Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 16-январы № 17
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы, айлана-чөйрөнү булгагандыгы жана жаратылышка тийгизген башка терс таасирлери үчүн төлөмдөрдүн ставкалары жана ченемдери, аларды өндүрүп алуунун жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, агызгандык, калдыктарды жайгаштыргандык) үчүн акынын ставкасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 10-мартындагы № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 124-ст.);
- "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 11-августундагы № 200 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 664-ст.);
- "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 2-мартындагы № 38 Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 17-18).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |