Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 24-июлу № 242
Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2014-жылдын 29-ноябрындагы № 161, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2021-жылдын 15-январындагы N 6, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын коргоо иштеринин негиздерин жана уюштурууну, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын жана милдеттерин; уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактардын милдеттерин; Кыргыз Республикасынын жарандарынын коргоо жаатындагы укуктарын жана милдеттерин; коргоо үчүн тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамын, түзүмүн жана арналышын; коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктайт.
1-бөлүм Жалпы жоболор
1-берене. Коргоонун негиздери
Коргоо улуттук коопсуздуктун элементи жана мамлекеттин эң маанилүү иш-милдеттеринин бири болуп саналат, мунун өзү куралдуу коргонууга даярдык боюнча саясий, экономикалык, аскердик, социалдык, укуктук жана башка чаралардын тутуму жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, коомун жана жарандарын куралдуу коргоону түшүндүрөт.
Коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык укуктун негиз болуучу принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык уюштурулат жана ишке ашырылат.
Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү (мындан ары - Куралдуу Күчтөр), башка аскердик түзүлүштөр, аскердик-экономикалык камсыздоонун бирдиктүү тутуму түзүлөт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын аскердик милдеттери жана мамлекеттик органдардын, уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактардын, ошондой эле транспорттук каражаттардын ээлеринин аскердик-транспорттук милдеттери белгиленет.
Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн куралдары, аскердик техникалары жана мүлктөрү мамлекеттик менчик болуп саналат жана аларда чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда болот.
2-берене. Коргоону уюштуруу
Коргоону уюштурууга төмөнкүлөр кирет:
1) согуш коркунучун жана согуш кооптуулугун болжолдоо, аныктоо жана баалоо;
2) коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу;
3) коргоо жаатында укуктук жөнгө салуу;
31) коргоону жана Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү колдонууну пландоо;
4) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү аскердик коопсуздукту жана коргоону камсыз кылууга даярдыкта өнүктүрүү, даярдоо жана кармап туруу;
5) коргонууну камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүүгө мамлекеттин жана мамлекеттик органдардын экономикасынын мобилизациялык даярдыгы;
6) мамлекеттик органдарды жана өлкөнүн экономикасын согуш мезгилинин шарттарында иштөөгө өткөрүүнү уюштуруу жана мобилизацияны пландаштыруу;
7) калкты, аскердик үйрөтүлгөн резервдерди жана Кыргыз Республикасынын аймагын коргоого даярдоо;
8) мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, Кыргыз Республикасынын аймагын жана аба мейкиндигин коргоо;
9) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү курал-жарак, аскердик техника, ок-дарылар, аскердик-техникалык, буюмдук мүлк, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар жана башка материалдык-техникалык каражаттар менен тынчтык жана согуш мезгилдеринде камсыз кылуу;
10) мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин запастарын, мамлекеттик азайбас запастарды түзүү;
11) коргоо жаатындагы мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды сактоону камсыз кылуу;
12) аскердик илимди жана аскердик кадрларды даярдоо тутумун өнүктүрүү;
13) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү жана өркүндөтүү, ошондой эле радиожыштык спектрин коргоо кызыкчылыктарында пайдаланууну пландоо;
14) аскердик иштерге байланыштуу айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
15) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коргоо жаатындагы иштерин координациялоо;
16) аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле аскер кызматынан бошонгон адамдарды социалдык коргоону камсыз кылуу;
17) жамааттык коопсуздук жана коргоо максатында эл аралык кызматташтык;
18) коргоо жаатындагы башка иш-чаралар.
(КР 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Кыргыз Республикасынын коргоо жаатындагы мыйзамдары
Коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык келишимдерге негизделинет жана коргоо жаатында өзүнө конституциялык мыйзамдарды, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын камтыйт.
2-бөлүм Куралдуу Күчтөр, алардын арналышы жана курамы
4-берене. Куралдуу Күчтөрдүн арналышы
Куралдуу Күчтөр - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды ишенимдүү коргоону камсыздоо жана эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн арналган мамлекеттик аскердик уюм.
5-берене. Куралдуу Күчтөрдү түзүүнүн принциптери
Куралдуу Күчтөрдү куруунун принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өзүн өзү коргоо жана коргонуунун жетиштүүлүгү;
2) аскердик жетекчиликти борбордоштуруу жана укуктук негиздеги бир башчылык;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жарандык коомдун контролдугунда болуу;
4) Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүү жана алардын күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоо;
5) башкаруунун натыйжалуулугу;
6) өздүк курамды тарбиялоонун, окутуунун жана кадрларды даярдоонун биримдиги;
7) уюштуруучулук жана функционалдык түзүмдөрдүн модулдуулугу;
8) аскер кызматчыларынын укуктарын сактоо жана социалдык коргоо.
9) коргоону уюштурууга жана Куралдуу Күчтөрдү курууга көз караштардын биримдиги;
10) Куралдуу Күчтөрдү куруунун, өнүктүрүүнүн, даярдоонун жана колдонуунун теориясынын жана практикасынын улануучулугу;
11) Куралдуу Күчтөрдүн курамынын, уюштуруучулук-штаттык түзүмүнүн, санынын мамлекеттин демографиялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө, тынчтык мезгилинде аскердик коопсуздукту жана согуш мезгилинде куралдуу коргонууну камсыз кылуу милдеттерине ылайыктуулугу;
12) илимийлүүлүк;
13) тынчтык жана согуш убагындагы уюштуруучулук түзүмдөрдүн бирдиктүүлүгү;
14) Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүүдө, алардын курамын жана жабдылышын аныктоодо сапаттык көрсөткүчтөрдүн артыкчылыгы;
15) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн кубатын аскердик коркунучтун күчөшүнө жараша көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, мобилизациялык резервди алдын ала топтоо жана даярдоо.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн курамы, милдеттери
1. Куралдуу Күчтөр аскердик башкаруу органдарынан, Куралдуу Күчтөрдүн түрлөрүнүн бирикмелеринен, кошуундарынан, бөлүктөрүнөн, бөлүкчөлөрүнөн жана мекемелеринен, Куралдуу Күчтөрдүн аскерлеринин, атайын аскерлеринин, атайын түзүмдөрүнүн жана ооруктун түрлөрүнөн турат.
Бирикмелер, кошуундар, бөлүктөр жана мекемелер юридикалык жактын укуктарына ээ.
Мекемелерге ошондой эле аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары болуп саналган аскер комиссариаттары да кирет.
Согуш мезгилинде Куралдуу Күчтөр өз милдеттерин башка аскердик түзүмдөр менен өз ара аракеттенип аткарат.
2. Куралдуу Күчтөрдүн милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды баскынчылыктан куралдуу коргоо;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын куралдуу коргоого катышуу;
3) аймактык коргонууга катышуу;
4) өзгөчө жана согуштук абалдардын режимдерин кармоо;
5) мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жана табигый, технотектүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу;
6) терроризмге жана экстремисттик иш-аракетке каршы күрөшүүгө катышуу;
7) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту кармоо боюнча иш-аракеттерге катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттерди кайтарууга катышуу;
9) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка милдеттер.
3. Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоого мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскердик түзүлүштөрү жана аймактык коргоо милдеттерин чечүү үчүн түзүлүүчү резервдик түзүлүштөр (башка аскердик түзүлүштөр) тартылат.
Башка аскердик түзүлүштөрдүн милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
(Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2014-жылдын 29-ноябрындагы № 161, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене. Куралдуу Күчтөргө жетекчилик
1. Кыргыз Республикасын коргоого жана Куралдуу Күчтөрүнө жогорку жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы) - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасы (мындан ары - Коргоо кеңеши) жүзөгө ашырат.
2. Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу конституциялык кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
Коопсуздук кеңешинин иштөө тартиби Мыйзам менен белгиленет.
3. Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоого жана колдонууга түздөн-түз жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы) жүзөгө ашырат, ал аскердик башкаруунун борбордук органы жана Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү ыкчам башкаруунун башкы органы болуп саналат.
Согуштук же өзгөчө абалды киргизүүдө Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын, өзүнүн компетенциясынын чектеринде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат.
4. Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө мамлекеттик аскердик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө кирген, коргоо маселелерин алып баруучу мамлекеттик орган ишке ашырат, жетекчинин ыйгарым укугуна тиешелүү маселелер боюнча анын буйруктары, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса, Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүлүштөр үчүн милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-берене. Куралдуу Күчтөрдү жайгаштыруу
1. Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин жайгаштыруу коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча коргоо милдеттерине жана жайгашуу ордунун социалдык-экономикалык шарттарына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан аныкталат.
2. Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелерин, аскердик бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн (мекемелерин) Куралдуу Күчтөрдүн колдонуусуна берилген жерлердин чектеринде кайра жайгаштырууну коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-берене. Куралдуу Күчтөрдү комплекттөө
Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүлүштөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контракт боюнча ыктыярдуу жана аскердик милдеттин негизинде жергиликтүү аскердик башкаруу органдары аркылуу комплекттелет.
10-берене. Куралдуу Күчтөрдү колдонуу
1. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан бекитилген пландар боюнча Куралдуу Күчтөр колдонулат.
Бекитилүүчү документтердин тизмеси жана аларды иштеп чыгуунун мезгилдүүлүгү Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан белгиленет.
2. Кыргыз Республикасына күтүүсүз кол салынган же согуштук аракеттер (согуштук инциденттер, согуштук акциялар түрүндө жана куралданууну, аскердик техниканы колдонуу менен чектелген масштабдагы башка аскердик кагылышуулар) анык башталган учурунда Куралдуу Күчтөрдүн жетекчилиги жана аскердик командачылык согуштун жарыяланышын жана согуштук абалдын киргизилишин күтпөстөн, агрессиянын мизин кайтаруу үчүн чараларды көрүүгө, ошондой эле коргонууну камсыз кылуу маселелерине аскердик каттоодо турган жана резервдик түзүмдөрдүн курамына киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандарын тартууга милдеттүү.
3. Эл аралык келишимдерге ылайык милдеттерди аткаруу үчүн Куралдуу Күчтөрдү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары колдонуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
4. Куралдуу Күчтөрдү ички мамлекеттик саясий максаттарга жетүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

3-бөлүм Мамлекеттик органдардын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары. Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарынын жана башка юридикалык жактардын коргоо жаатындагы милдеттери. Жарандардын коргоо жаатындагы укуктары жана милдеттери
11-берене. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын - Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары
Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы - Кыргыз Республикасынын Президенти:
1) Куралдуу Күчтөрдүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана бошотот;
2) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт, Кыргыз Республикасына агрессия болгон же түздөн-түз агрессиянын коркунучу учурунда согуштук абалды жарыялайт жана бул маселени дароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
3) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуштук абалды жарыялайт жана бул маселени дароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
4) согуштук абалдын киргизилиши менен Кыргыз Республикасын коргоону жетектейт;
5) согуш аракеттерин жүргүзүүгө Куралдуу Күчтөргө жана башка аскердик түзүлүштөргө директива чыгарат;
6) согуштук убактын ченемдик актыларын колдонууга киргизет жана алардын колдонулушун токтотот, согуштук убактын мамлекеттик органдарын түзөт жана жоет;
7) Коопсуздук кеңешин жетектейт, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө жобону бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук концепциясын, аскердик доктринасын бекитет;
9) стратегиялык пландоо документтерин бекитет;
10) Куралдуу Күчтөрдүн аракеттеринин кызыкчылыгында аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүү, экономиканы, калкты, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, аймактарды мобилизациялык даярдоо программаларын (пландарын) жана Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча башка программаларды бекитет;
11) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдары үчүн аскердик кийимдердин формасын жана аларды кийип жүрүү эрежелерин аныктайт;
13) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн тууларынын жана желектеринин жоболорун жана сүрөттөлүшүн бекитет;
14) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жогорку офицердик курамдын адамдары дайындалуучу кызмат орундардын тизмегин белгилейт;
15) жогорку аскердик наамдарды ыйгарат;
16) жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жөнүндө, мобилизациялоо боюнча жана аларды запаска бошотуу жөнүндө жарлыктарды чыгарат;
17) коргоо жана коопсуздук жаатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
18) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Куралдуу Күчтөрдү анын чегинен тышкары пайдалануу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
19) Кыргыз Республикасынын коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

12-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:
1) аскердик анттын текстин, Куралдуу Күчтөрдүн аскердик уставдарын бекитет;
2) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө (тиешелүү жылга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коргоого кеткен чыгашаларды карайт жана бекитет;
3) аскердик наамдарды белгилейт;
4) коргонуу, жамааттык коопсуздук жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялайт жана денонсациялайт;
5) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча эл аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Куралдуу Күчтөрдү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары колдонуу жөнүндө маселелерди чечет;
6) согуш жана тынчтык маселелерин чечет; согуштук абалды киргизет, согуштук абалды жарыялайт, ушул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
13-статья. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары
(Берененин аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) мамлекеттик эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү сактоо, конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;
2) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн абалы жана комплектелиши үчүн жоопкерчилик тартат;
3) коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылат;
4) коргонуу чыгымдары боюнча тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизет;
5) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү куралдар жана аскердик техникалар менен жабдууну, аларды материалдык каражаттар, ресурстар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууну уюштурат;
6) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларынын (пландарынын) аткарылышын, ошондой эле аскердик-каттоо адистиктери боюнча жарандарды даярдоону финансылык жана материалдык каражаттар менен камсыз кылат;
7) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн инфратүзүмүн өнүктүрүүнү камсыз кылат;
8) коргонуу өндүрүшүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын, мобилизациялык пландарды жана тапшырмаларды, мобилизациялык жана мамлекеттик резервдерди (запастарды) топтоо пландарын иштеп чыгууну жана аткарууну уюштурат;
9) аскердик каттоо тартибин аныктайт жана аскердик кызматка, аскердик жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырууга тийиштүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын контингенттери жөнүндө Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына сунуштарды даярдайт;
10) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, уюмдарды мобилизациялык даярдоого, ошондой эле транспортту, байланышты жана өлкөнүн калкын даярдоого жетекчиликти жүзөгө ашырат;
11) аскердик-транспорттук милдеттер, резервдик түзүлүштөр, чакыруу участокторуна жарандарды каттоону жүргүзүү, аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жөнүндө жоболорду бекитет;
12) мамлекеттик органдарды жана өлкөнүн экономикасын согуш мезгилиндеги (өзгөчө мезгилдеги) шарттарда иштөөгө өткөрүү пландарын иштеп чыгууну жана аткарууну уюштурат;
13) коргоо кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуу иш-чараларын пландайт, камсыз кылат жана өткөрөт;
14) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн муктаждыктары үчүн жерлерди, токойлорду, сууларды жана башка жаратылыш ресурстарын берүү жана пайдалануу тартибин аныктайт;
15) коргоо муктаждыктары үчүн алардын мүлктөрүн пайдалануу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жарандары тарткан чыгымдардын ордун толтуруу тартибин аныктайт;
16) аскердик продукцияны чыгаруучу мамлекеттик ишканаларды түзүү, кайра профилдештирүү жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
17) Куралдуу Күчтөрдүн мобилизациялык керектөөлөрүнө ылайык жарандарды аскердик кызматка даярдоо маселелерин аныктайт;
18) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде камтылган коргоо маселелери боюнча милдеттенмелерди аткарууну берилген ыйгарым укуктарынын чегинде уюштурат;
19) аскер кызматчыларын, аскердик кызматтан бошогон адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;
20) куралдарды жана аскердик техниканы, коргоо объекттерин жана башка аскердик-техникалык мүлктү өткөрүп берүү, ижарага тапшыруу, сатуу, жоюу жана эсептен чыгаруу тартибин белгилейт;
21) куралдардын жана аскердик техниканын, стратегиялык материалдардын, коргоо жаатындагы алдыңкы технологиялардын жана кош арналыштагы продукциянын экспортуна жана импортуна контролду уюштурат;
22) аскердик жана аскердик-техникалык маселелер боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөө, аскердик коркунучтун деңгээлин өз ара төмөндөтүү жана жамааттык коопсуздук тутумун түзүү боюнча чараларды аныктайт;
221) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет мамлекеттердеги аскер атташелерин жана байланыш офицерлерин дайындоо тартибин, багуу шарттарын, функцияларын, укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле алардын статусун, социалдык кепилдиктерин, кол тийбестигин жана артыкчылыктарын берүүнүн тартибин аныктайт;
23) аймактык коргоонун муктаждыктары үчүн мамлекеттик финансылык жана материалдык резервдерди түзүүнү камсыз кылат;
24) аскердик кызматты өтөө тартибин аныктайт;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын коргоо жана аскердик коопсуздугун камсыз кылуу жаатында башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

14-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары
Мамлекеттик органдардын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкү маселелерди чечүү үчүн белгиленет:
1) коргоо муктаждыктары үчүн зарыл болгон продукцияны өндүрүү жана берүү;
2) экономиканы мобилизациялык даярдоо, согуш мезгилинде анын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
3) коргоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуу боюнча иш-чараларды камсыз кылуу;
4) аймактык коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасын коргоону уюштурууга жана куралдуу коргоого катышуу;
6) Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка даярдоого катышуу;
7) Куралдуу Күчтөр менен бирдикте ыкчам жана мобилизациялык даярдоо;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка милдеттер.

15-берене. Коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги ыйгарым укуктары
1. Коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) аскердик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
2) куралданууну, аскердик жана атайын техниканы өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын бирдиктүү аскердик-техникалык саясатын жүргүзөт;
3) коргонуу-өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана аткарууга катышат;
4) Куралдуу Күчтөрдү ар тараптан камсыз кылууну уюштурат жана жетектейт, Куралдуу Күчтөрдүн тынчтык жана согуш убагындагы аскердик жана оперативдик запастарга жана мамлекеттик материалдык резервдерге болгон муктаждыгын аныктайт;
5) аскер мыйзамдарын иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
6) аскер комиссариаттарынын иштерин, аскердик каттоону уюштурууну, жарандарды аскердик кызматка даярдоону, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматка, аскердик (мобилизациялык) жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырууну, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө аскердик-каттоо адистиктери боюнча аскердик-окутулган резервди түзүүнү жана топтоону камсыз кылат;
7) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет мамлекеттердеги аскер атташелеринин жана байланыш офицерлеринин кызматын уюштуруунун эрежелерин жана кызмат өтөөнүн шарттарын бекитет;
8) аскер кызматын өтөөнү, аскер кадрларын даярдоону жана аскердик илимди өнүктүрүүнү уюштурат;
9) эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты уюштурат;
10) Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын, аскердик кызматтан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн социалдык жана укуктук коргоону камсыз кылат;
11) Куралдуу Күчтөрдө коррупцияга каршы иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
12) экономиканын мобилизациялык даярдыгын уюштурууга катышат, Кыргыз Республикасынын аймагын оперативдик жабдуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
13) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
14) өз компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарда мезгилдүү баяндамаларды даярдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга көмөктөшөт;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик саясат чөйрөсүндөгү башка милдеттерди чечет.
2. Коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси:
1) Куралдуу Күчтөрдү куруунун, өнүктүрүүнүн пландарын (программаларын) иштеп чыгууга катышат жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде алардын жүзөгө ашырылышын контролдойт;
2) бюджетти жана мамлекеттик коргонуу заказдарын түзүүдө коргоого жумшалуучу чыгымдар боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
3) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бөлүнгөн акча каражаттарынын пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
4) Президенттин - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын чечими боюнча пландуу тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасына капыстан куралдуу кол салынган (аскердик агрессия) учурда - өз алдынча, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы аркылуу (Кыргыз Республикасынын Президентине дароо билдирүү менен) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдыктын түрдүү даражаларына келтирет жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
5) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдыктын түрдүү даражаларына келтирүүнү жана аскердик коопсуздукту камсыз кылууну стратегиялык пландоо пландарын колдонууга киргизүүнү белгиленген тартипте жетектейт, Куралдуу Күчтөрдүн айрым кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин колдонууга буйруктарды берет;
6) Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн, чакыруу боюнча аскердик кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан бошотуу жөнүндө, ошондой эле жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу тууралуу буйруктарды чыгарат;
8) коргонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ишти уюштурат;
9) Куралдуу Күчтөрдү комплекттөө үчүн аскер кадрларын даярдоонун принциптерин жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, аларды даярдоону камсыз кылат;
10) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатындагы ишин жетектейт;
11) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкаруу органдарынын, кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларына өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аскердик наамдарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте ыйгарат;
12) аскердик башкаруу органдарынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен коргонуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштурат жана жүзөгө ашырат;
13) Куралдуу Күчтөрдүн инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү планын иштеп чыгат;
14) мамлекеттик органдарды жана өлкөнүн экономикасын аскердик убакыттын (өзгөчө мезгилдин) шарттарында иштөөгө которуу пландарын иштеп чыгууга жана аткарууга катышат;
15) коргонуу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана аткарууга катышат; коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызыкчылыгында куралдануунун, аскердик жана атайын техниканын үлгүлөрүн чыгаруу жана өркүндөтүү боюнча министрликтер, административдик ведомстволор жана мекемелер тарабынан аткарылуучу илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин программаларын бекитет;
16) жерлерди, токойлорду, сууларды жана башка жаратылыш ресурстарын Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыгы үчүн берүү жана пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
17) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын жана жарандарынын коргонуу муктаждыгы үчүн мүлктөрүн пайдалангандыгына байланыштуу алар тарткан чыгымдарды компенсациялоонун тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
18) коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын жүзөгө ашырылышын контролдойт;
19) Куралдуу Күчтөрдүн мобилизациялык муктаждыктарына ылайык аскердик продукцияны чыгаруучу мамлекеттик ишканаларды, жогорку (орто) кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүүчү уюмдарын түзүү, багытын өзгөртүп түзүү жана жоюу боюнча, ошондой эле жарандарды аскердик кызматка даярдоо маселелери боюнча сунуштарды киргизет;
20) берилген ыйгарым укуктарынын чектеринде коргонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде камтылган милдеттенмелерди аткарууну уюштурат;
21) аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;
22) куралдарды жана аскер техникаларын, коргонуу объекттерин жана башка аскердик-техникалык мүлктү өткөрүп берүүнүн, ижарага берүүнүн, сатуунун, жоюунун жана эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
23) ички аудит боюнча ишти уюштурат;
24) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде куралдарды жана аскер техникаларын, стратегиялык материалдарды, коргонуу чөйрөсүндөгү алдыңкы технологияларды жана кош арналыштагы продукцияларды экспорттоону жана импорттоону контролдоону уюштурат;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет;
26) аскердик наамдарды ыйгаруунун тартиби жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
27) Куралдуу Күчтөр, башка аскердик түзүмдөр үчүн аскердик кийим формасынын бирдиктүү стандарттарын белгилөө жана аны кийип жүрүүнүн эрежелери, башка мамлекеттик органдар үчүн айырмалоо белгилери жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
28) башкаруу органдарынын жана баш ийген аскерлердин (күчтөрдүн) кызматтык ишинин бардык маселелери боюнча буйруктарды, директиваларды жана тескемелерди чыгарат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кызмат орду саясий мамлекеттик кызмат орду болуп саналат, аны жарандык адам ээлеши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
151-берене. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын ыйгарым укуктары
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коргоо жаатындагы милдеттери
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана аймагынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) коргоо жана аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошогон адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык-укуктук жактан коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка укуктук ченемдик актыларынын аткарылышын камсыз кылууга;
2) Куралдуу Күчтөрдүн кызыкчылыгында өздөрүнүн аймагынын жана коммуникацияларынын оперативдүү жабдуу планын иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга катышууга;
3) Кыргыз Республикасынын жарандарынын аскердик каттоосун жана аларды аскер кызматына даярдоону жана мобилизациялоону аларды аскер кызматына жана аскердик жыйымдарга чакырууну уюштурууга жана камсыз кылууга;
4) мобилизация учуруна жана согуш мезгилине мамлекеттик бийлик органдарында жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактарда иштегендердин арасынан Кыргыз Республикасынын жарандарын брондоону жүзөгө ашырууга;
5) коргоо муктаждыгы үчүн транспорттордун жана башка техникалык каражаттардын мобилизациялык даярдыгын камсыз кылууга;
6) Кыргыз Республикасынын жарандарына аскердик-патриоттук тарбия берүүнү уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;
7) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын согуш мезгилиндеги жумушка которууну, ошондой эле мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык каражаттарынын топтолушунун пландарынын жана тапшырмаларынын аткарылышын камсыз кылууга;
8) өзүнүн аймагында аймактык коргоо жана жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана анын аткарылышын камсыз кылууга катышууга;
8-1) резервдик түзүлүштөргө аскерге милдеттүүлөрдү тандоого, каттоого катышуу, аларды даярдоону уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоого;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, карамагында коргоо маселелери болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандык коргонууну жана аймактык коргоону уюштурууну жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
(КР 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
17-берене. Юридикалык жактардын коргоо жаатындагы милдеттери
Уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жактардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык:
1) келишимдик милдеттенмелерин аткарышат, ал эми согуш мезгилинде - курал-жарактарды жана аскердик техниканы, башка аскердик-техникалык мүлктү жана ресурстарды түзүү, өндүрүү, берүү жана оңдоо боюнча, Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыктары үчүн келишим менен иштелүүчү жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча мамлекеттик заказдарды аткарышат;
2) жарандык коргонуу иш-чараларын уюштурушат жана өткөрүшөт;
3) эгерде мыйзамда башка жагдайлар белгиленбесе, келишимдик негизде мобилизациялык пландарда жана тапшырмаларда, мобилизациялык жана мамлекеттик резервдерди топтоо пландарында каралган иш-чараларды жүзөгө ашырышат;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик-транспорттук милдетти аткарышат;
5) өздөрүнүн кызматкерлерине аскердик милдеттерин аткаруу үчүн керектүү шарттарды түзүп беришет;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлердин аскердик каттоосун жүзөгө ашырышат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кеткен чыгашаларга андан ары компенсация алуу менен улуттук коопсуздукту (коргоону) камсыз кылуу максатында мекемелерди, курулмаларды, транспорттук каражаттарды жана алардын менчигинде болгон башка мүлктөрдү беришет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.
(КР 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын коргоо жаатындагы милдеттери жана укуктары
Кыргыз Республикасынын жарандары аскердик жана альтернативдик кызмат өтөө жолу менен Ата Мекенди коргоо боюнча конституциялык парзды жана милдетти аткарат. Аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
Кыргыз Республикасынын жарандары ушул Мыйзамга ылайык:
1) өтүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү;
2) аймактык коргоо жана жарандык коргонуу иш-чараларына катышат;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте кийин компенсация алуу менен мамлекеттик органдардын талабы боюнча улуттук коопсуздукту (коргоону) камсыз кылуу максатында имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын жана өздөрүнүн менчигинде болгон башка мүлктү беришет;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.

4-бөлүм Согуштук (куралдуу жаңжал) абал. Аскердик абал. Жарандык коргонуу. Аймактык коргоо
(Бөлүмдун аталышы КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Согуштук (куралдуу жаңжал) абал
Согуш абалы Кыргыз Республикасына агрессия же агрессиянын түздөн-түз коркунучу болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланат жана бул маселе дароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.
Согуш жарыяланган же согуш аракеттери башталган учурдан тартып согуш мезгили башталат, ал согуш аракеттери токтотулгандыгы жөнүндө жарыялангандан кийин жана анык токтогондо бүтөт. Кыргыз Республикасына күтүлбөгөн жерден кол салган учурда Куралдуу Күчтөрдүн жетекчилиги жана аскер командачылыгы согушту жарыялоону күтпөстөн, агрессиянын мизин кайтаруу үчүн чара көрүүгө милдеттүү.
Куралдуу жаңжал курал-жарактарды жана аскердик техниканы колдонуу менен куралдуу чыр-чатак, аскердик акция жана чектелген масштабдагы аскердик башка кагылышуулар формасында болушу мүмкүн.
Куралдуу жаңжалда маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аскерлердин бириккен (ведомстволор аралык) топтору түзүлүшү мүмкүн.
(КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Согуштук абал
Согуштук абал Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же анын айрым жерлерине киргизилет.
Согуштук абалдын режими Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен аныкталат.

21-берене. Аймактык коргоо
Аймактык коргоо душмандын аракеттеринен, диверсиялык, террорчулук акттардан жана коркунучтардын башка түрлөрүнөн Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттерди жана коммуникацияларды коргоо максатында, ошондой эле согуштук абал режимин орнотуу жана сактоо максатында уюштурулат жана жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасын аймактык коргоого резервдик түзүлүштөр, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана укук коргоо органдарынын бирикмелери, бөлүктөрү, мекемелери, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартылат.

- Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуу боюнча жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- аймактык коргонууну уюштуруу тартибин аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
22-берене. Жарандык коргонуу
Жарандык коргонуу авария, кыйроо, табигый кырсык кесепеттеринен, ошондой эле күжүрмөн аракеттерди жүргүзүүдө жок кылуунун каражаттарынын таасир этүүсүнөн калкты жана экономиканын объекттерин коргоо максатында уюштурулат.
Жарандык коргонуунун милдеттери жана аны уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
КР 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 Мыйзамы менен 22-статьянын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди
5-бөлүм Корутунду жоболор
23-берене. Коргоону каржылоо
Коргоону жана Куралдуу Күчтөрдү каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактардан жүзөгө ашырылат.

24-берене. Куралдуу Күчтөрдө коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелердин ишмердигин чектөө
Куралдуу Күчтөрдө саясий максаттарды көздөгөн коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелердин ишмердигине, ошондой эле алардын түзүмдөрүн түзүүгө жол берилбейт.
Ар кандай коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелердин түзүмдөрүн түзүү жана алардын ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын жана каржылык каражаттарын колдонууга жол берилбейт.
Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин аймагында ар кандай ишмердикти жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
Аскер кызматчыларынын саясий партияларга мүчө болушуна, ошондой эле алардын кандайдыр бир саясий партияны колдоп чыгышына жол берилбейт.
Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ишмердигине ар кандай саясий пропагандалоону жана үгүттөөнү жүргүзүүгө, ошондой эле диний уюмдардын жана диний ырым-жырымдарды аткарган кызматкерлердин кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо мезгилинде, референдумдарды өткөрүү мезгилинде Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аймагында тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жол берилет.
25-берене. Коргоо маселелери боюнча мыйзам бузууларга жоопкерчилик
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан юридикалык жактардын коргоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган же коргоо милдетин аткарууга тоскоолдук кылган кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
26-берене. Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мамлекеттик органдарда сот акыйкаттыгын жүзөгө ашыруу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу
Мыйзам менен аскердик кызмат каралган Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мамлекеттик органдарда сот акыйкаттыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мыйзам менен аскердик кызмат каралган Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мамлекеттик органдарда кылмыштар жөнүндө иштерди иликтөө жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
27-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 13-апрелиндеги № 1462-XII Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 6, 182-ст.);
- "Коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 13-апрелиндеги № 1463-XII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 6, 183-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 21-ноябрындагы № 82 Мыйзамынын 1-статьясынын 4-пункту (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 12, 573-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-январындагы № 2 Мыйзамынын 3-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж.,№ 3, 184-ст.).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 24-июлу № 242
КОРГОО ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ ЖӨНҮНДӨ
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2014-жылдын 29-ноябрындагы № 161, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2021-жылдын 15-январындагы N 6, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын коргоо иштеринин негиздерин жана уюштурууну, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын жана милдеттерин; уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактардын милдеттерин; Кыргыз Республикасынын жарандарынын коргоо жаатындагы укуктарын жана милдеттерин; коргоо үчүн тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамын, түзүмүн жана арналышын; коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктайт.
1-бөлүм Жалпы жоболор
1-берене. Коргоонун негиздери
Коргоо улуттук коопсуздуктун элементи жана мамлекеттин эң маанилүү иш-милдеттеринин бири болуп саналат, мунун өзү куралдуу коргонууга даярдык боюнча саясий, экономикалык, аскердик, социалдык, укуктук жана башка чаралардын тутуму жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, коомун жана жарандарын куралдуу коргоону түшүндүрөт.
Коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык укуктун негиз болуучу принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык уюштурулат жана ишке ашырылат.
Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү (мындан ары - Куралдуу Күчтөр), башка аскердик түзүлүштөр, аскердик-экономикалык камсыздоонун бирдиктүү тутуму түзүлөт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын аскердик милдеттери жана мамлекеттик органдардын, уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактардын, ошондой эле транспорттук каражаттардын ээлеринин аскердик-транспорттук милдеттери белгиленет.
Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн куралдары, аскердик техникалары жана мүлктөрү мамлекеттик менчик болуп саналат жана аларда чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда болот.
2-берене. Коргоону уюштуруу
Коргоону уюштурууга төмөнкүлөр кирет:
1) согуш коркунучун жана согуш кооптуулугун болжолдоо, аныктоо жана баалоо;
2) коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу;
3) коргоо жаатында укуктук жөнгө салуу;
31) коргоону жана Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү колдонууну пландоо;
4) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү аскердик коопсуздукту жана коргоону камсыз кылууга даярдыкта өнүктүрүү, даярдоо жана кармап туруу;
5) коргонууну камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүүгө мамлекеттин жана мамлекеттик органдардын экономикасынын мобилизациялык даярдыгы;
6) мамлекеттик органдарды жана өлкөнүн экономикасын согуш мезгилинин шарттарында иштөөгө өткөрүүнү уюштуруу жана мобилизацияны пландаштыруу;
7) калкты, аскердик үйрөтүлгөн резервдерди жана Кыргыз Республикасынын аймагын коргоого даярдоо;
8) мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, Кыргыз Республикасынын аймагын жана аба мейкиндигин коргоо;
9) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү курал-жарак, аскердик техника, ок-дарылар, аскердик-техникалык, буюмдук мүлк, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар жана башка материалдык-техникалык каражаттар менен тынчтык жана согуш мезгилдеринде камсыз кылуу;
10) мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин запастарын, мамлекеттик азайбас запастарды түзүү;
11) коргоо жаатындагы мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды сактоону камсыз кылуу;
12) аскердик илимди жана аскердик кадрларды даярдоо тутумун өнүктүрүү;
13) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү жана өркүндөтүү, ошондой эле радиожыштык спектрин коргоо кызыкчылыктарында пайдаланууну пландоо;
14) аскердик иштерге байланыштуу айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
15) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коргоо жаатындагы иштерин координациялоо;
16) аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле аскер кызматынан бошонгон адамдарды социалдык коргоону камсыз кылуу;
17) жамааттык коопсуздук жана коргоо максатында эл аралык кызматташтык;
18) коргоо жаатындагы башка иш-чаралар.
(КР 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Кыргыз Республикасынын коргоо жаатындагы мыйзамдары
Коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык келишимдерге негизделинет жана коргоо жаатында өзүнө конституциялык мыйзамдарды, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын камтыйт.
2-бөлүм Куралдуу Күчтөр, алардын арналышы жана курамы
4-берене. Куралдуу Күчтөрдүн арналышы
Куралдуу Күчтөр - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды ишенимдүү коргоону камсыздоо жана эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн арналган мамлекеттик аскердик уюм.
5-берене. Куралдуу Күчтөрдү түзүүнүн принциптери
Куралдуу Күчтөрдү куруунун принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өзүн өзү коргоо жана коргонуунун жетиштүүлүгү;
2) аскердик жетекчиликти борбордоштуруу жана укуктук негиздеги бир башчылык;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жарандык коомдун контролдугунда болуу;
4) Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүү жана алардын күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоо;
5) башкаруунун натыйжалуулугу;
6) өздүк курамды тарбиялоонун, окутуунун жана кадрларды даярдоонун биримдиги;
7) уюштуруучулук жана функционалдык түзүмдөрдүн модулдуулугу;
8) аскер кызматчыларынын укуктарын сактоо жана социалдык коргоо.
9) коргоону уюштурууга жана Куралдуу Күчтөрдү курууга көз караштардын биримдиги;
10) Куралдуу Күчтөрдү куруунун, өнүктүрүүнүн, даярдоонун жана колдонуунун теориясынын жана практикасынын улануучулугу;
11) Куралдуу Күчтөрдүн курамынын, уюштуруучулук-штаттык түзүмүнүн, санынын мамлекеттин демографиялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө, тынчтык мезгилинде аскердик коопсуздукту жана согуш мезгилинде куралдуу коргонууну камсыз кылуу милдеттерине ылайыктуулугу;
12) илимийлүүлүк;
13) тынчтык жана согуш убагындагы уюштуруучулук түзүмдөрдүн бирдиктүүлүгү;
14) Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүүдө, алардын курамын жана жабдылышын аныктоодо сапаттык көрсөткүчтөрдүн артыкчылыгы;
15) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн кубатын аскердик коркунучтун күчөшүнө жараша көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, мобилизациялык резервди алдын ала топтоо жана даярдоо.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн курамы, милдеттери
1. Куралдуу Күчтөр коргонуу меселелерин тескөөчү жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аскердик башкаруу органдарынан, бирикмелеринен, кошуундарынан, бөлүктөрүнөн, бөлүкчөлөрүнөн, мекемелеринен, аскерлеринин, атайын аскерлеринин, атайын түзүмдөрүнүн жана ооруктун түрлөрүнөн турат.
Бирикмелер, кошуундар, бөлүктөр жана мекемелер юридикалык жактын укуктарына ээ.
Мекемелерге ошондой эле аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары болуп саналган аскер комиссариаттары да кирет.
Согуш мезгилинде Куралдуу Күчтөр өз милдеттерин башка аскердик түзүмдөр менен өз ара аракеттенип аткарат.
2. Куралдуу Күчтөрдүн милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды баскынчылыктан куралдуу коргоо;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын куралдуу коргоого катышуу;
3) аймактык коргонууга катышуу;
4) өзгөчө жана согуштук абалдардын режимдерин кармоо;
5) мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жана табигый, технотектүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу;
6) терроризмге жана экстремисттик иш-аракетке каршы күрөшүүгө катышуу;
7) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту кармоо боюнча иш-аракеттерге катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттерди кайтарууга катышуу;
9) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка милдеттер.
3. Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоого мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскердик түзүлүштөрү жана аймактык коргоо милдеттерин чечүү үчүн түзүлүүчү резервдик түзүлүштөр (башка аскердик түзүлүштөр) тартылат.
Башка аскердик түзүлүштөрдүн милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
(Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2014-жылдын 29-ноябрындагы № 161, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

К. Бакиев |