Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 24-майы № 80
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 2, 83-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "2009-жылдын 31-декабрын" деген цифралар жана сөздөр "2012-жылдын 31-декабрын" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
2. 5-беренеде "2010-жылдын 1-мартынан баштап 2010-жылдын 1-июлун кошо алгандагы" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 1-июлунан баштап 2013-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ N 90 Мыйзамынын колдонулушун токтотуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети күчүн жоготту деп таанылсын ("Эркин-Тоо" газетасына тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары", 2010-ж., 30-июль, № 13-14 (370-371).
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
үч айлык мөөнөттө салык төлөөчүлөрдүн чыгымдарын көзөмөлдөөнүн негизинде салыктык администрациялоону жүзөгө ашырууга багытталган жол-жоболорду иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|