Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 23-январы № 6
Мамлекеттик күзөт жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Кайтаруудагы адамдар жана объекттер
3-глава. Мамлекеттик күзөттүн ишин уюштуруу
4-глава. Мамлекеттик күзөт органынын ишине кирген башка маселелер
5-глава. Мамлекеттик күзөт органын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
6-глава. Мамлекеттик күзөт органынын ишин контролдоо жана көзөмөлдөө
7-глава. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам мамлекеттик күзөттү камсыз кылуу боюнча иштин укуктук негиздерин аныктайт, мамлекеттик күзөт объекттери жана кайтаруудагы объекттер түшүнүктөрүн жана түрлөрүн белгилейт, ошондой эле мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү органдын ишин уюштуруунун маселелерин жөнгө салат.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик күзөт объектинин коопсуздугу - мамлекеттик күзөткө алынган адамдын анын өмүрүнө, ден соолугуна жана мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктарын же болбосо башка мамлекеттик, саясий же коомдук ишти аткарууга байланышкан, мыйзам менен корголуучу башка өтө маанилүү кызыкчылыктарына коркунуч келтирүүчү укукка жат жана башка кол салуулардан корголушу;
2) мамлекеттик күзөт - Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликти коопсуз жана тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында, өзүнүн компетенциясынын алкагында жүргүзүлүүчү укуктук, ыкчам-издөө иш-чараларынын, контрчалгындоо, уюштуруу, кайтаруу, режимдик, техникалык, маалыматтык жана башка чаралардын жыйындысынын негизинде жүзөгө ашырылуучу кайтаруудагы адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кайтаруудагы объекттерди коргоо боюнча иш;
21) мамлекеттик күзөт органы – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу тутумунда аскердик түзүлүш болуп саналуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын жыйындысын жүзөгө ашыруучу атайын мамлекеттик орган;
3) кайтаруудагы объектти коргоо - кайтаруудагы объектти кайтаруу жана коргоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
4) мамлекеттик күзөт объектинин коопсуздугуна коркунуч жөнүндө маалымат - мамлекеттик күзөт объектинин өмүрүнө жана ден соолугуна жана анын мыйзам менен корголуучу башка өтө маанилүү кызыкчылыктарына коркунуч туудуруучу шарттар жана факторлор жөнүндө маалыматтар;
5) мамлекеттик күзөт объекти (кайтаруудагы адам) - ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик күзөткө алынган адам;
6) күзөт иш-чарасы - мамлекеттик күзөт объекттеринин туруктуу же убактылуу жүргөн жерлеринде, анын ичинде алар өтүүчү трассаларда мамлекеттик күзөт органы тарабынан, анын ичинде башка мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен жүзөгө ашырылуучу, кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылууга жана аларды коргоого багытталган аракеттердин жыйындысы;
7) кайтаруудагы адамдын убактылуу жүргөн жери - кайтаруудагы адамдын туруктуу жашаган жеринен жана мамлекеттик кызмат өтөгөн (иштеген) жеринен башка жүргөн жери;
8) кайтаруудагы адамдын туруктуу жүргөн жери - кайтаруудагы адамдын туруктуу жашаган жери же мамлекеттик кызмат өтөгөн (иштеген) жери;
9) коомдук тартипти сактоо - мамлекеттик күзөт объекттеринин туруктуу же убактылуу жүргөн жерлеринде, анын ичинде алар өтүүчү трассаларда жана кайтаруудагы объекттерде ушул Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде өз алдынча же коопсуздукту камсыз кылуучу башка мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча, жүрүм-турумдун коомдук эрежелерин сактоо (укук тартибин камсыз кылуу) боюнча мамлекеттик күзөт органынын иши;
10) мамлекеттик күзөт объекттери өтүүчү (жүрүүчү) трассалар - кайтаруудагы адамдар коопсуз жана тоскоолдуксуз өтүшү (жүрүшү) үчүн пайдаланылуучу автомобилдик, темир жолдордун, аба, суу мейкиндигинин участоктору.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Мамлекеттик күзөттү жүзөгө ашыруу принциптери
Мамлекеттик күзөт төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) мыйзамдуулук;
2) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин урматтоо жана сактоо;
3) кайтаруудагы адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;
4) мамлекеттик күзөттү берүүдөгү үзгүлтүксүздүк;
5) иштин маалымдуу жана маалымдуу эмес методдорун айкалыштыруу;
6) контролдо жана көзөмөлдө болуу.
3-берене. Мамлекеттик күзөттүн милдеттери
Мамлекеттик күзөттүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кайтаруудагы адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу;
2) кайтаруудагы объекттерди коргоо;
3) кайтаруудагы адамдарга болгон коркунучтарды болжолдоо жана табуу, алардын алдын алуу жана жоюу боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу;
4) кайтаруудагы адамдарга жана объекттерге карата кылмыштуу жана башка укук бузуулардын алдын алуу, аларды табуу жана аларга бөгөт коюу;
5) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде терроризмге каршы күрөшүүгө катышуу;
6) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде мамлекеттик күзөт объекттеринин маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууга катышуу.
4-берене. Мамлекеттик күзөттү жүзөгө ашыруунун укуктук негизи
Мамлекеттик күзөттү жүзөгө ашыруунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
2-глава. Кайтаруудагы адамдар жана объекттер
5-берене. Кайтаруудагы адамдар жана объекттер
1. Ушул Мыйзамда аныкталган кызмат адамдары жана башка адамдар мамлекеттик күзөт органынын кайтаруудагы адамдары болуп саналат.
2. Мамлекеттик күзөт органынын кайтаруудагы объекттерине төмөнкүлөр кирет:
1) кайтаруудагы адамдардын убактылуу жана туруктуу жүргөн жерлеринде алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында коргоого алынуучу имараттар, курулуштар жана курулмалар, аларга жакын жайгашкан аймактар жана акваториялар;
2) мамлекеттик күзөт органынын ыкчам башкаруусунда турган имараттар, курулуштар жана курулмалар, аларга жакын жайгашкан аймактар жана акваториялар.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын экс-президентине мамлекеттик күзөттү берүү
1. Кыргыз Республикасынын Президентине ал кызмат ордуна киришкен учурдан тартып мамлекеттик күзөт берилет.
2. Кыргыз Республикасынын Президенти өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан мезгилге мамлекеттик күзөттөн баш тартууга укуксуз.
3. Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан мезгилге анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, жашы жете элек балдарына) Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде мамлекеттик күзөт берилет.
4. Кыргыз Республикасынын экс-президентине мамлекеттик күзөт Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде ушул Мыйзамга ылайык өмүр бою берилет.
7-берене. Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга мамлекеттик күзөттү берүү
1. Мамлекеттик күзөт Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген төмөнкүдөй адамдарга берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына;
3) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасына;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасына.
2. Шайлоодо талапкер болуп катталган учурдан тартып жана шайлоонун жыйынтыгы аныкталганга чейин өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан мезгилге берилген мамлекеттик күзөттөн баш тартууга укуксуз.
8-берене. Чет мамлекеттердин, парламенттердин жана өкмөттөрдүн башчыларына мамлекеттик күзөттү берүү
1. Чет мамлекеттердин, парламенттердин жана өкмөттөрдүн башчылары Кыргыз Республикасында жүргөн мезгилде аларга республикага келген учурдан тартып мамлекеттик күзөт берилет.
2. Улуттук мыйзамдарга ылайык мамлекеттик күзөткө алынууга тийиш болгон чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасында жүргөн учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча ага мамлекеттик күзөт берилиши мүмкүн.
9-берене. Башка адамдарга мамлекеттик күзөттү берүү
1. Мамлекеттик күзөт кызматтык, коомдук жана башка ишти аткарууга байланыштуу өмүрүнө жана ден соолугуна кол салуу коркунучу бар болгондо Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга берилиши мүмкүн.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн адамдарга мамлекеттик күзөттү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин актысы менен аныкталат.
3-глава. Мамлекеттик күзөттүн ишин уюштуруу
10-берене. Мамлекеттик күзөт
1. Мамлекеттик күзөттү мамлекеттик күзөт органы жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик күзөт органы кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу максатында өзүнүн компетенциясынын алкагында жүзөгө ашырылуучу укуктук, ыкчам-издөө иш-чараларынын, контрчалгындоо, уюштуруу, күзөттүк, режимдик, техникалык, маалыматтык жана башка чаралардын жыйындысын жүргүзөт.
Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери мамлекеттик күзөт органынын кадрларында жана иштеп жаткан резервинде турушу мүмкүн.
2. Мамлекеттик күзөттү камсыз кылууга өз ыйгарым укуктарынын чектеринде ички иштер, коргоо, жарандык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар катышат.
3. Кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун жана аларды коргоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды пландоо жана жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик күзөт органы координациялоочу орган болуп саналат.
4. Күзөт иш-чараларын уюштуруу жана жүргүзүү тартиби, кайтаруудагы адамдарга мамлекеттик күзөттү жүзөгө ашыруу үчүн берилүүчү күчтөрдүн жана каражаттардын көлөмдөрү мамлекеттик күзөт органынын актылары менен аныкталат.
101-берене. Мамлекеттик күзөт органынын ишин уюштуруу
1. Мамлекеттик күзөт органынын жобосу, түзүмү, штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
Мамлекеттик күзөт органы аскер кызматчыларынан жана жарандык кызматкерлерден түзүлөт.
2. Мамлекеттик күзөт органынын кадрларын офицердик курам, прапорщиктер жана жарандык персонал түзөт.
3. Мамлекеттик күзөт органына кызматка жана ишке өзүнүн жеке, моралдык, кесиптик, психологиялык сапаттары, билими жана ден соолугунун абалы боюнча мамлекеттик күзөт органына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон, ошондой эле мамлекеттик тилди билген Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу негизде кабыл алынат.
4. Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон билим деңгээлине, стажына, кесиптик билимдерине жана көндүмдөрүнө карата квалификациялык талаптар жана аскердик кызматка кабыл алуунун башка шарттары "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасына ылайык белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Мамлекеттик күзөт органынын укуктары
Мамлекеттик күзөт органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) күзөт иш-чараларын даярдоодо жана жүргүзүүдө кайтаруудагы адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын зарылдыгына жараша тартууга;
2) кайтаруудагы адамдардын коопсуздугуна коркунуч келтирген коомдук коркунучтуу аракеттерди табуу, алдын алуу, аларга бөгөт коюу жана объекттерди коргоо максатында өзүнүн компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүгө;
3) макулдук берген адамдар менен кызматташуу мамилелерин купуя негизде түзүүгө; мамлекеттик күзөт органына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн көрсөтүлгөн адамдардын макулдугу менен алардын жардамын пайдаланууга;
4) кайтаруудагы объекттерге кирүүдө жана кайтаруудагы объекттерден чыгууда жарандардын, кызмат адамдарынын же башка адамдардын (кол тийбестик укугуна ээ болгон адамдарды кошпогондо) ким экенин ырастоочу документтерин текшерүүгө, зарыл болгон учурларда жарандарды, кызматтык же башка адамдарды жеке текшерүүгө, алардын жанында болгон буюмдарды, транспорт каражаттарын жана алар менен ташылып бараткан буюмдарды текшерүүгө, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен текшерүүгө;
5) фактыларды жана окуяларды документке түшүрүүнү, фотого тартууну, үнүн жаздырууну жана видеого тартууну жүргүзүүгө, анын ичинде учкучу жок аба кемелерин (учкучу жок учуучу аппарат) пайдалануу менен жүргүзүүгө;
6) кайтаруудагы адамдардын туруктуу же убактылуу жүргөн жерлеринде укук бузууларды же мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына тоскоолдук кылууга багытталган, ошондой эле кайтаруудагы объекттерге кирүүгө же кирүү аракетине байланышкан аракеттерди жасаган же жасап жаткан адамдарды кармоого жана улуттук коопсуздук органдарына же ички иштер органдарына жеткирүүгө;
7) кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугуна жана корголушуна коркунуч туудурган себептерди жана шарттарды жоюу жөнүндө аткарылууга тийиш болгон сунуштарды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга киргизүүгө;
8) өзгөчө учурларда кызматтык максаттарда байланыш каражаттарын, анын ичинде жарандарга жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга таандык болгон атайын каражаттарды пайдаланууга;
81) объекттерде, көчөлөрдө, жолдордо жана жерлердин участокторунда оңдоо-курулуш жана башка иштерди мамлекеттик органдардын же менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын жүргүзүүсүн контролдоого, чектөөгө же тыюу салууга, эгерде алар кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугуна коркунуч келтирсе;
82) кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылууга тиешелүү маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдарга, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча штаттык кызмат орундарын ээлөө үчүн мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери аскердик кызматта калтырылуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте иштөөгө жиберилиши мүмкүн. Иштөөгө жиберилген кызматкер тарабынан ал иштөөгө жиберилген мамлекеттик органдын административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөө сынактык тандоодон тышкары жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик органдарга, ошондой эле ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга иштөөгө жиберилген мезгилде кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктар, кепилдиктер, жеңилдиктер, компенсациялар, пенсиялык камсыз кылуу жана социалдык коргоо сакталат;
83) кайтаруудагы адамдарга жана объекттерге карата кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашырууга, мыйзамдарга ылайык алдын алуучу таасир берүү чараларын көрүүгө;
84) Кыргыз Республикасынын жарандарын штаттан тышкаркы кызматкерлер катары тартууга. Штаттан тышкаркы кызматкердин ыйгарым укуктары жана статусу мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан аныкталат;
9) чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук жана башка өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын транспорт каражаттарын кошпогондо, кылмыштын алдын алуу, кылмыш жасаган же аны жасады деп шектелген адамды куугунтуктоо жана кармоо үчүн, медициналык тез жардамга муктаж адамды дарылоо мекемесине жеткирүү үчүн, ошондой эле окуя болгон жерге жетүү үчүн жарандарга жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга таандык болгон транспорт каражаттарын өзгөчө учурларда кызматтык максаттарда пайдаланууга. Транспорт каражаттарынын ээлеринин талабы боюнча мамлекеттик күзөт органы алардын жоготууларынын ордун жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте толтурат;
10) кайтаруудагы адамдардын коопсуздугуна коркунуч түзгөн кылмыштарга бөгөт коюу үчүн, ошондой эле, эгерде кечиктирүү кайтаруудагы адамдардын коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурушу мүмкүн болсо, мындай кылмышты жасады деп шектелген адамдарды куугунтуктоодо жарандарга таандык болгон турак жана башка жайларга жана жер участокторуна, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын аймагына же жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө.
Турак жана башка жайларга жана жер участокторуна аларда жашаган жарандардын жана башка адамдардын эркине карабастан кирүүнүн бардык учурлары жөнүндө мамлекеттик күзөт органы кийин сот тарабынан көрсөтүлгөн аракеттердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүсү үчүн 24 сааттын ичинде прокурорго кабарлайт;
11) кайтаруудагы адамдын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле кайтаруудагы объекттерди коргоо максатында учкучсуз аба кемелерин аралыктан башкаруу сигналдарын басып салуу же өзгөртүү, алардын башкаруу пульттарына таасир этүү, ошондой эле бул кемелерди бузуу же жок кылуу аркылуу кайтаруудагы адамдын убактылуу жүргөн же туруктуу жүргөн жерлериндеги аба мейкиндигинде учкучсуз аба кемелеринин (учкучсуз учуучу аппарат) санкциясыз жүрүшүнө бөгөт коюуга;
12) кайтаруудагы объекттерде, кайтаруудагы адамдардын убактылуу жүргөн жерлеринде, ошондой эле кайтаруудагы адамдар өтүүчү (жүрүүчү) трассаларда кайтаруудагы адамдардын же объекттердин коопсуздугуна коркунуч түзүшү мүмкүн болгон иштерди жүргүзүүнү, чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууну убактылуу токтотууга;
13) зарыл болгон учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте көчөлөрдө жана жолдордо транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын кыймылын убактылуу чектөө же ага тыюу салуу, жерлердин жана/же объекттердин айрым участокторунда транспорт каражаттарынын жана жарандардын болушуна жол бербөө боюнча, ошондой эле транспорт каражаттарын сүйрөп чыгаруу боюнча чараларды көрүүгө;
14) кайтаруудагы адамдын убактылуу жүргөн же туруктуу жүргөн жерлеринде суу транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу чектөөгө же ага тыюу салууга;
15) зарыл маалыматты мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан акысыз алууга;
16) жаап-жашыруу максатында мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринин ким экендигин, алардын бөлүмдөрүнүн, жайларынын, транспорт каражаттарынын ведомствого таандыктыгын, ошондой эле купуялык негизде аларга көмөк көрсөтүп жаткан жарандардын ким экендиги шифрленген документтерди даярдоого жана пайдаланууга;
17) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде чет мамлекеттердин атайын кызматтары, укук коргоо органдары жана уюмдары менен ыкчам маалыматтарды, атайын техникалык жана башка каражаттарды алмашууга, ошондой эле кайтаруудагы адамдар ушул мамлекеттердин аймагында жүргөн учурда алардын коопсуздугун камсыз кылуу шарттары жана тартиби жөнүндө макулдашууга;
18) мамлекеттик күзөт органынын ишине таандык болгон ыкчам жана башка материалдарды сактоону жүзөгө ашырууга, аларды эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу тартибин аныктоого, маалыматтык системаларды түзүүгө;
19) мүмкүн болуучу укукка каршы аракеттердин алдын алуу, табуу жана аларга бөгөт коюу максатында кайтаруудагы адамдарды жана объекттерди күзөткө алуу жана тейлөө боюнча иштерге карата жеке, юридикалык жактарды текшерүүгө жана аларга уруксат берүүгө;
20) өз компетенциясынын алкагында кайтаруудагы адамдардын коопсуздугун жана объекттерди коргоону камсыз кылуу боюнча контрчалгындоо иш-чараларын жүзөгө ашырууга;
21) кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун жана аларды коргоону камсыз кылууга сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлерин жана башка адамдарды моралдык жана материалдык жактан сыйлоого; аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүгө.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Мамлекеттик күзөт органынын милдеттери
Мамлекеттик күзөт органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кайтаруудагы адамдарга жана объекттерге карата кылмыштарды жана башка укукка каршы кол салууларды табуу, алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө, кылмыш жасаган же аларды жасады деп шектелген адамдарга карата алгачкы текшерүүнү жүргүзүүгө;
2) күзөттүк, ыкчам-техникалык иш-чараларды, радиотехникалык коргоону, кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун жана корголушун камсыз кылууга санитардык-гигиеналык, химиялык, өрткө каршы, экологиялык, радиациялык жана эпидемияга каршы контролду уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;
3) кайтаруудагы объекттерде массалык тартипсиздиктердин алдын алуу, аларга бөгөт коюу жана локалдаштыруу боюнча иш-чараларга катышууга, ошондой эле кайтаруудагы адамдардын туруктуу же убактылуу жүргөн жерлеринде алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон коомдук тартипти сактоого;
4) шифрлөө иштерин жүргүзүүгө;
5) өз ишин маалыматтык-талдоо жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырууга;
6) өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууга;
7) техникалык каналдар боюнча маалыматтын чыгып кетишине бөгөт коюу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга;
8) кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурууга жана жүргүзүүгө;
9) финансы-чарбалык ишти жүзөгө ашырууга.
13-берене. Мамлекеттик күзөт органынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
1. Мамлекеттик күзөт органынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, коопсуздукка коркунучту шарттаган мүмкүн болуучу факторлорго ыкчам аракеттенүү максатында жүргүзүлөт.
2. Өз ара аракеттенүү кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон маалыматты алмашуу, мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлерине көмөктөшүүнү уюштуруу, кайтаруудагы адамдардын жана объекттердин коопсуздугу үчүн мааниге ээ болгон ар кандай фактылар жөнүндө өз учурунда маалымдоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик органдар, ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик күзөт органынын суроо-талабы боюнча күзөткө алуу иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында суратылып жаткан маалыматты, зарыл күчтөрдү жана каражаттарды берүүгө милдеттүү.
4. Мамлекеттик күзөт органынын чет мамлекеттердин атайын кызматтары, укук коргоо органдары жана уюмдары менен өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде түзүлөт.
4-глава. Мамлекеттик күзөт органынын ишине кирген башка маселелер
14-берене. Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөтүүчү адамдар
1. Мамлекеттик күзөт органы мамлекеттик күзөт органына жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө көмөк көрсөтүүгө айрым адамдарды алардын макулдугу менен маалымдуу же маалымдуу эмес (купуя) негизде тарта алат.
2. Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөтүп жаткан адамдардын укуктары, милдеттери, жоопкерчилиги, ошондой эле социалдык жана укуктук коргоо кепилдиктери улуттук коопсуздук жагындагы мыйзамдарга ылайык белгиленет.
15-берене. Дене-бойго таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскерий техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу
1. Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери дене-бойго таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскерий техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонууга укуктуу.
2. Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери дене-бойго таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскерий техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонушунун тартиби жана шарттары улуттук коопсуздук, укук коргоо кызматы жагындагы мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында белгиленет.
16-берене. Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо кепилдиктери
1. Кызматкер кылмыш же укук бузуу жасаган жеринде кармалган же болбосо аларды жасады деп айыпталып жаткан учурларды кошпогондо, ал кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда аны мамлекеттик күзөт органынын өкүлүсүз алып келүүгө жана кармоого, ошондой эле жеке текшерүүгө жана анын буюмдарын, жеке же ал колдонуп жаткан транспортту текшерүүгө жол берилбейт.
2. Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчыларына мыйзамдарда аскер кызматчыларына карата белгиленген укуктук жана социалдык коргоо кепилдиктери жайылтылат.
3. Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчыларына пенсия дайындоо жана иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыны эсептөө үчүн жеңилдетилген эсептөөдө аскердик кызматтын убактысын кошуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Иштеген жылдары үчүн пенсияга укуктуу болгон мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте, шарттарда жана өлчөмдө акчалай үлүшкө ар айлык үстөк акы төлөнөт.
5. Эгерде мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу алардын өмүрү, ден соолугу жана мүлкү коркунучка кабылса, аталган кызматкерлердин мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуу же болбосо аларды иштин мүнөзүн өзгөртүүгө мажбурлоо, ага тете көрсөтүлгөн иш үчүн өч алуу максатында өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу жасалып жаткан мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери, алардын жакын туугандары, ал эми өзгөчө учурларда ошондой эле башка адамдар мамлекеттик коргоого укуктуу. Мамлекеттик коргоону берүү тартиби жана шарттары ушул Мыйзамда жана башка мыйзамдарда аныкталат.
17-берене. Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринин жоопкерчилиги
Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдалануусу, аткарбай коюусу же талаптагыдай эмес аткаруусу кылмыш-жаза жана тартип мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
18-берене. Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринин укукка жат аракеттерине даттануу
Эгерде жарандар жана кызмат адамдары мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринин ушул аракеттери алардын укуктарын басмырлоого алып келди, аларга моралдык залал келтирди же зыянга учуратты деп эсептесе, алар бул органдын кызмат адамдарына, прокурорго же сотко даттанууга укуктуу.
5-глава. Мамлекеттик күзөт органын каржылоо жана материалдык-
техникалык жактан камсыз кылуу
19-берене. Мамлекеттик күзөт органынын ишин каржылоо
Мамлекеттик күзөт органынын ишин каржылоо жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
20-берене. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык камсыз кылуу
1. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы жүзөгө ашырат.
2. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык камсыз кылуу тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
Дагы караңыздар:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 426 "Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
6-глава. Мамлекеттик күзөт органынын ишин
контролдоо жана көзөмөлдөө
21-берене. Мамлекеттик күзөт органынын ишин контролдоо
Мамлекеттик күзөт органынын ишин контролдоону Кыргыз Республикасынын Президенти жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-берене. Прокурордук көзөмөл
Мамлекеттик күзөт органынын ишинде мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткарылышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор жүзөгө ашырат.
7-глава. Корутунду жоболор
23-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-декабрындагы № 105 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 20-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 8-октябрындагы № 207 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008 г., № 8, 8-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 77 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 208-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 92 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 995-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 8, 1094-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1517-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды беш айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |