Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 16-январындагы № 17 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 2-марты № 38
"Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 664-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо үчүн акы төлөө ставкалары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралгандан башка учурларда, белгиленген базалык ставкалардан 4 эсеге көбөйөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |