Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 23-мартындагы N 64 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2009-жылдын 3-марты № 72
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жонундо"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизуу тууралуу
2009-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,
2003-ж., N 12, 555-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
28-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-
лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички конт-
ролдоо эрежесин жана аны ишке ашыруу жол-жобосун иштеп чыгууга;
- терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелер-
ди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укук-
туу органга сураган маалыматтарды "Терроризмди каржылоого жана кылмыш
жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы ара-
кеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартип-
те берүүгө.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин
күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев