Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 23-марты № 64
Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу максаты жана предмети
Ушул Мыйзамдын максаты кыймылсыз мүлк менен операцияларды жасоодо риелтордук ишти жөнгө салуу, риелтордук иштин субъекттеринин жана риелтордук кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы риелторлук ишке жайылтылат жана риелтордук ишти жөнгө салуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууга багытталган.
2. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык кыймылсыз мүлктү сатууга багытталган ишке;
- соттордун же аткаруу бийлик органдарынын чечимдерине ылайык кыймылсыз мүлктү сатууга багытталган ишке;
- банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык банкроттук процессин камсыздоо боюнча ишке жана соттук аткаруучуларга;
- менчик ээлери катары кыймылсыз мүлк жагынан кандайдыр бир иш-аракеттерди жасаган кыймылсыз мүлктүн менчик ээлерине же ижарага берүүчүлөргө.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) агент - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте окутуудан жана аттестациялоодон өткөн, риелтордук кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчү менен түздөн-түз иштөөчү жана риелтордук кызматтарды көрсөтүү келишимин түзүү үчүн даярдоо ишин жүзөгө ашырып жаткан риелтордук фирманын кызматкери;
2) агенттик иш - кыймылсыз мүлккө укуктардын өтүшүнө байланышкан кыймылсыз мүлк рыногундагы бүтүмдөрдү жана операцияларды жасоо боюнча көмөкчү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн кыймылсыз мүлк рыногунун өз алдынча субъектинин брокери тарабынан ага жүктөлгөн функцияларды аткаруу боюнча жеке жактын ишкердик иши;
3) брокер - кыймылсыз мүлк рыногунда эки жылдан кем эмес иш стажы бар, кыймылсыз мүлк рыногунун субъектинин атынан документтерге кол коюуга укуктуу, риелтордук кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрү менен иштөөчү жана кыймылсыз мүлк жагынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, ушул Мыйзамга ылайык ага менчик укуктарын өзгөртүү боюнча келишимдерди түзүүчү жеке жак;
4) риелтордук иш - кыймылсыз мүлк объекттери жана аларга укуктар жагынан операцияларды жүргүзүүдө ушул Мыйзамда каралган жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сый акы үчүн керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча кесипкөй ишкердик иш;
5) комитент - сый акы үчүн ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан өз эсебинен бир же бир нече бүтүмдөрдү жасоону комиссионерге тапшыруучу келишимдин, комиссиянын тарабы;
6) контрагент - келишимдин келишим түзүп жаткан тарабы;
7) керектөөчү - риелтордук кызмат көрсөтүүлөргө риелтор менен келишим түзгөн жеке же юридикалык жак;
8) кыймылсыз мүлк рыногунун кесипкөй катышуучулары - ушул Мыйзамга ылайык кыймылсыз мүлк жана кыймылсыз мүлктү башкаруу боюнча риелтордук иш чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар, жеке ишкерлер, ошондой эле баалоочулар;
9) укук ээси - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлктүн ээси же пайдалануучусу болуп саналган жеке же юридикалык жак;
10) кыймылсыз мүлк - жер участоктору, жер казынасынын участоктору, өзүнчө суу объекттери жана жер менен бекем байланышкан, алардын багытына өлчөмү бирдей болбогон зыянды келтирбестен козгоого мүмкүн болбогон бардык объекттер, анын ичинде токойлор, көп жылдык өсүмдүктөр, имараттар, курулмалар жана башкалар;
11) риелтор - ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын негизинде риелтордук ишти жүзөгө ашыруучу жеке (жеке ишкер) же юридикалык жак (риелтордук фирма);
12) риелтордук кызмат көрсөтүүлөр - ушул Мыйзамга ылайык риелтор тарабынан көрсөтүлүүчү кыймылсыз мүлк боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
13) кыймылсыз мүлк рыногу - кыймылсыз мүлктүн объекттеринин, анын ичинде жер участокторунун, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттеринин укук ээлери жана кыймылсыз мүлк рыногунун кесипкөй катышуучулары жүзөгө ашыруучу кыймылсыз мүлк жана аларга укуктар жагынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жана башка операциялардын жыйындысы.
4-берене. Риелтордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын риелтордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле мыйзамдарга белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерден турат.
5-берене. Риелтордук иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
Риелтордук иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) риелтордук иш чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу;
2) риелтордук иш чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
3) риелтордук иштин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча заманбап технологияларды киргизүү;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктай турган риелтордук ишти өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын башка багыттары.
6-берене. Риелтордук иштин катышуучулары
Риелтордук иштин катышуучулары деп риелтордук ишти жүзөгө ашырып жаткан жеке (жеке ишкерлер) жана юридикалык жактар (риелтордук фирмалар), ошондой эле алардын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөр таанылат.
2-глава. Риелтордук иштин түрлөрү
7-берене. Риелтордук иштин түрлөрү
Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык риелтордук иштин түрлөрүнө (риелторлор көрсөтүүчү кызматтарга) төмөнкүлөр кирет:
1) агент катарында риелтордун иши;
2) брокер катарында риелтордун иши;
3) ортомчу катарында риелтордун иши;
4) кыймылсыз мүлктүн соодасын уюштуруу боюнча риелтордун иши;
5) ушул Мыйзамдын 12-беренесинде аныкталган бөлүктө кыймылсыз мүлктү ишенимдүү башкаруу боюнча риелтордун иши;
6) маалыматтык жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү, рыноктун конъюнктурасын изилдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, кыймылсыз мүлктү жарандык жүгүртүүнү коштогон башка акысыз кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча риелтордун иши.
8-берене. Агенттин иши
Агенттин ишин ал риелтордук кызмат көрсөтүүлөргө риелтор менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырат.
9-берене. Риелтордун брокер катарындагы иши
Риелтордун жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн ортосунда риелтор өзүнүн атынан жана комитенттин эсебинен кыймылсыз мүлк менен бир же бир нече бүтүм жүргүзүүгө өзүнө милдеттенме кабыл алышына негиз болгон келишим түзүлгөн учурда риелтор брокер катары ишти жүзөгө ашырып жатат деп таанылат.
10-берене. Риелтордук ортомчулук иш
Кыймылсыз мүлктү сатып алууга же сатууга (мүлккө укуктарды алууга же өткөрүп берүүгө) ниетин билдирген жактарга кийин риелтор өзү түздөн-түз катышуучу тарап болуп саналбаган тийиштүү бүтүмдөрдү түзүү максатында контрагенттерди издөө боюнча кызматтарды көрсөтүү риелтордук ортомчулук иш деп таанылат.
11-берене. Кыймылсыз мүлктү соодалоону уюштуруу боюнча иш
Кыймылсыз мүлктү соодалоону уюштуруу боюнча иш деп кыймылсыз мүлк рыногунун катышуучуларына бүтүмдөрдү тийиштүү түрдө түзүүгө жана (же) аткарууга көмөк берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин берүү боюнча риелтордун иши таанылат, анын ичинде:
1) бүтүмдөрдүн катышуучуларын маалыматтык камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (объекттер, алардын баалары жөнүндө маалыматты, башка маалыматты берүү);
2) консультациялык кызмат көрсөтүүлөр, документтерди тариздөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
3) банктык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия болгон учурда гана берүүгө жол берилген кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү талаптагыдай жана коопсуз жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.
12-берене. Риелтордун кыймылсыз мүлктү ишенимдүү башкаруусу
Кыймылсыз мүлктү ишенимдүү башкаруу боюнча иш ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аракеттерди риелтор ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырган бөлүгүндө гана риелтордук деп таанылат.
13-берене. Риелтордун маалыматтык жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү, рыноктун конъюнктурасын изилдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, кыймылсыз мүлктү жарандык жүгүртүүнү коштогон башка акысыз кызмат көрсөтүү боюнча иши
Риелтордун маалыматтык жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү, рыноктун конъюнктурасын изилдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, кыймылсыз мүлктү жарандык жүгүртүүнү коштогон башка акысыз кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча иши деп керектөөчүнү кыймылсыз мүлк объекттери жөнүндө маалымат, бүтүм түзүү үчүн башка зарыл маалымат менен камсыз кылуу, рыноктун конъюнктурасын изилдөө боюнча кызмат көрсөтүү, кыймылсыз мүлктү жарандык жүгүртүүнү коштогон башка акысыз кызмат көрсөтүүлөр таанылат.
3-глава. Риелтордук иштин катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
14-берене. Керектөөчүнүн укуктары
Керектөөчүлөр төмөнкүлөргө укуктуу:
1) риелтордук фирманы (риелторду) эркин тандоого;
2) риелтордук фирманын (риелтордун) ыйгарым укуктары менен таанышууга;
3) риелтордук фирмадан (риелтордон) бүтүм жөнүндө маалыматты алууга;
4) түзүлгөн келишимдин шарттарын риелтор аткаруусуна контролду жүзөгө ашырууга;
5) керектөөчү катары алардын укуктарынын бузулушу жөнүндө маселелер боюнча мамлекеттик жана сот органдарына, риелторлордун өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдарына (ассоциацияларына, бирликтерине ж.б.) жана башка коомдук уюмдарга кайрылууга.
15-берене. Керектөөчүлөрдүн милдеттери
Керектөөчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз укуктарын үчүнчү жактарга жана алардын мүлкүнө зыян келтирбестен жүзөгө ашырууга;
2) риелтордук фирмага (риелторго) кыймылсыз мүлк объекттери, аларга укуктар жана алардын укук ээси жөнүндө толук, ишенимдүү документтерди, маалыматтарды берүүгө;
3) милдеттенмелерди тез жана толук аткарууда жеке риелторго же риелтордук фирмага көмөк көрсөтүүгө.
16-берене. Риелторлордун укуктары
Риелтор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлк рыногунда ар кандай операцияларды жүргүзүүгө;
2) өз ишин жарнамалоого;
3) бүтүмдү даярдоонун жана жүргүзүүнүн жүрүшүндө келишим боюнча бардык тараптардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын билдирүүгө;
4) керектөөчү менен тиешелүү келишими болгон учурда жана/же талаптагыдай ишеним каттын негизинде мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан (кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарынан, камкорчу жана көзөмөлчү органдардан, ички иштер органдарынан, салык жана башка органдардан) кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документтерди суратууга жана алууга.
17-берене. Риелторлорго берилүүчү маалымат
1. Риелторлордун суроо-талаптары боюнча аларга аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берүүчү маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:
1) кыймылсыз мүлк, анын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтар;
2) юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар, жарандар тууралуу жекече маалыматтар.
Риелторлорго маалыматтарды берүү ушул Мыйзамда жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шарттар сакталганда гана жүзөгө ашырылат.
2. Риелторго ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды берүүнүн негизи болуп анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы жана керектөөчү менен тиешелүү келишимдин же нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын болушу эсептелет.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматты сураткан жана жеке ишкер болуп саналган риелтор ким экендигин тастыктаган документти, ошондой эле керектөөчү менен тиешелүү келишимди же нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним катты көрсөтүүгө милдеттүү.
Суроо-талап юридикалык жак болуп саналган риелтор тарабынан жөнөтүлгөн учурда суроо-талапта көрсөтүлгөн маалыматты алууга ыйгарым укуктуу анын штаттык кызматкери көрсөтүлүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн кызматкер ким экендигин тастыктаган документти, керектөөчү менен тиешелүү келишимди же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты көрсөтүүгө милдеттүү.
Кыймылсыз мүлк жана анын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтар керектөөчү укук ээси болуп саналган кыймылсыз мүлккө карата гана берилет.
Юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар жана жарандар жөнүндө жекече маалыматтар риелтор менен керектөөчүнүн ортосундагы келишимде көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктүн укук ээлери жагынан гана берилет.
3. Аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары риелторлор сураткан маалыматты аларга бергендиги үчүн "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык акы белгилөөгө укуктуу.
18-берене. Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн шарттары
1. Мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчикте турган кыймылсыз мүлк жөнүндө, алардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтар риелторлордун суроо-талабы боюнча тийиштүү объекттер кыймылсыз мүлккө укуктардын реестрине, жер кадастрына киргизилген жана алар жөнүндө маалыматты таратуу Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарында тыюу салынган режимдик объекттердин санына кирбеген шарттарда берилет.
2. Риелторлорго кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматты тийиштүү реестрге киргизилген маалыматтардын көлөмүнөн ашыкча берүүгө жол берилбейт.
3. Жогоруда аталган объекттердин эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү жана карыздарынын бар же жоктугу жөнүндө маалыматтарды риелторлорго ошондой эле турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиктери, турак жай-коммуналдык чарбанын органдары жана турак жай жана турак жай эмес фонддордун объекттерин эксплуатациялоону жүзөгө ашырып жаткан уюмдар берет.
19-берене. Юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды жана жарандар тууралуу жекече маалыматтарды берүүнүн шарттары
1. Риелторлорго юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды берүү юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтардын көлөмүндө жүзөгө ашырылат.
2. Риелторлорго жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды берүү төмөнкүлөрдүн көлөмүндө жүзөгө ашырылат:
1) жарандардын жашаган жеринин даректери боюнча алар катталгандыгынын (каттоонун) фактылары жөнүндө маалыматтардын;
2) турак жана турак эмес жайлардын фондунун объекттери жөнүндө документтерди эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган киргизүүчү маалыматтардын;
3) жарандардын өзгөчө категорияларына кирген адамдардын (жашы жете элек жана белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган башка адамдар, майыптар, пенсионерлер) кыймылсыз мүлккө укуктарынын мүнөзүн жана мазмунун белгилөө үчүн зарыл болгон маалыматтардын;
4) жарандык абалдын актыларын каттоо журналдарына киргизилүүчү маалыматтардын;
5) адистештирилген дарылоо мекемелеринде каттоодо турган адамдардын ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтардын.
3. Риелторго баланы асырап алуунун фактылары жөнүндө маалыматтарды берүүгө суроо-талаптын мүнөзүнө жана риелтор шилтеме жасаган жагдайларга карабастан жол берилбейт.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык жарыя кылууга жол берилбеген жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды риелторго бергендиги үчүн күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
5. Бүтүм жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган жана жарыя кылууга болбой турган жекече маалыматты риелторлордун жана риелтордук фирманын кызматкерлеринин жарыя кылышы аларды Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.
20-берене. Риелторлордун милдеттери
Риелтор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кыймылсыз мүлк объекти, ага укуктар жагынан жана менчик ээси (ээлик кылуучу) жөнүндө мыйзамдуу негизде алынган ишенимдүү жана толук маалыматты керектөөчүгө берүүгө;
2) турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин же турак жай-коммуналдык чарба органдарынын алдында карызы бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты суратууга жана керектөөчүгө берүүгө;
3) кыймылсыз мүлк рыногундагы риелтордук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жөнүндө керектөөчүгө маалымдоого;
4) Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, бүтүм жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматты жарыя кылбоого;
5) бүтүм жасоо үчүн керектөөчүдөн алынган документтердин сакталышын камсыз кылууга;
6) юридикалык жакты же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын көрсөтүүгө;
7) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
8) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык суратылган маалыматты финансылык чалгындоо органына берүүгө.
21-берене. Риелтордук ишти жүзөгө ашырууда риелторлордун жоопкерчилиги
Риелтордук кызмат көрсөтүү жөнүндө түзүлгөн келишимдердин жоболорун бузганда, керектөөчүгө жана үчүнчү жактарга моралдык жана материалдык зыян келтиргенде риелторлор келишимге ылайык жана Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4-глава. Риелтордук кызматтарды көрсөтүүгө келишим
22-берене. Риелтордук кызматтарды көрсөтүү
1. Риелтордун юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүүсү алардын ортосунда түзүлүүчү жазуу жүзүндөгү келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат, алардын шарттары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган келишимдердин тийиштүү түрлөрүнүн шарттарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Риелтор менен анын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүнүн ортосунда тийиштүү түрдө түзүлгөн келишимдин болушу риелторго келишимдин өзүндө аныкталган ыйгарым укуктардын чектеринде керектөөчүнүн кызыкчылыгында аракеттенүүгө укук берет.
23-берене. Риелтордук кызматтарды көрсөтүүгө келишимдердин формалары
Риелтор риелтордук кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн аткарууга (риелтордук иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга) келишимдердин шарттарын өз алдынча иштеп чыгууга жана аларды керектөөчүлөрдүн кабыл алуусуна сунуш кылууга укуктуу.
24-берене. Риелтордук кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимге милдеттүү түрдө киргизилүүчү маалыматтар жана шарттар
1. Риелтордун жана керектөөчүнүн ортосунда түзүлүүчү келишим аларды көрсөтүү милдети риелторго жүктөлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн конкреттүү түрлөрүн, аларды көрсөтүүнүн мөөнөттөрүн, ошондой эле риелтордун үчүнчү жактар менен мамилелеринде керектөөчүнүн кызыкчылыктарын билдирүүгө риелтордун ыйгарым укуктарынын чектерин так жана толук аныктоого тийиш.
2. Тараптар келишимге керектөөчүнүн кыймылсыз мүлкүн же акча каражаттарын тескөө жана (же) пайдалануу боюнча аныкталбаган ыйгарым укуктарды риелтор ала турган шарттарды киргизүүсүнө жол берилбейт, ал эми мындай келишимдин өзү жараксыз болуп саналат.
3. Кызмат көрсөтүүлөрү үчүн риелторго акчалай түрдө же башка утурлаган кызмат көрсөтүү түрүндө төлөнүүчү сый акынын өлчөмүн көрсөтүү да риелтордун жана анын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүнүн ортосунда түзүлө турган келишимдин милдеттүү шарты болуп саналат.
25-берене. Керектөөчүнүн жана эки же андан ашык риелтордун ортосундагы келишимди аткаруу
1. Керектөөчү менен түзүлгөн келишимди аткарууга эки же андан ашык риелтор катышкан учурда ушул Мыйзамдын 24-беренесинде каралган милдеттүү маалыматтар жана шарттар келишимге катышкан риелторлордун ар бири жагынан келишимге киргизилүүгө тийиш. Андай болбогон учурда келишим керектөөчүнүн жана тийиштүү риелтордун өз ара укуктары менен милдеттери жөнүндө тиешелүү бөлүгүндө жараксыз деп таанылууга тийиш.
2. Эгерде келишимдин өзүндө башкача каралбаса, өздөрүнүн жана өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди аткаруучу эки же андан ашык риелторлор өздөрүнө кабыл алган милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн керектөөчүнүн алдында биргелешип жоопкерчилик тартат.
26-берене. Риелтордун келишим боюнча укуктарды жана милдеттерди өткөрүп берүүсү
Риелтордун жана керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим боюнча укуктарды жана милдеттерди ал толугу менен же жарым-жартылай өткөрүп берүүсүнө керектөөчүнүн жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугу болгондо гана жол берилет.
27-берене. Риелтордун келишимди аткаруусу
1. Риелтор түзүлгөн келишимди аткарууда керектөөчүнүн мүлктүк жана финансылык абалы жөнүндө өзүнө белгилүү болгон купуя маалыматты таркатууга жол бербестен, керектөөчүнүн кызыкчылыгында гана аракеттенүүгө милдеттүү.
2. Келишимди аткарууну жүзөгө ашырып жаткан риелтор керектөөчүнүн мүлктүк жана финансылык абалы келишимди түзүп жаткан учурга салыштырганда начарлашына алып келүүчү аракеттерди жасоого укуксуз.
Риелтор өзүнүн аракеттери менен аткаруу керектөөчүнүн жеке өзүнө жүктөлгөн үчүнчү жактардын алдында милдеттерге ээ болууга керектөөчү менен түзүлгөн келишимде буга түз көрсөтүү болгондо, же болбосо керектөөчүнүн буга жазуу жүзүндөгү башка макулдугу болгондо гана укуктуу. Мындай макулдук жок болгон учурда үчүнчү жактардын алдында риелтор алуучу ар кандай милдеттенмелерди ал жеке өзү жана жеке өзүнүн эсебинен аткарууга тийиш.
3. Риелтор келишимди аткарууда көрсөтүлүп жаткан кызматка тиешелүү, келишимдин аткарылышы үчүн олуттуу мааниси бар маалыматты керектөөчүгө билдирүүгө, ошондой эле риелтор алган тийиштүү документтерди керектөөчүгө берүүгө милдеттүү.
28-берене. Келишим талаптагыдай аткарылганын тастыктоо
1. Керектөөчү менен келишимди талаптагыдай түрдө аткарган риелтор ушундай аткаруу жөнүндө тастыктаган документти түзүүнү жана риелторго өткөрүп берүүнү керектөөчүдөн талап кылууга укуктуу.
2. Керектөөчү риелтордун келишимди аткарганы жөнүндө тастыктаган документти түзүүнү керектөөчүгө көрсөтүлгөн кызматка түздөн-түз таандык болгон бардык зарыл документтерди, анын ичинде керектөөчү үчүн сатып алынган (ал сатып алган) кыймылсыз мүлккө керектөөчүнүн укуктарын аныктоо үчүн мааниси бар документтерди жана керектөөчү жүргүзгөн чыгымдарды (ал алган акчалай каражаттарды) тастыктаган документтерди риелторго ага өткөрүп бергендиги менен шарттоого укуктуу.
29-берене. Үчүнчү жактардын укуктарын коргоо
1. Риелтор жана анын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчү алардын ортосунда түзүлүүчү келишимге келишимге катышпаган үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуучу шарттарды киргизүүгө укуксуз.
Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн шарттарды камтыган келишимди аткаруунун процессинде же натыйжасында үчүнчү жактарга мүлктүк зыян келтирилсе, риелтор жана анын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчү келип чыккан жоготуулар үчүн мындай жактардын алдында биргелешкен жоопкерчилик тартат.
2. Керектөөчү болуп саналган адамдын жубайы, анын туугандары же риелтор аткарууга милдеттенген бүтүмдүн предмети болуп саналган кыймылсыз мүлккө мыйзамдуу укуктары бузулган же бузулуу коркунучунда турган башка адамдар ал мүлк жайгашкан жердеги сотко аларга карата жасалып жаткан мыйзамсыз аракеттерди токтотуу талабы менен кайрылууга укуктуу.
Ушундай эле укук жашы жете элек жарандардын кызыкчылыгы үчүн аракеттенген алардын өкүлдөрүнө таандык.
5-глава. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун өзгөчөлүктөрү
30-берене. Риелтордук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты
1. Керектөөчүгө берилген риелтордук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты аны менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимде каралган бардык шарттарды риелтор аткаргандыгы менен аныкталат.
2. Керектөөчүгө кызмат көрсөтүүлөр келишимге ылайык жүргүзүлгөн учурда, анын ичинде риелтордун үчүнчү жак (жактар) менен бүтүм түзүү жана аткаруу жолу менен жүзөгө ашырылууга тийиш болсо, кызмат көрсөтүүнүн сапаты ошондой эле риелтор көрсөтүлгөн үчүнчү жактын (жактардын) алдында ал өзүнө кабыл алган милдеттенмелерди талаптагыдай аткаруусу менен аныкталат.
31-берене. Кыймылсыз мүлктү сатып алуу (сатуу) менен байланышкан риелтордук кызмат көрсөтүүнүн сапаты
1. Керектөөчүнүн менчигине же пайдалануусуна сатып алуу, же болбосо керектөөчүгө таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга (башка жакка пайдаланууга өткөрүп берүүгө) байланышкан керектөөчүгө берилген риелтордук кызмат көрсөтүүнүн сапаты ошондой эле мүлктү сатып алуунун (сатуунун) баасы, аны пайдалануу үчүн акынын өлчөмү, мүлктүн сапаты жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү жөнүндө керектөөчү аныктаган шарттарды риелтор аткарышын эске алуу менен аныкталат.
2. Кыймылсыз мүлктү керектөөчүгө менчигине сатып алуу менен байланышкан кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө берип жаткан риелтор керектөөчүгө аны андан ары өз кызыкчылыктарында пайдалануунун укуктук мүмкүндүктөрүн камсыз кылууга, атап айтканда төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) эгерде келишимде башкасы белгиленбесе, үчүнчү жактар тарабынан укуктардан жана башка мыйзамдуу дооматтардан эркин болгон кыймылсыз мүлктү керектөөчүнүн менчигине сатып алууну камсыз кылууга;
2) керектөөчү аныктаган максаттагы кыймылсыз мүлктү сатып алууну камсыз кылууга;
3) анын авариялык абалда экендиги, техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына ылайык келбегенине байланыштуу пайдаланууга болбостугу жөнүндө эскертме каты болбогон кыймылсыз мүлктү сатып алууну камсыз кылууга;
4) керектөөчүгө кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү документти, ошондой эле берилген кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү, керектөөчү берилишин талап кылууга укуктуу болгон башка документтерди өткөрүп берүүгө;
5) керектөөчү менен келишимди аткарууда жана андан кийин ал керектөөчүнүн кызыкчылыгы үчүн түзгөн бүтүм жөнүндө маалыматты жарыя кылбоого;
6) керектөөчүнүн менчигине сатып алынуучу кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алардын аныктыгы жагынан талдоону жүргүзүүгө.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттерди риелтордун аткаруусу аны менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимде буга атайын көрсөтмөлөрдүн бар же жоктугуна карабастан жүзөгө ашырылат.
4. Риелтор талаштагы кыймылсыз мүлктү, же болбосо кийин керектөөчү үчүн пайдалануусу башкача жагдайлар боюнча кыйындашына алып келүүчү мүлктү керектөөчүнүн менчигине сатып алышына келишимде буга түз көрсөтүү болгондо, же болбосо керектөөчүнүн жазуу жүзүндөгү башкача түз макулдугу болгондо гана жол берилет.
32-берене. Риелтордук кызмат көрсөтүүнү берүүнүн мөөнөтү
Риелтордун керектөөчүгө өз убагында кызмат көрсөтүүсү ал өзүнө алган милдеттенмелерин көрсөтүлгөн жактардын ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган аткаруу мөөнөтүнө (мөөнөттөрүнө) ылайык аныкталат.
33-берене. Кыймылсыз мүлктү сатып алууга (сатууга) байланыштуу керектөөчүгө берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн кемчиликтерин табуунун натыйжалары
Керектөөчүнүн менчикке (пайдаланууга) сатып алуусу же керектөөчүгө таандык кыймылсыз мүлктү ажыратуу (башка жакка пайдаланууга өткөрүп берүү) менен байланышкан риелтордун кызмат көрсөтүүсүндө кемчиликтер табылганда келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сүйлөшүүлөр жолу менен же сот тартибинде чечилет.
34-берене. Кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу
Риелторлордун кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу риелторлордун кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуучу шарт болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Камсыздандыруучу учур болуп риелтордук ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу керектөөчүгө же үчүнчү жактарга зыян келтирүү саналат.
Риелторлордун кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруунун стандарты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
35-берене. Моралдык зыянды керектөөчүгө компенсациялоо
Эгерде риелтордун укукка каршы аракеттери анын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүгө моралдык зыян алып келсе, керектөөчү риелтордон зыяндын ордун толтурууну сотто талап кылууга укуктуу.
6-глава. Корутунду жана өткөөл жоболор
36-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 14-августундагы № 198 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 555-ст.);
2) "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жыпдын 3-мартындагы № 72 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 203-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2862-ст.);
4) "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 20-майындагы № 69 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 408-ст.);
5) "Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамынын 11-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8,488-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тогуз айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 9-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |