Загрузка документа…
КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2009-жылдын 26-майы № 168
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
2009-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5,
157-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
"Төлөмдөр" деген III бөлүм төмөндөгүдөй мазмундагы 19-1-статья ме-
нен толукталсын:
"19-1-статья. Лотереялык ишмердикти жүзөгө ашыруу укугу үчүн төлөм
Лотереялык ишмердикти жүзөгө ашыруу укугу үчүн төлөмдүн өлчөмү,
тартиби жана төгүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бел-
гиленет.
Лотереялык ишмердикти жүзөгө ашыруу укугу үчүн түшкөн сумма өткө-
рүлүүчү лотереянын түрүнө жана лотереяны уюштуруучунун мамлекеттик кат-
тоодон өткөн жерине жараша Кыргыз Республикасынын республикалык же жер-
гиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө которулат".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан баштап үч ай өткөндөн кийин
күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев