Бишкек шаары2010-жылдын 25-февралы № 36 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө (КР
2013-жылдын 24-майындагы № 80,
2014-жылдын 11-апрелиндеги № 57
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 2010-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган Ушул Мыйзам салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруубоюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү түрдөтөлөбөй 2012-жылдын 31-декабрын кошо алганда киреше жана мүлк алганКыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясынберүүсү менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат. 1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде аныкталганКыргыз Республикасынын жеке жактарына жана мамлекеттик кызматчыларынааталган салыктарды, чегерүүлөрдү жана милдеттүү башка төлөмдөрдүтөлөбөй 2012-жылдын 31-декабрын кошо алганда алган кирешелерине жанамүлкүнө карата салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу бо-юнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча билди-рилбеген милдеттенмелерди аткаруусуна мүмкүндүк берүү ушул мыйзамдынмаксаты болуп эсептелет, буга жалпы алганда ушул Мыйзамда белгиленгендекларациялоо чегинен ашкан кирешелердин суммасы жана мүлктүн наркыкирбейт. 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: кирешени жана мүлктү декларациялоо (мындан ары - декларациялоо) -декларация объекттерине укуктарды ыктыярдуу түрдө декларациялоо мененбайланышкан иш-аракеттер; билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин, социалдык камсыз-дандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү аткаруу -салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча че-герүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү түрдө төлөбөй2012-жылдын 31-декабрын кошо алганда алынган кирешелерге жана мүлккөкарата салык жана бажы милдеттенмелерин, социалдык камсыздандыруу боюн-ча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттен-мелердин тындырылгандыгын таануу. Декларациялоо чегинен ашкан кирешелержана мүлктөр боюнча милдеттенмелер декларациялык төлөмдү төлөө менентындырылат; декларациялоо субъекттери - "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинколдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-бере-несинде аныкталган, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте кирешелерин жанамүлкүн декларациялашкан жана милдеттенмелерин тындырышкан Кыргыз Рес-публикасынын жеке жактары жана мамлекеттик кызматчылары (мындан ары -Кыргыз Республикасынын жарандары). Бул адамдар ыйгарым укуктуу кызматадамынан кирешелерди жана мүлктү декларациялоо жөнүндө күбөлөндүрүлгөндекларацияны алган күндөн баштап декларациялоо субъекттеринин статусунаээ болушат; декларациялоо объекттери - мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында аныкталган тартипте жол-жоболоштурулбаган (декларацияланбаган),жана/же башка адамга жол-жоболоштурулган, жашыруу максатында легалдууэкономикалык жүгүртүүдөн чыгарылган, Кыргыз Республикасынын аймагындажана анын чектеринен тышкары алынган жана/же жайгашкан кирешелер, кый-мылдуу жана кыймылсыз мүлк; кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Граждандыккодексине ылайык аныкталуучу мүлк; ыйгарым укуктуу кызмат адамы - кирешелер жана мүлктөр жөнүндө дек-ларацияларды ушул Мыйзамда каралган тартипте ырастоочу Кыргыз Республи-касынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик нотариустары; декларациялоо мөөнөтү - ушул Мыйзамда каралган мөөнөт, ушул убактаКыргыз Республикасынын жарандары ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылаалышат; кирешелер жана мүлк жөнүндө декларация - жеке катар номери бар жа-на кирешелерди жана мүлктү декларациялоо фактысын ырастаган жана билди-рилбеген салык жана бажы милдеттенмелеринин, социалдык камсыздандыруубоюнча чегерүүлөрдүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн орду толтурулган-дыгы таанылган катуу отчеттуулук документи. Кирешелер жана мүлк жөнүндөдекларациянын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекити-лет; Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестри - ыйгарымукуктуу кызмат адамы түзүүчү жана жүргүзүүчү реестр, анда декларациялоожөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: кирешелер жана мүлк жөнүндөдекларациянын жеке катар номери, декларациялоо күнү, ушул декларацияныберген адамдын жеке маалыматтары, кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декла-рациянын бузулгандыгы же жоголгондугу тууралуу маалымат; декларациялоо чеги - кирешелердин суммасынын жана мүлктөрдүн нар-кынын 45000000 (кырк беш миллион) сомдон ашкан жыйынды суммасы; декларациялык төлөм - декларациялоо чегинен ашкан суммадан көз ка-рандысыз түрдө, ушул Мыйзамга ылайык декларациялоо субъекттери бир жолутөлөөчү 450000 (төрт жүз элүү мињ) сом; ыйгарым укуктуу коммерциялык банк - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан аныкталуучу коммерциялык банк; жакын туугандары - декларант менен чогуу жашаган жана аларга кара-та декларант мүлктүк милдеттенме алып жүргөн, Кыргыз Республикасынынүй-бүлө мыйзамдарында аныкталган адамдар. 3-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Ушул Мыйзамдын аракеттери өздөрүнө тиешелүү болгон декларациялоообъекттерин декларациялаган декларациялоо субъекттерине карата жайылты-лат.
4-берене. Декларациялоо субъекттерине берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер 1. Декларациялоо мезгилинде жана андан кийин декларациялоо субъек-ттеринин 2012-жылдын 31-декабрын кошо алган мезгилдеги финансылык-чар-балык иштерине карата текшерүүлөрдүн бардык түрүн жүргүзүүгө тыюу салы-нат. 2. Декларациялоо мезгили аяктагандан кийин ушул Мыйзамга ылайыкдекларациялоону жүргүзүү процессинде алынган маалыматтын негизинде дек-ларациялоо объектисине карата процесстик, анын ичинде кылмыш-жаза жаза-лоосу же администрациялык, эмгек жана тартип чараларын колдонуу боюнчаиш-аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат. 3. Кирешелер жана мүлкт жөнүндө декларация кылмыш-жаза, админист-рациялык, тартип же башка процесстер боюнча далил болуп эсептелбейт. 2012-жылдын 31-декабрын кошо алганда алынган кирешелерге жанамүлккө карата салыктарды, бажы төлөмдөрү боюнча милдеттенмелердин, со-циалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн жана башка милдеттүүтөлөмдөрдүн тындырылгандыгынын таануу фактысын кошпогондо, кирешелержана мүлк жөнүндө декларация укукту белгилөөчү же укукту күбөлөндүрүүчүдокумент болуп эсептелбейт. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан ырасталган кирешелер жанамүлк жөнүндө декларация Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-бе-ренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын
2013-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мам-лекеттик кызматы жөнүндө" жана "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын тууган-дарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчысынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларацияларын түзүүсүнө жана берүүсүнө негиз болуп эсептелет. 4. Декларациялоо процессинде алынган маалыматтарды декларациялоосубъектине каршы, ошондой эле мүлктү декларациялоо процессин жүзөгөашыруу мүмкүндүгүн жокко чыгаруу үчүн пайдаланууга тыюу салынат. 5. Мамлекет декларациялоо субъекттерине төмөнкүлөргө кепилдик бе-рет: 1) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык декларацияланып жаткан киреше-лер жана мүлктөр алынган булактар жөнүндө маалыматты берүү милдетиненбошотууга; 2) декларациялоо субъекттерине карата купуялуулукту (сырды сактоо-ну) камсыз кылууга; 3) натыйжасында декларациялоо субъекттеринин салык, бажытөлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башкамилдеттүү төлөмдөрдү төлөөсүнө карата басмырлоочу чараларды колдонбоо-го. 6. Ушул Мыйзамды колдонууда келип чыккан бардык карама-каршылыктардекларациялоо субъекттеринин пайдасына чечмеленет. (КР
2014-жылдын 11-апрелиндеги № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Декларациялоо мөөнөтү Декларациялоо мөөнөтү болуп 2013-жылдын 1-июлунан баштап
2014-жылдын 30-июнун кошо алгандагы мезгил эсептелет. (КР
2013-жылдын 24-майындагы №80,
2014-жылдын 11-апрелиндеги № 57
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 6-берене. Кирешелерди жана мүлктү декларациялоону уюштуруу жана жүргүзүү тартиби 1. Декларациялоо чегинен ашпаган суммадагы декларациялоо объектте-рин декларациялаганда декларациялык төлөм алынбайт. Декларациялоо субъ-екти нотариалдык иш-аракеттер үчүн 150 сом суммасында мамлекеттик алым-ды жана аны даярдоо үчүн кеткен чыгымдардын баасынан ашпаган кирешелержана мүлк жөнүндө декларациянын бланкынын наркын гана төлөйт. 2. Декларациялоо чегинен ашкан суммага легалдаштыруу объекттериндекларациялагандыгы үчүн декларациялоо субъекттери декларациялыктөлөмдү кошумча төлөшөт. Декларациялык төлөм атайы эсепке түшөт жанареспубликалык бюджеттин кирешесинин эсебине киргизилет. 3. Декларациялоо объектинин наркын баалоо декларациялоо субъекттитарабынан жүзөгө ашырылат. 4. Кирешелерди жана мүлктү декларациялоо тартиби төмөнкүдөй: 1) декларациялоо объекттерин декларациялоону каалаган декларация-лоо субъектти кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларацияны алуу жанатолтуруу үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылат; 2) декларациялар ыйгарым укуктуу кызмат адамына берилет, эгерделегалдаштыруу объекттисинин наркы декларациялоо чегинен ашып кетсе,декларацияга ыйгарым укуктуу коммерциялык банкка мамлекеттик бюджеттинпайдасына бир жолку декларациялык төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциятиркелет; 3) декларация бир нускада толтурулат жана ырастоо үчүн аны ыйгарымукуктуу кызмат адамына декларациялоо субъектинин жеке өзү же анын мый-замдуу өкүлү тарабынан күбөлөндүрүү үчүн берилет жана декларация декла-рациялоо субъектинде сакталат; 4) ыйгарым укуктуу кызмат адамы декларациялоо субъектинин же анынмыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда декларациядагы декларациялоо субъектижөнүндө маалыматтардын анын өзүн күбөлөндүргөн документтерине ылайыккелүүсүн гана текшерет, ошондой эле декларациядагы коюлган колдун туу-ралыгын күбөлөндүрөт жана Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардынреестрине кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номерин,декларациялоо күнүн, ушул декларацияны берген адамдын жеке маалыматта-рын киргизет. Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын мазмунуна тиешелүү маа-лыматтар Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестрине кирги-зилбейт жана эч бир жерде белгиленбейт. Кирешелер жана мүлк жөнүндөдекларациялардан ыйгарым укуктуу кызмат адамы жана башка бардык мамле-кеттик органдар жана кызмат адамдары тарабынан көчүрмөлөрдү алуусунатыюу салынат. Декларацияны толтурууда так эместиктер табылган же инсандыгынкүбөлөндүргөн документтер көрсөтүлбөгөн учурда гана ыйгарым укуктуукызмат адамы декларацияны алуудан баш тартууга укуктуу. Декларациялоосубъектти жањы декларацияны толтурууга жана ыйгарым укуктуу кызмат ада-мына берүүгө укуктуу. Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияны текшерүүнүн жүрүшүндө такэместиктер табылса, ошондой эле декларация жоголсо же бузулса деклара-циялоо субъекти декларациялоо мөөнөтүндө жањы декларацияны толтуруугажана ыйгарым укуктуу кызмат адамына берүүгө укуктуу. Кирешелер жанамүлк жөнүндө бузулган декларация декларациялоо субъекттисинин катышуу-сунда ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан жок кылынат, бул жөнүндөКирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестринде көрсөтүлөт; 5) ушул бөлүктүн 4-пунктунда каралган жол-жоболорду аткаруунун жы-йынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамынын мөөрү жана жооптуу ада-мынын койгон колу менен ырасталган декларация жана декларацияга тиркел-ген документтер декларациялоо субъектине декларация берилген күнү бери-лет. 5. Декларацияда берилген маалыматтардын тактыгын, ошондой эле дек-ларацияны сактоону декларациялоо субъекти камсыз кылат. 6. Декларациялоо мөөнөтү аяктагандан кийин кирешелер жана мүлкжөнүндө декларация жоголсо же бузулса дубликаты же экинчи ирет деклара-ция берилбейт. 7-берене. Декларацияланбаган салык жана бажы милдеттенмелерин жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү тындыруунун тартиби 1. Декларациялоонун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жаранынын2012-жылдын 31-декабрын кошо алганда пайда болгон декларациялоо субъек-ттерине карата билдирилбеген бардык салык жана бажы милдеттенмелери,социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрү, башка милдеттүү төлөмдөрү,ошондой эле ушул милдеттенмелер боюнча айыптары, пайыздары жана туумда-ры тындырылган деп таанылат. Бул милдеттенмелерге карата эч кандай кыл-мыш-жаза, администрациялык же башка териштирүүлөр демилге кылынбайт. 2. Ушул берене мурда декларацияланган, бирок тындырылбаган салык,бажы милдеттенмелерине жана социалдык камсыздандыруу боюнча че-герүүлөргө карата колдонулбайт. 8-берене. Декларациялоо жол-жобосунун аякташы Ушул Мыйзамдын жоболору сакталып, ыйгарым укуктуу кызмат адамынынмөөрү жана жооптуу адамынын койгон колу менен ырасталган кирешелер жанамүлк жөнүндө декларациясын декларациялоо субъекти алган учурдан баштапдекларациялоо жол жобосу аяктады деп эсептелет. 9-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушу 1. Кыргыз Республикасынын салык, бажы мыйзамдары, ошондой эле мам-лекеттик социалдык камсыздандыруу жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мый-замдары ушул Мыйзамда жөнгө салынуучу иш-аракеттерге жана окуяларга ка-рата колдонулбайт. 2. Ушул Мыйзам кылмыш иши козголгон адамдарга, ошондой эле иши сотөндүрүшүндө турган адамдарга жайылтылбайт. 3. Ушул Мыйзам менен башка мыйзамдардын ченемдеринин ортосунда ка-рама-каршылыктар пайда болгондо, ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат. 10-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө: - өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин; - ушул мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык чечимдердидаярдасын жана кабыл алсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык төлөөчүлөрдүн чыгымдарынконтролдоонун негизинде салыктык башкарууну жүзөгө ашырууга багытталганжол жоболорду үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев