Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 235
Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары1993-жылдын 18-декабры № 1337-XII КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 25-февралындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык) (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 1993-жылдын 18-декабрындагы № 1338-XII токтому менен колдонууга киргизилген) I глава. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшүнүн негизги эрежелери II глава. Конституциялык сот өндүрүшүнүн козгоо, иштерди Конституциялык сотунда кароого даярдоо жана кароо III глава. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун актылары I глава Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшүнүн негизги эрежелери 1-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамдары Кыргыэ Республикасынын Конституциялык сотунун процессуалдык иши"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндөгү" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына, ушул мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Конститу-циялык сстунун Регламентине ылайык жүргүзүлөт. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшүнүн милдеттери Конституциялык сот өндүрүшүнүн милдеттери Кыргыз РеспубликасынынКонституциясын коргоодо анын үстөмдүгүн орнотуу жана конституциялыкмыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында иштерди баардык жактан, толукжана калыс кароодо жатат. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иштерди кароонун коллегиялуулугу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы иштер мыйзамдабелгиленген тартипте шайланган судьялар тарабынан каралат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иштерди кароо, кору-тунду берүү, Регламент кабыл алуу жана судьялардын бийлик укуктарынубактылуу токтотуу маселелерин чечүү Конституциялык соттун жети судь-ясынан кем эмес курамы менен коллегиялуу түрдө жүргүзүлөт. Башка маселелерди болсо Кыргыз Республикасынын Конституциялык со-тунун жыйналышы судьялардын курамынын тизмеси боюнча жарымынан кем эмесбөлүгү катышканда чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын бий-лик-укуктары мыйзамда белгиленген тартипте токтотулмайынча, ал КыргызРеспубликасынын Конституциялык сотунун жыйналышына катышуудан четтетил-бейт. Эгерде каралуучу маселенин жыйынтыгына түздөн-түз же кыйыр түрдөкызыкчылыгы бардыгынан судьянын калыстыгы шек туудурса, ал өзүн че-теттүү жөнүндө өтүнүч киргизүүгө тийиш жана ошол маселени кароого каты-шуудан бошотулат. Кворумду чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту-нун судьяларынын тизмеси боюнча курамын аныктоодо, "Кыргыз Республика-сынын Конституциялык соту жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындабелгиленген тартипте убактылуу бийлик-укуктары токтотулган судьяларэсепке алынбайт. 4-статья. Конституциялык сот өндүрүшүнүн ачыктыгы Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өзүнүн жыйналышы туура-лу катышуучуларга убагы жана орду жөнүндө кат жүзүндө кабарлайт жанаөзү жайгашкан имаратта атайын бөлүнгөн, граждандардын күрөшүнө ыњгайлуужерге кулактандыруу илет, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары ар-кылуу маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иштер мамлекеттиксырды сактоо, граждандардын коопсуздугун, алардын жеке турмуш сырынсактоо жана коомдук адепти коргоо кызыкчылыктарына каршы келбеген башкаучурларда ачык каралат. Жыйналыштар эл жана жалпыга маалымдоо каражат-тарынын өкүлдөрү эркин кире алган имаратта ачык түрдө өткөрүлөт. Каты-шуучулар өзүлөрүнүн ордунан жыйналыштын жүрүшүн жазып алууга, стеног-рамма жүргүзүүгө жана үн жазууга укуктуу. Жыйналыш убагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунунуруксаты менен радиодон берүүгө жана телекөрсөтүү жүргүзүүгө, киногожана сүрөткө тартууга, видеого жазууга жол берилиши мүмкүн. Эгерде Конституциялык соттун жыйналышынын тынч өтүшүнө келген элжолтоо болуп, жактыруу же жактырбоо түрүндө жыйналыштын жүрүшүнө кийли-гишсе, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту эскертүүдөн кийиналарды жыйналыш залынан чыгарып жиберүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери бардыкучурларда ачык жарыяланат. 5-статья. Териштирүүнүн оозекилиги Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өзүнүн жыйналышына ка-тышуучулардын түшүндүрүүсүн угууга, баардык судьяларда жана жыйналыштынкатышуучуларында болгон документтерди жарыялоого милдеттүү. 6-статья. Конституциялык сот өндүрүшүнүн тили Конституциялык сот өндүрүшү жана Конституциялык сот кабыл алуучучечимдер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде ишке ашырылат, жа-зылат жана жарыяланат. Конституциялык сот өндүрүшүнүн тилин билбеген жыйналыштын катышуу-чуларына алардын эне тилине же билген тилине өндүрүштүн которулушункамсыз кылат. Сот өндүрүшүнүн тилин билбеген ишке катышкан адамдар, күбөлөр,адистер, эксперттер өзүнүн эне тилинде же билген тилинде түшүнүк береалышат жана котормочунун жардамынан пайдалана алышат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жыйналыштарынын про-токолу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде жүргүзүлөт. 7-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан иштин түздөн-түз каралышы. Конституциялык сот ишти ушул Мыйзамда белгиленген тартиптетүздөн-түз карап чыкмайынча анын мањызы боюнча чечим чыгарууга укуксуз. Конституциялык сотунун судьялары ишти кароого жыйналыш ачылганданжабылганга чейин жеке катышышат. Судьялардын жыйналышка катышуусуна тоскоолдук болбосо алардынбирөө да ишти кароодон баш тартууга укуксуз. Жыйналышка жањы судьянын киришүүсү иштин өндүрүшүн соттук териш-тирүүнүн башынан жандандырууга алып келет. Судьянын ишке катышуусун улантууга мүмкүнчүлүгү жоктугу, өндүрүштүулантууга судьялардын кворуму болсо тоскоол болбойт, бирок судьялардынкењешмесине жана чечим кабыл алууга чыгып кеткен судья катыша албайт. Конституциялык соттун кењешмеси жүрүп жатканда судьялардын бирөөда добуш берүүдөн карманууга укуксуз; ар бир судья чечим жарыялангангачейин иш боюнча өзүнүн пикирин жеке айтууга миллеттүү. 8-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан иштин үзгүлтүксүз каралышы Конституциялык соттун судьяларынын жыйналышы жана кењешмеси эмгекмыйзамында эс алууга берилген жана катышуучулардын сүйлөөгө даярдануугазарыл убакыттан тышкары ишти үзгүлтүксүз карайт. Жыйналыш күбөлөрдү, адистерди, эксперттерди чакырууга, экспертизадайындоого, кошумча далилдерди талап кылууга, кворумдун жетишпегендиги-не жана кшти кароого тоскоол болгон башка себептерге байланыштуу токто-тулушу жана кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Тоскоолдуктар четтетилгенденкийин ишти кароо ал токтотулган учурдан баштап улантылат. Тыныгуу убагында соттун жыйналышына тиешеси жок башка иштерди ка-роого жол берилбейт. Эгерде ишти жыйналышта узак убакыт бою кароого мүмкүн болбосо, ан-да Конституциялык сот ал иш боюнча өндүрүштү тоскоолдуктарды четтетүүгөзарыл болгон мөөнөткө токтотуп коюуга укуктуу. Токтотулган өндүрүш ал токтотулган учурдан, же болбосо сот териш-тирүүнүн башынын жандырылат. Эгерде тыныгуу убагында иш боюнча судьялардын курамы өзгөрүлсөтолтотулган өндүрүш кандай гана болбосун учурда сот териштирүүнүн башы-шан жандандырылат. Жыйналыштын катышуучуларынын алмаштырылышы өндүрүштү токтотулганучурдан баштоого тоскоол болбойт. 9-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын кењешмесинин жашыруундугу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун иш негизинен каралыпжаткан кењешмесинде протокол жүргүзүүнү жана судьялардын кењешмесининкадимкидей жүрүшүн камсыз кылуучу сот кызматкерлеринен башка бөтөнадамдардын катышуусуна жол берилбейт. Судьялардын кењешмесинде айгылган пикирлерди жарыялоого тыюу салы-нат. 10-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечиминин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Кыргыз Республикасы-нын Конституциясынын атынан чечим чыгарат. Конституциялык соттун чечими мыйзамдуу жана негиздүү болууга ти-йиш. Эгерде чечим иш боюнча колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Консти-туциясынын нормаларына ылайык келсе жана ушул Мыйзамдын талаптарын таксактоо менен чыгарылса, ал мыйзамдуу болуп саналат. Конституциялык сот жана анын судьялары Кыргыз РеспубликасынынКонституциясына, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндөгү"Мыйзамга жана ушул Мыйзамга эрежелери каршы келбеген аракеттеги мыйзам-дардын башка нормаларын да жетекчиликке алууга укуктуу. Эгерде чечимде иш үчүн маанилүү, жыйналышта баардык жактан толукжана калыс аныкталган бардык жагдайлар келтирилсе, ал эми тыянактар да-лилдердин жетиштүү биримдиги менен ырасталса, чечим негиздүү болуп са-налат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечими акыркы болупэсептелинет жана даттанууга жатпайт. 11-статья. Иштердин караштуулугу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна төмөндөгү иштер ка-раштуу: 1) Мыйзам жана башка нормативдик укук актылары Конституцияга кара-ма-каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табуужөнүндө; 2) Конституцияны ишке ашырууга, колдонууга жана аны түшүндүрүүгөбайланыштуу талаштарды чечүү жөнүндө; 3) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун мыйзамдуулугужөнүндө корутунду берүү; 4) Кыргыз Республикасынын Президенти, ошондой эле Кыргыз Республи-касынын Конституциялык сотунун, Жогорку соттун, Жогорку арбитраж соту-нун судьяларын кызматтан четтетүү жөнүндөгү маселе боюнча корутундуберүү; 5) жергиликтүү соттордун судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартуу-га макулдук берүү жөнүндө; 6) Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү жана толуктоо-лор киргизүү жөнүндөгү маселелер боюнча корутунду берүү; 7) жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасы-нын Конституциясына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруужөнүндө; 8) граждандардын Конституциялык укуктарына тиешелүү укук колдонуупрактикасынын Конституцияга ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алуу. 12-статья. Бири-бири менен байланыштагы бир нече талаптардын караштуулугу Бири Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна, калганы мамле-кеттик бийликтин башка органдарына караштуу бири-бири менен байланышканбир нече талаптарды бириктирүүдө, Кыргыз Республикасынын Конституциялыксотунун компетенциясына караштуу гана маселелер боюнча талаптар каралу-уга жатат. 13-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишти чечүү чектери Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту укук маселелерин ганааныктайт жана чечет. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту көрсөтүүдө же өтүнүчтөкозголгон маселенин нормативдик актынын Конституцияга ылайыктуулугу шектуудурган бөлүгү боюнча гана акт кабыл алат. Мында Кыргыз Республикасы-нын Конституциялык соту көрсөтүүдө же өтүнүчтө келтирилген дооматтаргажана ойлорго жетеленбейт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту нормативдик актынынКонституцияга ылайыктуулугун текшерүү менен бирге текшерилген норматив-дик актыга негизделген же анын жоболорун кайталаган башка нормативдикактылар боюнча дагы чечим чыгара алат, алар көрсөтүүдө же өтүнүчтө ай-тылбаган болсо да. 14-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылуучу субъектилер Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылуу укугутөмөнкүлөргө таандык: 1) Кыргыз Республикасынын Президентине; 2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарына; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө; 4) Кыргыз Республикасынын Премьер-министирине; 5) Кыргыз Республикасынын сотторуна; 6) Адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүүКыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана дагы башка ченемдик укуктукактыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келиши жөнүн-дөгү сунуштама менен Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчы); 7) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна; 8) жергиликтүү Кењештерине; 9) юриликалык жактарга жана граждандарга, эгерде алардын конститу-циялык укуктарына түздөн-түз тийген маселелер башка сотторго караштууболбосо. (КР
2009-жылдын 25-февралындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылай-ык) 15-статья. Конституциялык сот өндүрүштөрүнүн катышуучулары Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр таа-нылат: 1) тараптар-көрсөтүүсү жана өтүнүчү боюнча конституциялык сотөндүрүшү козголгон адамдар жана органдар; аракеттеринин жана чечимдери-нин Конституцияга ылайыктуулугу жөнүндө конституциялык сот өндүрүшүкозголгон кызмат адамдары жана органдары; 2) тараптардын өкүлдөрү - кызматы боюнча өкүлдөр, Мыйзам боюнчаөкүлдөр, адвокаттар. Конституциялык сот өндүрүшүн катышуучулары бир эле маселе боюнчаиш жүргүзүүнү жогоркулардын бирөөнө тапшырууга укуктуу. Конституциялык сот өндүрүшүн катышуучунун өкүлүнө бийлик-укуктарграждандык-иш жүргүзүү мыйзамдарына каралган тартипте берилет. Көрсөтүүсү боюнча Конституциялык сот өндүрүшү козголгон сот тарапкатары табылбайт, Конституциялык соттун жыйналышына чакырылбайт. 16-статья. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктары жана милдеттери Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары иш жүргүзүүнүн тењукуктарынан пайдаланышат. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары иштин материалдарыменен таанышуу, алардан көчүрүп алуу, көчүрмөсүн алуу, далилдерди кел-тирүү жана аларды изилдөөгө катышуу, иштин жүрүшүндө келип чыккан бар-дык маселелер боюнча дооматтарын жана оюн айтуу, корутунду сөз сүйлөөукугуна ээ. Тараптар ошондой эле өтүнүч келтирүүгө, судьяларга оозеки жана жа-зуу жүзүндө түшүнүк берүүгө, киргизилген көрсөтүүлөр жана өтүнүчтөр бо-юнча өз пикирин айтууга укуктуу. Демилгеси боюнча конституциялык сот өндүрүшү козголгон тарап доо-маттын негиздерин же затын өзгөртүүгө, алардын көлөмүн көбөйтүүгө жеазайтууга, же болбосо аларга каршы болууга укуктуу. Үстүнөн доомат козголгон тарап ал дооматты толугу менен же бирбөлүгүн кабыл алууга, же болбосо аларга каршы болууга укуктуу. Ар бир тарап далил келтирүүгө жана өзүнүн талабына же каршылыгынанегиз катары таянган жагдайларды далилдөөгө милдеттүү. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары өзүнүн укуктарын аби-йирдүүлүк менен пайдаланууга милдеттүү. Алардын судьяларга жалган маа-лымат берүүсү Конституциялык сотун сыйлабоо катары бааланып, мыйзамгаылайык жоопкерчиликке алып келет. 17-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда маселени кароо мөөнөтү. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту ушул Мыйзамдын талапта-рына жооп берген көрсөтүү же өтүнүч алган учурдан баштап жети күндөнкечиктирбестен маселени изилдей баштоого тийиш. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда, эгерде ушул Мыйзам-да башкача тартип каралбаса, тийиштүү материал түшкөндөн же тийиштүүсебеп аныкталган учурдан баштап маселе алты айдын ичинде каралыпбүтүүгө тийиш. 18-статья. Сот чыгымдары Сот чыгымдары мамлекеттик пошлинадан жана иштин кароосуна байла-ныштуу чыгымдардан турат. Сот чыгымдары ишти өндүрүшкө алган Конституциялык соттун судьясы-нын аныктамасы же Конституциялык соттун протоколдук аныктамасы мененөндүрүлөт. Мамлекеттик пошлина төмөнкүлөргө салынат: 1) нормативдик актыны Конституцияга ылайыктуулугун текшерүүжөнүндөгү көрсөтүүгө; 2) ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка талаптар боюнча көрсөтүүлөргө; 3) өтүнүчкө; 4) Конституциялык соттун кайталанып берилген чечимине. Мамлекеттик пошлина төмөнкүлөрдөн өндүрүлөт: 1) нормативдик актысы Конституцияга ылайыксыз деп табылган тарап-тан же нормативдик актыны Конституцияга ылайыксыз деп негизсиз талапменен кайрылган тараптан; 2) Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактабаган деп Конститу-циялык сот тапкан кызмат адамынан, же болбосо ушул маселе боюнча негиз-сиз доомат койгон органдардан; 3) өзүлөрүнүн конституциялык укуктарына түздөн-түз тийген укукколдонуу практикасынын маселеси боюнча негизсиз доомат койгон адамдар-дан, же болбосо Конституцияга ылайыксыз укук колдонуу практикасына жолберген органдардан. Мамлекеттик пошлина Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пошлинажөнүндөгү" Мыйзамына ылайык өндүрүлөт. Конституциялык сот белгиленген мамлекеттик пошлина төлөөдөн бошо-тууга, анын өлчөмүн азайтууга же көбөйтүүгө укуксуз. Жалпы чыгымдар экспертиза жүргүзүүгө, текшерүүгө, изилдөөгө жум-шалган каражаттан жана Конституциялык сот тарабынан тартылган күбөлөр,адистер, эксперттер, котормочулар жана башка адамдар тарткан чыгымдар-дан, ошондой эле ишти даярдоого жана кароого байланышкан башка чыгым-дардан турат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун анын судьяларынынмилдетүү түрдө аткарылуучу талаптарына дооматын аткарууга байланыштуучыгымдар алардын аткарылышы жүктөлгөн мамлекеттик органдар, юридикалыкжактар жана граждандар тартат. Башка чыгымдар Конституциялык соттун судьясынын аныктамасы жеКонституциялык соттун протоколдук аныктамасы менен Кыргыз Республикасы-нын Конституциялык соту тарабынан республикалык бюджеттин каражатынантөлөнөт. Чыгымдар мамлекеттик пошлина менен бирге өндүрүлөт. Конституциялык сотто чыгымга учураган тарап белгилүү адамдан граж-дандык сот өндүрүшү тартибинде анын кайтаруусун талап кылууга укуктуу. 19-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун штраф салуу жана башка процессуалдык коргонуу чараларын колдонуу укугу. Конституциялык соттун судьяларынын, жыйналышка катышуучулардын на-мысын коргоо жана Конституциялык сот өндүрүшүнүн кадырлуу жүрүшүн кам-сыз кылуу максатында Конституциялык сот жыйналыш залынан чыгарып жи-берүүгө жана кызмат адамдарына эњ аз беш айлык эмгек акы өлчөмүнө чейинжана граждандарга эки айлык эмгек акы өлчөмүнө чейин штраф салуугатөмөнкүдөй учурларда жол берилет: 1) жарыялоонун түрүнө карабастан Конституцияга ылайык келбеген до-оматтарды жана чакырууларды келтирүү; 2) судьялардын ишти жүргүзүшүнө кийлигишүүдө, аларга конституция-лык сот өндүрүшүнүн эрежелеринен тышкары таасирин тийгизүүдө; 3) ишти даярдоо жана кароодо Конституциялык соттун судьяларынынталаптарын жана чечимдерин жүйөлүү себепсиз аткарбоодо же өз учурундааткарбоодо; 4) Конституциялык сотко келбей коюуда же келбеген себебин бил-дирбөөдө; 5) Антты белгиленген түрдө берүүдөн баш тартууда; 6) Конституциялык соттун жыйналышынын тартибин бузууда, Конститу-циялык соттун судьяларына баш ийбөөдө, Конституциялык сотто кабыл алын-ган адептүүлүк эрежелерине жана процедураларына кайдыгердик мамиле кы-лууда; 7) Конституциялык соттун судьяларын мазактоодо; 8) жыйналыштын катышуучулары чыгып сүйлөө кезегин өз алдынча буз-ганда; 9) мазактоо сөздөрү колдонулганда. Эгерде жыйналыштын жүрүшүндө ушул статьяда көрсөтүлгөн тартип бу-зуулар аныкталса, процессуалдык коргонуу чаралары Конституциялык соттунпротоколдук аныктамасы менен дароо колдонулат. Башка процессуалдык коргонуу чаралары мыйзамдарда каралган учур-ларда жана белгиленген тартипте колдонулат. Тартип бузган жак штрафтын салынганы жөнүндө билдирилген күндөнбаштап беш күндөн кечиктирилбестен аны төлөөгө тийиш. Штраф төлөөдөнбаш тарткан учурда же штраф беш күндүн ичинде төлөнбөсө, Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциялык сотунун штраф салуу жөнүндөгү чечимининкөчүрмөсүнүн негизинде административдик укук бузуу иштери боюнчаөндүрүш тартибине ылайык мажбурлоо түрүндө аткарылат. 20-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жыйналышынын протоколун жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун протоколу жыйналышбашталгандан толук аяктаганга чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Жыйналыштын протоколунда төмөнкүлөр белгиленүүгө тийиш: - жыйналыштын анын башталган жана аяктаган убагын белгилөө мененанын ордун жана күнүн көрсөтүү; - катышкан судьялардын курамы; - катышпаган судьялардын курамы жана алардын катышпагандыгынын се-беби; - жыйналыштын секретарынын аты-жөнү; - жыйналышка катышкандардын ар биринин аты-жөнү, ээлеген кызматыжана башка алар жөнүндөгү маалымат; - каралып жаткан иштин аталышы; - жыйналышта ирети боюнча болгон окуялар жана алардын жыйынтыгы; - көрсөтүү же өтүнүч жөнүндө маалымат, жыйналышка катышуучулардынтүшүндүрүүлөрү, күбөлөрдүн көрсөтүүлөрү, адистердин, эксперттердин ко-рутундулары, аларга берилген суроолор жана алардын жооптору; - күбөлөр, адистер, эксперттер жөнүндө маалымат; - судьялардын кењешмеде айтылган пикирлери; - судьялардын добушуна коюлган маселелер жана добуш берүүнүн жы-йынтыгы. Эгерде Конституциялык сот өзүнүн судьясы болбогон адамдарды катыш-тырбай кењешме өткөрүүнү чечсе, мындай кењешменин протоколу өзүнчөжүргүзүлөт жана бул бөлүгү ачык жарыялоого жатпайт. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу максатында стенографияны жанаилимий-техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет. Илимий-техника-лык каражаттардын колдонулушу тууралу жыйналыштын протоколундакөрсөтүлөт. Ишке протокол жана сот тарабынан колдонулган илимий-техникалык ка-ражаттар: үн жазып алуунун тасмасы, видео тасма, кинотасмалар кошо тир-келет. Протокол жыйналыш бүткөндөн беш күндөн кечиктирбестен даярдалыпбасылууга тийиш. Протоколго Конституциялык сотто төрагалык кылган адам жана Консти-туциялык соттун секретары тарабынан кол коюлат. II глава Конституциялык сот өндүрүшүнүн козгоо, иштерди Конституциялык сотунда кароого даярдоо жана кароо 21-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылуунун түрү, мөөнөтү жана мазмуну Кайрылуу Конституциялык сотко жазуу жүзүндө киргизилет. Ушул Мыйзамдын 14-статъясынын 1-8 пункттарында аталган органдаржана кызмат адамдары Конституциялык сотко көрсөтүү, ал эми башка адам-дар - өтүнүч киргизишет. Көрсөтүүдө жана өтүнүчтө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 1) Конституциялык соттун аталышы; 2) кайрылган жактын аталышы, орду, дареги жана башка ал жөнүндөзарыд маалымат. 3) кызмат боюнча өкүлчүлүктөн башка учурларда кайрылып жаткан жак-тын өкүлүнүн аталышы, дареги, анын укуктары жана башка ал жөнүндө маа-лымат. 4) Конституцияга ылайыктуулугу текшерилүүчү нормативдик актыга колкойгон кызмат адамынын же аны чыгарган мамлекеттик органдын аталышы,орду, дареги; тийиштүү учурларда иши талаш туудурган кызмат адамыжөнүндө ушундай эле маалымат; 5) тараптын дооматын жана далилдерин негиздеген жана келтиргенфактыларды ырастаган жагдайлар; 6) текшерилүүчү нормативдик актынын так аталышы, саны, кабыл алын-ган күнү, жарыялоого чыккан булагы жана башка реквизиттери; 7) талаштагы нормативдик актынын же кызмат адамынын аракетининКонституцияга ылайыктуулугу боюнча ой-пикирлеринин негиздемеси; 8) дооматтын мањызы; 9) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана ушул МыйзамдынКонституциялык сотуна кайрылууга укук берген нормалары; 10) тиркелүүчү документтердин жана Конституциялык сотко чакырылуу-чу жактардын тизмеси жана дареги. Көрсөтүүгө же өтүнүчкө ушул Мыйзамдын 1-статьясында көрсөтүлгөнтийиштүү арыз ээси тарабынан кол коюлган жана баардык учурда төмөнкүдокументтер тиркелет: 1) Конституцияга ылайыктуулугу жалпысынан же айрым бөлүгүнөн талаштуудурган нормативдик актынын текстинин көчүрмөсү; 2) өкүлчүлүк кызмат боюнча ишке ашырылууга жаткан учурлардан башкаөкүлгө берилген укуктар жөнүндө документтер. Башка тилде жазылган документтерге алардын сот өндүрүшүнүн тилин-деги котормосу тиркелүүгө тийиш. Көрсөтүү же өтүнүч жана алардын тиркемеси Конституциялык сотко 11нускадан турган санда берилет. (КР 2009-жылдын 25-февралындагы N 69 Мыйзамынын редакциясына ылай-ык) 22-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна киргизилген көрсөтүү жана өтүнүч боюнча аракеттер. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна түшкөн көрсөтүү жеөтүнүч конституциялык сот өндүрүшүн козгоо маселесин чечүү үчүн Консти-туциялык соттун судьясына өткөрүлүп берилет. Көрсөтүүнү же өтүнүчтү текшергенден кийин судья беш күндүн ичиндеаныктамасы менен конституциялык сот өндүрүшүн козгойт жана ишти Консти-туциялык соттун жыйналышына даярдайт, же болбосо конституциялык сотөндүрүшүн козгоодон баш тартуу аныктама чыгарып, материалдарды арыз ээ-сине кайтарып берет. Судья конституциялык сот өндүрүшүн козгоодон төмөнкүдөй учурлардабаш тартат: 1) көрсөтүүнүн же өтүнүчтүн түрү жана мааниси ушул Мыйзамдын21-статьясынын талаптарына жооп бербесе; 2) көрсөтүү же өтүнүч ылайыксыз органдан же адамдан (субъектиден)келип түшсө; 3) көрсөтүүнү же өтүнүчтү ишти Конституциялык сотто жүргүзүүгөукуксуз тараптын өкүлү киргизсе, же болбосо өкүл ушул Мыйзамда каралба-ган жак болсо; 4) киргизилген көрсөтүүдө же өтүнүчтө көрсөтүлгөн талаптар Консти-туциялык соттун кароосуна жатпаса; 5) көрсөтүүдө же өтүнүчтө көрсөтүлгөн дооматтын Конституцияга ыла-йыктуулугу Конституциялык сотто мурда текшерилсе жана Конституциялыксоттун өз күчүн сактаган актысы болсо; 6) көрсөтүүдө же өтүнүчтө келтирилген дооматтар Кыргыз Республика-сынын Конституциясында чечилбеген болсо. Конституцияга ылайыктуулугу талаш туудурган акты жокко чыгарылсаже күчүн жоготушу Конституциялык сот өндүрүшүн козгоодон баш тартууга,же болбосо козголгон иштер боюнча конституциялык сот өндүрүшүн кыскар-тууга алып келет. Козголгон сот өндүрүшү боюнча судья эки айлык мөөнөттө ишти кароо-го даярдоого милдеттүү жана бул үчүн ал төмөнкүлөрдү аткарат: 1) иш боюнча тараптарды аныктайт, аларга ушул Мыйзамда каралганпроцессуалдык укуктарын жана милдеттерин түшундүрөт жана Конституциялыксотко көрсөтүү үчүн далилдерди чогултууга көмөктөшөт; 2) кайрылган тарапты сурайт; 3) ишке зарылдыгы бар тийиштүү документтерди жана башка маалыматтыталап кылып сурап алат; 4) тийиштүү кызмат адамдарын жана башкаларды сурайт; 5) зарыл болсо окумуштууларды, иштин көзүн билген кызматкерлерди,адис, эксперт катары тартат; текшерүү, изилдөө, экспертиза жүргүзүүнүтапшырат; 6) күбөлөрдүн, адистердин, эксперттердин чөйрөсүн аныктайт; 7) ар башка жактардын бири-бири менен байланыштагы дооматтарын бирэле сот өндүрүшүнө бириктирүү, же болбосо бир кайрылууда көрсөтүлгөнкарамагына кирбеген ар кандай дооматтарды бөлүү маселесин чечет; 8) тарап коюлган маселени өз ыктыяры менен алып койгон учурда сотөндүрүшүк кыскартуу жөнүндө аныктама чыгарат; 9) жыйналыш башталгандан он күн мурда иштин материалдарынынкөчүрмөлөрүнүн Конституциялык соттун судьяларынын жана жыйналыштын ка-тышуучуларынын бардыгына тапшырылышы камсыз кылат; 10) иштин жыйналышта кароого дайындалышы жөнүндө аныктама чыгарат,жыйналыштын катышуучуларына каралбайт жана зарыл адамдардын келишинкамсыз кылат; 11) колдогу материалдардын негизинде чечимдин долбоорун даярдайт; 12) иштин туура чечилишин камсыз кылуу максатында башка аракеттер-ди жасайт. Келтирилген дооматтарды өзгөчө татаалдыгына, же алардын бөтөнчөмаанисине ишти кароого даярдоо бир нече судьяга тапшырылышы, ал эми да-ярдоо мөөнөтү Конституциялык соттун Төрагасы тарабынан бир айдан ашпа-ган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Конституциялык сот өндүрүшүн козгоо же андан баш тартуу жөнүндөгүаныктамага тараптар Конституциялык сотко анын Төрагасы аркылуу даттанаалышат. Бул маселенин кароосунун жыйынтыгы боюнча Конституциялык сотөзүнчө аныктама кабыл алат. 23-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда ишти кароо тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иш Конституциялыксоттун Төрагасы башкаруусундагы жыйналышта каралат. Жыйналыштын тарти-бине ага Төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат. Төрагалык кылуучу белгиленген убакытта: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жыйналышын ачыкдеп жарыялайт; 2) каралуучу ишти жарыялайт; 3) судьялардын санынын жетиштүүлүгү жана протокол жүргүзүүнүн кам-сыз болушун текшерип чыгат; 4) Конституциялык сотунун секретарына жыйналышка чакырылган каты-шуучулардын, күбөлөрдүн, адистердин, эксперттердин бар экендигин жанакелбей калгандардын себептерин билдирүү үчүн сөз берет; 5) тараптарга алардын укуктарын жана милдеттерин, ал эми чакырыл-ган адамдарга - алардын милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүндүрөт; 6) жыйналыштын катышуучуларынан аларда кошумча күбөлөрдү, адистер-ди, эксперттерди чакыруу, кошумча далилдерди талап кылуу, жыйналыштыкжүрүшүндө келип чыккан башка маселелер боюнча өтүнүчтөр бар-жогун су-райт, аларды соттун чечүүсүнө коет. 7) ишти негизинен кароонун башталгандыгы тууралуу жарыялайт. Ишти кароодо: 1) ар бир иштин каралышы анын мазмунун, кароого жаткан себебин жа-на негиздемесин, колдогу материалдардын мазмунун доклад кылуучу судь-янын билдирүүсүнөн, ошондой эле Конституциялык соттун судьяларынын су-роолоруна анын берген жоопторунан башталат; 2) андан кийин тараптардын түшүндүрүүлөрү угулууга тийиш. Консти-туциялык соттун судьялары тарабынан тараптарга суроолор берилишимүмкүн; 3) Конституциялык соттун жыйналышында документтер жарыяланышы, ча-кырылган адамдардын сөзү угулушу мүмкүн; 4) түшүнүктөр, көрсөтмөлөр жана документтер изилденип бүткөндөнкийин Конституциялык сот тараптар кааласа, алардын корутунду сөзүнугат; 5) эгерде маселе жетишээрлик такталса, төрагалык кылуучу судьялар-дын кењешмесинин ачылышын жарыялайт; 6) кењешүү залында өтүп жаткан кењешмеде Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык сотунун судьялары каралып жаткан маселе боюнча көз кара-шын эркин билдире алышат жана башка судьялардан ой-пикирин тактоонуөтүнө алышат; 7) Конституциялык сот кабыл алган чечимге кол коюлгандан кийин тө-рагалык кылуучу аны кењешме залында жарыялайт; 8) эгерде иш каралып жатканда ал Конституциялык сотуна караштууэместиги аныкталса анда арыз ээсине кайсы органга кайрылуусу тийишэкендиги көрсөтүлүп, иш боюнча сот өндүрүшү кыскартылат; 9) жыйналыштын жүрүшүндө арыз ээсинин өз дооматынан баш тартышы,тараптын маселени өз ыктыяры менен алып коюшу сот өндүрүшүн кыскартууганегиз болот; 10) зарыл учурда Конституциялык сот күбөлөрдүн жана эксперттердинкөрсөтмөлөрүн угат, аларга суроолорду берет. Алар көрсөтмөлөрүн берээралдында төрагалык кылуучу күбөнү же экспертти алар көрсөтө берүүдөн баштартса же атайын жалган көрсөтмө берсе, мыйзамдарга ылайык жооп берээ-рин эскертет. Берилген суроолорго жол берүү иштин каралышында сот тарабынан че-чилет. III глава Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун актылары 24-статья. Кыргыз Республикасынын сотунун актыларынын түрү Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту актыларын чечим, кору-тунду, көрсөтүү, аныктама жана послание түрүндө кабыл алат. Конституциялык соттун негизинен каралган иш боюнча актылары КыргызРеспубликасынын Конституциясынын атынан чыгарылуучу чечим деп аталат.Конституциялык соттун чечимине Конституциялык соттун төрагалык кылуучу-су жана Конституциялык соттун секретары кол коюшат. Конституциялык соттун башка актылары протоколдук же өзүнчө аныкта-ма түрүндө чыгарылат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары анык бузулга-дыгы аныкталса, Конституциялык сот буга жол берген компетенттүү орган-дарга жана кызмат адамдарына көрсөтүү киргизип алардын көњүлүн аныктал-ган бузууларга жана бир айлык мөөнөттө аларды четтетүүнүн, кабыл алын-ган чаралар жөнүндө билдирүүнүн зарылдыгына бурат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өзү караган материал-дардын негизинде, Кыргыз Республикасындагы Конституциялык мыйзамдуулук-тун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешине жана Кыргыз Республккасынын Өкмөтүнө жыл сайынпослание жиберет. 25-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечим кабыл алышы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери ачык добушберүү менен кабыл алынат. Судья добуш берүүдөн карманууга же баш тартууга укуксуз. Төрагалыккылуучу бардык учурларда добушунун акыркы болуп берет. Конституциялык сот кайрылууда көрсөтүлгөн дооматты толугу менен жебир бөлүгүн канааттандырса, же болбосо канааттандыруусуз калтырса, ишнегизинен чечилген болуп эсептелинет. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечими жыйналышкакатышкан судьялардын көбү аны колдоп добуш берсе, кабыл алынган болупэсептелинет. Ал эми сунуштардын бирөө да добуштардын көбүн албаса,төрагалык кылуучу добуштарды айрыкча көп алган эки сунушту кайрадан до-бушка коет. Добуштардын саны бирдей болсо, төрагалык кылуучу добуш берген че-чим кабыл алынат. Конституциялык соттун чечими калтыруусуз дароо чыгарылат жана жа-рыяланат. Өзгөчө учурларда өтө татаал иштер боюнча негиздүү чечимдитүзүү он күнгө чейин калтырылышы мүмкүн, бирок чечимдин резолютивдикбөлүгү ошол эле жыйналышта жарыяланат. 26-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын бөтөнчө пикири Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимине макул бол-гон Конституциялык соттун судьясы өзүнүн бөтөнчө пикирин жазып берүүгөжана аны жыйналыштын протоколуна тиркөөгө укуктуу. 27-статья. Кошумча чечим Конституциялык сот өзүнүн демилгеси менен жыйналыштын катышуучула-рынын же чечимди аткарууга милдеттүү жактардын өтүнүчү боюнча тө-мөнкүдөй кошумча чечим чыгарат: 1) Конституциялык соттун чечимин түшүндүрүү жөнүндө маселе коюлса; 2) Конституциялык соттун чечиминде аталыштарда жана белгилөөдө ке-тирилген каталарды, туура эмес жазууну, эсептөө жана башка редакциялоомүнөзүндөгү анык каталарды оњдоого зарыл болгондо. Кошумча чечим Конституциялык соттун негизги чечиминин мазмунуна,маанисине жана көздөгөн максатына каршы келбөөгө тийиш. 28-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечиминин кайрадан каралышы Конституциялык сот төмөнкүдөй деп тапкан учурларда өзүнүн демилге-си боюнча чечимин кайрадан карашы мүмкүн: 1) чечимдер негиз болгон Конституциянын же мыйзамдын нормасыөзгөрүлгөндө; 2) Конституциялык сотко чечим чыгарылып жаткан учурда белгисизболгон ишке маанилүү жањы жагдайлар пайда болгондо; 3) Конституциялык соттук чечими сот өндүрүшүнүн ушул Мыйзамда бел-гиленген тартибин одоно бузуу менен кабыл алынса. 29-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык чечиминин мазмуну Конституциялык сотунун чечиминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 1) чечимдин аталышы, анын чыгарылган күнү жана орду; 2) Конституциялык соттун чечим чыгарган курамы; жыйналыштын секре-тары; 3) тараптар жана алардын өкүлдөрү; 4) дооматтын заты; 5) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Конституциялык со-ту жөнүндөгү мыйзамдардын коюлган маселени кароого Конституциялык сот-тун укугун белгиленген нормалары; 6) арыз ээсинин дооматы; 7) Конституциялык сот тарабынан аныкталган жагдайлар; 8) Конституцияга ылайыктуулугу текшерилген нормативдик актынын такаталышы жана жарыяланган же алынган булагы; 9) кызмат адамынын Конституцияга ылайыктуулугу текшерилген аракетиже чечими; 10) Конституцияга ылайыктуулугу текшерилген укук колдонуу практи-касынын шарттарынын сүрөттөлүшү; 11) Конституциялык сот бүтүмгө келген чечимдин пайдасына жана баш-кача пикирлерди жокко чыгарган негиздер; 12) Конституциялык сот жетекчиликке алган Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын нормасы; 13) чечимдин кыскача мазмуну; 14) чечимди аткаруунун тартиби жана мөөнөтү; 15) чечимдин биротоло чыгарылгандыгын көрсөтүү. 30-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун актыларынын аткарылышы Кыргыз Рсспубликасынын Конституциялык сотунун актылары кабыл алын-ган учурдан баштап күчүнө кирет. Конституциялык соттун чечимдери "Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин ведомостторунда", республикалык гезиттеринде жарыяланат жанатөмөнкүлөргө жиберилет: - тараптарга; - нормативдик актылары каралган мамлекеттик органдарга жана кызматадамдарына. Конституциялык сотунун актыларын аткаруу боюнча көрүлгөн чараларжөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту белгиленген мөөнөттөбилдирилет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев