Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2009-жылдын 19-январы № 8
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине
өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
2008-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. Кодекстин бардык тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сан-
дык формалардагы "уюшкан топ" жана "уюмдашкан топ" деген сөздөр тие-
шелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "уюшкан кылмыштуу топ" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 183-статьянын 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы "ири өлчөмдө жасалган-
да" деген сөздөрдүн алдында "же" деген сөз менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев