Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 7-апрели УӨ № 1
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
Өзүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн алып жүрүүчүсүнүн жана мамлекеттик бийлигинин бирден бир булагынын ыйык укугунан пайдаланып, 2010-жылдын 6-7-апрелинде Кыргызстандын эли К.С.Бакиевдин элге каршы режимин кулатты.
Элдин эркин билдирүүсүнүн натыйжасында мамлекеттик бийлик Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө өттү.
Кыргызстандын элинин атынан мамлекеттик бийликтин иштиктүү тутумун түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү Кыргызстандын элинин атынан ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийлик элдин эркин билдирүүсүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө өтөт.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасында 2007-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы өзүнүн юридикалык күчүн сактап калат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитилип берилген ыйгарым укуктар менен милдеттер Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө жүктөлөт.
3. 4-шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Декрет менен таратылат.
4. Мамлекеттик бийликтин Кыргызстандын элине тиешелүү экендиги жөнүндө конституциялык принципке жана ушул Декретке ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктары менен милдеттерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү жүзөгө ашырат.
5. 2008-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселелери боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүү), Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде саясый партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жаңы курамы түзүлсүн.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
6. 2009-жылдын 22-октябрында № 283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү убактылуу сакталып калат.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппараттарынын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген тартипте түзүлгөнгө чейинки мезгилге токтотулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңештин аппараттарынын ыйгарым укуктары менен милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппараттарынын Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн аппаратындагы ишке тартылбаган кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек өргүүлөрү, ал эми андан кийин эмгек акысы сакталбаган өргүүлөр берилет.
8. Ушул Декреттин 10-пунктунда көрсөтүлгөн органдарды албаганда Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген жана отчет берген мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн баш ийүүсүнө өтөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын карамагына өткөрүлүп берилет.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, чет мамлекеттердеги дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын башчылары Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн тиешелүү чечимине чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтуна кирүүчү мамлекеттик органдар (Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы, Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укук тартиби боюнча Мамлекеттик кеңешчисинин кызматы, координациялык-кеңешүүчү органдар - Президенттик кеңешме, Өнүктүрүү кеңеши) жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтуна кирүүчү мамлекеттик кызматтар Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укук тартибинин маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министри жокко чыгарылат.
11. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси жоюу комиссиясын түзсүн.
Жоюу комиссиясы белгиленген тартипте жоюлган түзүмдөрдүн документтери менен материалдык каражаттарын Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына кабыл алууну-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен каралган кызматтарга дайындоо жана кызматтардан бошотуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери менен жүзөгө ашырылат.
13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону дайындоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декрети менен жүзөгө ашырылат.
14. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун жүрүм-туруму кынтыксыз болуп саналбаган жана аларга карата дисциплинардык өндүрүш менен жазык иштери козголгон судьялары Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декрети менен ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
15. Ушул Декрет ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейинки өткөөл мезгилдин ичинде колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |