Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 11-марты № 77
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж.,№2, 20-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. I глава төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик күзөт объектисинин коопсуздугу - мамлекеттик кайтарууга алынган адамдын анын өмүрүнө, ден соолугуна жана мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктарын же башка мамлекеттик, саясый же коомдук ишти аткарышы менен байланышкан мыйзам менен корголуучу башка турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына укукка каршы жана башкача кол салуулардан корголушу;
мамлекеттик күзөт - укуктук, уюштуруучулук, кайтаруу, режимдик, изин суутпай издөө, техникалык жана башка чаралардын жыйындысынын негизинде мамлекеттик башкаруунун муктаждыктары үчүн жүргүзүлүүчү мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик бийлик органдарынын функциясы;
кайтарылуучу объектти коргоо - кайтарылуучу объекттерди күзөтүү жана коргоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
мамлекеттик күзөт объектисинин коопсуздугуна коркунуч жөнүндө маалымат - мамлекеттик кайтарууга алынган адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн, мыйзам менен кайтарылуучу анын башка турмуштук маанилүү кызыкчылыктары үчүн коркунуч түзгөн шарттар жана факторлор жөнүндө же ошол адамга күч колдонуу, моралдык жана башка мүнөздөгү мүмкүн болуучу кол салуулар жана анын мыйзам менен корголуучу турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына башка зыян келтирүү жөнүндө маалымат;
мамлекеттик күзөт объектисинин убактылуу турган орду - мамлекеттик күзөт объектисинин туруктуу жашаган жери боюнча жана мамлекеттик кызматынын (ишинин) ордуна карата башкасы;
мамлекеттик күзөт объектисинин туруктуу турган орду - мамлекеттик күзөт объектисинин туруктуу жашаган жери жана мамлекеттик кызматынын (ишинин) орду;
мамлекеттик күзөт объектисинин коопсуздугун камсыз кылуу - мамлекеттик кайтарууга алынган адамдын коопсуздугуна коркунучтардын бетин ачууга, алдын алууга жана жолун тосууга багытталган укуктук, уюштуруучулук, кайтаруу, режимдик, изин суутпай-издөө, техникалык жана башка чаралардын жыйындысын жүзөгө ашыруу;
мамлекеттик күзөт объектиси - ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик кайтарууга алынган адам;
кайтаруу иш-чаралары - Мамлекеттик күзөт кызматы, анын ичинде коопсуздукту камсыз кылуучу башка мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен мамлекеттик күзөт объектиси туруктуу же убактылуу турган жерлерде, анын ичинде мамлекеттик күзөт объекттери убактылуу болгон трассаларда, анын ичинде мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган алардын жүрүү трассаларында жүргүзүлүүчү аракеттердин жыйындысы жана кайтарылуучу объекттерди коргоо;
кайтарылуучу объекттер - мамлекеттик бийлик органдары жайгашкан имараттар, курулуштар жана курулмалар, аталган имараттарга, курулуштарга жана курулмаларга чектеш жаткан мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу максатында коргоого алына турган аймактар жана акваториялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кайтарууга алынуучу башка объекттер;
коомдук тартипти колдоо - Мамлекеттик күзөт кызматынын укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча, мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу же убактылуу болгон жерлерде, анын ичинде алар бараткан трассаларда жана кайтарууга алынган объекттерде жүрүш-туруштун коомдук эрежелерин сактоо (укук тартибин камсыз кылуу) боюнча ушул Мыйзам менен белгиленген ыйгарым укуктардын чегиндеги өз алдынча же коопсуздукту камсыз кылуучу башка мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен жүргүзүлүүчү иши.".
2. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Мамлекеттик күзөт кызматынын объекттери" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "мамлекеттик күзөт объекттери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 2-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Мамлекеттик күзөт кызматынын ишинин укуктук негизи
Мамлекеттик күзөт кызматынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер жана макулдашуулар түзөт.".
4. II глава төмөнкү мазмундагы 9-1-статья менен толукталсын:
"9-1-статья. Башка адамдарды мамлекеттик кайтарууга алуу
Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен тартипте мамлекеттик кайтарууга алынышы мүмкүн.".
5. 10-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү "башчы, башчысы" деген сөздөр "төрага, төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 11-статьяда:
үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кайтаруу, режимдик, техникалык жана башка иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө;";
тогузунчу абзацтагы "оперативдүү-техникалык" деген сөздөрдөн кийин "радиотехникалык, химиялык, өрткө каршы," деген сөздөр менен толукталсын;
он төртүнчү абзацтагы "кызматтык-чарбалык" деген сөздөр "финансылык-чарбалык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 12-статьяда:
үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык изин суутпай издөө ишин жүргүзүүгө, ошондой эле мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугуна коркунучтар жөнүндө маалымат алуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жардамын алардын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн пайдаланууга;";
статья төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Мамлекеттик күзөт кызматынын ишине тиешеси бар оперативдүү жана башка материалдарды сактоого, аларды эсепке алуунун, сактоонун жана пайдалануунун тартибин аныктоого, маалыматтык системасын түзүүгө.
8. III глава төмөнкү мазмундагы 12-1-статья менен толукталсын:
"12-1-статья. Мамлекеттик күзөт кызматына көмөк көрсөткөн
адамдардын укуктары жана милдеттери
Мамлекеттик күзөт кызматына көмөк көрсөткөн адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
- купуя кызматташуунун шарттары жөнүндө контракт түзүүгө;
- өзүнүн тапшырмалары, укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрмөлөрдү алууга;
- конспирация максатында инсандын шифрленген документтерин пайдаланууга;
- контрактта аныкталган учурларда сыйлык акы алууга.
Мамлекеттик күзөт кызматына көмөк көрсөткөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- алардын алдында турган милдеттерди чечүүгө багытталган тапшырмаларды алууга;
- эгер түзүлгөн болсо контракттын шарттарын сактоого;
- анык эмес маалыматтарды атайылап берүүгө жол бербөөгө;
- көмөк көрсөтүү процессинде ага белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.
Мамлекеттик күзөт кызматына көмөк көрсөткөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
Мамлекеттик күзөт кызматына көмөк көрсөткөн адамдардын укуктарынын кепилдиги жана социалдык жактан коргоо колдонуудагы мыйзамдарга ылайык камсыз кылынат.".
9. 14-статьянын 1-бөлүгүндөгү "аскер кызматчылары" деген сөздөр "офицердик курам, прапорщиктер, мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматчылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 15-статья төмөнкү мазмундагы 7-9-бөлүктөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин чечүү үчүн министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана агенттиктерге, администрациялык ведомстволорго, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга макулдугу менен белгиленген тартипте штаттык кызмат орундарын ээлөө үчүн аларды аскердик анык кызматта калтыруу менен Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери иш-сапарга жиберилиши мүмкүн.
Офицердик курам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын кадрларында жана иштеп жаткан резервинде турушат.
Мамлекеттик күзөт кызматынын кадрларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.".
11. 16-статьяда:
статья төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчилиги Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлерин жана башка адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сиңирген эмгеги үчүн моралдык жана материалдык жактан сыйлоого, аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүгө укуктуу.";
3-5-бөлүктөр тийиштүү түрдө 4-6-бөлүктөр деп эсептелсин;
4-бөлүктөгү ", аскер наамын ыйгаруу" деген сөздөр алып салынсын.
12. IV глава төмөнкү мазмундагы 24-1-статья менен толукталсын:
"24-1-статья. Мамлекеттик күзөт кызматынын курал-жарак жана жабдуу
каражаттары
Мамлекеттик күзөт кызматы курал-жарак жана жабдуу каражаттарын, анын ичинде атайын техникалык жана башка каражаттарды сатып алат жана пайдаланат, курал-жарактарды жана аларга ок-дарыларды, ошондой эле башка кызматтык жана жарандык куралдарды жана аларга ок-дарыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алат (анын ичинде чет өлкөдөн) жана пайдаланат.
Мамлекеттик күзөт кызматынын ишинде пайдаланылышы мүмкүн болгон курал-жарак жана жабдуу каражаттарын, анын ичинде атайын техникалык жана башка каражаттарды сатып алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү Мамлекеттик күзөт кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Мамлекеттик күзөт кызматы маалымат системаларын, байланыш системаларын жана маалыматтарды берүү системаларын, ошондой эле маалыматтарды коргоо каражаттарын, анын ичинде криптографиялык коргоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кызматтык максатта пайдаланат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |