Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 21-апрели УӨ № 21
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сатуулардан алынуучу салык бөлүгүндө толуктоо киргизүү жөнүндө
Салык саясатын калктын турмушунун иш жүзүндөгү деңгээлине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
315-берене төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын сатуу сатуулардан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.".
2. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |