Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 21-апрели УӨ № 20
Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
Кыргызстандын элинин эркин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча референдум (жалпы элдик добуш берүү) 2010-жылдын 27-июнуна дайындалсын (мындан ары - референдум (жалпы элдик добуш берүү).
2. Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүүнүн Убактылуу тартиби бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүүнү камсыз кылсын.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгымдардын сметасына ылайык референдумду өткөрүүгө зарыл болгон каражатты бөлүп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Укук коргоо органдары референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүү учурунда коомдук тартипти камсыз кылсын.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери, дипломатиялык кызматтардын жетекчилери референдумдун комиссияларына шайлоо мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүүнү, тактоону жана берүүнү камсыз кылышсын жана референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүшсүн.
7. Ушул Декрет жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүү мезгилинде күчүндө болот.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |