Загрузка документа…
КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2009-жылдын 27-июлу № 253
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу
2009-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5,
157-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
19-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик менчикке таандык мүлктү ижарага берген учурда, ижара
акысы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 30 пайызы республикалык бюджетке чегерилет;
- 70 пайызы мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан мамлекеттик
администрациялык имараттарды (жайларды) кармоого жана оњдоого пайдала-
нылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
ар жыл сайын республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун даярдоодо мамлекеттик мүлктү (имараттар, жайлар)
ижарага бергенден алынган ижара акысынан түшкөн кирешелерди
бөлүштүрүүнүн нормативдерин төмөнкүдөй өлчөмдө карасын:
- 30 пайызы республикалык бюджетке чегерилет;
- 70 пайызы мамлекеттик администрациялык имараттарды (жайларды)
кармоого жумшалат;
өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев