Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 21-апрели УӨ № 19
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 27 декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине каршы келбеген бөлүктөрүнүн негизинде аракеттене тургандыгы белгиленсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча Президенттин жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары болуп эсептелсин;
2) 2-беренеде:
1- жана 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Курамы чечүүчү добушка укуктуу 15 мүчөдөн турган Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан 2010-жылы Кыргыз Республикасынын референдумун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилине түзүлөт.
2. Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан 2010-жылы Кыргыз Республикасынын референдумун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилине дайындалат. Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өз курамынан жашыруун добуш берүү менен Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарын шайлайт. Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жок учурда анын ыйгарым укуктарын төраганын орун басары аткарат.";
3-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылыштагы депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган сегиз саясый партиялардын өкүлдөрүнүн бир жыныстагы адамдарынын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын добуштарын бөлүштүрүүгө катышкан саясый партияларды - 8 мүчө (чечүүчү добушка укуктуу), ошондой эле бейөкмөт уюмдары тарабынан сунушталган талапкерликтерин - 7 мүчө (чечүүчү добушка укуктуу) эске алуу менен түзүлөт. Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы 6 адамдан ашпаган сандагы эл аралык уюмдар тарабынан сунуш кылынган кеңеш берүүгө укуктуу мүчөлөрү менен толукталышы мүмкүн.";
7, 8 жана 10-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин;
3) 3-берененин 8-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: "8. Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү чыгып калгандын ордуна комиссиянын жаңы мүчөсүн дайындайт.";
4) 7-берененин 2-пунктундагы "белгиленген сандан" деген сөз "катышкандардан. Мында катышкандардын саны белгиленген сандын жарымынан кем болбошу керек" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 27 декретинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын референдумун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине каршы келбеген бөлүгүнүн ченемдерин жетекчиликке алат.
4. Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1) 13-берененин 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
2) 14-берененин 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын:
"1-1) участкалык шайлоо комиссияларын түзөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана шайлоодо шайлоо участокторун түзөт;";"
3) 28-берененин 6-пунктундагы экинчи сүйлөм алып салынсын;
4) 41-берененин 1-пунктундагы "добуш берүү күнү коомдук тартипти камсыз кылуучу ички иштер органдарынын кызматкерлери, добуш берүү күнү аскер бөлүгү жайгашкан жерден тышкары жакта кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү" деген сөздөр алып салынсын;
5) 77-берененин 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин түшүндүрүү жана шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүн аныктоо боюнча ыйгарым укуктар ыйгарылсын.
6. Ушул Декрет жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана 2010-жылы Кыргыз Республикасынын референдумун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилинде күчүндө болот.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрайымы |
Р. Отунбаева |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 21-апрели УӨ № 19
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги УӨ № 27, 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү), Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жаңы курамы Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүү), Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан түзүлөөрү белгиленсин.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясынын курамы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган сегиз саясый партиянын, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын добуштарын бөлүштүрүүгө катышкан саясый партиялардын жана жети бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын мүчөлөрүнөн (чечүүчү добушка укуктуу) түзүлөт. Убактылуу Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына эл аралык уюмдардан, 6 мүчөдөн көп эмес комиссиянын мүчөлөрү (кеңеш берүүчү добушка укуктуу) дайындалышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан дайындалат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү чыгып калгандын ордуна комиссиянын жаңы мүчөсүн дайындайт.;
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү), Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн укуктук ченемдик актыларына каршы келбеген бөлүгүндө жетекчиликке алсын.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин түшүндүрүү жана шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүн аныктоо боюнча ыйгарым укуктар ыйгарылсын.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындаганга чейин областтык, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссияларынын жаңы курамын түзсүн.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
6. Ушул Декрет жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселелери боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүү), Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү мезгилинде колдонууда болот.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрайымы
|
Р. Отунбаева |