Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37
Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 2009-жылдын 20-июлу № 235 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо 1-глава. Жалпы жоболор 2-глава. Иштердин конституциялык сотко караштуулугу 3-глава. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары, алардын укуктары жана милдеттери 4-глава. Конституциялык сотко кайрылуунун субъекттери 5-глава. Кайрылууну Конституциялык сот тарабынан өндүрүшкө кабыл алуу, ишти кароого даярдоо жана ишти кароо 6-глава. Конституциялык соттун актылары 2009-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-глава Жалпы жоболор 1-берене. Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшүнүн милдеттери Конституциялык сот өндүрүшүнүн милдеттери болуп Кыргыз Республика-сынын Конституциясынын улуктугун ырастоо жана конституциялык мыйзамдуу-лукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынкоргоо боюнча иштерди ар тараптуу, толук жана объективдүү кароо сана-лат. 2-берене. Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасында конституциялык сот өндүрүшү Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциялык Соту (мындан ары - Конституциялык сот) тарабы-нан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары - Конституция)негизинде, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзам-га жана ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. 3-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн тили 1. Конституциялык сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын мамлекеттиктилинде жүргүзүлөт. 2. Сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын өтүнүчү боюнча конституциялыксот өндүрүшүн расмий тилде жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн. 3. Конституциялык сот сот өндүрүшүнүн тилин билбеген, жыйналышкакатышып жаткан адамдарга сот өндүрүшүнүн процессин алардын эне тилинеже алар билген тилге которуп берүүнү камсыз кылат. 4. Сот өндүрүшүнүн тилин билбеген, ишке катышып жаткан жактар, кү-бөлөр, адистер, эксперттер өз эне тилинде же алар билген тилде түшүнүк-төрдү бере алат жана котормочунун кызматынан пайдалана алат. 4-берене. Көз карандысыздыгы 1. Конституциялык сот көз карандысыз жана Конституцияга жана мый-замдарга баш иет. 2. Конституциялык соттун чечимдери Конституцияга негизделет жанасудьялардын ар кандай кызыкчылыктардан эркин болгон укуктук позициясынбилдирет. 3. Конституциялык соттун судьялары өздөрүнүн эркин билдирүү эркин-дигине сырттан таасир тийгизүүнү жокко чыгарган шарттарда чечим кабылалат. 4. Конституциялык соттун иш-аракетине кандай болбосун кийлигишүүгөжол берилбейт жана мындай кийлигишүү мыйзамда каралган жоопкерчиликкеалып келет. 5-берене. Иштерди кароонун коллегиялуулугу 1. Конституциялык сотто иштерди кароо жана алар боюнча чечимдердикабыл алуу анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экисинин курамында коллегия-луу түрдө жүргүзүлөт. 2. Судья конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте кызмат орду-нан четтетилген же болбосо анын ишке катышуудан баш тартуусу жөнүндөарызы канааттандырылгандан башка учурда Конституциялык соттун жыйналы-шына катышуудан четтетилиши мүмкүн эмес. 6-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн ачыктыгы 1. Мамлекеттик сырды сактоо, жарандардын коопсуздугун, алардын же-ке турмушунун купуялыгын камсыз кылуу жана коомдук адептүүлүктү коргоокызыкчылыктарына каршы келген учурларды кошпогондо, Конституциялык сот-то ишти териштирүү ачык жүргүзүлөт. Жыйналыш элдин жана жалпыга маалым-доо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн жеткиликтүү болгон соттук жыйналыш за-лында өткөрүлөт. Катышып жаткандар отурган жеринде жазуу жүзүндө эскер-тмелерин түшүрүүгө, стенограмманы жана үн жазууларды жүргүзүүгө укук-туу. 2. Конституциялык сот катышуучуларга өзүнүн жыйналышынын убактысыжана орду жөнүндө кат менен маалымдайт жана коомчулукту өзүнүн имара-тында жарандар үчүн жеткиликтүү болгон атайын бөлүнгөн жерлерде илинүү-чү жарыя, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабардаркылат. 3. Конституциялык соттун уруксаты менен жыйналыш учурун радио ук-туруу жана теле көрсөтүү боюнча алып берүүгө, киного тартууга, фотосү-рөткө түшүрүүгө жана видеого жаздырууга жол берилиши мүмкүн. Конститу-циялык сот, эгерде катышып отургандар болуп жаткан окуяларды жактырган-дыгын же жактырбагандыгын ачык билдирүү жолу менен жыйналыштын нормал-дуу жүрүшүнө кийлигишсе, эскертүү жасагандан кийин аларды жыйналыш за-лынан чыгара алат. 4. Конституциялык соттун чечимдери бардык учурда ачык жарыя кылы-нат. 7-берене. Териштирүүнүн оозекилиги Конституциялык сот соттук жыйналышта жыйналыштын катышуучуларынынтүшүндүрмөлөрүн угууга жана сотко тапшырылган документтерди жарыя кылыпокууга милдеттүү. 8-берене. Иштин түздөн-түз каралышы 1. Конституциялык сот ишти ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түз-дөн-түз карабай туруп анын мањызы боюнча чечим кабыл алууга укуксуз. 2. Конституциялык соттун судьялары жыйналыш ачылган учурдан тартыпжабылганга чейин ишти кароого жеке өздөрү катышат. 3. Судьянын жыйналышка катышуусуна тоскоолдук кылган учурлардыкошпогондо, судьялардын эч кимиси ишти кароодон четтөөгө укуксуз. 4. Жыйналышка жањы судьянын киришүүсү иш боюнча өндүрүштү соттуктериштирүүнүн башталышынан тартып кайрадан жањыртууга алып келет. 5. Судьянын ишти андан ары кароого катышууга мүмкүн эместиги судь-ялардын кворуму болгондо өндүрүштү улантууга тоскоолдук кылбайт, бироккатышпай калган судьянын судьялардын кењешмесине жана чечимдерди кабылалууга катышуусун жокко чыгарат. 6. Жыйналышка катышкан судьялардын эч кимиси Конституциялык соттункењешмесинде добуш берүүдөн карманууга укуксуз; ар бир судья иш боюнчаөз пикирин чечим жарыя кылынганга чейин жеке өзү билдирүүгө милдеттүү. 9-берене. Ишти кароонун үзгүлтүксүздүгү 1. Иштерди кароодо Конституциялык соттун жыйналышы жана судьялар-дын кењешмеси эс алуу үчүн мыйзамда берилген убакыттан, ошондой элежыйналыштын катышуучуларынын сөз сүйлөөгө даярдык көрүшү үчүн зарылболгон убакыттан тышкары үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 2. Жыйналыш күбөлөрдү, адистерди, эксперттерди чакыртууга, экспер-тиза дайындоого, кошумча далилдерди талап кылууга, кворумдун жоктугунажана ишти кароого тоскоолдук кылган башка себептерге байланыштуу токто-тулушу жана кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Тоскоолдуктар жоюлганда иш-терди кароо ал токтотулган учурдан баштап улантылат. 3. Тыныгуу учурунда сот тарабынан тиешеси жок башка иштерди кароо-го жол берилбейт. 4. Эгерде ошол жыйналышта узак убакыт бою ишти кароого мүмкүн бол-босо, Конституциялык сот ал боюнча өндүрүштү токтото турууга укуктуу. 10-берене. Тараптардын таймашуучулугу жана тењ укуктуулугу Тараптар Конституциялык соттун жыйналышында таймашуучулуктун неги-зинде өз позицияларын коргоо боюнча бирдей укуктардан жана мүмкүнчүлүк-төрдөн пайдаланат. 2-глава Иштердин конституциялык сотко караштуулугу 11-берене. Иштердин кароого таандык болушу 1. Конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында Конституциялык сот тө-мөнкүлөр жөнүндө иштерди карайт: 1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга ка-рама-каршы келген учурда аларды конституциялык эмес деп табуу жөнүндө; 2) Конституциянын ченемдерине расмий чечмелөө берүү жөнүндө; 3) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун конституциялуулугужөнүндө корутунду берүү жөнүндө; 4) Кыргыз Республикасынын Президентин кызматынан четтетүүгө кору-тунду берүү жөнүндө; 5) Конституциянын 98-беренесинин жоболоруна ылайык Конституциягаөзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө мыйзамдын долбооруна карата кору-тунду берүү жөнүндө. 2. Кээ бирөөлөрү Конституциялык соттун кароосуна таандык, ал эмиайрымдары башка мамлекеттик бийлик органдарынын кароосуна таандык бол-гон бир нече өз ара байланышкан талаптарды бириктирүүдө Конституциялыксоттун компетенциясына кирген маселелер боюнча талаптар гана каралуугажатат. 12-берене. Иштерди чечүүнүн чектери 1. Конституциялык сот укук маселелерин белгилейт жана чечет. 2. Конституциялык сот кайрылууда ченемдик укуктук актынын консти-туциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюн-ча актыларды чыгарат. Конституциялык сот мындай учурда кайрылууда баян-далган жүйөөлөргө жана пикирлерге көз каранды болбойт. 3. Конституциялык сот ченемдик актынын конституциялуулугун текшер-генден кийин, сот актыларын кошпогондо, текшерилген ченемдик актыга жеаны калыбына келтирүүчү жоболорго негизделген башка ченемдик актыларгакарата алар кайрылууда айтылбаса да бир эле учурда чечим чыгара алат. 4. Конституциялык эмес деп табылган, мыйзамдын ченемдерине негиз-делген сот актылары андай актыны кабыл алган сот тарабынан, эркиндикте-ри жана укуктары козголгон жарандын даттануусу боюнча ар бир конкреттүүучур боюнча кайра каралат. 3-глава Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары, алардын укуктары жана милдеттери 13-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары 1. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары деп төмөнкүлөртаанылат: 1) тараптар - сунуштамалары жана өтүнүчтөрү сот өндүрүшүнө кабылалынган жактар жана органдар; ченемдик укуктук актысынын конституция-луулугу жөнүндө маселе коюлуп жаткан орган; 2) тараптардын өкүлдөрү - кызмат орду боюнча өкүлдөр, мыйзам боюн-ча өкүлдөр, адвокаттар. 2. Конституциялык сот өндүрүшүнүн бир эле маселе боюнча катышуучу-лары ишти жүргүзүүнү алардын бирөөсүнө тапшырууга укуктуу. 3. Конституциялык сот өндүрүшүнө катышуучунун өкүлүнүн ыйгарымукуктары жарандык-процесстик мыйзамдарда каралган тартипте таризделет. 4. Суроо-талабы боюнча конституциялык сот өндүрүшү козголгон соттарап деп таанылбайт, Конституциялык соттун жыйналышына чакырылбайт. 14-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктары жана милдеттери 1. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары өз ыйгарым укукта-рынын чегинде бирдей процесстик укуктардан пайдаланат. 2. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары иштин материалдарыменен таанышууга, алардан үзүндүлөрдү алууга, көчүрмөлөрдү алууга, да-лилдерди берүүгө, далилдерди иликтөөгө катышууга, процесстин жүрүшүндөкелип чыккан бардык маселелер боюнча өз жүйөөлөрүн жана пикирлерин бил-дирүүгө, корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Тараптар дагы өтүнүч билдирүүгө, судьяларга оозеки жана жазуу жү-зүндө түшүнүктөрдү берүүгө, берилген сунуштамалар жана өтүнүчтөр боюнчаөз пикирин айтууга укуктуу. 3. Демилгеси боюнча конституциялык сот өндүрүшү козголгон тарап өзталаптарынын негизин же предметин өзгөртүүгө, алардын көлөмүн көбөйтүү-гө же азайтууга, талаптардан баш тартууга укуктуу. 4. Өзүнө каршы талаптар коюлган тарап аларды толук же жарым-жарты-лай моюнга алууга же болбосо аларга каршы пикирлерин билдирүүгө укук-туу. 5. Ар бир тарап далилдерди берүүгө жана өз талаптарынын жана каршыпикирлеринин негизи катары таянган жагдайларды далилдөөгө милдеттүү. 6. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары өз укуктарын акниеттүү пайдаланууга милдеттүү. Алардын судьяларга атайын жалган маалы-матты бериши Конституциялык сотту урматтабагандык катары бааланат жанамыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келет. 15-берене. Күбөлөр 1. Аныкталуусу Конституциялык соттун карамагына берилген иш жүзүн-дөгү жагдайларды изилдөөнүн зарылчылыгы болгондо, андай жагдайлар жө-нүндө маалыматтары же материалдары бар жактар күбө катары чакырылышымүмкүн. 2. Күбө Конституциялык сотко каралып жаткан иштин мањызына тиеше-лүү, жеке өзүнө белгилүү жагдайларды билдирүүгө жана Конституциялыксоттун судьяларынын жана тараптардын кошумча суроолоруна жооп берүүгөмилдеттүү. Зарыл болгондо ал жазуу жүзүндөгү эскертмелерин, ошондой эледокументтерди жана башка материалдарды пайдалана алат. 16-берене. Эксперт 1. Каралып жаткан ишке тиешелүү маселелер боюнча атайын билимдерибар адам Конституциялык соттун жыйналышына эксперт катары чакырылышымүмкүн. Эксперт корутунду берүүгө тийиш болгон маселелер баяндама-чы-судья же Конституциялык сот тарабынан аныкталат. 2. Эксперт Конституциялык соттун уруксаты боюнча иштин материалда-ры менен таанышууга, тараптарга жана күбөлөргө суроо берүүгө, ошондойэле өзүнө кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укук-туу. 3. Корутундуну баяндагандан кийин эксперт Конституциялык соттунсудьяларынын жана тараптардын кошумча суроолоруна жооп берүүгө милдет-түү. 4-глава Конституциялык сотко кайрылуунун субъекттери 17-берене. Конституциялык сотко кайрылуунун субъекттери 1. Конституциялык сотко кайрылуу укугу төмөнкүлөргө таандык: 1) Кыргыз Республикасынын Президентине; 2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине; 3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарына; 4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө; 5) Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине; 6) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна; 7) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаборбордук комиссиясына; 8) Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчысына) - КыргызРеспубликасынын адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктеринетиешеси бар мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Кыр-гыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндө; 9) жергиликтүү кењештерге; 10) Кыргыз Республикасынын сотторуна; 11) жарандарга жана юридикалык жактарга - алардын конституциялыкэркиндиктерине жана укуктарына тикелей тиешеси бар маселелер боюнча,эгерде булар башка сотторго таандык болбосо. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-9-пункттарында көрсөтүлгөн орган-дар жана кызмат адамдары Конституциялык сотко өз сунуштамаларын, башкажактар - өтүнүчтөрүн, ал эми соттор - суроо-талаптарын (мындан ары кай-рылуулар) берет. 18-берене. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес деп табуу үчүн кайрылуу укугу Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды конституциялыкэмес деп табуу үчүн кайрылуу укугуна төмөнкүлөр ээ: Кыргыз Республика-сынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши, Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Кењешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү,Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын сотто-ру, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, жергиликтүү кењештер; Кыр-гыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) - Кыргыз Республикасынынадамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине тиешеси бар мый-замдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасы-нын Конституциясына ылайык келүү маселелери боюнча; жарандар жана юри-дикалык жактар - алардын конституциялык эркиндиктерине жана укуктарынатикелей тиешеси бар маселелер боюнча, эгерде алар башка сотторго таан-дык болбосо. 19-берене. Конституциянын ченемдерине расмий чечмелөө берүү үчүн кайрылуу укугу Конституциянын ченемдерине расмий чечмелөө берүү үчүн кайрылууукугуна төмөнкүлөр ээ: Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининдепутаттары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү. 20-берене. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү үчүн кайрылуу укугу Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун конституциялуулугужөнүндө корутунду берүү үчүн кайрылуу укугуна Кыргыз РеспубликасынынШайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ээ болот. 21-берене. Кыргыз Республикасынын Президентин кызматынан четтетүү жөнүндө корутунду берүү үчүн кайрылуу укугу Кыргыз Республикасынын Президентин кызматынан четтетүү жөнүндө ко-рутунду берүү үчүн кайрылуу укугуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-њеши ээ болот. 22-берене. Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маселе боюнча корутунду берүү үчүн кайрылуу укугу Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маселе боюнчакорутунду берүү үчүн кайрылуу укугуна Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары ээ болот. 5-глава Кайрылууну Конституциялык сот тарабынан өндүрүшкө кабыл алуу, ишти кароого даярдоо жана ишти кароо 23-берене. Конституциялык сотто маселелерди кароонун мөөнөтү Конституциялык сотто маселелерди кароо, эгерде ушул Мыйзамда баш-кача каралбаса, кайрылуу келип түшкөн учурдан тартып алты айдын ичиндеаяктоого тийиш. 24-берене. Конституциялык сотко кайрылуунун формасы жана мазмуну 1. Конституциялык сотко кайрылуу жазуу жүзүндө берилет. 2. Кайрылуу, ошондой эле ага тиркелген материалдар мамлекеттик жерасмий тилдерде берилет. 3. Кайрылууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 1) Конституциялык соттун аталышы; 2) кайрылуучунун аталышы, жайгашкан орду, дареги жөнүндө маалымат-тар, ага тиешеси бар башка зарыл маалыматтар; 3) кызмат орду боюнча өкүлчүлүктү кошпогондо, кайрылуучунун өкүлү-нүн аталышы, дареги жана анын ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар, агатиешеси бар башка маалыматтар; 4) конституциялуулугу текшерилүүгө жаткан ченемдик укуктук актыгакол койгон же аны чыгарган мамлекеттик органдын, кызмат адамынын аталы-шы, аты-жөнү, жайгашкан орду жана дареги; 5) тарап өзүнүн талабын негиздеген жана өзү берген фактылардыырастаган жагдайлар; 6) талашылып жаткан ченемдик актынын толук аталышы, номери, кабылалынган датасы, жарыяланган булактары жана башка реквизиттери; 7) талашылып жаткан ченемдик актынын конституциялуулугу боюнча по-зициянын конкреттүү негиздемеси; 8) талаптын мањызы; 9) Конституциялык сотко кайрылууга укук берген Конституциянын жанаушул Мыйзамдын ченемдери; 10) тиркелген документтердин тизмеги. 4. Зарыл учурда кайрылууга Конституциялык сотко чакырылууга жатканжактардын тизмеси, алардын даректери тиркелет. 5. Кайрылууга ушул Мыйзамдын 17-беренесинде көрсөтүлгөн тийиштүүарыз берүүчү кол коет жана ага төмөнкүлөр тиркелет: 1) кызыкдар тарап конституциялуулугун толугу менен же айрым бөлү-гүндө талашып жаткан ченемдик актынын текстинин көчүрмөсү; 2) өкүлчүлүк кызмат орду боюнча жүргүзүлүүчү учурлардан тышкарыучурда өкүлдүн ыйгарым укуктары жөнүндө документтер. 25-берене. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу 1. Келип түшкөн кайрылуу аны сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө ма-селени чечүү үчүн төрага тарабынан Конституциялык соттун судьясына бе-рилет. 2. Кайрылууну жана ага тиркелген документтерди текшерип, судья бешкүндүк мөөнөттө кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө аныктамачыгарат жана ишти Конституциялык соттун жыйналышында кароого даярдайтже кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыга-рат жана материалды арыз берүүчүгө кайтарат. 3. Судья кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат, эгерде: 1) кайрылуу формасы жана мазмуну боюнча ушул Мыйзамдын 24-берене-синин талаптарына ылайык келбесе; 2) кайрылуу тийиштүү эмес органдан же жактан (субъекттен) келиптүшсө; 3) кайрылуу тараптын Конституциялык сотто иш жүргүзүүгө ыйгарымукуктарга ээ болбогон өкүлү тарабынан берилсе же өкүл ушул Мыйзамда ка-ралбаган жак болсо; 4) кайрылууда билдирилген талап Конституциялык соттун кароосунатаандык болбосо; 5) сунуштамада же өтүнүчтө көрсөтүлгөн маселенин конституциялуулу-гу Конституциялык сот тарабынан текшерилсе жана Конституциялык соттунөз күчүн сактаган актысы бар болсо; 6) кайрылууда билдирилген талаптар Конституцияда чечилбесе. 4. Конституциялуулугу талашылып жаткан актыны жокко чыгаруу жеанын күчүн жоготушу кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартуу-га алып келет. 5. Кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө жеаны кабыл алуу жөнүндө аныктама тараптар тарабынан Конституциялык соткоанын төрагасы аркылуу даттанылышы мүмкүн. Конституциялык сот тарабынанбул маселени кароонун жыйынтыктары боюнча өзүнчө токтом кабыл алынат. 26-берене. Ишти кароого даярдоо 1. Өндүрүшкө кабыл алынган кайрылуу боюнча судья эки айлык мөөнөт-тө ишти кароого даярдоого милдеттүү, бул үчүн ал: 1) иш боюнча тараптарды аныктайт, аларга ушул Мыйзамда каралганалардын процесстик укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрөт жана Кон-ституциялык сотко берүү үчүн далилдерди алууга көмөк көрсөтөт; 2) тараптарды сурайт; 3) ишке тиешеси бар зарыл документтерди жана башка маалыматтардыталап кылат; 4) тийиштүү кызмат адамдарын жана башка адамдарды сурайт; 5) зарыл болгондо эксперт катары илимпоздорду жана практикалыккызматкерлерди тартат; 6) күбөлөрдүн, эксперттердин чөйрөсүн аныктайт; 7) ар кандай жактардын өз ара байланышкан талаптарын бир сот өндү-рүшүнө бириктирүү жөнүндө же болбосо бир кайрылууда билдирилген, соттункароосуна таандык эмес талаптарды өзүнчө бөлүп чыгаруу жөнүндө маселеничечет; 8) жыйналыш башталганга чейин он күндөн кечиктирбестен иштин мате-риалдарынын көчүрмөлөрүн Конституциялык соттун судьяларына жана жыйна-лыштын катышуучуларына тапшырууну камсыз кылат; 9) ишти жыйналышка карата дайындоо жөнүндө аныктама чыгарат, жый-налыштын катышуучуларын кабардар кылат жана зарыл жактардын катышуусункамсыз кылат; 10) болгон материалдар боюнча чечимдин долбоорун даярдайт; 11) ишти туура чечүүнү камсыз кылуу боюнча башка аракеттерди жүр-гүзөт. 2. Билдирилген талаптардын өзгөчө татаалдыгына же болбосо алардынөтө маанилүүлүгүнө жараша ишти кароого даярдоо бир нече судьяларга тап-шырылышы, ал эми даярдоо мөөнөтү Конституциялык соттун төрагасы тарабы-нан узартылышы мүмкүн, бирок ал мөөнөт бир айдан ашык эмес. 27-берене. Судьянын өзүнүн баш тартуусу 1. Конституциялык соттун судьясы, эгерде ишти чечүүнүн жыйынтыгынаанын тикелей же кыйыр кызыкдар болушунан улам соттун курамында же сотжыйналышынын катышуучуларында анын объективдүүлүгүнө шек саноо жаралышымүмкүн болсо, өзү ишти кароодон баш тартуусун билдирүүгө милдеттүү жанаишти кароодон четтетилет. 2. Конституциялык соттун судьясынын ишти кароого катышуудан четте-тилиши четтетүү жөнүндө маселе чечиле турган судьяны уккандан кийин иш-ти кароого катышкан судьялардын санынын көпчүлүгү менен кабыл алынганКонституциялык соттун жүйөлөнгөн токтому боюнча жүргүзүлөт. 28-берене. Жыйналышты кийинкиге калтыруу 1. Конституциялык соттун жыйналышы төмөнкүдөй учурларда кийинкигекалтырылышы мүмкүн: 1) судьялардын кимдир бирөөсүнүн ооруп калгандыгына же башка се-бептер менен келбей калгандыгына байланыштуу сот жыйналышында кворумдунболбой калышынан улам; 2) катышуусу милдеттүү жана келбей калышы ишти туура чечүүгө таа-сир тийгизиши мүмкүн деп табылган тараптардын же тараптардын биринин,күбөнүн же эксперттин келбей калышынан улам; 3) эгерде Конституциялык сот каралып жаткан ишти жетиштүү даражададаярдалган эмес деп тапса; 4) талап кылынган материалдардын өз убагында тапшырылбагандыгынанулам, эгерде алар ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болсо; 5) сот жыйналышынын нормалдуу жүрүшүнө же ишти ар тараптуу карооготоскоолдук кылган башка жагдайлар болсо, эгерде ал жагдайлар сот жыйна-лышынын жүрүшүндө четтетилбесе. 2. Конституциялык соттун жыйналышын кийинкиге калтыруу жөнүндө че-чим сот жыйналышына катышкан судьялардын санынын көпчүлүк добушу мененкабыл алынат. 29-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтото туруу 1. Ишти ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароо мүмкүн болбогонучурларда Конституциялык сот ал боюнча өндүрүштү келип чыккан тоскоол-дуктарды жоюу үчүн зарыл болгон мөөнөткө токтото турууга укуктуу. 2. Иш боюнча өндүрүш аны токтото туруу үчүн негиз болгон жагдайларжоюлганда кайра жањыртылат. 3. Конституциялык сот тарабынан иш боюнча өндүрүштү токтото туруубашка иштерди кароого тоскоолдук кылбайт. 4. Ишти кароо ал токтотулуп турган учурдан тартып кайра жањырты-лат, ал эми мурда угулган эксперттерди, адистерди жана күбөлөрдү кайта-лап чакыртуу зарыл учурларда гана жүргүзүлөт. 5. Эгерде Конституциялык соттун жыйналышы судьялардын башка кура-мында кайра жањыртыла турган болсо, ишти кароо жањыдан башталат. 30-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу 1. Конституциялык сот иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө чечимдитөмөнкүдөй учурларда кабыл алат: 1) арыз берүүчү өз талаптарынан баш тартканда, мањызы боюнча сотчечими кабыл алынганга чейин тарап маселени өз ыктыяры менен алып сал-ганда; 2) эгерде ишти даярдоонун жана кароонун процессинде ал Конституци-ялык соттун кароосуна таандык эмес экендиги аныкталса. Мында иш кароо-суна таандык болгон орган милдеттүү түрдө көрсөтүлөт; 3) конституциялуулугу талашылып жаткан акт жокко чыгарылганда жеал күчүн жоготкондо. 2. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө чечим сот тарабынан соттукжыйналышка катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 3. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө Конституциялык соттунаныктамасы тараптарды Конституциялык сотко ошол эле талап жана ошондойэле негиздер боюнча кайтадан кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. 31-берене. Иштерди кароонун тартиби 1. Конституциялык сотто иштерди кароо сот жыйналышында Конституци-ялык соттун төрагасынын же анын милдетин аткарган Конституциялык соттунтөрагасынын орун басарынын төрагалыгында жүргүзүлөт. 2. Ишти мањызы боюнча кароону баштаганга чейин төрагалык кылуучу: 1) Конституциялык соттун жыйналышын ачат жана карала турган иштижарыялайт; 2) судьялардын курамын жарыялайт; 3) сот жыйналышынын катчысына жыйналышка чакырылган катышуучулар-дын, күбөлөрдүн, эксперттердин, зарыл болгон учурда котормочунун барэкендиги жана келбей калгандардын себептери жөнүндө баяндама жасоо үчүнсөз берет; 4) тараптардын ыйгарым укуктарын текшерет; 5) тараптарга алардын укуктарын жана милдеттерин, ал эми чакырыл-ган жактарга - алардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин түшүндүрөт; 6) жыйналыштын катышуучуларынан аларда кошумча күбөлөрдү, эксперт-терди чакыртуу жөнүндө, кошумча далилдерди талап кылуу жөнүндө, жыйна-лыштын жүрүшүндө келип чыккан башка маселелер боюнча өтүнүч бар же жокэкендигин сурайт же аларды соттун чечүүсүнө коет; 7) сот залынан күбөлөрдү, эксперттерди чыгарат; 8) ишти мањызы боюнча кароонун башталгандыгы жөнүндө жарыялайт. 3. Ар бир ишти кароодо: 1) судьянын - баяндамачынын сөзү угулат, ал иштин мањызын, аны ка-роонун жүйөөлөрүн жана негиздерин, болгон материалдардын мазмунун баян-дайт жана Конституциялык соттун судьяларында келип чыккан суроолоргожооп берет; 2) ар бир тараптын түшүндүрмөлөрү угулат; 3) тараптарга бири-бирине жана процесстин башка катышуучуларынасуроо берүү мүмкүнчүлүгү берилет, андан кийин Конституциялык соттунсудьялары суроо берет. Соттук жыйналыштын жүрүшүндө коюлган маселелер-дин жол берилүүчүлүгү сот тарабынан чечилет. 4) күбөлөрдүн, эксперттердин көрсөтүүлөрүн угуудан мурда жыйналыш-тын төрагалык кылуучусу алардын керт башын аныктайт жана көрсөтүү бе-рүүдөн баш тарткандык жана атайылап жалган көрсөтүү же корутунду бер-гендик үчүн мыйзамдарда жазык жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө алардыжазуу жүзүндө эскертет, котормочу атайылап жалган которгондугу үчүнжоопкерчилик жөнүндө эскертилет; 5) сот жыйналышында сотко тапшырылган документтер жарыя кылынат; 6) иштин материалдарын иликтөө аяктагандан кийин Конституциялыксот тараптардын корутунду сөздөрүн угат, төрагалык кылуучу иш боюнчатериштирүү аяктагандыгы жана судьялардын кењешме бөлмөсүнө кете турган-дыгы жөнүндө жарыя кылат. 32-берене. Конституциялык соттун жыйналышынын протоколу 1. Конституциялык соттун жыйналышында протокол түзүлөт, аны сотжыйналышынын катчысы жыйналыш ачылгандан баштап ал толук аяктагангачейин үзгүлтүксүз жүргүзөт. 2. Сот жыйналышынын протоколунда төмөнкүдөй маалыматтар камтылуугатийиш: - сот жыйналышынын орду жана убактысы жөнүндө; - ишти караган судьялардын курамы жөнүндө; - жыйналыштын катчысы жана процесстин ар бир катышуучусу жөнүндө; - иштин аталышы жөнүндө; - күбөлөр жана эксперттер жөнүндө; - тараптардын түшүнүктөрү; - күбөлөрдүн көрсөтүмдөрү, эксперттердин корутундулары, аларга бе-рилген суроолор жана аларга жооптор; - сот жыйналышынын жүрүшүндө болгон бардык аракеттер жөнүндө, аларболуп өткөн иретте; - сот жыйналышынын жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча судь-ялардын пикирлери жана айткандары жана судьялардын добуш берүүсүнүн на-тыйжалары жөнүндө. 3. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу үчүн стенографияны жанаилимий-техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет, алардын колдону-лушу жыйналыштын протоколунда көрсөтүлөт. 4. Ишке протокол жана сот тарабынан колдонулган илимий-техникалыккаражаттар: фонограмма, видеотасма, кинотасма тиркелет. 5. Протокол жыйналыш аяктагандан кийин беш жумушчу күндөн кечикти-рилбестен таризделүүгө жана басып чыгарылууга тийиш. 6. Протоколго Конституциялык соттун жыйналышына төрагалык кылуучужана катчы-судья кол коет. 33-берене. Процесстик коргоо чараларын колдонуу 1. Конституциялык соттун, жыйналыштын катышуучуларынын беделинкоргоо жана конституциялык сот өндүрүшүнүн нормалдуу жүрүшүн камсыз кы-луу максатында Конституциялык сот тарабынан төмөнкүдөй формалардын би-ринде көрүнүүчү ар бир укук бузгандык үчүн адамдарды сот жыйналышынынзалынан чыгарууга, же болбосо аларга эсептик көрсөткүчтүн беш эселенгенөлчөмүнө чейин айып салууга жол берилет: 1) кандай формада болбосун конституциялык эмес ырастоолорду жаначакырыктарды жарыя кылгандык; 2) соттун процесстик ишине кийлигишкендик, судьяга таасир көрсөт-көндүк; 3) ишти даярдоо жана кароо процессинде Конституциялык соттун та-лаптарын жана чечимдерин жүйөлүү себепсиз аткарбай койгондук же өз уба-гында аткарбагандык; 4) жүйөлүү себепсиз келбей койгондук же келбей коюунун себебижөнүндө Конституциялык сотко билдирбегендик; 5) Конституциялык соттун жыйналышынын тартибин бузгандык, Консти-туциялык соттун судьяларына баш ийбегендик, Конституциялык сотто кабылалынган жол-жоболорду жана этикет эрежелерин этибарга албагандык; 6) жыйналыштын катышуучуларынын чыгып сүйлөөсүнүн ырааттуулугун өзалдынча бузгандык; 7) мазактоочу сөздөрдү колдонгондук. 2. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн укук бузуулар сот жыйналышынынпроцессинде айкындалса, процесстик коргоо чаралары Конституциялык сот-тун протоколдук аныктамасы боюнча дароо колдонулат. 3. Башка учурларда процесстик коргоо чаралары Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарында каралган тартипте колдонулат. 4. Укук бузуучу айып салуу жөнүндө кабардаманы алган күндөн тартыпбеш күндөн кечиктирбестен айыпты төлөөгө милдеттүү. Беш күндүк мөөнөттөайыпты төлөөдөн баш тартса же төлөбөй койсо, Конституциялык соттун айыпсалуу жөнүндө чечими Конституциялык соттун жыйналышынын протоколунункөчүрмөсүнүн негизинде администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер бо-юнча өндүрүштүн эрежелерине ылайык мажбурлап аткартылат. 6-глава Конституциялык соттун актылары 34-берене. Конституциялык соттун актыларынын түрлөрү 1. Конституциялык сот актыларды чечим, корутунду, сунуштама жанааныктама түрүндө кабыл алат. 2. Конституциялык сот кайрылууларды кароонун натыйжасында Консти-туциянын 85-беренесинин 3-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралганыйгарым укуктар боюнча чечим, ал эми аталган берененин 3-пунктунун3-5-пунктчаларында каралган ыйгарым укуктар боюнча корутунду кабылалат. 3. Конституциялык соттун актылары Кыргыз Республикасынын Конститу-циясынын атынан чыгарылат жана аларга Конституциялык соттун төрагалыккылуучусу жана судьялары кол коет. 4. Конституциялык соттун башка актылары протоколдук же өзүнчөаныктама түрүндө кабыл алынат. 5. Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын конкрет-түү бузгандык айкындалганда Конституциялык сот буга жол берген компе-тенттүү органдарга жана кызмат адамдарына сунуштама чыгарат, анда алар-дын көњүлүн айкындалган укук бузгандыкка жана бир айлык мөөнөттө аныжоюунун жана кабыл алынган чаралар жөнүндө билдирүүнүн зарылдыгына бу-рат. 35-берене. Конституциялык соттун актыларын кабыл алуунун тартиби 1. Конституциялык соттун актылары кењешме бөлмөсүндө ачык добушберүү менен кабыл алынат. 2. Кењешме учурунда судьялар каралып жаткан маселе боюнча өз пози-цияларын эркин билдире алат жана башка судьялардан өз позицияларын так-тоону өтүнө алат. 3. Конституциялык соттун иш мањызы боюнча чечилип жаткан кењешме-синин мезгилинде башка жактардын катышуусуна жол берилбейт. 4. Судья добуш берүүдөн карманууга же ага катышпай коюуга укуксуз.Төрагалык кылуучу бардык учурларда өз добушун акыркы болуп берет. 5. Конституциялык сот кайрылууда билдирилген талаптарды толугу ме-нен же жарым-жартылай канааттандырганда же болбосо канааттандырбай кал-тырганда иш мањызы боюнча чечилди деп эсептелет. 6. Конституциялык соттун актысы, эгерде аны жактап сот жыйналышын-да катышып олтургандардын көпчүлүгү добуш берсе кабыл алынды деп эсеп-телет. Бир дагы сунуш көпчүлүк добуш албаган учурда төрагалык кылуучудобуштардын кыйла көбүрөөгүн алган эки сунушту кайталап добушка коет. 7. Добуштар тењ чыгып калган учурда төрагалык кылуучу добуш бергенакт кабыл алынат. 8. Конституциялык соттун актысы негиздүү жана жүйөлүү болууга тий-иш. 9. Конституциялык соттун актылары дароо чыгарылат жана жарыя кылы-нат. Өзгөчө учурларда өтө татаал иштер боюнча жүйөөлөнгөн актыны түзүүон күнгө чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок резолюци-ялык бөлүк ошол эле жыйналышта жарыя кылынат. 10. Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана датта-нууга жатпайт. 36-берене. Конституциялык соттун актысынын мазмуну Конституциялык соттун актысында каралып жаткан иштин мүнөзүнө жа-раша төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 1) актынын аталышы, чыгарылган датасы жана орду; 2) Конституциялык соттун чечим чыгарган курамы, жыйналыштын катчы-сы; 3) тараптар жана алардын өкүлдөрү; 4) талаптардын предмети, аны кароонун себептери жана негиздери; 5) Конституциялык соттун бул маселени кароо укугун аныктаган Конс-титуциянын жана Конституциялык сот жөнүндө мыйзамдын ченеми; 6) тараптардын жүйөөлөрү; 7) Конституциялык сот белгилеген жагдайлар; 8) конституциялуулугу текшерилип жаткан ченемдик актынын так ата-лышы, аны жарыялоонун же алуунун булагын көрсөтүү менен; 9) конституциялуулугу текшерилип жаткан органдын же кызмат адамы-нын чечими; 10) Конституциялык сот чыгарган актынын пайдасындагы жүйөөлөр жанабашка пикирлерди четке кагуучу жүйөөлөр; 11) Конституциялык сот жетекчиликке алган Конституция ченеми; 12) соттун каралган иштин мањызы боюнча тыянагы; 13) чечимдин акыркы экендигине жана аны аткаруунун милдеттүүлүгүнөкарата көрсөтмө. 37-берене. Конституциялык соттун судьясынын өзгөчө пикири Конституциялык соттун актысы менен макул болбогон Конституциялыксоттун судьясы өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө баяндоого жана аны ишке ко-шууга укуктуу. 38-берене. Кошумча чечим 1. Конституциялык сот өз демилгеси боюнча, жыйналыштын катышуучу-ларынын өтүнүчү боюнча же чечимди аткарууга милдеттүү жактардын өтүнүч-төрү боюнча кошумча чечим кабыл алат, эгерде: 1) Конституциялык соттун чечимин түшүндүрүп берүү жөнүндө маселекоюлса; 2) Конституциялык соттун чечиминде аталыштарда жана белгилемелердекетирилген так эместиктерди, калып калууларды, эсептик жана редакциялыкмүнөздөгү башка айкын каталарды оњдоо зарыл болсо. 2. Кошумча чечим Конституциялык соттун чечиминин нагыз мазмунуна,мањызына жана максатына карама-каршы келбөөгө тийиш. 39-берене. Конституциялык соттун актыларын аткаруу 1. Конституциялык соттун актылары жарыя кылынган учурдан тартыпкүчүнө кирет. 2. Конституциялык соттун актысы - тараптарга, ченемдик укуктук ак-тылары кароонун предмети болгон мамлекеттик органдарга жана кызматадамдарына жиберилет жана "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту-нун Жарчысы" журналында жана расмий басылмаларда жарыяланат. 3. Эгерде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечими ме-нен ченемдик акт толук же жарым-жартылай түрдө Кыргыз РеспубликасынынКонституциясына ылайык келбейт деп табылса же болбосо Кыргыз Республи-касынын Конституциялык сотунун чечиминен улам укуктук жөнгө салуудагыбоштукту четтетүүнүн зарылдыгы келип чыкса: 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конститу-циялык сотунун чечими жарыялангандан кийин үч айдан кечиктирбестен Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешине жањы конституциялык мыйзамдын дол-боорун же мыйзамдын долбоорун же өз ара байланыштагы бир катар мыйзам-дардын долбоорлорун, же болбосо конституциялык эмес деп табылган мый-замдын айрым бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү жө-нүндө мыйзамдын долбоорун киргизет. Аталган мыйзам долбоорлору КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењеши тарабынан кезексиз тартипте каралат; 2) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмө-тү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечими жарыяланганданкийин эки айдан кечиктирбестен жањы ченемдик актыны кабыл алат же бол-босо айрым бөлүгүндө конституциялык эмес деп табылган ченемдик актыгаөзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизет. 40-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө 1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин Ведомосттору, 1994-ж., N 2, 48-ст.); - "Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Кењешинин
токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-њешинин Ведомосттору, 1994-ж., N 2, 49-ст.). Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев