МыйзамКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 48 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Мыйзамы

Редакция12.03.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 21-апрелинин №17 Убактылуу Окмотунун Декретине ылайык  2010-жылдын 12-марты № 48 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө                1-берене.                Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы,  2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:               1. 240-берененин 1-бөлүгүндөгү "ысык жана" жана "жылуулук энергияны, электр энергияны" деген сөздөр алып салынсын.               2. 282-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:               "4. КНСтин эсеп-фактурасы төмөндөгүдөй учурларда ар бир айдын  аягында салык салынуучу субьект тарабынан бир жолу жол-жоболоштурулат:               1) ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык чекене сатуу пункттарынан накталай  эсептешүү менен товарларды сатканда,  жумуштарды аткарганда жана калкка кызмат көрсөткөндө;               2) турмуш-тиричилик максаттар үчүн калкка ысык суу, жылуулук энергиясын жана электр энергиясын сатканда.".                2-берене.                Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.                2010-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган                 Кыргыз Республикасынын                Президенти                                                                                                   К.Бакиев