Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2007-жылдын 2-июлу № 96
Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 81, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 63, 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
кан - донордон даярдалган жана кайра куюу же болбосо андан ары өндүрүшкө пайдалануу үчүн кайра иштетилген нак кан;
кандын жана анын компоненттеринин донору - медициналык максаттар үчүн канын жана анын компоненттерин ыктыярдуу берген жеке адам;
кандын компоненттери - ар кандай ыкмалар менен нак кандан даярдалышы мүмкүн болгон, дарылоо максаттары үчүн пайдаланылуучу канды түзө турган элементтер (эритроциттер, лейкоциттер, тромбоциттер, плазма, плазманы түзүүчүлөр);
кан препараты - ар кандай технологияларды колдонуу менен адамдын канынан же плазмасынан алынган дары-дармек каражаты;
плазмаферез - акырында кандын айрым элементтерин ага кайтарып, канды бөлүү жолу менен донордон кан плазмасын алуу методу,
эки эселенген плазмаферез - ырааттуу түрдө эки этаптуу плазмаферез жолу менен донордон кан плазмасын алуу методу;
иммундук плазма берүү - айрым ооруларды дарылоо же кандын препараттарын алуу үчүн максаттуу таасир бергидей плазма алууну көздөп, алдын ала атайын заттардын таасирине кабылган донорлордун плазма берүүсү;
кан кызматы - алдына кандын сапаттуу компоненттери жана препараттары менен дарылоо - профилактикалык уюмдарын камсыз кылуу максаты коюлган, донордук канды жана анын компоненттерин даярдоо, кайра иштетүү, сактоо боюнча саламаттык сактоонун мамлекеттик тутумунун атайын медициналык мекемелеринин жыйындысынан турган саламаттык сактоо тармагы;
донорлук функция - медициналык максаттар үчүн канды жана анын компоненттерин берүү жол-жобосун аткарууну жана медициналык жактан иликтөөнү камтыган донордун ыктыярдуу актысы;
реципиент - донордун каны же анын компоненттери менен препараттары куюлуучу пациент;
кандын консервациясы - узак мөөнөт бою кандын курамын жана касиеттерин сактоо үчүн шарттарды түзүү максатында консервациялоочу чөйрөдө донордук канды даярдоо;
кан берүү (канды берүү) - донор тарабынан берилүүчү кандын бир жолку көлөмү;
кан берүү пункту - стационардык жана көчмө шарттарда кан жана анын компоненттери алынуучу жер;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын борбордук аткаруу органы.
11-статья. Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында кандын жана анын компоненттеринин донорлугун өнүктүрүү жана кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу боюнча укуктук, социалдык, экономикалык, медициналык иш-чаралардын комплексин камсыз кылууга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат.
(КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделинет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы тарабынын ратификацияланган эларалык келишимдерден турат.
2. (КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
1. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери:
1) канды жана анын компоненттерин ыктыярдуу берүү;
2) донордук функцияларды аткарган учурда донордун ден соолугунун сакталышынын кепилдиги;
3) мамлекеттин кепилдигин, социалдык жактан коргоону жана донорлордун укуктарынын сакталышын;
4) донордук кандын жана анын компоненттеринин коопсуздугу;
5) донордун, реципиенттин жана кан кызматынын кызматкеринин ден соолугуна зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик тартуу болуп эсептелет.
4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасында кандын жана анын компоненттеринин донорлугун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштурууга, өнүктүрүүгө жана пропагандалоого багытталган мамлекеттик программаларды иштеп чыгат, каржылайт жана ишке ашырылышын контролдойт;
3) донорлук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алып чыгуу жана донорлук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү тартибин бекитет;
4) кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы стандарттарды бекитет;
5) донорду медициналык текшерүүнүн тартибин бекитет;
6) донорлорду сыйлоо жана жеңилдик шарттарды белгилөө тутумун бекитет;
7) кандын компоненттеринин жана препараттарынын сапатын контролдоону камсыз кылат.
(КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Жергиликтүү өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы компетенциясы
1. Райондордун жана шаарлардын өкүлчүлүктүү органдары (кеңештери) донорлорго кошумча сыйлык берүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
2. Областтардын, райондордун жана шаарлардын аткаруу органдары:
1) донорлук жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) донорлорго кошумча сыйлык берүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
(КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугуна көмөк көрсөтүү боюнча ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын администрацияларынын, аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин (зардалдарынын) милдеттери
1. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери (зардалдары):
1) жарандарды донорлордун катарына тартуу жагынан кан кызматына көмөк көрсөтүшөт;
2) медициналык текшерүүдөн өткөн күнү, ошондой эле кан тапшырган күнү донордун арызы боюнча иштеген, кызмат кылган же окуган жеринен саламаттык сактоо уюмуна барууга тоскоолдуксуз уруксат беришет;
3) сыртка чыгып кан алуу күнүн өткөргөн учурда кан алуу үчүн керек болгон жайды бекер беришет.
2. Донор болуп эсептелген кызматкерге мыйзамдарда белгиленген кепилдиктерди жана артыкчылыктарды беришет.
7-статья. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугуна үгүттөөгө жана уюштурууга коомдук бирикмелердин катышуусу
Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым Ай коому, уюштуруу документтеринде калктын саламаттыгын сактоого көмөк көрсөтүү каралган башка коомдук уюмдар саламаттык сактоо органдары менен бирдикте кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштурууга, аны каржылоого, ошондой эле калк арасында кандын жана анын компоненттеринин ыктыярдуу донорлугун үгүттөөгө жана өнүктүрүүгө катышышат.
8-статья. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугун өнүктүрүү, уюштуруу жана пропагандалоо боюнча иш-чараларды каржылоо
Кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу, өнүктүрүү жана пропагандалоо боюнча иш-чараларды каржылоо:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын;
2) кредиттердин, гранттардын каражаттарынын;
3) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу садага кылып берүүсүнүн жана төгүмдөрүнүн натыйжасында алынган каражаттардын;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
(Главанын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Донордун укуктары
1. Тийиштүү медициналык текшерүүдөн өткөн жана кан тапшырууга каршы көрсөткүчтөрү жок, медициналык максатта кан жана анын компоненттерин өз ыктыяры менен берүүнү каалаган он сегиз жаштан алтымыш жашка чейинки курактагы аракетке жөндөмдүү адам донор болууга укуктуу.
2. Донор:
1) ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдөрдө акысыз же акчалай кайтарым менен кан жана анын компоненттерин берүүгө;
2) медициналык текшерүүнүн жыйынтыктары менен таанышууга укуктуу;
3. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдар белгиленген тартипте текшерүүдөн өтүшөт жана ушул Мыйзамда каралган социалдык кепилдиктерден пайдаланууга укуктуу.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Донордун милдеттери
1. Донор өзүнө белгилүү мурда башынан кечирген жана азыркы учурда өзү ооруп жүргөн оорулар, ошондой эле баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду колдонуп жатышы тууралу маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
2. Өзүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө өзүнө дайын болгон маалыматтарды, анын канын же анын компоненттерин пайдаланууга тоскоолдук болуучу маалыматтарды атайлап жаап-жашырган же бурмалаган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартат.
11-статья. Мамлекет тарабынан донордун укуктарын камсыз кылуу кепилдиктери
1. Мамлекет донорлук функциясын аткарып жаткан учурда донордун укуктарын коргоого, өмүрүн жана ден соолугун сактоого кепилдик кылат, ошондой эле ага социалдык гарантияларды берет.
2. Кан кызматы жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары донорго кан жана анын компоненттерин алуунун шарттары жана тартиби, канды жана анын компоненттерин берген учурда анын ден соолугунун сакталышына кепилдик берилгендиги тууралу маалымат берүүгө милдеттүү.
3. Кан жана анын компоненттерин берээрдин алдында донорду медициналык жактан текшерүү жана анын ден соолугунун абалы тууралу маалымкат берүү бекер жүргүзүлөт.
4. Донордук функцияны аткарып жаткан учурда өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыянды калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат, дарылоого, медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүгө, социалдык-эмгектик жана кесиптик жагынан калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдар кошо төлөнүп берилет.
5. Донорлук функцияны аткарышына байланыштуу донор тушуккан майыптуулук эмгек учурунда алынган майыптуулукка теңештирилет.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. Донорго берилүүчү компенсациялар
1. Кан же анын компоненттерин берген донорго тамактанууга акчалай компенсация берилет берилет.
2. Акы үчүн канын жана анын компоненттерин берген донорго төмөндөгүдөй өлчөмдөгү акчалай компенсация төлөнөт:
1) бир жолу кан бергени үчүн - үч эсептик көрсөткүч:
2) эки эселенген плазмаферез учурунда плазма бергени үчүн - беш эсептик көрсөткүч;
3) эки эселенген плазмаферез учурунда иммундук плазма бергени үчүн - жети эсептик көрсөткүч;
3. Донорго компенсацияны кан кызматы жаатындагы ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары төлөп берет.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 81 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Донорго берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Донор болгон кызматкер медициналык текшерүүдөн өткөн күнү менчигинин түрүнө карабастан, ишканадагы мекемедеги, уюмдагы иштен анын орточо эмгек акысын сактоо менен медициналык текшерүү болгон убакытка бошотулат Донор болгон аскер кызматчысы медициналык текшерүүдөн өткөн күнү наряддан, вахтадан жана кызматтын башка түрлөрүнөн медициналык текшерүү болгон убакытка бошотулат Донор болгон студенттер окуучулар окуу-тарбия процессинен медициналык текшерүү болгон убакытка бошотулат.
2. Донор болгон кызматкер кан жана анын компоненттерин берген күнү, менчигинин түрүнө карабастан, ишканадагы, мекемедеги, уюмдагы иштен анын орточо эмгек акысын сактоо менен бошотулат. Донор болгон аскер кызматчысы кан жана анын компоненттерин берген күнү наряддан, вахтадан жана кызматтын башка түрлөрүнөн бошотулат. Донор болгон студенттер, окуучулар кан жана анын компоненттерин берген күнү окуу-тарбия процессинен бошотулат
3. Эгерде донор болуп эсептелген кызматкер иш берүүчү менен макулдашуу боюнча кан берген күнү ишке чыкса, ага анын каалоосу боюнча анын орточо эмгек акысын сактоо менен башка жолу дем алыш күнү берилет.
4. Ар жылкы өргүүнүн учурунда, дем алыш же иштебей турган майрам күнү кан берген учурда донорго анын каалоосу боюнча дем алуу үчүн башка күн берилет же кан берген күн үчүн эки эседен кем эмес өлчөмдө акы төлөнүп берилет.
5. Кан берген ар бир күндөн кийин жана кандын компоненттерин ырааты менен сегизинчи жолу бергенден кийин донорго анын орточо айлык акысын сактоо менен кошумча дем алыш күн берилет. Аталган дем алыш күн донордун каалоосу боюнча ар жылкы өргүүсүнө кошулушу же кан жана анын компоненттерин берген күндөн кийинки календардык жылдын ичинде башка учурда пайдаланылышы мүмкүн.
5-1. Донор болуп эсептелген аскер кызматчысына кан же анын компоненттерин берген ар бир күндөн кийин кошумча дем алыш күнү берилет.
6. Кан берген күнү донор донордук кан даярдоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмун финансы жагынан камсыз кылууну ишке ашыруучу бюджеттик каражаттын эсебинен тамак-аш менен бекер камсыз кылынат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-статья. Донорго берилүүчү кошумча социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Канды жана анын компоненттерин дайыма акысыз берип келген (эркектер - жылына кеминде төрт жолу, аялдар - жылына кеминде үч жолу) донорлорго канды жана анын компоненттерин акыркы жолу бергенден кийинки он эки айдын ичинде оорунун ар кандай түрлөрү менен ооруп калганда эмгек стажына карабастан, иштеп тапкан маянасынын жүз пайыз өлчөмүндө убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул берилет.
2. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары донорлорго башка кошумча социалдык гарантияларды белгилөөгө укугу бар.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 81, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-статья. "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар үчүн социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Канын отуз жана андан көп жолу бекер, акы алып канын кырк беш жана андан көп жолу беришкен, плазмасын алтымыш жана андан көп жолу беришкен донорлор Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген, "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" деген төш белги менен сыйланышат жана төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылууга;
2) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын рецептери боюнча жеңилдетилген шарттарда дары-дармек каражаттарын сатып алууга;
3) ыңгайлуу учурда кезектеги өргүү алууга;
4) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) пенсиясына эсептик көрсөткүчтүн элүү пайыз өлчөмүндө кошумча коштурууга;
6) жеңилдетилген шарттарда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында медициналык тейлөөгө;
7) кандын компоненттерин жана препараттарын сатып алганда алардын наркынын элүү пайызын төлөөгө;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияга.
2. Мурда "СССРдин Ардактуу донору", "Кыргыз ССРинин Ардактуу донору" деген төш белгилери менен сыйланышкан Кыргыз Республикасынын жарандары "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган жарандарга берилүүчү бардык укуктардан жана гарантиялардан пайдаланышат.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 81, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-статья. Донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдары
1. Донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону кан кызматы жүзөгө ашырат.
2. Кан кызматы жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар кандын жана анын компоненттеринин, кандын препараттарынын сапаты үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
3. Кан жана анын компоненттерин, кандын препараттарын куюуну жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдары реципиенттин ден соолугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
4. Донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарына бекитилген мамлекеттик мүлк менчиктештирилүүгө тийиш эмес.
17-статья. Донордук кандын, анын компоненттеринин жана препараттарынын сапатына контроль
1. Кандын жана анын компоненттеринин сапаты донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмунун сапат бөлүмү тарабынан контролго алынат.
2. Донордук кан, анын компоненттери жана препараттары сапат контролунан өткөнгө чейин колдонууга же сатууга берилиши мүмкүн эмес.
18-статья. Донордон кан жана анын компоненттерин алуунун тартиби
1. Кан жана анын компоненттерин алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте донорду медициналык жактан текшергенден кийин жүргүзүлөт. Донордун медициналык текшерүүдөн өтүшү милдеттүү болуп эсептелет.
2. Донорду текшерүүнүн жыйынтыгы документтештирилүүгө тийиш жана нормадан ар кандай четтөөлөр донорго айтылат.
(КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат адамдарынын жана медицина кызматкерлеринин жоопкерчилиги
Саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат адамдары жана жооптуу кызматкерлери кан, анын компоненттерин жана препараттарын даярдоо, кайра иштетүү, сактоо жана пайдалануу тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
20-статья. Донордук канды жана анын компоненттерин, донордук кандын препараттарын сыртка алып чыгуу жана алып кирүү
1. Донордук канды жана анын компоненттерин, кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга алып чыгууга төмөндөгүдөй учурларда жол берилет:
1) Кыргыз Республикасында чыгарылбаган кандын компоненттерине жана препараттарына алмаштырылганда;
2) чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарына өтө шашылыш түрдө жардам көрсөтүлгөндө;
3) Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттерге гуманитардык жардам көрсөтүлгөндө.
2. Донордук канды жана анын компоненттерин башка мамлекеттерге сатууга тыюу салынат.
21-статья. Экстремалдык кырдаалда кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же анын айрым жерлеринде табигый кырсыктар, эпидемиялар, эпизоотиялар жана башка өзгөчө жагдайлар болгон учурларда кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу боюнча бардык иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
(КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. "Кыргызстан Республикасында кан жана анын компоненттерин берүү иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 3-июлундагы № 950-XII Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 1992-жылдын 25-августу, № 103) күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |