Редакцияот 16.11.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2009-жылдын 16-ноябры № 298                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ            "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына            толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу    2009-жылдын 2-октябрында            Кыргыз Республикасынын Жогорку                                       Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-берене.      "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,  1999-ж.,  № 11, 448-ст.) төмөнкүдөйтолуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:     1. 4-статьянын 3-бөлүгү "ошондой эле сайсыз" деген сөздөрдөн кийин",  узун сайлуу (найынын узундугу 400 миллиметрден ашык)" деген сөз ме-нен толукталсын.     2. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "6-статья. Сыйлык куралы      Кыргыз Республикасынын  Куралдуу Күчтөрүндө,  укук коргоо органда-рында жана мамлекеттик  аскерлешкен  ведомстволорунда  кызматта  турганофицердик курамдагы адамдарга,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын Пре-зидентинин Указы,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемеси, тиешелүүминистрликтер менен ведомстволордун буйруктары,  ошондой эле чет мамле-кеттердин мамлекет жана өкмөт  башчыларынын,  мамлекеттик  органдарынынсыйлык грамоталарынын же башка документтеринин негизинде сыйлык иретин-де ээлик кылууга бир жолудан ашык эмес берилген курал сыйлык куралы дептаанылат.     Кортик, кылыч, найы кыска сайлуу тапанча же ата турган ањчылык ку-рал сыйлык куралы болушу мүмкүн.".     3. 22-статьяда:     1-бөлүктөгү "токтомунун"  деген сөз "тескемесинин" деген сөз мененалмаштырылсын;     статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-бөлүктөр менен толукталсын:     "Сайлуу курал менен  сыйланган  жарандар,  Кыргыз  Республикасынынмыйзамдарында  белгиленген  тартипте,  ар бир беш жылда контролдук атыпкөрүү үчүн ички иштер органдарына куралды берүүгө милдеттүү.     Сыйлык куралын сактоо,  алып жүрүү,  берүү жана ташуу жарандык ку-ралга карата белгиленген нормаларды жана эрежелерди сактоо менен жүзөгөашырылат.     Сайлуу найы кыска куралды жана анын патрондорун  сатууга,  белеккеберүүгө,  алмашууга  жана  мурастоого  жол берилбейт.  Ээси каза болгонучурда сайлуу найы кыска сыйлык куралы аны андан ары  колдонуу  жөнүндөмаселе  чечилгенге чейин ички иштер органдары тарабынан алынат.  Сыйлыккуралынын башка түрлөрүнө ушул Мыйзамдын жарандык куралдар үчүн  карал-ган нормалары колдонулат.".      2-берене.      Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев