Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2010-жылдын 15-февралы № 28
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Коргоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
2010-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Коргоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 82-ст.)
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Коргоо чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана
Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.";
2-пункттагы "Кыргыз Республикасы катышкан макулдашууда же эл ара-
лык келишимде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсеп-
телген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим-
де" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 6-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев