Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 110
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу
органдарынын - шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 4-июлундагы № 117 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесиндеги 5-пунктуна, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 17-, 18-июлуна дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет).
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
Т.Абдраимов |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 110 токтому менен бекитилген |
(КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 4-июлундагы № 117 токтомунун редакциясына ылайык)
Чүй облусу
№ к/н | Айыл өкмөттүн аталышы | Шайлоо өткөрүү датасы |
Аламүдүн району | ||
1 | Таш-Мойнок | 17.07.2013-ж. |
Жайыл району | ||
2 | КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 4-июлундагы № 117 токтомуна ылайык алынып салынды | |
3 | Полтавка | 18.07.2013-ж. |
Кемин району | ||
4 | Көк-Ойрок | 17.07.2013-ж. |
Москва району | ||
5 | Александровка | 17.07.2013-ж. |
Сокулук району | ||
6 | Новопавловка | 17.07.2013-ж. |
7 | Орок | 17.07.2013-ж. |
8 | Жаңы-Пахта | 18.07.2013-ж. |
Нарын облусу
Кочкор району | ||
9 | Ак-Кыян | 17.07.2013-ж. |
Ош облусу
Кара-Суу району | ||
10 | Ак-Таш | 17.07.2013-ж. |
Кара-Кулжа району | ||
11 | Кара-Кулжа | 17.07.2013-ж. |
Ноокат району | ||
12 | Ноокат шаары | 17.07.2013-ж. |
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл району | ||
13 | Бостери | 17.07.2013-ж. |
14 | Кара-Ой | 18.07.2013-ж. |
Ак-Суу району | ||
15 | Бөрү-Баш | 17.07.2013-ж. |
Жети-Өгүз | ||
16 | Кызыл-Суу | 17.07.2013-ж. |
Тоң району | ||
17 | Улахол | 17.07.2013-ж. |
Талас облусу
Бакай-Ата району | ||
18 | Ак-Дөбө | 17.07.2013-ж. |
Кара-Буура району | ||
19 | Бейшеке | 17.07.2013-ж. |
Жалал-Абад облусу
20 | Майлуу-Суу шаары | 17.07.2013-ж. |
Аксы району | ||
21 | Кара-Жыгач | 17.07.2013-ж. |
Сузак району | ||
22 | Көк-Жаңгак шаары | 17.07.2013-ж. |