Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 21-апрелинин №17 Убактылуу Окмотунун Декретине ылайык2010-жылдын 12-марты № 48КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫКыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 240-берененин 1-бөлүгүндөгү "ысык жана" жана "жылуулук энергияны, электр энергияны" деген сөздөр алып салынсын. 2. 282-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. КНСтин эсеп-фактурасы төмөндөгүдөй учурларда ар бир айдын аягында салык салынуучу субьект тарабынан бир жолу жол-жоболоштурулат: 1) ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык чекене сатуу пункттарынан накталай эсептешүү менен товарларды сатканда, жумуштарды аткарганда жана калкка кызмат көрсөткөндө; 2) турмуш-тиричилик максаттар үчүн калкка ысык суу, жылуулук энергиясын жана электр энергиясын сатканда.". 2-берене. Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 2010-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев