Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 20-июлу № 239
Жарандык коргонуу жөнүндө
(КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 108, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин, Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары, министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын милдеттери, жарандык коргонуу жагындагы калктын укуктары жана милдеттери
3-глава. Жарандык коргонуунун башкаруу органдары, жарандык коргонуу боюнча комиссиялар, жарандык коргонуу кызматтары
4-глава. Жарандык коргонуунун күчтөрү
5-глава. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун тартиби
6-глава. Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик экспертиза, көзөмөл жана контроль
7-глава. Жарандык коргонуу жагындагы эл аралык кызматташуу жана эл аралык келишимдер
8-глава. Жарандык коргонуу иш-чараларын каржылоо
Бул Мыйзам тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын Жарандык коргоо жагынан уюштуруучулук-укуктук нормаларын аныктайт.
Мыйзам аркылуу Жарандык коргонуунун милдеттери жана аларды ишке ашыруунун укуктук ченемдери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана калкынын Жарандык коргонуу маселелерин чечүүдөгү ыйгарым укуктары белгиленет.
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
Өзгөчө кырдаал - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаал.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу - өзгөчө кырдаалдардын болуу опурталын мүмкүн болушунча максимум азайтууга, ошондой эле адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, алар болгондо зыянды азайтууга багытталган алдын ала жасалуучу иш-чаралардын комплекси.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу - өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу факторлорун чектөө жана жайылышын токтотуу, өзгөчө кырдаалдар чыккан учурда жүргүзүлчү авариялык-куткаруучу жана адамдардын өмүрүн жана анын ден соолугун сактоого, зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган башка кечиктирилгис иштер.
Өзгөчө кырдаалдын зонасы - өзгөчө кырдаал түзүлгөн аймак.
Өзгөчө кырдаалдардагы коопсуздук - тынчтык жана согуш мезгилдердеги өзгөчө кырдаалдын таасиринин натыйжасында пайда болуучу коркунучтардан адамдардын, коомдун, аймактардын кызыкчылыктарын жана өлкөнүн инфраструктурасын коргоодо калктын жашоо-тиричилигинин ылайыктуу шартын жана өндүрүш объекттеринин иштешин калыбына келтирүүнү камсыз кылуучу абал.
Жарандык коргонуу - Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын тынчтык жана согуш мезгилдерде техногендик, табигый жана биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан, ал эми согуш мезгилинде согуштук аракеттерди киргизген учурда же ошол аракеттердин натыйжасында пайда болуучу коркунучтардан коргоону камсыз кылуучу жалпы мамлекеттик жана коргоочу иш-чаралар системасынын курамдык бөлүгү.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасы - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, коомдук бирикмелердин жана ыктыярдуу уюмдарынын башкаруу органдары, күчтөрү жана каражаттары анын элементи болуп эсептелген, тынчтык жана согуш мезгилдерде калкты жана өлкөнүн аймагын өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча функцияларды аткаруучу жалпы мамлекеттик система.
Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жарандык коргонуу жагында маселелерди чечүүгө атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы.
Уюмдар - коргоо жана экономикалык мааниге ээ же тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдын пайда болуу опурталы жогорку даражадагы объекттери бар уюмдар (мекемелер, чарба объекттери).
Жарандык коргонуу боюнча комиссия - тиешелүү аймакта Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу ишин жүзөгө ашыруучу Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын аймактык тармагынын координациялоочу органы.
Жарандык коргонуу кызматы - Жарандык коргонуунун атайын иш-чараларынын айкын түрүн биргеликте өткөрүүгө жарамдуу менчигинин түрүнө жана ведомстволук тиешелүүлүгүнө (баш ийүүчүлүгүнө) карабастан, бирдей тармактагы ишмердүүлүккө ээ болгон мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана алардын структуралык бөлүмчөлөрүнүн күчтөрүнүн жана каражаттарынын, башкаруу органдарынын уюштуруу-техникалык бирикмеси.
Жарандык коргонуунун күчтөрү - Жарандык коргонуунун аскерлери, Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын бөлүмчөлөрү жана аскерлешпеген өрткө каршы түзүмдөр, ошондой эле Жарандык коргонуунун түзүмдөрү.
Жарандык коргонуунун аскерлери - тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуунун маселелерин чечүүгө атайын даярдалган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик бөлүктөрү жана түзүмдөрү.
Жарандык коргонуунун түзүмдөрү - аймактык-өндүрүштүк принцип боюнча уюмдардын базасында түзүлүүчү, тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдардагы авариялык-куткаруучу, дагы башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн камдалган атайын техникасы жана мүлкү бар түзүмдөр.
Согуш мезгилинде Жарандык коргонуу боюнча топко киргизилген аймак - Жарандык коргонуу жагында олуттуу коргонуу жана экономикалык мааниге ээ шаар же башка калк конушу жайгашкан аймак.
2-берене. Жарандык коргонууну уюштуруунун жана ишке ашыруунун принциптери
1. Жарандык коргонуу ишин уюштуруу жана жүргүзүү - мамлекеттин өтө маанилүү иш-милдеттеринин бири, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун тутумдаш бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасында жарандык коргонуу аймактык-өндүрүштүк принцип боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт.
2. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу жана ишке ашыруу Жарандык коргонууну башкаруу органдары тарабынан аймактардын экономикалык, жаратылыштык жана башка мүнөздөмөлөрүн, өзгөчөлүктөрүн жана өзгөчө кырдаалдар пайда болуу коркунучунун даражасын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралардын планы жана мазмуну колдо болгон күчтөрдүн жана каражаттардын зарыл жетиштүүлүк жана аларды пайдалануу принциптерине жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар өзгөчө кырдаал жаралган аймактагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрү жана каражаттары менен ишке ашырылат.
Согуш мезгилинде мамлекетти жарандык коргонууга даярдоо Жарандык коргонууну башкаруу органдары тарабынан мурдатан, тынчтык мезгилде согуштук техниканын, куралдардын, согуштук аракеттерди киргизген учурда же ушул аракеттердин кесепетинен пайда болуучу коркунучтардан калкты коргоо каражаттарынын өнүккөндүгүн эске алуу менен ишке ашырылат.
3. Согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагында же айрым жерлеринде Жарандык коргонууну киргизүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан согуш жарыяланган же согуш аракеттери из жүзүндө башталган учурдан тартып башталат.
3-берене. Жарандык коргонуу жагындагы укуктук жөнгө салуу
Жарандык коргонуу жагындагы укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылат.
(КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын негизги милдеттери
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын негизги милдеттери:
- өзгөчө кырдаалдарда калкты жана аймактарды коргоону камсыз кылуу боюнча укуктук ченемдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, өндүрүштүк жана социалдык маанидеги объекттердин өзгөчө кырдаалдарда иштөөгө туруктуулугун жогорулатууга багытталган максаттуу жана илимий-техникалык программаларды ишке ашыруу;
- Жарандык коргонууну башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгын камсыз кылуу;
- Жарандык коргонуу жагындагы маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, алмашуу жана берүү;
- мамлекеттик органдардын жана бардык деңгээлдердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен кызматкерлерин даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
- өзгөчө кырдаалдарда калкты иш-аракет кылууга үйрөтүү;
- өзгөчө кырдаалдардын социалдык-экономикалык кесепеттерин прогноздоо жана аларга баа берүү;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн финансылык жана материалдык резервдерди түзүү;
- Жарандык коргонуу жаатындагы өнөр жай, тоо, өрт коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча эл аралык кызматташуу;
- баш калканчтарды жана радиацияга каршы калканчтарды, башкаруунун, байланыштын запас пункттарын түзүү жана даяр турушуна колдоо көрсөтүү, тынчтык жана согуш мезгилинде келип чыгуучу коркунучтар жөнүндө кабарларды калкка өз убагында жеткирүү;
- айыл чарба малын, өсүмдүктөрдү, азык-түлүктү, азыктык чийки затты, фуражды, суу булактарын жана суу менен камсыз кылуу системаларын өзгөчө кырдаалдар учурунда коргоо;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу;
- калкты, материалдык жана маданий дөөлөттөрдү коопсуз райондорго эвакуациялоо;
- коммуналдык-техникалык кызматтарды жана коммуникацияларды калыбына келтирүү;
- медициналык жардам көрсөтүү, калктын өмүр-тиричилигин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- өзгөчө кырдаалдар учурунда авариялык-куткаруучу, дагы башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;
- радиоактивдүү химиялык, биологиялык жана башка булганууга учураган райондорду издеп билүү жана белгилөө;
- калкты, техниканы, имараттарды, дагы башка объекттерди зыянсыздандыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- жарык ж.б. түрдөгү жазгырып-далдалоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- мүмкүн болуучу табигий жана техногендик мүнөздөгү кырдаалдардан калкка жана аймактарга келүүчү тобокелдиктерге баа берүү, коргоо боюнча изилдөөлөрдү ишке ашыруу;
- дагы башка иш-чараларды өткөрүү.
2-глава Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин, Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары, министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын милдеттери, жарандык коргонуу жагындагы калктын укуктары жана милдеттери
5-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президенти:
- (экинчи КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 108 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды, Жарандык коргонуунун башка маселелерин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизет жана Коопсуздук кеңешинин алар боюнча чечимин бекитет;
- (төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 108 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда, зарылчылыкка жараша Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун согуш мезгилиндеги планын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун согуш мезгилиндеги планын Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде толук же жарым-жартылай өлчөмдө ишке киргизет;
- (сегизинчи КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 108 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу тармагындагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

6-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик системасындагы мыйзамдык жөнгө салуунун бир түрдүүлүгүн камсыз кылат;
- Жарандык коргонуу тармагындагы ишти жана иш-чараларды каржылоого бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын бекитет;
- Жарандык коргонуу маселелери боюнча парламенттик угууларды өткөрөт.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Жарандык коргонуу жагында мамлекеттик бирдиктүү саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында Жарандык коргонуу жагындагы ченемдик укуктук актыларды чыгарат;
- Жарандык коргонуу жагында илимий-изилдөөлөрдү иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү, атайын программалардын аткарылышын уюштурат;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жарандык коргонуу жагындагы иш-милдеттерин, функцияларын, иш тартибин, укуктарын жана милдеттерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун базасында Жарандык коргонуунун республикалык кызматтарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- Жарандык коргонуунун муктаждыктары үчүн финансылык жана материалдык мамлекеттик резервдерди түзүүнү камсыз кылат, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин аныктайт;
- Жарандык коргонуунун иш-чараларын мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылоо маселелерин чечет;
- ири масштабдуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жетекчилик кылуу жана алар чыккан учурда мамлекеттик жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- мамлекеттик органдар менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда Жарандык коргонуу жагындагы маалымат жыйноо жана алышуу тартибин аныктайт;
- уюмдарды коркунучтуулугу күч объекттерге жана коргонуу жана экономикалык жактан маанилүү объекттерге киргизүүнүн тартибин аныктайт;
- Жарандык коргонуунун кызматтарынын тизмесин аныктайт жана алардын жоболорун бекитет;
- Жарандык коргонуунун кошуундарын түзүүнүн жана иш тартибин аныктайт;
- согуш мезгилине карата аймактарды Жарандык коргонуу боюнча топторго киргизүүнүн тартибин аныктайт;
- Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын жана башка объекттерин куруунун тартибин, ошондой эле Жарандык коргонуу максатында материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык жана башка каражаттардын запастарын түзүүнүн, сактоонун жана пайдалануунун тартибин аныктайт;
- өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун ченөлчөмдөрүн белгилейт;
- Жарандык коргонуунун тынчтык мезгилдеги планын аныктайт жана Жарандык коргонуунун согуш учуруна ылайыкталган планын Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизет.
- Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчыларынын штаттык санын жана Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитет;
- Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык коргонуу жагынан башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

8-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Жарандык коргонуу жагындагы тиешелүү ченемдик жөнгө салууну, ошондой эле атайын, контролдоо, текшерүү иш-милдеттерин жана иш-аракеттерди координациялоону ишке ашыруу жүктөлөт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскер мекемеси болуп эсептелет жана аскер кызматчылары, мамлекеттик кызматкерлер жана кенже тейлөөчү персоналдар менен толукталат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өздүк курамы айырмалоочу белгилери жана символдору бар атайын форма менен камсыз кылынат. Атайын техника Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген символдор жана атайын шарттуу белгилер менен жабдылат.
3. Жарандык коргонуу аскерлеринин бөлүктөрү жана кошуундары, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын бөлүктөрү жана бөлүкчөлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дайыма даярдыктагы күчтөрү болуп эсептелет.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- Жарандык коргонуу жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн чечими менен Жарандык коргонууну уюштуруу жана киргизүү боюнча чараларды ишке ашырат;
- министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла турган Жарандык коргонуу жагындагы сунуш-буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берет;
- сунуш-буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Жарандык коргонуу жагындагы жана өзгөчө кырдаалдар мезгилиндеги ченемдерди, эрежелерди, стандарттарды бузгандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана укук коргоо органдарына белгиленген тартипте сунуш киргизет;
- Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик башкарууну жана бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялоону жүзөгө ашырат;
- Жарандык коргонуу жагындагы маалыматтарды белгиленген тартипте чогултууну жана иштеп чыгууну, ошондой эле аларды алышып турууну ишке ашырат;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, күчтөрүнүн жана калктын Жарандык коргонуу жагындагы даярдыгын уюштурат жана координациялайт.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын ыйгарым укуктары, укук жана милдеттери, алар тарабынан ченемдик жөнгө салууларды ишке ашыруунун тартиби, ошондой эле Жарандык коргонуу жагындагы атайын, уруксат берүү, көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча иш-милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген бул орган жөнүндөгү Жобо менен аныкталат.
9-берене. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун Жарандык коргонуу жагындагы милдеттери
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору Жарандык коргонуу жагындагы маселелерди чечүү үчүн өздөрүнө бөлүнгөн акча каражатынын жана штаттык санынын чегинде бөлүмчөлөрдү (адистерди) түзөт.
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору:
- тынчтык жана согуш мезгилине карата Жарандык коргонуунун планын иштеп чыгышат жана ишке ашырышат, аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашышат;
- бардык деңгээлдерде жана бардык түзүмдүк бөлүкчөлөрдө Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды түзүшөт, алардын курамын, иш-милдеттерин аныктайт жана алардын иштерин координациялайт;
- тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн керектүү күчтөрдү даярдоону ишке ашырат;
- өзгөчө кырдаалдарда тармактардын иштөөсүнүн туруктуулугун жогорулатуу боюнча уюштуруучу жана инженердик-техникалык иш-чараларды иштеп чыгышат жана иш жүзүнө ашырышат;
- радиациялык, химиялык, медициналык-биологиялык, жарылуу, өрт жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана турмушка ашырууну, ошондой эле Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык иш-чараларын аткарууда өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объектилерди долбоорлоодо, курууда жана ишке киргизүүдө нормаларды жана эрежелерди сактоону камсыз кылышат;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаал мезгилинде кыйроодон сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштарды өткөрүү боюнча республикалык бюджеттин жана менчик каражаттардын эсебинен каржылоону алдын ала карашат;
- тынчтык жана согуш мезгилинде экономиканын туруктуу иштөөсү жана калктын жашоосу үчүн зарыл болгон объектилерди сактоого багытталган чараларды ишке ашырышат;
- Жарандык коргонууну башкаруунун техникалык тутумдарын түзүшөт жана дайыма даяр абалда кармап турушат;
- тынч мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген коргонуунун материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык жана жеке каражаттарынын запасын түзүшөт жана Жарандык коргонуу максатында кармап турушат;
- ведомстволорго караштуу объектилерде пайда болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүшөт;
- өзгөчө кырдаалдарда уюмдардын кызматкерлерин коргоо маселелерин чечүүдө, уюмдардын иштөөсүнүн коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулатууда усулдук жетекчиликти турмушка ашырышат;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, калкты жана уюмдардын кызматкерлерин коргоо маселелери боюнча тармактык талаптарды, ченемдик укуктук документтерди иштеп чыгышат жана уюмдарга кабарлашат.
10-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жарандык
коргонуу жагындагы милдеттери
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жагынан буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- өзгөчө кырдаалдарды прогноздоо жана алдын алуу боюнча өздөрүнө баш ийүүдөгү ведомстволук аймакта иш-чараларды өткөрөт;
- турак үйлөрдү, административдик жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участкаларын бөлүү жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;
- жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн зарыл болчу күчтөрдү жана каражаттарды даярдоону жана даярдыкта кармап турууну ишке ашырат;
- калкты ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген программалар боюнча өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жана иш-аракеттерин жүргүзүү ыкмаларына үйрөтүүнү уюштурат;
- өзгөчө кырдаалдарда эвакуациялык иш-чараларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана алардын өткөрүлүшүн уюштурат;
- өзгөчө кырдаалдардын чыгуу коркунучу же чыккандыгы жөнүндө калкка өз убагында кабар берүүнү камсыз кылат;
- тынчтык мезгилде материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзүү жана даярдыкта кармоо үчүн бюджетте ар жылы финансылоону карайт.
11-берене. Уюмдардын Жарандык коргонуу жагындагы милдеттери
Уюмдар:
- өздөрүнүн штаттарында Жарандык коргонуу боюнча адистин кызмат ордун карайт;
- Жарандык коргонуунун түзүмдөрүн түзөт жана алардын Жарандык коргонуу иш-чараларын өткөрүшүнө даяр турушуна колдоо көрсөтөт;
- тынчтык жана согуш мезгилине карата Жарандык коргонуу пландарын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- тынчтык жана согуш мезгилинде уюмдун туруктуу иштеши боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- тынчтык жана согуштук мезгилдерде өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда өзүнүн кызматчыларына коргонуу ыкмаларын үйрөтүүнү ишке ашырат;
- кабарлоо системаларын түзөт жана өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда алардын туруктуу иштешин камсыз кылат;
- материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуунун каражаттарынын запастарын түзүшөт;
- уюмдун аймагында же анын жанында табигый же техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал пайда болгону жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана калкка токтоосуз маалымат берет;
- өзүнүн объекттеринин аймагында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт.
12-берене. Кыргыз Республикасынын калкынын Жарандык коргонуу жагындагы укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын калкы төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- өзгөчө кырдаал пайда болгон кезде өз өмүрүн, ден соолугун жана жеке мүлкүн сактоого;
- өзгөчө кырдаалдар зонасында жүргөн учурда акысыз медициналык тейленүүгө жана дарыланууга;
- жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Жарандык коргонуунун иштерин аткаруу үчүн арналган башка мүлктөрүн пайдаланууга;
- ыктыярдуу (коомдук) куткаруучу кошуундардын курамына кирүүгө;
- Кыргыз Республикасынын айрым бир аймактарында калк чалдыгышы мүмкүн болгон опурталдар жана керектүү коопсуздук чаралар жөнүндө маалымдалууга.
2. Өзгөчө кырдаалды жоюуга белгиленген тартипте түздөн-түз катышкан калкка өзгөчө кырдаалдын зонасында иштегени үчүн компенсацияларды жана жеңилдиктерди алууга укук берилет.
Кыргыз Республикасынын калкына берилүүчү компенсацияларды жана жеңилдиктерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
3. Кыргыз Республикасынын калкы Жарандык коргонуу жагында төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоого;
- тиричиликте жана күндөлүк иште коопсуздуктун чараларын сактоого, өзгөчө кырдаалдын пайда болушуна алып келе турган эрежелердин бузулушуна жол бербөөгө;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдан коргоонун жолдорун, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкмаларын, коргонуунун жамааттык жана жеке каражаттарын пайдалануу эрежелерин үйрөнүүгө;
- өзгөчө кырдаалдар коркунучу чыкканда жана ал пайда болгондо өзүн алып жүрүүнүн белгиленген эрежелерин аткарууга;
- мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюшуна көмөк көрсөтүүгө.
3-глава Жарандык коргонуунун башкаруу органдары, жарандык коргонуу боюнча комиссиялар, жарандык коргонуу кызматтары
13-берене. Жарандык коргонуунун башкаруу органдары
Жарандык коргонуунун башкаруу органдары - республикалык деңгээлде: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги, курамына министрликтердин, ведомстволордун Жарандык коргонуусунун начальниктери кирген Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссия. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальнигинин биринчи орун басары болуп эсептелет:
- областтык, райондук жана жергиликтүү деңгээлде - мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары - өз аймактарындагы Жарандык коргонуунун начальниктери, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөлөрү;
- объектилик деңгээлде - менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин жетекчилери.
14-берене. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиялары
1. Жарандык коргонуу боюнча комиссия өзүнүн ишин тиешелүү аймакта жайгашкан уюмдардын администрациялары, коомдук уюмдар же алардын калктын, экономиканын, курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу боюнча түзүлүштөрү менен өз ара тыгыз байланыш түзүү принцибиңде жүргүзөт.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Жарандык коргонуу боюнча комиссиясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча анын чечимдери ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчигинин уюштуруу-укуктук формасына карабастан, тиешелүү аймакта жайгашкан уюмдар, ошондой эле ошол аймакта жашаган калк тарабынан аткарылууга милдеттүү.
3. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын түзүлүшү, төраганын орун басарларынын жана комиссиянын мүчөлөрүнүн саны, алардын иш-милдеттери ага жүктөлгөн тапшырмаларды, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын штаттык тизимин эске алуу менен, ошондой эле тиешелүү аймакта жайгашкан опурталдуу объектилердин санына, өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучуна жана мүмкүн болуучу кесепеттерине жана башка өзгөчөлүктөрүнө карап белгиленет жана жогорку мамлекеттик органдар тарабынан бекитилет.
15-берене. Жарандык коргонуу кызматтары
1. Тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн Жарандык коргонуунун республикалык, областтык, райондук жана шаардык кызматтары, ошондой эле уюмдардын Жарандык коргонуу кызматтары түзүлөт.
2. Жарандык коргонуу кызматтары төмөндөгүлөр үчүн кызмат кылат.
- Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык, медициналык жана башка атайын иш-чараларын аткаруу;
- өздөрүнүн күчтөрүн жана каражаттарын даярдоо;
- кыйроодон сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштардын жүрүшүндө Жарандык коргонуунун жарандык уюмдарынын иш-аракетин камсыз кылуу.
3. Жарандык коргонуу кызматтарын түзүү жөнүндөгү чечимдер, алардын тизмеси жана жоболору тиешелүү деңгээлде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык уюмдардын жетекчилери тарабынан кабыл алынат.
4-глава Жарандык коргонуунун күчтөрү
16-берене. Жарандык коргонуунун күчтөрү
1. Жарандык коргонуунун аскерлери сактоо күчтөрүнүн уюштуруу негизин түзгөн, эң ыңгайлуу сандагы, көп тармактуу жогорку таасирлүү сактоо системасы болуп саналат.
2. Жарандык коргонуунун аскерлеринин негизги милдеттери:
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча тапшырмаларды аткарууга бөлүктөрдү жана бөлүмчөлөрдү дайыма даярдыкта кармоо;
- согуш мезгилинде даярдануу жана жайгаштыруу боюнча мобилизациялык иш-чараларды өткөрүү жана уюштуруу;
- ыктыярдуу сактоочу кошуундарды түзүү жана даярдоо;
- тынчтык жана согуш мезгилинде кыйроодон сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жайылтуу жана өткөрүү үчүн багытталган куралданууну, техниканы, башка материалдык-техникалык каражаттарды топтоо, жайгаштыруу, сактоо жана өз убагында жаңылоо;
- өзгөчө кырдаалдардын зонасында жана аларга алып баруучу багыттарда чалгындоонун ар кандай түрлөрүн жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларга ылайык Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Күч корпусунун курамында чет мамлекеттердин аймагында ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана токтотуу боюнча кыйроодон сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү;
- жабыр тарткан калктын биринчи кезектеги жашоо-тиричилигин камсыз кылууга жана медициналык жардам көрсөтүүгө катышуу;
- ведомстволук, ыктыярдуу жана башка сактоочу жана өрт түзүмдөрүн, ошондой эле кыйроодон сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштарга тартылган башка каражаттарды жана күчтөрдү ыкчам башкаруу;
- аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар менен кыйроодон сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткарууга катышуу үчүн өз күчтөрүн жана каражаттарын тартуу багытында өз ара аракеттенүү;
- кыйроодон сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү тармагындагы илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерге катышуу жана турмушка ашыруу;
- Жарандык коргонуу аскерлеринин кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону, алардын квалификациясын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууну уюштуруу жана турмушка ашыруу, окуу процессин программалык-методикалык камсыз кылууну ишке ашыруу;
- Жарандык коргонуу аскерлеринин бөлүктөрүнүн жана бөлүмчөлөрүнүн аскердик жана атайын даярдыгын өркүндөтүүгө багытталган эл аралык машыгууларга, мелдештерге, жыйындарга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу.
3. Согуш мезгилиндеги Жарандык коргонуу аскерлеринин иш-аракетинин өзгөчөлүктөрү:
- бөлүктөрдү жана түзүмдөрдү согуш маалындагы штат боюнча мобилизациялоо жана жайылтып жайгаштыруу;
- согуштук иш-аракетти киргизүүнүн натыйжасында келип чыккан зыян тартылган очокторго жана өзгөчө кырдаал аймагына Жарандык коргонуунун күчтөрүн киргизүүнү камсыз кылуу;
- өзгөчө кырдаалдардын аймагына жана Жарандык коргонуу күчтөрү жол жүрчү багыттарга чалгындоонун ар кандай түрлөрүн киргизүү;
- калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу объектилерди калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө, аэродромдорду, жолдорду, өткөөлдөрдү, ооруктун жана башка инфраструктуралардын маанилүү элементтерин калыбына келтирүүгө байланышкан аймактык коргонуунун өзүнчө тапшырмаларын аткаруу, душмандардын диверсиялык-чалгындоочу топтору менен күрөшүүнү ишке ашыруу;
- ритуалдык иш-чараларды өткөрүү.
4. Согуштук иш-аракеттердин маалында Жарандык коргонуунун аскерлеринин өздүк курамы Жарандык коргонууну киргизүү маселелерине байланышпаган кандайдыр бир аскердик милдеттерди аткарууга тартыла албайт. Жарандык коргонуунун аскерлери жана анда кызмат өтөп жүргөн аскер кызматкерлери жарандык, аймактык жана өздүк коргонуу тапшырмаларынан башка тикелей согуштук иш-аракетке катыша алышпайт жана кандайдыр бир тапшырмаларды аткара алышпайт.
5. Жарандык коргонуу аскерлеринин бөлүктөрүнүн жана бөлүмчөлөрүнүн уюштуруу-штаттык түзүмүн Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген сандын чегинде Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет.
17-берене. Жарандык коргонуунун түзүмдөрү
1. Жарандык коргонуунун түзүмдөрү кайсы уюмдардын базасында түзүлсө, ошол уюмдардын тизмеги Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөлөрү тарабынан аныкталат жана Жарандык коргонуунун тиешелүү начальниги тарабынан бекитилет.
2. Жарандык коргонуунун түзүмдөрүнө Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары кириши мүмкүн:
- 18-60 жаш курагындагы эркектер;
- 18-55 жаш курагындагы аялдар, буга мобилизациялык көрсөтмөсү бар аскерге милдеттүү, 1, 2 же 3 топтогу майып аялдар, кош бойлуу аялдар, 8 жашка чейинки балдары бар аялдар, ошондой эле орто же жогорку медициналык билими, 3 жашка чейинки балдары бар аялдар кирбейт.
5-глава Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун тартиби
18-берене. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун тартиби
1. Тынчтык мезгилде Жарандык коргонуунун Мамлекеттик системасынын төмөнкүдөй иштөө режими белгиленет:
- күндөлүк иштөө режими - ылайыктуу өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык, гидрометеорологиялык абал учурунда;
- жогорку даярдыктагы режим - өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык, гидрометеорологиялык абал начарлаганда же өзгөчө кырдаалдын пайда болуу мүмкүндүгү тууралуу божомолдор алынган учурда;
- өзгөчө кырдаал режими - өзгөчө кырдаал пайда болгон жана анын кесепетин жоюу учурунда.
Тынчтык жана согуш мезгилде Жарандык коргонуунун режимдерин киргизүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, күчтөрдү жана каражаттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өзгөчө кырдаалдардын классификациясына ылайык ишке ашырылат.
Жарандык коргонуунун Мамлекеттик системасынын иштөө режимин киргизүү жөнүндө чечимди мүмкүн болуучу же реалдуу түзүлгөн абалга жана болжолдонгон же пайда болгон өзгөчө кырдаалдын көлөмүнө жараша төмөндөгүлөр кабыл алат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары;
- уюмдардын жетекчилери.
3. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу өзгөчө кырдаалдын кайсы аймакта болгондугу жана анын канчалык деңгээлдеги оордугуна жараша тиешелүү уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине жүктөлөт.
Республикалык жана трансчекаралык өзгөчө кырдаал мезгилинде жана анын кесепеттерин жоюуга жетекчилик жүргүзүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси өзүнө алат.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчиси өзүнүн буйругу менен өзгөчө кырдаалдын аймагынын чектерин, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча аракеттердин жана авариялык-сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүнүн тартибин белгилейт.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчисинин чечими, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, өзгөчө кырдаалдын аймагында жүргөн бардык жарандар жана уюмдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Өзгөчө кырдаалдын аймагынын чектери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өзгөчө кырдаалдардын классификациясынын негизинде өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчилери тарабынан аныкталат.
5. Өзгөчө кырдаалдын аймагына Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдары жана калкы күчтөрдү жана каражаттарды, гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз өткөрүүгө жана ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
6. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык ишке ашырылат. Кыйроодон сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүгө чыгымдарды тартуунун жана аларды компенсациялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
6-глава Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик экспертиза, көзөмөл жана контроль
19-берене. Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик экспертиза, көзөмөл жана контроль
Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик экспертиза, көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасына жүктөлгөн милдеттерге жараша мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.
7-глава Жарандык коргонуу жагындагы эл аралык кызматташуу жана эл аралык келишимдер
20-берене. Жарандык коргонуу жагындагы ал аралык кызматташуу жана эл аралык келишимдер
Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен Жарандык коргонуу жагындагы кызматташуусу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

8-глава Жарандык коргонуу иш-чараларын каржылоо
21-берене. Жарандык коргонуу иш-чараларын каржылоо
1. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
2. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте төлөнөт.
Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринде жыл сайын бекитилчү бюджеттердин каражаттарынын чегинде каралат.
22-берене. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн финансылык жана материалдык резервдерди түзүү жана пайдалануу
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн финансылык жана материалдык резервдерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
23-берене. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары жана калкы тарабынан Жарандык коргонуу жагындагы милдеттерди аткарбагандыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.
24-берене. Корутунду жоболор
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 256-ст.);
- "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 264-ст.);
- "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2008-жыл, 7-октябрь, № 74);
- "Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 270-ст.);
- "Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 9, 626-ст.);
- "Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2008- жыл, 16-декабрь, № 93).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
КР 2018-жылдын 24-майындагы N 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ