Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2009-жылдын 28-марты № 95
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жонундо"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортуулор
жана толуктоолор киргизуу тууралу
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июнундагы № 186,
2010-жылдын 15-мартындагы № 49
Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,
1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-
зилсин:
1. 12-статьяда:
2-пунктта:
- "300 млн." деген сөздөр "1 миллиард" деген сөздөргө алмаштырыл-
сын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Уставдык капитал бөлүштүрүүгө чейинки пайдадан каражаттарды чегерүү
аркылуу түзүлөт.";
5-пункттагы "резерв" жана "түзүлөт" деген сөздөр "резервдер" жана
"түзүлүшөт" деген сөздөргө тиешелүү түрдө алмаштырылсын.
2. 13-статьяда:
1-пункттагы "Мыйзамдын 8-статьясына" деген сөздөрдөн кийин "жана
ушул статьянын 3-пунктуна" деген сөздөр менен толукталсын;
2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Жүзөгө ашырылбаган пайда же зыян капиталда алтын валюталык ак-
тивдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв эсебинде ча-
гылдырылган алтын валюта активдерин жана милдеттенмелерин кайра баалоо-
дон келип түшкөн жүзөгө ашырылбаган кирешелерден жана чыгашалардан ту-
рат.
3. Эгерде алтын валюталык активдерди жана милдеттенмелерди кайра
баалоо боюнча резерв терс калдыктарга ээ боло турган болсо, анда бул
терс калдыктын бардыгы ушул берененин 4-пунктуна ылайык жүргүзүлүүчү
бөлүштүрүлүүчү пайдага киргизилиши керек.";
4-пунктта:
- биринчи абзацтагы "2 жана 3-пункттарын" деген сөздөр "3-пунктун"
деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктчанын алтынчы абзацында:
"кайсы болбосун башка финансылык милдеттенмелерди алып салганда,"
деген сөздөр "кайсы болбосун башка финансылык милдеттенмелерди кошо ал-
ганда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
абзац "эсептеринен," деген сөздөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Рес-
публикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин эсептеринен;" де-
ген сөздөр менен толукталсын;
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эгерде Кыргыз банкы финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча ушул
статьянын 3-пунктун эске алуу менен зыянга учураган болсо, анда бул зы-
яндын орду алтын валюталык активдерди жана милдеттенмелерди кайра баа-
лоо боюнча жана милдеттүү резервдеринин өз калдыктарынын чегинде толту-
рулат.";
6-пунктта:
"2 жана 3-пункттарын" деген сөздөр "3-пунктун" деген сөздөргө ал-
маштырылсын;
- "резерв жана" деген сөздөрдөн кийин "алтын валюталык" деген
сөздөр кошулсун.
2-берене. (КР 2010-жылдын 15-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык
күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев