Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                    Кыргыз Республикасынын              2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык                            КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары

2010-жылдын 15-февралы № 28

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

           "Коргоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

                Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

 

   2010-жылдын 28-январында            Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

 

     1-берене.

 

     "Коргоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз

Республикасынын  Жогорку  Кењешинин  Жарчысы,  1999-ж.,  №  2,  82-ст.)

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

     1. 3-статьяда:

     1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     "1. Коргоо чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыр-

гыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана

Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.";

     2-пункттагы "Кыргыз  Республикасы катышкан макулдашууда же эл ара-

лык келишимде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп  эсеп-

телген,  мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим-

де" деген сөздөргө алмаштырылсын.

     2. 6-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

 

     2-берене.

 

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев