Бишкек шаары2009-жылдын 30-марты № 97 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу 2009-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөйөзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 1. 10-статьяда: 4-пунктунун: - 2 жана 3-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) күрөө менен камсыздалган милдеттенменин баяндамасы, ал милдет-тенменин максималдуу суммасы менен чагылдырылышы мүмкүн; 3) аны идентификациялоо үчүн күрөө предметинин жетиштүү жалпы ба-яндамасы;"; - 5-пунктча алын салынсын; 6-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин. 2. 27-статьяда "өткөрүп берүүдө тараптар өз ара макулдашкан күрөө-гө коюлган мүлктүн акчалай наркын салыштыруу жолу менен, ал эми мындаймакулдашуу жок болсо, күрөөлүктү" деген сөздөр алып салынсын. 3. 30-статьяда: 1-пункту "катары" деген сөздөн кийин "кыймылдуу жана" деген сөздөрменен толукталсын; 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин. 4. 34-статьяда: 1-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсү жөнүндө келишимде күрөөнүн пред-мети болгон жүгүртүүдөгү товарлардын жалпы баяндамасы болууга тийиш"; 2-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү ", товардын сан-эсебине, өлчөмүнөже көлөмүнө ылайык аныкталуучу" деген сөздөр алып салынсын. 5. 52-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацы алып салынсын. 6. 69-статьянын экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын. 2-берене. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүүтууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Кењешинин Жарчысы, 2007-ж, № 7, 8, 9, 702-ст.) күчүн жоготту депэсептелсин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев