Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 20-майы УӨ № 48
"Пансионат Витязь" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун жана объекттерин мамлекеттештирүү жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ №102 Декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 7-майындагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан, "Пансионат Витязь" жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары "Пансионат Витязь" ЖЧКсы) таризделген, аянты 9,32 га жер участогу жана ушул участокто жайгашкан 91 кыймылсыз мүлк мамлекеттештирилсин.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- мамлекеттештирилген мүлктү балансына кабыл алсын жана анын сакталышын камсыздасын;
- жер участогун жана кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттештирүүдөн келип чыккан башка маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы "Пансионат Витязь" ЖЧКсына таризделген аянты 7,02 га жана 2,3 га жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жокко чыгарсын.
4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 11-р чечими
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |