Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 28-сентябры УӨ № 130
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине мүлктү мажбурлап алууга (мамлекеттештирүүгө) байланыштуу тактоолорду киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 43 "Жер участогун жана "Аврора Плюс" турак жай комплексин мамлекеттештирүү жөнүндө" Декретине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы "Ысык-Көл - Аврора" санаторийинин аймагында жайгашкан, аянты 10,0 га, жана "Инвест-Трест" жана "Аврора Плюс" элита турак жай комплекси" (мындан ары - "Инвест-Трест" ЖчКсы жана "Аврора Плюс" элита турак жай комплекси" ЖчКсы) жоопкерчилиги чектелген коомдоруна таризделген жер участок кыймылсыз мүлк объекттери менен мамлекеттештирилсин.";
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы "Инвест-Трест" ЖчКсына жана "Аврора Плюс" элита турак жай комплекси" ЖчКсына мамлекеттештирилип жаткан жер участокко берилген жер участокко жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды жокко чыгарсын.".
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-июнундагы № 58 "Бишкектеги ликер-арак заводу" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декретине төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл текстинде "коомун" деген сөз "коомунун акцияларынын 70,12 процентин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы "ачык акционердик коому" деген сөздөр "ачык акционердик коомунун акцияларынын 70,12 процентин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-июнундагы № 60 "Ташкөмүр" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декретине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы "ачык акционердик коомун" деген сөздөр "жоопкерчилиги чектелген коомун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы "Ташкөмүр" ачык акционердик коомунун (мындан ары "Ташкөмүр" ААКсы) акцияларынын" деген сөздөр "Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары "Ташкөмүр" ЖчКсы") үлүшүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "Ташкөмүр" ААКсынын акцияларынын" деген сөздөр "Ташкөмүр" ЖчКсынын үлүшүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "Ташкөмүр" ААКсы" деген сөздөр "Ташкөмүр" ЖчКсы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 99 "Аврора Грин" ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплекстин объекттерин мамлекеттештирүү жөнүндө" Декретине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы "29" деген сан "31" деген санга алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 100 "Sky Fi№a№se" жабык акционердик коомунун "Континент Принт" жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы үлүшүнүн 65 процентин мамлекеттештирүү жөнүндө" Декретине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталышындагы жана бүткүл текстиндеги "Sky Fi№a№se" деген сөздөр "SK Fi№a№se" (СК Финанс) деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисине. тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |