КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2009-жылдын 11-марты № 81 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жонундо" Кыргыз Республикасынын мыйзамына озгортуулорду киргизуу тууралу 2009-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчы-сы, 2007-ж., № 7-9, 665-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 12-статьянын 1-бөлүгүндөгү "тандаганына жараша акысыз тамак-ашже болбосо бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү акчалай эквивалент бе-рилет" деген сөздөр "тамактанууга акчалай компенсация берилет" дегенсөздөргө алмаштырылсын. 2. 14-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Канды жана анын компоненттерин дайыма акысыз берип келген (эр-кектер - жылына кеминде төрт жолу, аялдар - жылына кеминде үч жолу) до-норлорго канды жана анын компоненттерин акыркы жолу бергенден кийинкион эки айдын ичинде оорунун ар кандай түрлөрү менен ооруп калганда эм-гек стажына карабастан, иштеп тапкан маянасынын жүз пайыз өлчөмүндөубактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул берилет.". 3. 15-статьянын 1-бөлүгүндө: 1-пункт алынып салынсын; 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын рецептери боюнча Кыр-гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталганжењилдетилген шарттарда дары-дармек каражаттарын сатып алууга;"; 4 жана 5-пункттары алынып салынсын; 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынананыкталган жењилдетилген шарттарда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмда-рында медициналык тейлөөгө;"; 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдердин чегиндеэлектр энергиясын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөгү жењилдиктерге.". 12-пункт алынып салынсын; 2, 6-8, 10-пункттар ылайыктуулугуна жараша 1, 3-5, 7-пункттар депэсептелсин. 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев