Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 1-апрели № 22
Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-беренеде:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын токой фондусу жер мунапысынын объекттерин кошпогондо, мамлекеттин гана менчигинде болот.";
б) 11-берене төмөнкүдөй редакциядагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Токой фондусунун жер мунапыс объекттерине туура келген жерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулган (трансформацияланган) деп эсептелет.";
2) 14-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой фондусунун участоктору жер мунапысынын объекттерине туура келген токой фондусунун жерлерин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын уюмдарына жана жарандарына, чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жарандарга, ошондой эле эл аралык уюмдарга ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган максаттар үчүн пайдаланууга берилиши мүмкүн.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 212-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен коштолсо жана (же) максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
2) 306-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Этиятсыздыктан жерди ууландырууга, булгоого же башкача түрдө бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туш келген жерлерди кошпогондо, чоң аянттардагы түшүмдүү жерди жок кылууга, же болбосо башка олуттуу залал келтирүүгө алып келүүчү уулуу химикаттарды, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө түрткү берүүчү жана башка коркунучтуу химиялык же биологиялык заттарды сактоо, пайдалануу жана ташуу эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, -".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 237-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, айыл чарба жерлеринин жана башка жерлердин бузулуусуна алып келген уулуу химикаттарды, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө түрткү берүүчү же кооптуу башка химиялык же биологиялык заттарды сактоо, пайдалануу жана ташуу эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу -";
2) 239-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдалануунун жаратылышты коргоо режиминин талаптарын бузуу -";
3) 242-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, жерге жайгаштыруу долбоорлорунун жоболорун бузуу -";
4) 247-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, суу коргоо зоналарында же суу фондунун жерлеринде чарбалык иштин режимин бузуу, суу фондунун жерлерин багыты боюнча пайдаланбоо -";
5) 249-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерден тышкары, калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн белгилүү ирригациялык тутумду пайдалануу жана күтүү эрежелерин бузуу -";
5-берене.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) экинчи бөлүктө:
- 12-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) жер мунапысына туура келген жер участокторуна;";
-13-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) бешинчи бөлүктөгү "12 жана 13-пункттары" деген сөздөр "12-пункту" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын;
"7. Өзүмдүк турак үй куруу үчүн белгиленген тартипте берилген калктуу конуштардын жерлеринде курулушка документтерди жол-жоболоштуруу архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде менчик ээсинин же анын өкүлүнүн кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
Жер участокторуна белгиленген тартипте берилген өзүмдүк турак үйдүн долбоордук документтерин курулуштун башкы планында же схемасында жоктугунун себеби боюнча же башкы планда жана схемаларда жер участогунун жок болгондугунун себеби боюнча макулдашуудан баш тартуусуна жол берилбейт.".
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 17-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |