Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2014-жылдын 11-июлу N 37-р
"United Cement Group PLC" компаниясынын, "Эмгек Курулуш", "Ташкөмүр", "Пансионат "Витязь" "О.К.К.В." жоопкерчилиги чектелген коомдорунун жана жарандар С.Л.Калимова, Б.А.Байгобылов, В.В.Баевдин жана башкалардын кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-ноябрындагы № 146 "Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дареги боюнча жайгашкан жер участогунун жана турак эмес жайларды улутташтыруу жөнүндө"; 2010-жылдын 3-июнундагы № 60 "Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коомун улутташтыруу жөнүндө"; 2010-жылдын 12-августундагы № 121 "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун акцияларынын 13,21% улутташтыруу жөнүндө"; 2010-жылдын 20-майындагы № 48 "Пансионаты Витязь" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун жана объекттерин улутташтыруу жөнүндө"; 2010-жылдын 19-июлундагы № 99 "Аврора Грин" ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплекстин объекттерин улутташтыруу жөнүндө" Декреттеринин, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Декретинин 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу: судья М.Ш.Касымалиев,
судьялар: Ч.А.Айдарбекова, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы: Н.А.Илиязованын,
кайрылуучу тарап: ишеним каттын негизинде "Эмгек Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомдун (мындан ары - ЖЧК) өкүлү А.К.Кудайбердиевдин; ишеним каттын негизинде "Ташкөмүр" ЖЧКнын өкүлү Э.Т.Байтикованын, ишеним каттын негизинде "Пансионат "Витязь" ЖЧКнын өкүлү Н.М.Котиктин, ишеним каттын негизинде "О.К.К.В" ЖЧКнын өкүлү Б.Д.Джусуповдун, ишеним каттын негизинде "United Cement Group PLC" компаниясынын өкүлдөрү В.А.Слепокурованын жана Г.К.Уканованын,
жоопкер-тарап: кызмат ордунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Т.Э.Шамбетовдун жана ишеним каттын негизинде өкүлү Т.Э.Карабаевдин катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн (мындан ары - Конституция) жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 1, 4, 18, 19, 24, 37, 42-беренелеринин (мындан ары - "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы) талаптарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-ноябрындагы № 146 "Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дареги боюнча жайгашкан жер участогун жана турак эмес жайларды улутташтыруу жөнүндө"; 2010-жылдын 3-июнундагы № 60 "Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коомун улутташтыруу жөнүндө"; 2010-жылдын 12-августундагы № 121 "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун акцияларын 13,21% улутташтыруу жөнүндө"; 2010-жылдын 20-майындагы № 48 "Пансионат Витязь" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун жана объекттерин улутташтыруу жөнүндө"; 2010-жылдын 19-июлундагы № 99 "Аврора Грин" ден-соолукту чыңдоочу-туристтик комплекстин объекттерин улутташтыруу жөнүндө" Декреттеринин, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретинин 4-пунктунун (мындан ары - Декрет) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот жыйналышында карады.
Ишти кароого "Эмгек Курулуш" ЖЧК, "Ташкөмүр" ЖЧК, "United Cement Group PLC" компаниясынын, "Пансионат "Витязь" ЖЧК, "О.К.К.В." ЖЧКнын жана жарандар С.Л.Калимова, Б.А.Байгобылов, В.В.Баевдин жана башкалардын өтүнүчтөрү себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп, жогоруда көрсөтүлгөн Декреттер Конституцияга ылайык келүү маселесинде табылган белгисиздиктердин пайда болуусу саналат.
Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы К.С.Сооронкулованын маалыматын угуп, жана берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы,
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2014-жылдын 4-февралында "Ташкөмүр" ЖЧКнын Башкы директору Б.Батыркуловдун уюмдаштыруучу К.Н.Ысмаилов тарабынан сатылып алынган "Ташкөмүр" ЖЧКнын акцияларынын 96,94% улутташтыруу жөнүндө" 2010-жылдын 3-июнундагы № 60 Декреттин Конституцияга ылайык келбегендигин таануу тууралуу өтүнүчү келип түшкөн.
Өз талаптарын негиздөө үчүн арыз берүүчү тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Декреттин 1-пунктунда жаран К.Н.Ысмаилов тарабынан сатылып алынган "Ташкөмүр" ЖЧКнын акцияларынын 96,94% улутташтыруу боюнча жазма буйругу берилгендиги көрсөтүлгөн. Бул Декреттин 2-пунктунда жаран К.Н.Ысмаилов тарабынан "Ташкөмүр" ЖЧКнын акцияларын мыйзамсыз ээлеп алуусунан мамлекетке келип түшкөн чыгымдарга эсеп жүргүзүү тапшырмасы берилген. Буга байланыштуу, арыз берүүчү тарабынан жогоруда аталган Декрет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен кабыл алынгандыгы белгиленет, ал Конституциянын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө каршы келет, анткени Декрет жарандарга жана юридикалык жактарга таандык мүлктү улутташтыруу үчүн негиз болбойт. Ошондой эле арыз берүүчү, Декретти кабыл алуу учурунда улутташтыруунун предмети жок болгондугун белгилейт, анткени мурда 2010-жылдын 11-февралында "Ташкөмүр" ААКнын жалпы акционерлеринин жыйналышында "Ташкөмүр" ААКны "Ташкөмүр" ЖЧК кылып кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын "Акционердик коомдор жөнүндө" Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ААКнын акцияларын ЖЧКнын катышуучуларынын салымдарына алмашуу тартиби жөнүндө чечим кабыл алынган. Буга байланыштуу, № 60 Декретти чыгаруу учурунда "Ташкөмүр" ААК иш жүзүндө болгон эмес, буга ылайык улутташтырууга жатуучу акциялар пакети да жок болгон.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 19-мартындагы аныктамасы менен "Ташкөмүр" ЖЧКнын кайрылуусу конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.
Конституциялык палатага 2014-жылдын 18-февралында "United Cement Group PLC" компаниясынан анын директору А.К.Буркитбаевдин атынан, 2010-жылдын 12-августундагы № 121 "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун акцияларынын 13,21% улутташтыруу жөнүндө" Декретин Конституцияга ылайык келбегендигин таануу жөнүндө өтүнүч келип түшкөн, анткени бул Декрет тарабынан компаниянын "Кант цемент заводу" ААКнын 13,21% акциялары түрүндөгү менчиги акциялардын наркын жана башка чыгымдарды ордун толтурбастан, мамлекеттин менчигине айланган.
Өз далилдерин негиздөө катары, арыз берүүчү тарабынан, Конституциянын 12-беренесине ылайык, улутташтыруу мүлктүн жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу менен мыйзамдын негизинде гана жүргүзүлүшү белгиленген. Ошентип, Конституциянын актынын түз жана жогорку юридикалык күчкө ээ болуп саналган 12-берененин 2, 3-бөлүктөрүндө белгиленген эки милдеттүү шартты аткарбагандык Конституцияны түздөн-түз бузуу болуп саналат. Ошондой эле, арыз берүүчү, № 1 Декретке ылайык, Убактылуу Өкмөт Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын өздөрү аткарууга ыйгарым укуктуу болушкан. Бирок, талаш-тартыш туудурган Декретти кабыл алуу учурунда, мыйзам тарабынан белгиленген улутташтыруунун жүзөгө ашыруу укуктук жол-жоболору жана улутташтыруу жөнүндө актыны ишке ашыруу механизми Убактылуу Өкмөт тарабынан сакталган эмес. Андан дагы, 2010-жылдын 19-июлундагы № 103 "Мүлктү мажбурлап алуу Тартибин бекитүү жөнүндө" Декретине ылайык, улутташтырылган мүлк деп укук коргоо органдары тарабынан табылган жана К.Бакиевдин үй бүлөсүнө жана анын тегерегиндегилерге тиешеси бар мүлктү, ошондой эле 2005-жылдан тартып 2010-жылга чейинки мезгилде наркын белгилебестен менчиктештирилген мүлктү түшүнүү керек. "Кант цемент заводу" ААКнын улутташтырылган акциялары К.Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана анын тегерегиндегилерге кандайдыр бир тиешеси бар мүлк болуп саналбайт, ошондой эле менчиктештирүүнүн аталган мезгилине таандык эмес. Буга байланыштуу, арыз берүүчү № 121 Декрет Конституциянын 12-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп эсептейт.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 3-апрелиндеги аныктамасы менен "United Cement Group PLC" компаниясынын кайрылуусу конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.
Конституциялык палатага 2014-жылдын 12-мартында "Эмгек Курулуш" ЖЧКнан, анын директору Ж.Т.Мамашовдун атынан 2010-жылдын 3-ноябрындагы № 146 "Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дареги боюнча жайгашкан жер участогунун жана турак эмес жайларды улутташтыруу жөнүндө" Декретин Конституцияга ылайык келбегендиги тууралуу өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтүн негиздемесинде "Эмгек-Курулуш" ЖЧК 2007-жылы катталгандыгы көрсөтүлгөн, анда жалгыз катышуучу болуп жаран Ж.Т.Мамашов саналган. Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды кайра түзүү боюнча агенттик тарабынан 2008-жылдын 27-майында Жалал-Абад ш., Курманбек к., 8 дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 33198,0 кв.м жер участогу менен имаратка ачык тоорук жарыяланган. Жүргүзүлгөн аукциондук тооруктардын жыйынтыгы боюнча, жеңүүчү болуп "Эмгек Курулуш" ЖЧК таанылган. 2008-жылдын 23-июлундагы сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде аталган имарат 33198,0 кв.м жер участогу менен бирге ал тарабынан 6858500 сомго сатылып алынган. Бирок, 2010-жылдын февралында "Салы-Ата" ЖЧКнын кызматкерлери тарабынан аталган имаратты жана жер участогуна болгон жеке менчик укугун "Салы-Ата" ЖЧКнын балансына өткөрүү максатында кысым көрсөтүлгөн. Андан кийин, 2010-жылдын 16-февралында, кайрымпул жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдашуу менен жогоруда аталган имарат жер участогу менен бирге "Салы-Ата" ЖЧКнын менчигине өткөрүлгөн.
Жалал-Абад шаардык сотунун 2010-жылдын 12-октябрындагы чечимине ылайык, 2010-жылдын 16-февралындагы кайрымпул жөнүндө макулдашуу жараксыз деп таанылган, соттун бул чечими мыйзамдуу күчүнө кирген.
Ошентип, талаш-тартышта болгон Декретти кабыл алуу менен "Эмгек-Курулуш" ЖЧКнын конституциялык укуктары бузулган, анткени Конституциянын 12-беренесинде Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет деп таанылган. Жеке менчик кол тийгис, улутташтыруу мүлктүн наркын жана башка чыгымдарды толтуруу менен мыйзамдын негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Буга байланыштуу, арыз берүүчү № 146 Декрет негизги мыйзамга каршы келет жана конституциялуу эмес деп таанууга жатат деп эсептейт.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 3-апрелиндеги аныктамасы менен "Эмгек-Курулуш" ЖЧКнын анын директору Ж.Мамашовдун өтүнүчү конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.
Конституциялык палатага 2014-жылдын 25-мартында "Пансионат Витязь" ЖЧКнын анын өкүлү Н.М.Котиктин атынан, 2010-жылдын 20-майындагы № 48 "Пансионат Витязь" ЖЧКнын жер участогун жана объекттерин улутташтыруу жөнүндө" Декретин Конституцияга ылайык келбейт деп өтүнүч келип түшкөн. Аталган Декрет менен Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы 9,32 га аянт жер участогу жана бул участокто жайгашкан 91 мүлк бирдиги улутташтырылган.
Арыз берүүчү эсептегендей, жеке менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилээрин Конституция бекитет. Бул учурда, мүлктү алып коюу үчүн негиз мыйзам тарабынан каралышы керек. № 48 Декрети мыйзам чыгаруу актысы болуп саналбайт, мүлктү алып коюу боюнча чечим сот тарабынан чыгарылган эмес. Конституциянын 12-беренеси, мүлктү алып коюу мүмкүндүгүн кароо менен, мындай алып коюунун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө кароого тийишин аныктайт. Ошентип, Конституциянын бул ченемдерине таянуу менен, арыз берүүчү, эгер мүлк жеке менчик ээсинин эркине каршы алынып коюлса, анда алып коюунун мыйзамдуулугун тастыктоо үчүн бул жарандарды сот органдарына кайрылуу укугунан ажыратпашы керек деп эсептейт.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 3-апрелиндеги аныктамасы менен "Пансионат Витязь" ЖЧКнын кызыкчылыгындагы Н.М.Котиктин кайрылуусу конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.
Конституциялык палатага 2014-жылдын 17-апрелинде "О.К.К.В" ЖЧКнын анын директору Б.Д. Джусуповдун, курулуштун үлүштүк катышуучуларынын жана алардын ишеним катынын негизиндеги өкүлү З.В.Трунованын атынан, 2010-жылдын 19-июлундагы № 99 "Аврора Грин" ден-соолукту чыңдоочу-туристтик комплекстин объекттерин улутташтыруу жөнүндө" Декретин жана 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 130 Декреттин 4-пунктун Конституциянын 12-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө конституциялуу эмес жана карама-каршы келет деп өтүнүч келип түшкөн.
Арыз берүүчүлөр эсептегендей, № 99 жана № 130 Декреттерди кабыл алуунун натыйжасында улутташтыруу таризде курулуштун үлүштүк катышууларынын мүлктү экспроприациясы орун алган.
Ошол эле учурда, Конституциянын 12-беренесинде, мүлктү алып коюуга соттун чечиминин негизинде гана мүмкүн экендигин каралган. Мүлктү алып коюуга мыйзамда каралган башка учурларда уруксат берилет, бул учурда мындай алып коюунун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Мындан сырткары, жарандардын же юридикалык жактардын жеке менчигинде турган мүлктүн мамлекеттик менчикке кайрылуусу (улутташтыруусу), бул мүлктүн наркын жана башка чыгымдарды кайрып берүү менен мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.
Арыз берүүчүлөр, № 99 Декретинин жоболору 2010-жылдын 19-июлунда кабыл алынган № 103 "Мүлктү мажбурлап алуу тартибин бекитүү жөнүндө" Декретине карама каршы келет деп эсептешет. Анткени, № 103 Декреттин 2-бөлүгүндө, улутташтырылган мүлктүн алдында укук коргоо органдары тарабынан табылган жана К.Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана анын айлана-чөйрөсүнө тиешеси бар мүлктү, ошондой эле 2005-жылдан тартып 2010-жылга чейинки мезгилде наркынын ордун толтурбастан менчиктештирилген мүлктү таануу керек экендиги көргөзүлгөн. Бирок, тергөө органдары тарабынан "О.К.К.В." ЖЧКнын же үлүштүк курулуштун катышуучуларынын мурдагы Президент, анын үй-бүлөсү же айлана чөйрөсү ортосунда эч кандай байланыш табылган эмес.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 30-майындагы аныктамасы менен "О.К.К.В" ЖЧКнын, курулуштун үлүштүк катышуучуларынын жана алардын ишеним катынын негизиндеги өкүлү З.В. Трунованын кайрылуусу конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык судья-баяндамачы К.С.Сооронкулованын 2014-жылдын 2-июлундагы аныктамасы менен талашылган актылардын бир түрдүүлүгү жана талаптары өз ара байланыштуу болгондуктан жогоруда көрсөтүлгөн өтүнүчтөр бир сот өндүрүшүнө бириктирилген.
Соттук жыйналышта кайрылуучу тараптын өкүлдөрү өздөрүнүн өтүнүчтөрүн колдошуп, аны канааттандырууну өтүнүштү.
Өкмөттүн өкүлдөрү, Убактылуу Өкмөттүн Декреттери тарыхый жагдайлардын көрүнүшү болуп эсептелген, жана анын шартында алардын Конституцияга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келиши олуттуу мааниге ээ эмес деп эсептейт. Алардын баары ошол мезгилде, мазмунунан көз карандысыз, ошол мезгилдеги мамлекеттик орган - Убактылуу Өкмөт тарабынан бекитилген укуктун жаңы таризин көрсөткөн.
Өкмөттүн өкүлдөрүнүн пикири боюнча, конституциялык-укуктук статусу түздөн-түз Конституция тарабынан бекитилген Конституциялык палата, 2007-жылкы Конституциянын мезгилинде чыгарылган Декреттерге, аларды 2010-жылы чыккан Конституцияга ылайык келүү предметине баа берүүгө укуктуу эмес.
Андан ары, Декреттердин анын кабыл алынганга чейинки жана андан кийинки чыгарылган Конституцияга ылайык келбегендиги тууралуу кайрылгандардын ырастоосуна, Өкмөт Конституциянын 2010-жылдын 27-июнунда күчүнө киргенине карабастан, мамлекеттик бийликтин компетенттүү органдарынын жоктугунан чынында толук өлчөмдө кызмат өтөй албагандыгына көңүл бурат, буга ылайык, конституциялык укук тартибин орнотуу толук болгон эмес.
Өкмөттүн өкүлдөрү, Убактылуу Өкмөт тарабынан чыгарылган декреттер, алардын кабыл алынган күнүнөн тартып (Кыргыз Республикасынын 2010-жылы жана андан кийинки Конституциясы күчүнө киргенге чейинки), укуктук актылар (ченемдик жана ченемдик эмес мүнөздөгү) көз карандысыз болуп саналбайт деп эсептешет, алар өткөөл мезгилде башкарып турган мамлекеттик бийлик органдарынын укук таризи түрүндө экстраординардуу кезде кабыл алынган актылар болуп саналат, алар мамлекеттик бийликтин компетенттүү органдары калыптанганга чейин, башкача айтканда 2010-жылдагы Конституция толук өлчөмдө күчүнө киргенге чейин иштеп турушкан.
Буга ылайык, Декреттер маңызы боюнча аларды алып салуу предмети катары сотто каралуунун предмети боло албайт (жараксыз деп табуучу), анткени алар 2010-жылдагы Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келүү предметине салыштырууга мүмкүн болбогондуктан, укуктук каражаттарды колдонуу менен баалана албайт.
Ошол эле убакта, жоопкер тарап, Убактылуу Өкмөттүн Декреттери тарабынан Конституция тарабынан кепилденген жарандардын жеке менчикке болгон укугу жана анын корголушу эске алынгандыгын көңүлгө алат, жана бул маселе Өкмөт тарабынан соттук эмес тартипте каралышы керек деп эсептейт.
Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп жана жактардын жүйөөлөрүн угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык палата кайрылууда каралган ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу шектүү бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Демек, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп төмөнкүдөй Декреттер эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-ноябрындагы № 146 "Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дареги боюнча жайгашкан жер участкасын жана турак эмес жайларды улутташтыруу жөнүндө" Декрети;
2) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-июнундагы № 60 "Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коомун улутташтыруу жөнүндө" Декрети;
3) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 121 "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун акцияларынын 13,21% улутташтыруу жөнүндө" Декрети;
4) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 48 "Пансионат Витязь" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун жана объекттерин улутташтыруу жөнүндө" Декрети;
5) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 99 "Аврора Грин" ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплекстин объекттерин улутташтыруу жөнүндө" Декрети;
6) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" төмөнкүдөй мазмундагы Декреттин 4-пункту:
"4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 99 "Аврора Грин" ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплекстин объекттерин улутташтыруу жөнүндө" Декретине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы "29" деген сан "31" деген санга алмаштырылсын.".
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-ноябрындагы № 146 "Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дареги боюнча жайгашкан жер участкасын жана турак эмес жайларды улутташтыруу жөнүндө", 2010-жылдын 3-июнундагы № 60 "Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коомун улутташтыруу жөнүндө", 2010-жылдын 12-августундагы № 121 "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун акцияларынын 13,21% улутташтыруу жөнүндө", 2010-жылдын 20-майындагы № 48 "Пансионат Витязь" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун жана объекттерин улутташтыруу жөнүндө", 2010-жылдын 19-июлундагы № 99 "Аврора Грин" ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплекстин объекттерин улутташтыруу жөнүндө", 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Декреттери 2010-жылдын 28-майында № 9-10 сандарында (336-367) "Эркин-Тоо" гезитинин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары" тиркемесинде жарыяланган; 2010-жылдын 21-июнунда № 25 "Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары" журналында жарыяланган; 2010-жылдын 30-июнунда № 11-12 сандарында (368-369) "Эркин-Тоо" гезитинин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары" тиркемесинде жарыяланган; 2010-жылдын 30-июлунда № 13-14 сандарында (370-371) "Эркин-Тоо" гезитинин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары" тиркемесинде жарыяланган; 2010-жылдын 20-августунда № 74 санында "Эркин-Тоо" гезитинде жарыяланган; 2010-жылдын 6-сентябрында № 36 "Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары" журналында жарыяланган; 2010-жылдын 30-августунда № 15-16 сандарында (372-373) "Эркин-Тоо" гезитинин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары" тиркемесинде жарыяланган; 2010-жылдын 11-октябрында № 41 санында "Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары" журналында жарыяланган; 2010-жылдын 30-сентябрында № 17-18 сандарында (374-375) "Эркин-Тоо" гезитинин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары" тиркемесинде жарыяланган; 2010-жылдын 15-ноябрында № 46 санында "Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары" журналында жарыяланган; 2010-жылдын 30-ноябрында № 21-22 сандарында (378-379) "Эркин-Тоо" гезитинин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары" тиркемесинде жарыяланган жана колдонууда болуп эсептелет.
2. 2010-жылдын 7-апрелинде мамлекеттик бийлик толугу менен Убактылуу Өкмөткө өткөндүгү мамлекетте болуп өткөн социалдык-саясий окуялардын натыйжасында болгон.
Буга окшогон органдарды дүйнөлүк тарыхта түзүү мисалдары, алар, эреже катары өткөөл мезгилдин шартында же курч социалдык-саясий каатчылык учурунда бийликтин убактылуу өкүлдөрү болуп чыгаарын күбөлөндүрөт жана мамлекеттик тиешелүү административдик-саясий механизмин камсыз кылып турууга милдеттүү.
Социалдык-саясий каатчылыктын ар кандай тариздери баардык эле мамлекеттердин саясий тутумуна таандык. Каатчылык кырдаалдардын келип чыгуу себеби жана алардын өнүүгү мүнөзү универсалдуу мүнөзгө ээ, бирок, ар бир саясий тутумдун туруксуздугунун конкреттүү учурунун өзгөчөлүктөрүнөн жана жагдайларынан көз каранды болот.
Каралып жаткан мааниде социалдык-саясий каатчылык саясий тутумдун ченемдүү кызматынын бузулгандыгын көргөзүп турат, анда жарандардын көбүрөөк бөлүгү башкарып жаткан саясий уюмга өз колдоосун көргөзүүдөн баш тартышат, мындай же тигиндей таризде мамлекетте жүргүзүлүп жаткан саясатка макул эместигин билдирет, ага нааразылыгын билдирет жана аны менен элдик мамлекеттик бийликке өз кызматын аткарууга мүмкүндүк бербейт.
Баарынан мурда, социалдык-саясий каатчылыктын факторлору болуп, бийликтин мыйзамдуулугунун олуттуу азайышы, жарандардын көз алдында анын нарксызданышы, бийликтин коомдо болуп жаткан процесстерди башкаруу жөндөмдүүлүгүн жоктугу, ачык саясий мүнөзгө ээ болгон социалдык жаңжалдардын кескин курчушу болуп саналат, мында нааразылык билдирүүнүн таризи коомдун кандайдыр бир бөлүгүнүн мамлекеттик жогорку курамдарга жана саясий каршылыктын башаламан тариздерин күчөтүү жолу менен алардын саясатына каршы чыгышы болуп саналат (митингдер, иш таштоо, демонстрациялар ж.б.).
Социалдык-саясий каатчылык объективдүү мүнөзгө ээ жана өнүгүп жаткан саясий чындыкты билдирет, ал саясий мамилелердин тигил же бул субъекттеринин эркинен көз карандысыз коомдук мамилелерди түзө алышат, алар мамлекеттин саясий тутуму орноткон алкактан да чыгып кетишет.
Социалдык-саясий каатчылык курч фазага өтүп жана саясий ырк бузуу менен мүнөздөлүп калган учурда, башкача айтканда расмий бийлик курамдары тарабынан саясий процесстин жүрүшүнө көзөмөлдү толук жоготкон убакта, мамлекеттин ички да, тышкы да коопсуздугуна болгон коркунуч күчөйт. Мындай учурларда, коомдук кырдаалдын өзгөрүлмөлүк жана туруксуздук шартында мамлекеттин иштешиндеги институционалдык жана административдик негиздери бошоңдой баштайт, бул жарандар үчүн, жалпы эле коом үчүн терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн.
Саясий аракеттер саясий максаттуулуктун логикасы боюнча өнүгөт, жана көп учурда укуктук алкагынан чыгып кетет. Социалдык-саясий каатчылыктын шартында тигил же бул маселелердин чечилиши саясий процесстин субъектилеринин консенсусунун негизинде ишке ашырылат - дээрлик анын катышуучуларынын баардыгы саясий карама каршылыктарды чечүүдө кыймылдаткыч күч болуп саналат. Бул учурда артыкчылыктуу роль көбүрөөк таасири барга, айрым гана топтордун эмес, жалпы коомдун кызыкчылыгын элге сунуштап жана аны ишке ашыра ала тургандарга берилет. Так ушундай адамдарга саясий консенсустун натыйжасында саясий бийлик жүктөлөт, ал мамлекеттин жана жалпы коомдун кызыкчылыгында чечим кабыл алууга милдеттүү.
Ошентип, каатчылык кырдаалдарда саясий чечимдер - экстраординардуу кырдаалдарга байланыштуу келип чыккан жана өнүгүп жаткан саясий процесстин бир бүтүндүгүнүн маанилүү бөлүгү, ал саясий тутумдун туруктуулук абалы үчүн мүнөздүү болгондорго салыштырмалуу жаңы жана өзгөчө болуп калат.
Мындай чечимдердин максаты социалдык-саясий кырдаалды турукташтырууда, кооптуу жагдайды жана социалдык-саясий чыңалууну жеңүүдө, укуктук тартипти, мамлекеттин жана калктын коопсуздугун камсыз кылууда турат, башкача айтканда жалпысынан социалдык-саясий каатчылыктан чыгуу максатында мамлекетти өткөөл мезгилде башкаруу керек.
3. Социалдык-саясий каатчылыктын шартында саясий процесстин субъектилеринин бийлик ыйгарымдары факты жүзүндө болуп саналат жана каатчылыктын кырдаалдын узактыгынын мезгили менен чектелген.
Буга окшогон убактылуу бийлик органдарынын ишмердүүлүгү көп учурда мамлекеттин саясий тутуму тарабынан каралган эмес, ошондуктан формалдуу көз караштан алып караганда мындай ишмердүүлүк легалдуу (мыйзамдуу) деп саналышы мүмкүн эмес.
Аны менен бирге, конституционализмдин илимий доктринасы легалдуу жана легитимдүү сыяктуу бийликтин сапаттарын бири биринен ажыратып жана айырмалап турат.
Жогоруда белгиленип өткөндөй, легалдуулуктун (мыйзамдуулуктун) сапаты бийлик курамдарынын ишмердүүлүгүн жана чечимдерин алардын укуктук ченемдик актылардын талаптарынын көз карашында гана мүнөздөйт.
Легитимдүүлүктүн сапаты мазмундуу суроолорго көбүрөөк тиешелүү, тагыраак айтканда, саясий процесстин субъекттерине жана алардын ишмердүүлүгүнө болгон коомдук ишеним суроолоруна, анын натыйжасы катары, бийликтин легитимдүүлүк деңгээли кандайдыр бир бийлик курамдарына ылайык келүү даражасын, алардын талаптарын жана коомдун күтүүсүн чагылдырат.
Легитимдүүлүк сапаты баалоочу мүнөзгө ээ жана жарандардын баалуулук багыттары менен байланыштуу, алар "жакшы баага", анын башкарууга болгон укугун жана ага багынууга болгон макулдугун таанууга объективдешет, башкача айтканда бул субъекттин саясий бийлигин колдоо даражасына далил болуп кызмат кылган аракеттерди алып жүрөт, бул толук өлчөмдө Убактылуу Өкмөттүн бийлигине таандык.
Аны менен бирге, Убактылуу Өкмөт түзүлгөн кырдаалды аныктоо кандайдыр бир мазмундуу баалоо же анын ишмердүүлүгүн талдоо маселесин камтыбайт.
Маанилүү болуп, 2010-жылы апрель окуяларынын натыйжасында мамлекеттик бийликтин өз кызматын аткарууга толук жөндөмдүү эместиги байкалгандыгын аныктоо болду. Бул, Убактылуу Өкмөттү түзүү жана анын кызматы күтүүсүз болгон социалдык-саясий жагдайлардан жана мамлекеттеги коомдук саясий жана социалдык - экономикалык экстраординардуу кырдаалды турукташтыруу, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында мамлекеттик бийликти ишке ашыруу зарылдыгынан келип чыккан объективдүү себептер менен шартталган. Андан сырткары, Убактылуу Өкмөт, өткөөл мезгилдин бийлигинин органы катары, конституциялык реформа жүргүзүүгө жана анын негизинде мамлекеттик бийликтин конституциялык органдарын калыптандырууга болгон жоопкерчиликти мойнуна алды.
Ошентип, Убактылуу Өкмөт каралып жаткан мезгилде саясий бийликтин легитимдүү субъектиси катары чыкты жана элдик мамлекеттик бийликтин расмий органдарынын ишке жараксыз болгон шартында мамлекеттик бийликти жүргүздү.
4. Мамлекеттик бийликти ишке ашыруунун тариздеринин бири болуп, мыйзам чыгаруучу ишмердүүлүк саналат. Эреже катары, мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруучу ишмердүүлүгү бекем калыптанган жол-жоболук тартипте жүргүзүлөт. Бирок, өлкөнүн формалдуу саясий тутуму турмуштун болуп жаткан кырдаалына ылайык келбеген шартта (Убактылуу Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн убагында болгондой), элдик убактылуу өкмөттүн субъектиси кабыл алган актылардын жаратылышы түзүлгөн коомдук экстраординардуу кырдаалдын өзгөчөлүктөрүнүн призмасы аркылуу каралышы керек.
Ошентип, Декреттер, өлкөнүн саясий тутуму тарабынан саясий эрктин булагы жана мамлекеттик бийликтин субъектиси катары каралбаган субъект тарабынан кабыл алынган, ал өзүнө мамлекетти башкаруу функциясын жана анын андан аркы өнүгүшүнө болгон жоопкерчиликти өзүнө жүктөп, Убактылуу Өкмөт мамлекеттин жана коомдун мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга жана социалдык-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн баардык тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү болгон. 2010-жылы апрель айында орун алган мамлекеттеги курч каатчылыкта мамлекетти башкаруу өзгөчөлүгү, өзүнө мамлекеттик бийлик функциясын, коомдук-саясий кырдаалдарды турукташтырууга же өзгөртүүгө, башка көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багытталган чечимдерди өз мойнуна алган орган тарабынан кабыл алуу зарылдыгынан келип чыгат.
Буга ылайык, Убактылуу Өкмөттүн актылары жол-жоболоштурулган каражаттар жана мамлекеттик бийликтин расмий органдарынын ырк бузуу шартындагы коомдук мамилелерди башкаруу жана жөнгө салуу ыкмалары катары каралышы керек. Декреттер өзүнүн максаттуу багыты боюнча, каатчылык социалдык-саясий кырдаалдын мезгилинде анын жашоо ишмердүүлүгүнүн анын баардык тармактарында мамлекеттин толук кандуу иштешин камсыз кылууга багытталган. Бул учурда, бул актыларды тиешелүү мыйзам чыгаруу иш чараларын кармабастан кабыл алуу объективдүү мүнөздөгү жагдайлар менен шартталган, алардын айкындуулугунан, масштабдуулугунан, мамлекеттеги күнүмдүк процесстерди башкарууга багытталгандыгынан жана ишке ашыруу тажрыйбасынан, мамлекеттик баардык саясий тутумунун институционалдык курамын өзгөртүүдөн улам башкаруу - тескөө мүнөзүн кемсинтпейт.
Ошентип, тартипти жана коомдук коопсуздукту, жарандардын укугун жана эркиндигин коргоону камсыз кылуу үчүн мамлекеттик башкаруу кызматын ишке ашыруу жана калыптандыруунун объективдүү зарылдыгы пайда болгон учурда, убактылуу субъекттин ишмердүүлүгү анын расмий статусунан көз карандысыз, бул субъект тарабынан мамлекеттик бийликтин легитимдүү ишке ашырылышы карата каралышы керек.
5. Өз талаптарын негиздөө катары, кайрылган субъекттер алардын мүлкүн Убактылуу Өкмөттүн декреттери тарабынан алып салуу Конституциянын 12-беренесинин талаптарына таризи боюнча да, мазмуну боюнча да карама каршы келет деген далилдерди келтиришет.
Конституциянын 12-беренесинин 3-бөлүгү улутташтыруунун конституциялык-укуктуктук негиздерин жүзөгө ашырууну орнотот, ага ылайык улутташтыруу ал мүлктүн жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу менен мыйзамдын негизинде жүргүзүлүшү керек.
Демократиялык укуктук мамлекетте улутташтыруу, бул мамлекеттин коргонуучу жана мамлекеттин жана объекттердин коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ, жеке менчик объекттерине карата экономикалык саясаттын каражаты катары гана колдонулушу керек, анда жеке менчик укугун токтотуусуз канааттандырууга мүмкүн болбогон учурда гана социалдык мааниге ээ максаттарга жетүү үчүн коом үчүн зарыл болгон учурда гана колдонулушу керек. Улутташтыруу бул учурда жазалоо чарасы болуп саналбайт, ал социалдык - экономикалык мааниге ээ, жана коомдук жалпы кызыкчылыгына жооп бериши керек жана мамлекеттик экономикасынын тигил же бул секторунун ишенимдүү иштешин камсыз кылуусу керек.
Убактылуу Өкмөт тарабынан ишке ашырылган улутташтыруу башка мүнөзгө ээ болгон жана өзгөчө жагдайлар менен шартталган.
Маңыздык маанисинде улутташтыруу болжол менен мыйзамсыз жол менен менчиктештирилип алынган мүлктүн үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдү орнотуу жана сактап калуу максатын көздөгөн. Жалпыга белгилүү болгондой, мамлекетке пайдалуу болбогон шарттарда стратегиялык объекттерди менчиктештирүү 2010-жылдын апрель айындагы социалдык каршылыктардын себебинин бири болуп калган. Мындай мүлктү мамлекеттик бийликке кайтаруу Убактылуу Өкмөт тарабынан өткөөл мезгилдин биринчи кезектеги милдеттери катары каралган. Бул учурда ошондой эле ошол учурдун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу улутташтыруу жөнүндө чечим кабыл алуудагы олуттуу факторлор болуп, социалдык-саясий чыңалуу, социалдык орнотмолор жана "социалдык акыйкаттыкты" калыптандыруу зарылдыгы жөнүндө элдин күтүүсү болуп калды.
Формалдык мааниде конституциялык талаптар жана жеке менчик ээлеринен мүлктү тартып алууну ишке ашыруу учурунда мыйзам чыгаруу жол-жоболорун мыйзам чыгаруу органынын делегитимдүү күчүнөн, жана каралып жаткан мезгилдеги жалпы мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн жоктугунан улам кармалууга мүмкүн болгон эмес.
Буга ылайык, улутташтыруу жөнүндө Декреттердин негизинде жеке менчик ээлерине мүлктү тартып алуу айрыкча мүнөзгө ээ, ал кырдаалдын экстраординардуулугу жана өзгөчө зарылдыктын болушу менен шартталган.
2010-жылы Конституциянын кабыл алынышы жана анын мамлекеттик бийлик органдарын калыптандыруу жөнүндө жоболорунун ишке ашырылышы менен, Убактылуу Өкмөт № 147 Декрети менен өзүнүн бөлүнүшү жөнүндө жарыялады, Убактылуу Өкмөттүн Декреттеринин көпчүлүгү өзүнүн юридикалык күчүн жоготту.
Аны менен бирге, улутташтыруу жөнүндөгү Декреттер, анын ичинде бул иш боюнча каралып жаткан декреттер өзүнүн юридикалык маанисин сактап калган, алардын негизинде келип чыккан мамилелер узаруучу мүнөзгө ээ жана буга байланыштуу, субъекттер үчүн укуктук колдонуудагы тутумунда алардын ролу жана орду, аларды соттук тартипте даттануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө укуктуу суроо келип чыгат.
Буга байланыштуу, Конституциялык палата, экстраординардуу учурунда кабыл алынган улутташтыруу жөнүндө убактылуу бийлик органынын актылары, конституциялык тартиптин калыбына келтирилиши менен жана мамлекеттин жана анын органдарынын иштөө шартында азыркы колдонуудагы мыйзам тарабынан каралган тартипте калыптандырылышы керек деп эсептейт.
Эгер, Декреттердин негизинде мүлктү тартып алуу учурунда жеке жана юридикалык жактардын укутарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга жол берилген болсо, алардын мыйзамдуу аракети компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан каралышы керек. Бул учурда, Конституциянын 12-беренесине ылайык, жеке менчик укугуна байланыштуу баардык чектөөлөр, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын жеке менчигиндеги мүлктү алып коюу таризи акталышы керек жана конституциялык түзүлүштүн, улуттук коопсуздуктун, коомдук тартиптин, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоонун, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун, мамлекеттин коргонуусун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун негиздерин коргоонун конституциялык маанилүү максаттарына себептүү жана шайкеш болушу керек.
Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн мааниси, жана ага кабар берүүчү Адам укугунун Жалпы декларациясынын 8 жана 29-беренелеринин жоболору жана Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын 2-беренесинин 2-пунктунун, 3-пунктунун "а" пунктчасынын жана 14-беренесинин 6-пунктунун жоболору боюнча мамлекет акыйкат, компетенттүү жана майнаптуу болууга тийиш болгон соттук коргоо укугун ишке ашыруусун камсыз кылууга милдеттүү. Соттук коргоого болгон укук Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, абсолюттук укуктарга киргизилген, ал эч кандай шартта чектелбеши керек.
Ошентип, Убактылуу Өкмөттүн Декреттерине байланыштуу талаш-тартыш маселелерди колдонуудагы укуктук чөйрөнүн алкагында уюштуруу-укуктук жөнгө салуу учурунда, өз жаратылышы боюнча абсолюттук болгон соттук коргонууга болгон укукту ишке ашыруу үчүн тиешелүү шарттардын баардыгы түзүлүшү керек.
6. Конституциянын үстөмдүк принциптери укуктук мамлекеттин ажыратылгыс өзгөчөлүгү болуп саналат жана Конституцияны мамлекеттин органдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышын талап кылат. Бул принциптерди мамлекеттин баардык аймагында камсыз кылуу жана баардык субъекттердин колдонуусун камсыз кылуу Конституциялык палатанын негизги милдети болуп саналат.
Конституциянын талаптарынын жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын талаптарынын күчү менен талаш-тартышка түшкөн Декреттердин конституциялуулугу жөнүндө маселени чечүү, маңызы боюнча Конституциялык палата тарабынан чечиле албайт, анткени жогорудагы мыйзамдарга ылайык, конституциялык көзөмөлдүн текшерүү предмети, бекитилген иш-чараларды сактоо менен кабыл алынган жана ишке киргизилген, так калыпка салынган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар болушу керек. Талаш-тартышка түшкөн Декреттер бекитилген ченем жаратуучу иш-чаралардан тышкары кабыл алынган, жана Конституциялык палатанын карамагындагы юридикалык ыкмалар менен изилденип, чечиле албайт. Андан сырткары, так ушул себеп менен Декреттер жалпы юрисдикциянын соттору тарабынан да кароо предмети болуп саналбайт.
Конституциялуулук предметине талаш-тартышка түшкөн Декреттер бул маселеге тиешеси бар фактылык жагдайларды текшерүүнү жана изилдөөнү талап кылат, мындан сырткары, бул Декреттерди кабыл алуу, жогоруда көргөзүлгөндөй, саясий мүнөздөгү себептер менен да шартталган. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн маанисинен алып караганда, соттук конституциялык көзөмөл бир гана укук маселелерин чечүүгө арналган жана эч кандай шарттарда саясий максаттуулукка артыкчылык көргөзбөшү керек, ошондой эле алардын укуктук таризинен тышкары кимдин болбосун саясий аракеттерин баалоого аракет кылбашы керек. Буга байланыштуу, Конституциялык палата башка мамлекеттик органдардын компетенциясына кирген учурда, баардык жагдайларды белгилөөдөн жана изилдөөдөн алыс болууга милдеттүү. Конституциялык көзөмөл органы тарабынан ишти чечүүнүн чегин мындай чектөөсү мамлекеттик бийликти бөлүүнүн конституциялык принцибинин маанилүү элементи болуп саналат жана сот бийлигине саясий бааны талап кылган маселелерди кароо укугун жалпы чектегендигинен кабар берет. Сот бийлигинин компетенциясына мындай чектөөнүн маңызы сот адилеттигинин тармагын идеология жана саясий артыкчылыктардын элементтерине кирүүсүнөн тосуу зарылдыгы болуп саналат.
Аны менен бирге, талаш-тартыш болуп жаткан актылар кабыл алынган кырдаалдын айрыкчалыгы жана экстраординардулуугу, актылардын маңызы сыяктуу эле кандайдыр бир кароо ишине абсолюттук тоскоол болбошу керек, андан дагы адамдын же жарандын укугу жана эркиндиги бузулган болсо абсолюттук актоого себеп болбошу керек.
Талаш-тартышка түшкөн актылар тарабынан түзүлгөн каралып жаткан кырдаалга карата, дагы бир жолу белгилей кетүү керек, бул маселелерди соттук тартипте кароого мүмкүн эместиги Конституция тарабынан кепилденген жана эч кандай чектөөгө таандык эмес соттук коргонуу укугуна олуттуу тоскоолдук болуп саналат.
Буга ылайык, мамлекеттик бийлик органдары тарабынан, талашка түшкөн Декреттер тарабынан каралган маселени деталдуу изилдөө жана кызыкдар болгон субъекттерди сот адилеттигине жетүү укугун камсыз кылуу максатында, тиешелүү чараларды көрүү керек, колдонуудагы укуктук талаанын алкагында талаш маселелерди чечүү механизмин иштеп чыгуу зарыл.
Убактылуу Өкмөттүн талаш-тартыш жараткан актылары, жеке менчик укугун коргоо жана жеке менчик ээлеринин укугун камсыз кылуу маселелерин камтыйт. Конституция мындай маселелерди Өкмөт ишке ашырган аткаруу бийлигинин карамагына киргизген, ага министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар баш ийишет (Конституциянын 83-беренеси).
Демек, Конституциянын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда менчиктин баардык түрлөрүн өнүктүрүүнү жана аларды коргонуу бирдей шарттарын камсыз кылуу иш-милдетти, өлкөнүн аткаруу бийлигинин жогорку органы болгон Өкмөткө жүктөлөт.
Бул милдеттин мазмундук мааниси тиешелүү шарттарды түзүү зарылдыгын жаратат, анда жеке менчиктин баардык таризинин субъектиси өз кароосу боюнча өзүнүн мүлкүнө ээ болууга, колдонууга жана тескөөгө болгон укугун ишке ашыруу мүмкүндүгүнө ээ болот, ошондой эле зарыл болгон учурда коргонуунун майнаптуу каражаттарына колдонуу мүмкүндүгүн алышы керек.
Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет болуп саналат (Конституциянын 1-беренесинин 1-бөлүгү), анын укуктук үстөмдүгү камсыз кылынган, анын баардык органдарынын ишмердүүлүгү жана алардын Конституцияга жана мыйзамдарга багынышын камсыз кылган элдик бийликти өзгөчө уюштуруу функциясынан кабар берет жана бул өз кезегинде укук саясатына, саясий акцияларга жана конституциялык укуктук талаптарга жана тариздерге баш ийүүнү талап кылат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата,
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 121 "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун акцияларынын 13,21% улутташтыруу жөнүндө"; 2010-жылдын 3-июнундагы № 60 "Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коомун улутташтыруу жөнүндө"; 2010-жылдын 20-майындагы № 48 "Пансионат Витязь" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун жана объекттерин улутташтыруу жөнүндө"; 2010-жылдын 3-ноябрындагы № 146 "Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дареги боюнча жайгашкан жер участкасын жана турак эмес жайларды улутташтыруу жөнүндө Декреттери жана Убактылуу Өкмөттүн башка Декреттери конституциялык жана сот өндүрүшүнүн башка баардык түрүнүн алкагында соттук териштирүүнүн предмети боло албайт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Убактылуу Өкмөттүн Декреттери боюнча талаш-тартыш маселелерди бир убакыттын ичинде чечүүнү камсыз кылган укуктук механизмдерди жана мыйзамдуу менчик ээлеринин мүлктүк укугун калыбына келтирүү мүмкүндүгүн түзүп берсин.
3. Бул Чечимдин корутунду бөлүгүнүн 2-пунктун аткаруунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер, талаш-тартыш мамилелердин субъектерине өзүнүн соттук коргонууга болгон укугун ишке ашырууга мүмкүндүк берген Өкмөттүк актылардын таризинде болушу керек.
4. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Чечим баардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын баардык аймагында аткарылууга жатат.
6. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы