Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 20-майы УӨ № 43           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ               Жер участогун жана "Аврора Плюс" турак жай                  комплексин мамлекеттештирүү жөнүндө

 

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102,

                  2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 Декреттеринин редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 7-майын-

дагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү-

нүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасы-

нын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы "Ысык-Көл - Аврора" санаторийинин аймагында жайгашкан, аянты 10,0 га, жана "Инвест-Трест" жана "Аврора Плюс" элита турак жай комплекси" (мындан ары - "Инвест-Трест" ЖчКсы жана "Аврора Плюс" элита турак жай комплекси" ЖчКсы) жоопкерчилиги чектелген коомдоруна таризделген жер участок кыймылсыз мүлк объекттери менен мамлекеттеш- тирилсин.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 декретинин редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы "Инвест-Трест" ЖчКсына жана "Аврора Плюс" элита турак жай комплекси" ЖчКсына мамлекеттештирилип жаткан жер участокко берилген жер участокко жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды жокко чыгарсын.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 декретинин редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы:

- "Аврора Плюс" турак жай комплексин жер участогу менен бирге ба-

лансына кабыл алсын;

- "Аврора Плюс" турак жай комплексинин объекттеринин сакталышын

камсыз кылсын;

- "Аврора Плюс" турак жай комплексин мамлекеттештирүүдөн келип

чыккан башка маселелерди чечсин.

4. Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы:

- Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылынын тургундары үчүн

парк-пляж зонасын бөлүп берсин;

- "Аврора Плюс" турак жай комплексинин мамлекеттештирилген жер

участогунун эсебинен парк-пляж зонасына өтүүнү камсыз кылсын;

- мамлекеттештирилген жер участогунун эсебинен "Аврора Плюс" турак

жай комплекси менен жанаша жайгашкан пансионатка өткөөлдү камсыз кыл-

сын.

5. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

6. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

7. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)

 

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева