктүү төлөөчүнүн укуктары жана милдеттери
7-статья. Бирдиктүү төлөөчүнүн укуктары
Бирдиктүү төлөөчү төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- бюджеттик стратегияны иштеп чыгууга катышууга;
- жыл сайын милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан Мамлекеттик кепилдиктер программасын финансылык камсыз кылуу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын иштеп чыгууга катышууга;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын кайра кароо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- берүүчүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын, тең төлөмдү пайдаланышын контролдоого.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Бирдиктүү төлөөчүнүн милдеттери
Бирдиктүү төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын майнаптуулугун жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңешке милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту берүүгө;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын көлөмүндө Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана өнүгүүнүн башка тармактык программаларын аткаргандыгы үчүн берүүчү менен эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүгө.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III Глава Корутунду жоболор
9-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2003-жылдын 5-августунда № 58 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |
2003-жылдын 24-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |