Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 26-ноябры № 306
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-мартындагы № 3 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети кирешелер боюнча 21705,3 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 20245,6 млн. сом суммасында жана профициттин жеткен чегинде 1459,7 млн. сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:
Пенсиялык фонд - 2010-жылдын 1-январына карата 4081,1 млн. сом суммасындагы калдыкты эске алуу менен 2010-жылга кирешелер боюнча 20095,5 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча - 18635,8 млн. сом суммасында, профициттин жеткен чегинде 1459,7 млн. сом суммасында;
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду - 2010-жылга кирешелер боюнча 753,0 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча - 753,0 млн. сом суммасында;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - 2010-жылга кирешелер боюнча 761,2 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча - 761,2 млн. сом суммасында;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду - 2010-жылга кирешелер боюнча 95,6 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча - 95,6 млн. сом суммасында.
(КР 2011-жылдын 5-мартындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2011-2012-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин божомолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын:
кирешелер боюнча 2011-жылга божомол - 18900,5 млн.сом, 2012-жылга - 22636,6 млн.сом, чыгашалар боюнча 2011-жылга божомол - 20867,3 млн.сом, 2012-жылга - 23952,7 млн.сом, анын ичинде;
Пенсиялык фонддуку - кирешелер боюнча 2011-жылга божомол - 17038,5 млн.сом, 2012-жылга - 20505,3 млн.сом жана чыгашалар боюнча 2011-жылга божомол - 19005,3 млн.сом, 2012-жылга - 21821,4 млн.сом;
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду - кирешелер боюнча 2011-жылга божомол - 917,2 млн.сом, 2012-жылга - 1094,3 млн.сом жана чыгашалар боюнча 2011-жылга божомол - 917,2 млн.сом, 2012-жылга 1094,3 млн.сом;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - кирешелер боюнча 2011-жылга божомол - 837,5 млн.сом, 2012-жылга - 919,3 млн.сом жана чыгашалар боюнча 2011-жылга божомол - 837,5 млн.сом, 2012-жылга - 919,3 млн.сом;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду - кирешелер боюнча 2011-жылга божомол - 107,3 млн.сом, 2012-жылга - 117,7 млн.сом жана чыгашалар боюнча 2011-жылга божомол - 107,3 млн.сом, 2012-жылга - 117,7 млн.сом;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Пенсиялык фонддун бюджетинин дефицитинин 2011-жылга божомолу - 1966,8 млн.сом, 2012-жылга - 1316,0 млн.сом.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2011-2012-жылдарга жактырылган бюджетинин божомол параметрлери ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда такталат.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджетинин киреше бөлүгү жана 2011-2012-жылдарга божомолу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган түшкөн каражаттардын эсебинен 2010-жылга 21705,3 млн.сом, 2011-жылга божомол - 18900,5 млн.сом, 2012-жылга 22636,6 млн.сом өлчөмүндө түзүлөөрү аныкталсын, анын ичинде фонддор боюнча:
Пенсиялык фонд 2010-жылга - 20095,5 млн.сом, 2011-жылга божомол 17038,5 млн.сом, 2012-жылга - 20505,3 млн.сом;
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду 2010-жылга - 753,0 млн.сом, 2011-жылга божомол - 917,2 млн.сом, 2012-жылга - 1094,3 млн.сом;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2010-жылга - 761,2 млн.сом, 2011-жылга божомол - 837,5 млн.сом, 2012-жылга - 919,3 млн.сом;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 2010-жылга - 95,6 млн.сом, 2011-жылга божомол - 107,3 млн.сом, 2012-жылга - 117,7 млн.сом.
(КР 2011-жылдын 5-мартындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене.
2010-жылы пенсиянын базалык бөлүгүн төлөп берүүгө каражаттардын жылдык керектөөсүнүн 20 пайызы, 2011-жылы - 40 пайызы, 2012-жылы - 60 пайызы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланаары белгиленсин.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен 2010-жылга 5576,7 млн.сом суммасында, 2011-жылга божомол - 6184,2 млн.сом суммасында, 2012-жылга - 8687,4 млн.сом суммасында каржылоо бекитилсин, анын ичинде:
пенсиянын базалык бөлүгүнө 2010-жылга - 1058,3 млн.сом, 2011-жылга божомол - 2221,2 млн.сом, 2012-жылга - 3879,4 млн.сом;
аскер кызматкерлеринин пенсиясына (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын жана башкалардын пенсионерлерине) жана аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулга 2010-жылга - 892,3 млн.сом, 2011-жылга божомол - 667,0 млн.сом, 2012-жылга - 724,8 млн.сом;
пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майыптардын энелерине; алыскы жана барууга кыйын райондордо жашаган бийик тоолуу шарттардагы иш үчүн; "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучусу" ачык акционердик коомунун учуучу жана учуу-сыноочу курамынын кызматкерлерине; № 2 тизме боюнча жана "РЕSАС" программасына кирген ишканалардагы текстиль өндүрүшүндө иштеген адамдарга), пенсияларга үстөктөргө (майыптарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана башка категорияларга; Кыргыз Республикасынын алдындагы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн), компенсацияларды төлөөгө (Чернобыль атомдук электр станциясындагы жана башка жарандык же аскердик багыттагы атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучуларына; эмгектик мертинүү же кесиптик оорусу боюнча майыптарга, "РЕSАС" программасына кирген ишканаларда иштеген, багуучусун жоготкон адамдарга) 2010-жылга - 1904,2 млн. сом, 2011-жылга божомол - 2477,6 млн. сом, 2012-жылга - 3018,6 млн. сом;
пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөөлөргө 2010-жылга - 1721,9 млн.сом, 2011-жылга божомол - 818,4 млн.сом, 2012-жылга - 1064,6 млн.сом.
(КР 2011-жылдын 5-мартындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене.
Фонддор боюнча чыгашалардын статьяларын каржылоо төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:
- Пенсиялык фонддун каражаттары боюнча 2010-жылга - 18635,8 млн.сом, 2011-жылга божомол - 19005,3 млн.сом, 2012-жылга - 21821,4 млн.сом;
- Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунун каражаттары боюнча 2010-жылга - 753,0 млн.сом, 2011-жылга божомол - 917,2 млн.сом, 2012-жылга - 1094,3 млн.сом;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары боюнча 2010-жылга - 761,2 млн.сом, 2011-жылга божомол - 837,5 млн.сом, 2012-жылга - 919,3 млн.сом;
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттары боюнча 2010-жылга - 95,6 млн.сом, 2011-жылга божомол - 107,3 млн.сом, 2012-жылга - 117,7 млн.сом.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 84,4 млн. сом суммасындагы өткөн жылдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз 2010-жылы Пенсиялык фонддун каражатынын эсебинен жоюлууга жата тургандыгы белгиленсин.
Өткөн жылдар үчүн республикалык бюджеттен бөлүп каржылоо боюнча пайдаланылбай калган акча каражаттарынын 180,2 млн. сом суммасындагы калдыгы 2010-жылы Пенсиялык фонддун каражаттарынан Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине кайтарылууга жата тургандыгы белгиленсин.
(КР 2011-жылдын 5-мартындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене.
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунун каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвестициялоого жөнөтүлөөрү белгиленсин.
8-берене.
Фонддор боюнча чыгашалардын статьяларын каржылоо төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2010-жылга жана 2011-2012-жылдарга божомол - 2-тиркемеге ылайык;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун 2012-жылга жана 2011-2012-жылдарга божомол 3-тиркемеге ылайык.
9-берене.
(КР 2011-жылдын 5-мартындагы № 3 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин 2010-жылга чыгашаларын каржылоо жана 2011-2012-жылдарга божомол камсыздандыруу төгүмүнүн жана башка булактардын эсебинен иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду чогултулган каражаттардын тиешелүү камсыздандыруу фонддоруна өз учурунда которулушу үчүн жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.
Мурунку финансылык жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгашаларына каралган пайдаланылбай калган каражаттарын колдонуу укугу менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгашалары келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнүн 3 пайызынан ашпаган өлчөмдө түзүлөөрү жана чыгымдалаары белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бюджетти аткаруу процессинде төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- эгерде бул Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чектеринде ушул Мыйзамдын 1-3-тиркемелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилге кылууга;
- кошумча келип түшүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектеринде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгаша бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилге кылууга.
11-берене.
Бюджеттик жыл деп 1-январдан тартып 31-декабрды кошо алгандагы убакыт эсептеле тургандыгы белгиленсин. Эсептөө мезгили финансылык жылды жана ал аяктагандан кийинки бир айдан ашпаган мезгилди камтыйт, анын ичинде пенсиялык милдеттенмелерди кошпогондо, отчеттук жыл үчүн бюджетти аткаруунун алкагында кабыл алынган милдеттенмелер боюнча операциялар аякталат. Бюджет боюнча операцияларды аяктоонун конкреттүү мөөнөтү жыл сайын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармасы тарабынан аныкталат.
12-берене.
Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012 жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга БОЖОМОЛУ
(КР 2011-жылдын 5-мартындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(млн. сом)
| Позициянын № | 2010-жылга такталган бюджет | 2011-жылга бюджеттин божомолу | 2012-жылга бюджеттин божомолу |
Бардык кирешелер | 1 | 21705,3 | 18900,5 | 22636,6 |
ИДПга карата % менен | 2 | 10,4 | 6,8 | 7,1 |
Жыл башына калдыкты эске алганда Пенсиялык фондго | 3 | 20095,5 | 17038,5 | 20505,3 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна | 4 | 753,0 | 917,2 | 1094,3 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна | 5 | 761,2 | 837,5 | 919,3 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна | 6 | 95,6 | 107,3 | 117,7 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
I. Бардык камсыздандыруу төгүмдөрү | 7 | 11761,0 | 12480,0 | 13623,6 |
Пенсиялык фондго | 8 | 10158,9 | 10704,3 | 11672,9 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна | 9 | 745,3 | 830,9 | 913,7 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна | 10 | 761,2 | 837,5 | 919,3 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна | 11 | 95,6 | 107,3 | 117,7 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү | 12 | 11761,0 | 12480,0 | 13623,6 |
жумуш берүүчүдөн | 13 | 7944,3 | 8325,5 | 9054,9 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 14 | 7087,5 | 7380,7 | 8017,9 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 15 | 761,2 | 837,5 | 919,3 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 16 | 95,6 | 107,3 | 117,7 |
кызматкерден | 17 | 3816,7 | 4154,5 | 4568,7 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 18 | 3071,4 | 3323,6 | 3655,0 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна чегерүүлөр | 19 | 745,3 | 830,9 | 913,7 |
1. Өнөр жай жана башка ишканалар менен уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 20 | 5911,3 | 7645,5 | 8708,1 |
жумуш берүүчүдөн | 21 | 3755,0 | 4839,8 | 5512,5 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 22 | 3281,6 | 4227,4 | 4815,1 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 23 | 420,8 | 544,4 | 619,9 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 24 | 52,6 | 68,0 | 77,5 |
кызматкерден | 25 | 2156,3 | 2805,7 | 3195,6 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 26 | 1735,4 | 2244,5 | 2556,5 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна чегерүүлөр | 27 | 420,9 | 561,2 | 639,1 |
2. Бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 28 | 4517,1 | 3642,2 | 3708,5 |
жумуш берүүчүдөн | 29 | 2869,4 | 2305,6 | 2347,6 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 30 | 2507,6 | 2013,9 | 2050,6 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 31 | 321,6 | 259,3 | 264,0 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 32 | 40,2 | 32,4 | 33,0 |
кызматкерден | 33 | 1647,7 | 1336,6 | 1360,9 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 34 | 1326,2 | 1069,3 | 1088,7 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна чегерүүлөр | 35 | 321,5 | 267,3 | 272,2 |
3. Айыл чарбасынын уюмдашкан секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 36 | 31,3 | 31,4 | 31,4 |
жумуш берүүчүдөн | 37 | 19,9 | 19,9 | 19,9 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 38 | 17,4 | 17,4 | 17,4 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 39 | 2,2 | 2,2 | 2,2 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 40 | 0,3 | 0,3 | 0,3 |
кызматкерден | 41 | 11,4 | 11,5 | 11,5 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 42 | 9,2 | 9,2 | 9,2 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна чегерүүлөр | 43 | 2,2 | 2,3 | 2,3 |
4. Фермер, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 44 | 181,2 | 172,8 | 172,8 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 45 | 166,7 | 158,8 | 158,8 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 46 | 13,0 | 12,4 | 12,4 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 47 | 1,5 | 1,6 | 1,6 |
5. Жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 48 | 215,0 | 183,5 | 198,2 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 49 | 210,5 | 159,4 | 172,2 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 50 | 3,6 | 19,2 | 20,8 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 51 | 0,9 | 4,9 | 5,2 |
6. Жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 52 | 5,0 | 4,6 | 4,6 |
жумуш берүүчүдөн | 53 | 3,8 | 3,9 | 3,9 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 54 | 3,7 | 3,8 | 3,8 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 55 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 56 | 0,1 | 0,1 | 0,1 |
кызматкерден | 57 | 1,2 | 0,7 | 0,7 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 58 | 0,6 | 0,6 | 0,6 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна чегерүүлөр | 59 | 0,6 | 0,1 | 0,1 |
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыл ичиндеги бардык түшүүлөрү | 60 | 10861,0 | 11680,0 | 12823,6 |
жумуш берүүчүдөн | 61 | 7044,3 | 7525,5 | 8254,9 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 62 | 6187,5 | 6580,7 | 7217,9 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 63 | 761,2 | 837,5 | 919,3 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 64 | 95,6 | 107,3 | 117,7 |
кызматкерден | 65 | 3816,7 | 4154,5 | 4568,7 |
Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 66 | 3071,4 | 3323,6 | 3655,0 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна чегерүүлөр | 67 | 745,3 | 830,9 | 913,7 |
Өткөн жылдардагы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 68 | 900,0 | 800,0 | 800,0 |
II. Башка кирешелер (дивиденддер жана башкалар) | 69 | 278,8 | 150,0 | 145,0 |
III. Республикалык бюджеттен түшүүлөр | 70 | 5576,7 | 6184,2 | 8687,4 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
пенсиянын базалык бөлүгү | 71 | 1058,3 | 2221,2 | 3879,4 |
электр энергиясына берүүнү эске алуу менен компенсация | 72 | 1721,9 | 818,4 | 1064,6 |
аскер кызматчыларынын пенсиялары жана камсыздандыруу | 73 | 892,3 | 667,0 | 724,8 |
пенсиялар жана пенсияларга кошумча төлөөлөр | 74 | 1904,2 | 2477,6 | 3018,6 |
IV. Инвестициялардан түшкөн кирешелер (МТПФ каражаттарынан) | 75 | 7,7 | 86,3 | 180,6 |
Бардык чыгымдар | 76 | 20245,6 | 20867,3 | 23952,7 |
ИДПга карата % менен | 77 | 9,7 | 7,5 | 7,5 |
I. Пенсиялык каражаттар боюнча | 78 | 18635,8 | 19005,3 | 21821,4 |
пенсиялар | 79 | 14820,8 | 16550,0 | 18940,8 |
электр энергиясына | 80 | 1693,1 | 804,7 | 1046,8 |
компенсация жеткирүү боюнча чыгымдар | 81 | 254,0 | 298,6 | 343,9 |
банктык тейлөөгө кетүүчү чыгымдар | 82 | 59,9 | 56,7 | 70,2 |
аскер кызматчыларынын пенсиялары жана камсыздандыруу | 83 | 892,3 | 667,0 | 724,8 |
сөөк коюу пособиеси | 84 | 170,0 | 208,8 | 243,6 |
персоналдаштырылган эсепке алуу боюнча чыгымдар | 85 | 10,0 | 10,0 | 10,0 |
Социалдык фондунун администрациялык чыгымдары | 86 | 377,1 | 349,5 | 381,3 |
башка чыгымдар | 87 | 94,0 | 60,0 | 60,0 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна карыздарды жоюу чыгымдары | 88 | 84,4 |
|
|
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча пайдаланылбаган акчалай каражаттардын калдыгын кайтаруу | 89 | 180,2 |
|
|
II. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна | 90 | 753,0 | 917,2 | 1094,3 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
инвестициялоого байланыштуу чыгашаларды төлөө | 91 | 0,0 | 24,9 | 27,4 |
пенсия төлөө | 92 | 0,0 | 30,2 | 51,6 |
инвестициялоого багытталган пенсиялык топтоолор | 93 | 753,0 | 862,1 | 1015,3 |
III. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна | 94 | 761,2 | 837,5 | 919,3 |
IV. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна дефицит (-), профицит (+) | 95 96 | 95,6 1459,7 | 107,3 -1966,8 | 117,7 -1316,0 |
Пенсиялык фонддун | 97 | 1459,7 | -1966,8 | -1316,0 |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунун | 98 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун | 99 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун |
|
|
|
|
| 100 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
ИДП | 101 | 207810,6 | 279553,4 | 320071,5 |
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012 жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2-тиркеме
|
(КР 2011-жылдын 5-мартындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(млн. сом)
| Позициянын № | 2010-жылга такталган бюджет | 2011-жылга бюджеттин божомолу | 2012-жылга бюджеттин божомолу |
Бардык кирешелер | 1 | 845,6 | 837,5 | 919,3 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү | 2 | 761,2 | 837,5 | 919,3 |
өнөр жай жана башка ишканалар менен уюмдардан | 3 | 420,8 | 544,4 | 619,9 |
бюджеттик уюмдардан | 4 | 321,6 | 259,3 | 264,0 |
айыл чарбасынын уюмдашкан секторунан | 5 | 2,2 | 2,2 | 2,2 |
фермер, дыйкан чарбаларынан | 6 | 13,0 | 12,4 | 12,4 |
жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдөн | 7 | 3,6 | 19,2 | 20,8 |
өткөн жылдардагы карыздарды жоюу | 8 | 84,4 |
|
|
Бардык чыгымдар | 9 | 845,6 | 837,5 | 919,3 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
медициналык кызматтарды каржылоо | 10 | 770,1 | 772,0 | 852,8 |
административдик чыгымдар | 11 | 66,0 | 55,5 | 56,0 |
маалыматтык камсыздоого чыгымдар | 12 | 5,5 | 6,0 | 6,5 |
саламаттыкты сактоону колдоо фонду | 13 | 4,0 | 4,0 | 4,0 |
бюджеттин дефицити (-), профицити (+) | 14 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012 жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 3-тиркеме |
(КР 2011-жылдын 5-мартындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(млн. сом)
| Позициянын № | 2010-жылга такталган бюджет | 2011-жылга бюджеттин божомолу | 2012-жылга бюджеттин божомолу |
Бардык кирешелер | 1 | 95,6 | 107,3 | 117,7 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү | 2 | 95,6 | 107,3 | 117,7 |
өнөр жай жана башка ишканалар менен уюмдардан | 3 | 52,6 | 68,0 | 77,5 |
бюджеттик уюмдардан | 4 | 40,2 | 32,4 | 33,0 |
айыл чарбасынын уюмдашкан секторунан | 5 | 0,3 | 0,3 | 0,3 |
фермер, дыйкан чарбаларынан | 6 | 1,5 | 1,6 | 1,6 |
жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдөн | 7 | 0,9 | 4,9 | 5,2 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын | 8 | 0,1 | 0,1 | 0,1 |
Бардык чыгымдар | 9 | 95,6 | 107,3 | 117,7 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
санаториялык курорттук дарылануу жана эс алуу | 10 | 60,8 | 60,7 | 66,6 |
санаторий- профилакторийлерди кармоо | 11 | 4,7 | 9,4 | 10,4 |
ден соолукту чыңдоо борборлорун кармоо | 12 | 27,2 | 33,9 | 37,2 |
уюштуруу-административдик чыгымдар | 13 | 2,9 | 3,3 | 3,5 |
бюджеттин дефицити (-), профицити (+) | 14 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |