Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 15-марты № 49
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-статьянын 2-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Уставдык капитал Кыргыз банкынын пайдасынан чегерүүлөр жолу менен каражаттарды бөлүштүргөнгө чейин, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен түзүлөт.".
2-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартындагы № 95 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 226-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июнундагы № 186 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 560-ст.).
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |